Лира Раимбекова, Улуттук Филармонияга караштуу
А.Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлар" тобунун ырчысы:
"Сүйүүм эчак өчкөн"
Лира Раимбекова бешкөкүл чагында "Аккептер", "Өзүң бил эми калганын" өңдүү сүйүү ырларын Гүлзат Батырканова экөө дуэт менен ырдап чыгып, элге таанылган эле. Андан бери 18 жыл өтүп, андагы биз тамшанып көргөн солкулдаган селки бүгүн наз айымга айланган. "Үч теректин үч кызынын" кенжеси, эркеси менен сыр түйүнүн чечиштик.


Балалыктын терезесин кең ачып…
"Жайдак ат минип жүрчүмүн"
Атам өз айылына "Кадыркул ырчы" аталган киши эле, көзү өткөнүнө көп жыл болду. Апам 70ке аяк басты, аябай жөнөкөй адам. Төрт эркек, 6 кызбыз. Эң улуу үч агам бой жетип, туш-тушка кеткен маалда биз кол арага жарап, эркектин иши башка түшүп, сырттагы жумуштарды өзүм кылчумун. Ат минип алып, биздин үйгө өзөн да алысыраак эле, малдын баарын айдап барып сугарып, кыңылдап ырдап, жем-чөп салып эшикте эле жүрчүмүн. Жайлоодо жайдак атты чапкылап барып, жылкыларды айдап келип, бээ саачумун. Тарсылдап, эркектей болгон кыз элем.
"Дилбар экөөбүз өч элек"
Анапия эжем токтоо, а Дилбар экөөбүз удаа болгонгобу, ит-мышыктай урушчубуз. Дилбар мени озондотуп ыйлатып, атам-апамдардан жеме угуп, какыс-кукус "конфеттерден" "жеп" эле атчу. Ага жаңы кийим сатып берсе "мага кана?" деп коркутам да. Апам байкуш: "кой, кокуй, талаша кетишип балээ башталбасын" деп, экөөбүзгө баарын окшош алперчү. Үйдөгү жумушка колумду тийгизбегениме өчөшүп, бир жолу мени кумурсканын уюгуна алдап отургузуп, денеме кумурскалардын баары кирип кетип, тызылдата чагып, апам кокуйлап көйнөгүмдү чечсе денем кызарып-татарып кетиптир. Атам жини келип, Дилбарды жыйылган көңдү аралата кубалап барып, жазалаганы эсимде.
"жонумда жалым бар эле"
Менин желкемден ылдый жонумда кара түгүм бар эле. Кичинемде агаларыбыз "жалдуу кыз" деп эркелетип коюшчу. Ошон үчүн Дилбар мени "жүн, жүн…" деп шылдыңдап, угуза айталбай калса оозун кыймылдатып койгонунан эле "жүн" деп атканын түшүнүп: "оозун мыймыңдатып атат" деп бакырып, чалкаман кетчүмүн.




Бир гана шыңгырындай жылаажындын…
"Менин жаңылганым"
1992-жылы "Эл шайырлар" тобунда иштеп жүргөн кезимде Токон Эшпаев концерт коюп келип калды, ошондо таанышканбыз. Эми, эркек болгондон кийин, албетте, биринчи кадамды ал таштады…
Ошондо мен 23-24 жаштагы мөлтүрөгөн кыз элем. Баягы, көзүңдү май басып, эч кимдин акылын укпай, өз акылың өзүңө жагып, өрттөнүп турган мезгил болот го… Ошондой кезим экен да көрсө. Өзүмдөн улуулар, эжелеримдин баары каршы болсо да, бирин укпай, Токон менен баш кошком. Филармониянын ошол кездеги мүдүрү Токтосартов: "Ошко кетпей эле койсоңчу, чыгармачылыгыңды аксатып алба" деп кыйыткан эле…
"Ошто 6 жыл жашадым"
Өзүм да эркектей болгондуктан элдин кеп-сөзүн эрөөн-төрөн албай: "айткандар айта берсин" деп жүргөм. Аңгыча кыздуу болдук. Же чыгармачылыктан, же толук кандуу үй-бүлөлүк бакыттан жок аябай кыйналдым. Анан эки жагымды карап, көзүм ачылбадыбы. Анын үстүнө эл деген эл экен, ушак-айыңдан да чүнчүдүм дегендей…
"Кайрадан 18ге чыксам"
Ажырашканыбызга 10 жылга чукулдап калды. Азыр мен аларга, алар мага чоочун. 2000-жылы Бишкекке чогуу көчүп келип жашап аттык, жашы улуу, үй-бүлөлүү адамга тийип алганыма өкүнүп эле жүрдүм. Эгерде тагдыр мага кайрадан 18 жашты берип, өмүрүмдү гүлгүн чактан баштасам, өзүм теңдүү жигитке турмушка чыкмакмын. Бирок, ошонун баары менин маңдайыма жазылыптыр да…"Тийип атканда кеңеш уктум беле, эми да эч ким менен кеңешпейм" деп, "Эми балдарыңызга барыңыз" деп, өзүм жөнөткөнүм ырас. Өзү да ичинен ойлонуп, санаа тартып жүргөнбү, айтарым менен жөнөп кетти. Ошентип, урушуп-керишпестен ажырашканбыз. Аялы дагы маданий кызматкер, интеллигент эле. Мени ажылдап урушуп, жаман-жакшы айткан жок, балким, ошондон улам менде ал аялды сыйлоо пайда болуп калды. Же менин "жаңылыш никеме" чекит коюума ошо сыйлап калганым да себеп болдубу, билбейм. Азыр ажырашканыма аябай сүйүнөм. Ошентип, жеке инсандыгымды, чыгармачылыгымды тандап кеткем.
"Кызымды бир туугандары жакшы көрөт"
Кызым Акзыйнат 13 жашка чыкты. Кичирээгинде: "Ой-иий, атам 60ка чыгып калды ээ? А сиз…" деп таңгала берчү, азыр антпей калды. Жыл сайын жайкы каникулда Ошко барып, эс алып келет. Быйыл гана жайкы окуяларга байланыштуу баралган жок. Агалары, эжелери, кала берсе берки апасы да жакшы көрөт. Кызым өзү да улуу апасынын мамилесине ыраазы, экөө телефон менен ал-жай сурашып турушатат…Эшпаев жакшы адам, жакшы обончу деп айталам, а сүйүүм болсо эчак өчкөн. Мындан башка эчнерсе дей албайм. Анын үй-бүлөсү чоң, түтүнү, түндүгү бөлөк. Үй-бүлө жөнүндө айта берсең майда нерседен кыжы-кужу сөз болуп, уруш чыгышы мүмкүн. А мен аларга да, өзүмө да андайды каалабайм.


Аялдык бакыт жөнүндө…

"Кызым үй-бүлө
куруп кеткенде…"
Кичине чагында: "эми качан төрөп бересиз? Менин да иним же сиңдим болгондо" дей берчү, азыр айткандан уялат. Жашыма-жаш кошулган сайын мен да "үйдө жалгыз каламбы" деп ойлончу болдум. Күйөөгө тийбей төрөп алгандан деле уялбайм, айткан-дегендер менин ысыгыма күйүп, суугума тоңот бекен? (күлүп)Тамаша, эми аны да ойлонуп көрөбүз да. Турмушка чыккандан да корком, арты жакшы болбой калса, калп эле күйөөнүн санын көбөйткөндө эмне…Бир мырзанын жаныңда болгону жакшы эле дечи, бирок, экинчи жолу да жаңылгым келбейт.
"Жүрөктөшүм бар"
Ошол адамды эстеп, күтүп жашаган мага бакыт. Мен ал мырзанын жанында өзүмдү канышадай сезем. Аябай аздектеп, чаң жугузуп алгандан да аярлап турам.
""Жүрөгүм ооруйт дебеңиз" Эшпаевге арналган эмес"
Анапия эжем комуз чертип, кыңылдап отурган: "Лира, уксаң, мен жаңы обон чыгардым" деп ырдап берди. Мен угуп бүткөнчө чыдай албай тыбырчылап, бүтөрү менен "мага бериңизчи, ырдап чыгайын" деп сурап алгам. А көпчүлүгү муну Токонго арнаган деп ойлошот экен, анын жаралуу тарыхын Анапия эжемден сураш керек.
"Үй алдындагы үч терек"
Жайында үч жылдан бери барбаган туулган жерибизге барып, энергия алып келдик. Баарынан кызыгы атамдын үйүнүн алдына сайылган бир чырпыктан үчөө өнүп чыгыптыр. Азыр ал көк тиреп, шуулдап турат. "Ээ кудай" деп жакабызды кармап жүрөбүз. Бир туугандарыбыз да ал теректи бизге жоруп, ыйык тутушат экен.
"Гүлзат экөөбүз дуэт
ырдаганды улантабыз"
Кудай буюрса, шайлоо өтүп, эл тынчыгандан кийин кеч күздө концерт берели деп эжелерим менен даярданып атабыз. Костюмдарыбызды тиктирип бүттүк. Алгачкы жолу Гүлзат экөөбүз чогуу чыгып, чыгармачылыгыбызды баштадык эле, эми ошол жакшы жөрөлгөнү уланталы деп жатабыз.

Афина Бакирова





Обон парк
Айрым жылдыздарыбызга "Ода"

"Чеснок жеген өмүрдү узартат" дегенди укканбыз. Жылдыздар жылдыздыгын "узартыш" үчүн чеснок сунуштап көрбөйлүбү?.. Анда "ашказаны" ооруган көрөрмандардын "жарасын" ачыштырып, кескин жытка чыдай албагандардын көңүлүн айлантсачы?..


Жылдыздардын баары сууга түшүп кеткенин элестетсеңиз… Анда чыныгы жылдыздар ого бетер жаркырап күйүп, жасалмалары арзан сөйкөдөй болуп карайып, сыры кетмек…


"Тор токумай стресстен арылтат" дешет экен. Ырчыларыбыздын колдоруна экиден шиш карматып көрбөйлүбү? Кой кокуй, ич күйдүсү барлар бири-биринин көздөрүн оюп салсачы?!


Мышыкты сыла-п диванда жатсаң, мышык энергия берет имиш. Мирбек Атабековго, Мирбек Иманбековго, Али-Ханга д.у.с. арыктыгы трагедия болгондорго бирден мышык белек кылсак кантет?..


Тумар кыз