Билгениң оң

Кадыр түндү кантип тосуу керек?
Кадыр түндү аял-эркек дебей мечитке барып тоскону жакшы. Себеби мечит Алла Тааланын үйү болгондуктан, мечитте дуба жакшы кабыл болот деп айтылат. Намаз окубаган, орозо кармабаган мусулмандар да даарат алып, кудайга жалынып, кадыр түндү күтсө жакшы болот. Кадыр түндө адамдын бир жылдык тагдыры кайрадан жазылат деген да кабар бар.


Рамазан айы башталганда Алла-Таала тозок периштесине кайрылып, "7 тозоктун эшигин жаап, рамазан айы бүткөнчө күнөө кылган адамдарды тозоктон чыгар"-деп буйрук берет. Жебирейил периште добуштап: "Эй көрдө жаткандар кубангыла, рамазан айы келди ",- дейт. Рамазан айында Алла Таала эч бир көрүстөнгө азап бербей, көрдү нуру менен жарык кылып турат.


Айыз убактысы кадыр түнгө туш келип калган аялзаты мечитке барууга болбойт, бирок гусул-даарат алып, алакан жайып, кудайдан тилеген тилегин сурай алат. Анткени, Мухаммед (САВ)пайгамбарыбыз "Эй, Аллахым, айызы келген аял байкуштар кантет? Алар сенин тилектерди жалгооңдон кур калабы?" дегенде кудурети күчтүү Жараткан: "Жок, тилек тилеп, алакан жайган болсо, алар да менин ракматымдан кур калбайт" деген.


Ар дайым кадыр түн күнү Жебирейил периштелери менен түшүп, бардык периштелерге: " Жердин үстүн батыш, чыгыш, түндүк, түштүк дебей аралап чыккыла. Кайсыл жерде намаз окуп, кудайга сыйынып тилек кылып отурган бала, аял же эркек киши болсо Алла Таала ошолордун дубасын кабыл кылат" деп буйрук берет. Кадыр түндөн кийин таң атканда периштелер асманга чыгып, Алла Таалага жолукканда: " менин кулдарым эмне иш кылып жатышат" деп сурайт. Периштелер: "Ал пенделер кадыр түн сени көкүрөккө жат кылып, тилеген тилегин айтып, намаз окушту" дейт. Ошондо Алла Таала: "Андай болсо периштелер силер күбө болгула, мен ошол адамдардын күнөөсүн кечирдим. Жаннатта дидарымды көрүүнү насип кылдым"-дейт.


1-2-3-4 рекет Фатихадан кийин 25 жолу Кул хува Аллооху ахад сүрөсүн окуш керек. Намаздан кийин 100 жолу Истихфор сүрөсүн окуса ал пенде кадыр кечинин сообун алат жана орозосун кабыл кылат. Кайра - кайра кайталап окуп турушса ар бир сөздөрү үчүн бир шейиттин сообун берет. Ал пенде өлсө ошол кадыр кечи менен келе турган кадыр кечинин арасында шейит өлөт.


Кыямат күнү пенделер эсеп берүү үчүн жыйналат. Ошондо орозо кармагандар көрдөн башын көтөрүшүп, ордунан туруп Кудайдын алдына барышат. Ооздорунан жакшы жыт аңкып чыгып, ошол жыт жыйылган бардык калкка билинет жана жыттанат. Арак ичкендердин оозунан арак буркурап, эгер ойноштук кылган болсо жыныс мүчөсүнөн ириң агып турат.


Расул Алла айтат: "Эки айттын арасындагы ай Арай айы. Ушул айда келин алып, кыз бербейт, никеге жаман болот. Себеби Адам ата Орозо айтта, Обо эне Курман айтта каза болушкан. Эки айдын ортосунда никелешүү жакшы эмес.





Суу ичерде жамандыкты ойлобо
Суу жаш баладай тазалыкты, аруулукту, тунуктукту даңазалайт. Мына ушул түзсүз, тунук зат адам баласынын жашоосунда эң маанилүү роль ойнойт. Суунун касиети, агымы, шары аркылуу Ааламдагы дуба да элге тегиз чачырайт экен.


Суу адамдын организминде
Суу-бул жер жүзүндөгү жашоонун эң негизги булагы болуп эсептелинет. Болжол менен суу биздин планетада 1 млрд.386 млн. куб метрди түзөт жана анын 75 пайызын океандар, дарыялар, көлдөр ээлейт.

Адамдын бир күндүк ичкен суусу орточо эсеп менен 2 литрге жетет. Жаңы төрөлгөн баланын организминде 97%ды түзсө, адамдын жаш курагына жараша 70-75%ды түзөт. Көбүнчөсү мээде 85%га жакын суу болот. Ошону менен эле бирге суунун молекулярдык формуласы Н2О окшоштугуна карабастан биз күнүмдүк колдонгон суудан айырмаланып турат. Мисал катары, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн клеткаларынын ичиндеги суу 50 градуска чейин жана андан ылдый температурада да тоңбойт.

Суу музыканы түшүнөт
Негизи суунун химиялык формуласы эң жөнөкөй экендигине карабастан абдан табышмактуу келет экен. Илгертен эле элдер суунун сырын билүүгө аракет кылышкан. I жана II миңинчи жылдыкта Япония менен Россия биргеликте эксперимент жүргүзүшкөндө суу көлдө, дарыяда, дегеле тирүү нерсенин организминде болобу, маалымат берүүгө, кабыл алууга, сактоого, керек болсо адамдын оюн, сөзүн, эмоциясын чагылдырууга жөндөмдүү экендигин изилдеп чыгышкан.

Ошондой эле япониялык окумуштуу Эмото Масару да сууну изилдөөгө чоң салымын кошкон. Анын айткандары дүйнөнү дүңгүрөтүп таң калтырган. Көрсө суунун тоңгонунан пайда болгон муз кристаллынын формасы кандай маалымат алганына байланыштуу өзгөрөт тура. Ал адам айткан сөз, адам туйган сезим же музыка аркылуу берилет экен. Жада калса музыканын түрүнө жараша, мисалы, Бетховен, Моцарттын симфониялары эң бир кооз кристаллдарды жаратса, ал эми ага салыштырмалуу рок музыкасынан муз кристаллдары түшүнүксүз тоңгон.

Сууну ысырап кылбагыла
Суу өмүр булагы экени, ансыз жашоо болбостугу баардыгыбызга маалым. Азыркы учурда дүйнө жүзүнүн кээ бир аймактарында табигаттын эң баалуу ресурстарынын бири болгон сууну туура пайдаланбагандыктан көптөгөн глобалдык өзгөрүүлөр болуп, экологиялык катастрофалар коркунучу күтүлүүдө. Ушул эле проблемалар биздин өлкөнү да каптап, бир топ маселелер чыгууда. Демек суунун да сурагы бар дегендей аны ысырап кылбай туура колдонушубуз керек.

o Сууга сийбе, түкүрбө
o Жаман түш көрсөң сууга айт
o Суу жакшыны агызып,
жаманды жууп кетет
o Суунун да сурагы бар


Суу-окумуштуулардын тажрыйбасында
Ата-бабаларыбыз да "суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" Сууну ичээрде жаман нерсени ойлобо, жаман сөз сүйлөбө. Ичкен сайын, жуунуп чайынган сайын суудан жакшы сөзүңдү аяба, анткени суу ыйык, суу улуу. Жарык берген да суу, жылуулук берген да суу, - дешип, сууга өзгөчө мамиле кылышкан.

Суунун жандуу нерсе экенин дүйнөгө белгилүү окумуштуулар да изилдеп, япон окумуштуусу төмөндөгүдөй тажрыйба жүргүзгөн экен. Ал бирдей үч айнек идишке бирдей өлчөмдө күрүч салып, ар бирине бирдей көлөмдө суу куят. Анан күнүгө эртең менен биринчи идишке жакын келип капкагын ачып "сен жакшысың" деген сөздү айтат. Экинчи идиштин жанына келип капкагын ачып "сен жамансың" деген сөздү айтат. Үчүнчү идиштин жанына келип капкагын ачып бир азга тиктеп турат да, эч нерсе айтпастан кайра капкагын жаап коет. Ал ушул нерсени отуз күн бою кайталап турат. Отуз күндөн кийин биринчи идиштеги күрүч апапак болуп өнүп, аябай жагымдуу жыт чыгарып калган болот. Экинчи идиштеги күрүч карарып, жагымсыз жыт пайда болгон. Үчүнчү идиштеги күрүч эч кандай жыты жок эле көгөрүп кеткен болот. Таңгалдырганы, бир бөлмөдө, бирдей температурада, үч бирдей идиштеги сууга үч башка мамиледен үч башка көрүнүш келип чыккан.

Самара Сапынова