п»ї

 Китепкана

  Экран жүзү

Каныбек Асанкары уулунан
16 факт
5-каналдын "Күндеми" жаңылыктар программасынын алып баруучусу, Каныбек Асанкары уулу күйөрмандардын көңүлүн өзүнө буруп, көгүлтүр экрандан түшпөй келет. Көпчүлүктү кызыктырган жаш диктор тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.


1 Балалыктан бир элес
Каныбек, Кыргызстандын кооз жерлеринин бири, Нарындын Кочкор районунда туулган. Бирок, балалыгы Сокулукта өткөн. 1991-жылы Сокулуктун №3-орто мектебинин босогосун аттаган. Кичинекейинен тартып жөнөкөй жана жоош болгон. Бирок, шок эле. Үч жашка чыкканга чейин таене менен таятасынын колунда Кара Кужур деген жерде чоңойгон. Кымыз, сүт ичип, эт жеп, айтор жайлоонун даамын сызып калган. Өзгөчө таенесинин казанга жапкан токочторун анан каймакты жакшы көрчү. Карындашына алданып кээде таяк жеп калчу. Балдар менен урушуп кеткенде карындашы байкесин коргоп, колго таш ала калып, баарын татырактатып кубалачу. Кээде экөө кошулуп алып шоктонуп, ата-энеси жумушка кеткенде байкеси дааратканага кирсе, сыртынан бекитип, эшикке качып кеткен күндөрү болгон. Жай айларын таене таятасыныкында өткөрчү. Балалыгын эстегенде жүзүнө жылмаюу жаралып, бир күлүп алат.


2 Үйдө атасын "Мичурин" деп коюшат
Сокулуктан Воронцовкага көчүп келип, Б.Бейшеналиева атындагы мектепке өтөт. Андан кийин Бишкекке келип №5 Улуттук компьютердик гимназиясында окуп калат. Ошол мектеп ага таасирдүү болуп, көп пайда алып келет. Каныкей аттуу карындашы жана Алтынбек деген иниси болуп үч бир тууган. Карындашы 1985-жылкы, турмушка чыга элек, мүнөзү эрке, айтканынан кайтпаган, бирок, оокатка тың. Иниси Алтынбек 19 жашта. Анын кыялын, турган турпатын, сүйлөгөн сөздөрүн, боорукерлигин, алдыга койгон максатын абдан жактырат. Апасы Анара эсепчи, бирок, коомдун өзгөрүшүнө байланыштуу соода кылып иштейт. Атасы Карыпбек механик. Азыр ден соолугуна байланыштуу үйдө. Атасын "Мичурин" деп коюшат. Анткени, Карыпбек байке огороддон, короодон такыр чыкпайт.


3 Өзүнө жаккан жана жакпаган сапаттары
Бир нерсе жакпай калса дароо беттен алган жайы бар. Алдап айтканды билбейт. Кишинин көңүлү ооруп калат деп да ойлобойт. Айтып алып, кийин ойлонуп калган жагы бар. Ошол сапаты өзүнө жакпайт. Бирок, токтоо оор басырыктуу, жаңы таанышкандардын баары эле "сүрдүүсүң" - деп айтышат. Өзү өтө патриот болгондуктан чет мамлекеттерге кетпей жүрөт. Баарын таштап бөтөн жерге кетиш абдан кыйынга турат.


4 Студент кезинде...
Кыргыз Түрк Манас Университетинин Коммуникация факультетинин "Теле радио жана кино" бөлүмүн бүтүргөн. Кыргыз Экономикалык Университетинде окуп, "финансист" да болгон. Университетте окуп жүргөндө диктор Айнура Кабатай кызы сүйлөө техникасы боюнча сабак берчү. Убагында Кабатай кызынын сабагына көп деле маани берчү эмес.


5 Алгачкы эфир
Тааныштары "5- каналда дикторлукка эркек бала издеп атыптыр, барып окуп көрбөйсүңбү" дешкенинен келип өзүн сынап көргөн. Кудай жалгап өтүп, иштеп баштаган. Алгачкы эфири эсинен кетпейт. Биринчи жаңылыктарды окуганда айга учуп барып келгендей сезимде болгон. Чулдурап, үнү калтырап абдан толкунданган. Анан режиссёр "терең дем ал" - деп урушкандан кийин өзүнө келип, программаны улантып кеткен. Студиядан чыккандан кийин тердеп, кызарып кеткенин байкаган. Баардык эле иштердин башталышын оор деп эсептейт. Кыйналган күндөрү да болгон. Азыр жеңил деп айтуудан да алыс. Жетекчилик менен пикир келишпестиктер болуп турат, "ал болбосо өсүш болбойт жана жаңы идея жаралбайт" деп эсептейт.


6 Эфирдеги кызыктар
Эфир учурунда кызыктуу окуялар көп болгон. Бир убакта басып келатып чалынып кеткени эсинде. Кабарларды бир тепкичке өйдө чыгып олтуруп, анан окуйт эле. Тепкичке чыкканда бутун улам карай берчү. Бир чүчкүргөндө аз дегенде 3 жолу чүчкүрөт. Бир жолу эфирден мурду кычышып,чүчкүргүсү келип абдан кыйналган, анан кудай жалгап эфирден кабарчылардын маалыматы кете баштаганда, 5 жолу удаа чүчкүрүп алып, кабарларды улантып кеткен.


7 Жаккан кесип
Тандаган кесиби көп кырдуулугу менен жагат. Анткени, ар дайым ар кыл темадан кабардар болуп турат. Өлкөдө болобу, чет жерлерде болобу маанилүү, өзгөчө кабарларды билип турат. Дикторлук - ар кандай адамдар менен таанышып пайдалуу нерселерди өзүнө алуусу менен жагат.


8 Саясатка аралашууга...
"Өлкөдө маанилүү, эл тагдырын, журт тагдырын чечкен маанилүү окуялар болуп турган кезде саясатка аралашпай коюу, кайдыгер мамиле кылуу туура эмес" деп эсептейт. "Кудай буюрса саясатка убагы келгенде аралашып, элге журтка пайда алып келе турган саясатчы болгондо аралашам" - дейт. Ал эми көзү жетпесе андан алыс эле болот.


9 Достору жөнүндө
"Дос" деп жан дүйнөсүнө эң жакын сырдашын эсептейт. Ата-энеге тууганга айта албаган сырын досу менен бөлүшөт. "Дос көп эмес, саналуу болуш керек"- деп эсептейт. Эң жакын досу ичинде жаман оюу жок, ак көңүл жигит - Данияр. Күнбү же түнбү жардам керек болсо тикесинен тик туруп жардам берет. Калган достору дагы достук милдетин аткарып ар дайым колдоп, колдорунан келген жардамдарын берип, жакшылык-жамандыкта дайыма жанында болуп келишет.


10 Кыз ала качууга болгон көз карашы
Кыз ала качууга каршы. "Бири бирин таанып билип баш кошкондо деле ажырашуулар болуп келет. Ал эми такыр эле тааныбаган жигитке же кызга туш келүү туура эмес"- деп эсептейт. Биринчиден, ал кандай адам, үй бүлөсү кандай билими барбы же жокпу, жашоодо даңазалаган нерселери эмне? Кандай максаттары, принциптери бар? Ошонун баарын билбей туруп баш кошуу чоң катачылык деп ойлойт.


11 Алгачкы сүйүү
Алгачкы сүйүүсү университетте окуп жүргөндө болгон. Анда А...... аттуу кызды абдан жактырып калган. Сүйгөн кызы башка ЖОЖдо окучу. Үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок, аягы өкүнүчтүү болуп калган. Эс тарткан сайын жашоого болгон көз карашы, максаттары өзгөрүп, акыры мамилелери бузулуп кеткен. Азыр бойдок. Акылдуу, сабырдуу, ыймандуу, түшүнүктүү, мээримдүү сапатка ээ кыздарды абдан баалайт.


12 Бош убактысында
Бош убакта шахмат, нарда, бильярд, футбол оюндарын ойногонду жактырат. Кошуналарын абдан жакшы көрөт, кечке маал эшикке чыгып алар менен ар кандай темаларда маектешет. Бирок, тынч жерге барып сейилдеп, достор менен жолугуп эс алганды жактырат, ичкиликке жок. Уктаганды да сүйөт.


13 Динге көз карашы
Орозо кармайт, эртең мененки багымдат намазын окуйт. "Ишенимсиз адам эч качан жашап кете албайт" - деп эсептейт. Ошондуктан Ислам динине болгон көз карашы жакшы.


14 Кубанычка бөлөгөнү
Үй бүлөдө, ата энеде, тууган урукта, жоро-жолдошто, айыл-апада, жалпы элде, өлкөдө тынчтык, ынтымак, бакыт-таалай, татыктуу жашоо, сабырдуулук, патриоттук ыроолоп турган кезде, жаш балдардын балалыгы бактылуу өтсө, аманчылык болсо, баардык адамдардын жүзүнөн күлкү кетпей турса, кубанычка бөлөнөт.


15 Эгерде миллионер болсо…
Биринчиден, мечит курмак. Андан кийин карылар, жетим жесирлер үчүн үй салмак. Кымбат опперацияга муктаж болгон балдарды дарыламак. Бак тигип, там салып чоң бизнес ачып коймок. Түшкөн каражатка жардамга муктаж болгон адамдарга, жакындарына жардам бермек. Андан соң ажыга барып келмек. Мунун баарын ишке ашырууга бир гана аракет керек деп ойлойт.


16 Алдыдагы пландары
Алдыдагы максаты - тарыхка атын калтыруунун аракетин жасоо. Туугандарга, жакындарга, досторго дегеле элге- журтка, өлкөгө пайдалуу инсан болуу.



Нургүл Ибраева

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??