Махабат майданы

Сексуалдык дүүлүгүүңүз алгачкы жолу качан козголду эле?
Ар бир адам баласынын эркек болсо кызга, же кыз болсо эркекке болгон интимдик сезими кандайдыр бир убакта пайда болот эмеспи. Бирок, ар кимдики ар кандай башталат экен. Ал эми биз элибизге белгилүү шоу өкүлдөрүнө ушул тууралуу суроо салдык.


Самат Дөөлөтбаков ,ырчы:
- Мен Түрк лицейинде окугандыктан, ал жерде жалаң гана эркек балдар болчу. Өзүңөр деле билсеңер керек, мугалимдерибиз тартипти катуу кармагандыктан, биздин оюбузда окуу, окуу, жана окуу эле. Кийин гана лицейди бүткөндөн кийин бир кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Анда 17 жашта элем. Бир күнү сүйлөшкөн кызым экөөбүз сейилдеп, паркка чыкмай болдук. Ал жерден баардык кыз-жигиттей эле кучакташып, жытташып, өбүшүп дегендей. Ошол учурда өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип, дүүлүгө баштадым. Тиги кыз билип калбаса экен деп шаштым тайып уялганымды айтпа. Бирок кыздар балдарга караганда эрте жетилет эмеспи. Мени туура түшүнүп: "албетте өзүң эркек болсоң, кучагыңда кыз турса дүүлүкпөй коймок белең. Эч нерсе болбойт,кысынба" деп мени акылдуулук менен жооткотуп койгон.


Жаныш Момунов, ырчы:
- Анда 14 жашта болсом керек. Бир күнү көптөн бери достошуп жүргөн балдар, кыздар болуп жаратылыш койнуна эс алууну чечтик. Өзүм деле кыз жандап, өткөөл курагым эле да. Күн батып, күүгүм кирип калса керек, бир дос кызым үшүп кеттим дегенинен кучактай койсом, эмнегедир демим буулуп, катуу толкунданып, көзүмө периштедей корунуп кетти тиги кыз. Аны өзүм кучактап алып уялып да кеттим. Шаардык кыздар ачык-айрым болушат го, кайра мага " Бул жашоодо көнүмүш нерселердин бири да" деп койду. Андан ары кучактап тура берсем балким "тийип" коймокмун, бирок мен өзүмдү кармадым. Ошондо эркек менен аялдын ортосунда эч качан достук мамиле болбошуна көзүм жетти.


Алексей Филатов, телеалыпбаруучу:
- Негизи мен эрте жетилдим. Өзүм кыз жандуу болгондуктан, бала бакчада деле кыздарга тийишип, айланчыктап, жандарынан чыкчу эмесмин. Ал эми биринчи жолку менин сексуалдык дүүлүгүүмдү жактырып жүргөн классташ кызым ойгокон. Анда13 жашта болчубуз. Бир күнү жаңы жылдык кечеге даярданып, экөөбүз бийлемей болдук. Мен ар кандай шылтоолорду айтып жатып, экөөбүз жалгыз калдык. Бийдеги өнөктөшүмө жакындап, кучактаган сайын, делебем козголуп, калтырап-титиреп, аябай кыйналдым. Катып койгудай дүүлүгүү деген буюм эмес да, сүйүктүүм менин каалап атканымды билип койгон. Бирок, экөөбүз кошулган эмеспиз.


Назира Жетигенова, куудул:
Өзүм ачык мүнөз болгондуктан, эмнегедир көбүнчө тааныштарым мени "темпераментүү" деп айтышат. Бирок менде андай сапат жок. Азыр ойлонуп көрсөм, күйөөм менен жашап жүргөндө, эки кыздын энеси болгончо мындай сезим жөнүндө дегеле ойлонуп көрбөптүрмүн. Башка аялдар менен сүйлөшүп олтурганда, айтып калышса аялдарда да ушундай болобу деп таң калчумун. Мен болсо, эркектер гана дүүлүгүшөт болуш керек депмин. Эгерде жигитиме жолукпасам, мен бул сезимдин даамын татпасам керек эле. Бир гана дүүлүктүрүүнү билиш керек экен. Эми бул сезимди сөз менен айтып жеткире албайм. Андай лаззатты сезиш керек…


Роза Азимбаева, актриса:
- Айрым тааныш кыздарым бул сезимге 6-7-класста кабылышса, мен тескерисинче кеч жетилдим. Күндөгүдөй эле жигитим "кечинде сейилдеп келели" деп сунуштады. Ошол түн эч эсимден кетпейт. Анткени, дүйнөдө жигитим экөөбүз гана жалгыз калгандай сезилди. Ал мени жумшак эриндери менен өөп, мойнуман назик жыттады. Ошондо менин каным дүрүлдөп, дене-боюма чок жапкандай ысып чыкты. Мен ошол мүнөттөрдө аны менен бирге болууну кааладым, бирок аны кантип айтмак элем. Кумарды эңсеген күндө да ага тийип атпагандан кийин…




Жыныс мүчөдөгү "чачтарды" жасалгалоо
Аял заты өзгөчө бир башкалардан айырмаланып, сулуу болуш үчүн эмнелерди гана жасашпайт. Мисалга алсак оозун, көзүн, колун, бутун карашып, эркектерге караганда акчаны көп коротот эмеспи. Ошондой сулуулануунун бир жолу- бул аял затынын жыныс жагына сүрөт тарттырып, эркектерди суктантып кызыктыруу.


Кайсыл убакта суктандырса болот? Баняда, көлдүн жээгинде жүргөндө же ар кандай эс алуучу жайларда. Азыркы убакта башка өлкөнүн аялдары, жаңы турмуш курайын деп жатканда, сүйүшкөндөрдүн күнүндө же жигитинин туулган күнүнө белек катары, ар кандай фантазиясына жараша сүрөт тарттырып, эсте кала тургандай түн арнап калышкан. Муну салондордон жасатса болот.


Эгерде, сиз жөнөкөй формадагы жыныстык чач жасалгасын кааласаңыз, анда кадимки эле кайчынын жардамы менен жасап беришет.


Сүйгөн адамыңыз же жакын адамыңыз карап ээси ооп кала турганын кааласаңыз, анда, ал жыныстык чач жасалганы уктатуучу дарынын жардамы менен жасап беришет. Анткени, катуу ооруткандыктан көп кыздар чыдай албай кыйналышат экен. Ар бир аял затынын жыныс кыны, ар башкача болот. Кээ бириники сүйрү болсо, кээ бириники тоголок формада. Ошол формасына карап жумушун жакшы билген дизайнерлер өзүлөрү каалагандай кылып жасап беришет.


Бирок врачтардын айтуусунда бул жыныстык жактагы чачтар аял затын көп жаман микробдордон, ар кандай бактериялардан коргоп турат . Ошондуктан врачтардын айтканына кайрылсак, жыныс кынындагы чачтарды жок кылбастан, жөн эле кичине кыскартып коюш керек .

Тумар кыз