п»ї
  Шоу Дүйнө

Айжан студия ачты
Азыркы жаш ырчылардан үнү менен өзгөчөлөнгөн ырчы кыз, Айжан Газиева "Эстрада вокаланын студиясы" деген аталыштагы студия ачкан. Студияда жалаң вокалдан гана сабак бербестен, бий топторун дагы түзүп, өзү сабак берип жаткан чагы. "Студияны ачканыма эки ай болду. Буга чейин кичинекей имараттын ичинде сабак берчүмүн. Азыр кенен жакка көчүп, окуучуларым дагы күндөн күнгө көбөйүп жатат"- дейт сүйүнгөн ырчы.


Азамат үй кыдырып, жарамазан айтты
Ырчы жигит Азамат Сарыбаев ыйык рамазан айында, сахналаш достору менен комуздун коштоосунда жакын тааныштарына жарамазан айтып, үйлөрдү кыдырды. "Жарамазан айтканыбыздын максаты биринчиден, илгертеден бери келе жаткан салтты уласак, экинчиден жакшы маанай тартуулоо эле. Ал эми мындайды күтпөгөн тааныштарыбыз аябай жакшы кабыл алышып, баталарын беришти"- дейт ырчы.


Айбек Москвага концерт коёт
28-августта Москва шаарындагы мекендештерибизди 31-август эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ырчы, обончу Айбек Карымов жеке концертин уюштурмакчы. Бул бир күндүк концерт Москва шаарынынын өзүндө өтөт. Ага кыргыздын белгилүү ырчылары Сьездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Алтынай Нарбаева, Гүлзат Байзакова жана куудул айым Назира Жетигенова катышышат.


Гүлжигиттен махабат ыры
Ырчы, обончу Гүлжигит Сатыбеков шайыр ырларды аткаргандан тажаганбы айтор, ырларынын катарына жаңы жай ырларды кошуп күйөрмадарын кубандырмакчы. Тагыраак айтканда "Махабат" деген аталышта жаңы ырлар жыйнагын чыгарууда. Аталган диск, жалаң аккордеондун коштоосундагы алты ырды камтыйт.


  жаңы ысым

"Философиялык ырларга көп кайрылам"
Жаш ырчы, көп кырдуу талант Кулубаева Айпери менен маек.

- Айпери, ырчы болушуңа ата-энең каршы болгон жокпу?
- Жок, тескерисинче мени колдоп, кеп-кеңештерин берип турушат. Анткени мындай талант биздин каныбызда бар экен. Бабам кыргыздын ар бир улуттук аспабында мыкты ойногон, Манасты, дастанды жакшы айтчу экен. Бирок ал киши
ошол учурдагы жашоо шартка байланыштуу эл алдына чыкпаптыр. Анын таланты урпактарына өткөнбү, атам да Манасты жакшы айткан, искусствого жакын киши. Эсимде, мен анда биринчи класстын босогосун жаңы аттаган, 6 жаштагы кичинекей кыз болчумун. Ошол учурда Манас айтуу боюнча конкурска атам, байкем, үчөөбүз катышып, сахнада үчөөбүз катар отуруп Манас айтып калдык. Жыйынтыгында мен биринчи орунду жеңип алдым. Ошондон кийин атам манасчылыгын таштап, билгендерин мага үйрөтүп, көбүрөөк көңүл бөлө баштады. Мен болсо Манас, дастан айтып ар кандай кароо-сынактарга калбай барып жүрүп, ырга болгон кызыгуум ойгонду. Мектепти аяктаганда билимимди өркүндөтүш үчүн Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырып, былтыр окуумду ийгиликтүү аяктадым.
- Кандай конкурстарга катыштың эле?
- Мектепте окуп жүргөндө "Мээрим" фондусу уюштурган фестивалга дастан айтуу боюнча катышып биринчи орунду алгам. Кийин студент кезде көп эле факультеттер, университеттер аралык кароо-сынактарга катышып жүрдүм. 2006-жылы "Ала-Тоо жазы" студенттик фестивалына катышып, Манас айтуу боюнча дипломат болгом.
- Кайсы аспаптарда ойнойсуң, мындан тышкары эмне менен алектенесиң?
- Комузда, гитарада, фортепианодо ойнойм. Андан сырткары Мен окуган факультетке музыкалык билим берүү боюнча жаш кадр керек болгондуктан, мени университеттин эмгек жамааты окутуучу кылып алып калышкан. Учурда студенттерге комуздан сабак берем. Ошондой эле кичинекей кезимде эле актриса болуу менин негизги тилектеримдин бири болчу. Максаттарымды орундатыш үчүн театрда да эмгектенип келем. Ал жерге жаңы ишке келгенде эле эң биринчи жолу Курманжан Датканын жаш кезин ойногом. Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан топтоштурулган "Көктөмүң көксөгөн сары өзөк" деген спектаклде Жамиланын, Мырзагүлдүн. Алимандын образдарын жараттым жана да ар кандай эпизоддордо роль аткарып жүрөм. Театрда иштеп жүрүп былтыр Түркия мамлекетинде өткөн Эл аралык фестивалга Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" повестин сахналаштырып барып келдик. Анда мен Гүлсарынын тай кезин ойнодум. Театрдан сырткары Ош мамлекеттик Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда да иштейм.
- Айтмакчы, тамашалуу ыр менен аябай популярный болуп кеттиң, бул ырды кандайча аткарып калдың?
- Мен комуз үйрөнгөндө эң биринчи "Курманбек" дастанын, экинчи ушул тамашалуу ырды үйрөнгөм. Ал ырды айылдык ыр кеселерде, чакан тойлордо байкелерим менен ырдап жүргөм. Жаңы студент болуп барганда студенттик кечеге даярданып калдык. Ошондо тамашалуу ырды кураторума сунуштап "менде ушундай тамашалуу бир ыр бар, бирок муну кыз менен бала ырдаш керек" деп ырдап берсем, агайым да, курсташтарым да жактырып, студенттик кечеде ырдап чыктык. Кийин Эгемберди Талипов деген агайыбыз өзү жетектеген "Үмүт" фольклордук тобуна чакырып, солист болуп калдым. Ошондо агай ырдын сөздөрүнүн анча-мынча жерлерин оңдоп берип, Кутман Султанов экөөбүз ырдап калдык. Кийин ага аранжировка жасатып, клип тарттырдык.
- Көбүнчө кандай жанрдагы ырларга басым жасайсың?
- Мен көбүнчө философиялык маанидеги ырларга, дастандарга көп кайрылам. Учурда эски ырларды жаңыча иштеп жатам. Андан сырткары Бурул Стамкулованын көп ырларын ырдап жүрөм. Азыр Төлөгөн Касымбековдун 80 жылдык юбилейине карата Кел-кел тарыхый романына арналган дастанды жаздырып жүрөм. Буюрса бул дастанга клип тарттырабыз, учурда Бурул эже сценарийин жазып жатат.
- Жеке концерт берүү оюңда барбы?
- Буюрса берем, бирок жакында эмес. Былтыр бүтүрүүчү катары драма театрда отчеттук жеке концертимди бергем. Концертиме устаттарым, белгилүү ырчылар катышып жакшы өткөн, зал толо эл болгон. Ошондо ректорубуз Муктарбек Орозбекович, " Азыр студенттер декандарына, мугалимдерине гүл көтөрүп чуркап жүрүшөт, Ал эми мен ректор башым менен студентим Айперинин талантын сыйлап гүл көтөрүп келип атам" дегени эсимде.
Самара Сапынова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??