Айылыбыз аман,
журтубуз бүтүн болсун!
Кымбаттуу кыргызстандыктар, агайын-туугандар!

Баарыңыздарды өлкөбүздүн эң башкы майрамы - Эгемендик күнү менен куттуктайм!
Тарыхта Кыргыз Каганаты ары жагы Тынч океандан тарта кең Сибирди басып өтүп, бери жагы Орол тоолоруна чейинки көз жеткис мейкиндикти ээлеп жаткан заман болгон. Тагдыр бирде кыргызды туш-тушка чачыратып, бирөөгө кул болуу, ал турсун тумалак жок болуу абалына алып барып такаганы бар. Бирок, ар качан Манас сыңары баатырлар бактыбызга туулуп, бириндеген элди бириктирип, кыргызды сактап келген. Ошондуктан, Айкөл Манас бабабыздын:
Кулаалы таптап куш кылдым
Курама жыйып журт кылдым
деген сөздөрү азыр да ташка тамга баскандай жаңырат.
Соңку эле бир кылымдагы окуялар азаттык, эл-жердин бүтүндүгү дегенде кыргыздар башын канжыгага байлап, өлүмгө тике карап аттанарын көрсөттү. 1916-жылдагы боштондук козголоңдо ажал отун жаадырган жазалоо отряддарына союл менен каршы чыгып, пулеметчуну бакан менен ыргыта койгон Аалы, экинчи дүйнөлүк согушта дзотко көкүрөгүн тоскон Чолпонбай, кечээ апрелде элди кул кылам деген бийликтин жаадырган огунан жалтанбаган көкжал жигиттерибиз - ушунун баары кыргыздын эркинин майтарылбасын бүт дүйнөгө дагы бир сыйра далилдеди.
Кыргыздарга 19 жыл илгери Эгемендик тагдырдын буйругу менен кан төгүүсүз келген тарыхый белек болду. Бул аз убакыт ичинде элибиз тарыхый зор сыноолорду башынан өткөрдү. Тилекке каршы, бул мезгилде журт башчылары биримдиктүү жана акыйкат мамлекет куруу озуйпасын орундата алышпады. Анын ордуна эки мертебе чакан мамлекетибизди жок болуу абалына кириптер кылып, таштай качышты.
Бирок, Манастын тукумдарынын колдоочусу бар - бизди чачылып жок болбой, боорун жерден көтөрсүн, мамлекетин түптөсүн деп эми да тарых бизге аманат тапшырып турат. Ал аманатты колдон кетирбейли, калайык-калкым!
Өлкөбүздүн жакырдыгы убактылуу, биз улуу элбиз, биз дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири болобуз! Биз эч кимге кул болбойбуз! Биз эч кимдин көзүн карабайбыз! Эми акыйкат, байгер заман кургандан башка жолубуз жок! Биз ушул максат менен жаңы доорго кадам таштайбыз. Быйылкы Эгемендиктик күнүнүн өзгөчөлүгү мына ушунда.
Ылайым жакшылыгыбыз арта берсин, кудай колдосун,
мекендештерим! Айылыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун!





PDF формат