Кыргыз гезиттери




  Үй-бүлөм менин байлыгым

Ассолдун айтып бүткүс жоруктары
Телеалыпбаруучу, продюсер, актриса, модельер - Ассоль Молдокматованын атын кыргыз эли эле эмес, кошуна өлкөлөр дагы мыкты таанышса керек. "Үй-бүлөм менин байлыгым" рубрикабызга, Ассолдун жакындары анын балалык чагынан, азыркы убакка чейинки кызыктуу жоруктарынан бир шиңгил айтып беришти.

Тамара Мусаевна Ассолдун апасы: "Пардадан кошуна кызга көйнөк тигип…"
- Кызымдын бала кезиндеги берешендиги, боорукерлиги азыркыга чейин бар. Кичинекей кезинде эле жардамга муктаж болгондорго жардам берип, алсыздарды коргой берчү. Тикмечилик, түймөчүлүк, бычмачылык өнөрү да күчтүү болчу. Анан, кайсы курбусунун туулган күнү болбосун, өзүнүн фантазиясы менен ар кандай көйнөктөрдү тигип, курбуларына белек кылганды абдан жакшы көрчү. Бир жолу, кошуна курбусунун туулган күнү болуп калып, анын апасы биздин үйгө келип, кызынын туулган күнүнө өзү жактырган көйнөк сатып бере албай жаткандыгын айтып, менин апама ыйлаганын көрүп калат. Ошол учурда немистердин кездемесинен тигилген пардалар мода болуп жаткан. Мен да, элдин катарынан калбай, Москвадан атайын конок үйгө деп ошондой кооз парда алып келип, илип койгом. Конок үйдө тагылган парда келген-кеткен коноктун баарына жагып, баары суктанып кетишчү. А менин кызым, кошуна кыздын туулган күнүнө көйнөк тигип берем деп, үйдө илинип турган, элдин баары кызыккан парданы алып, тиги кызга сарафан тигип берип коюптур. Кечинде кошуна келин кызынын туулган күнүн белгилеп, бизди конокко чакырды. Үй-бүлөбүз менен кутуктайлы деп кирсек эле, кошуна кыздын жаңы алган көйнөгү шумдук экен. Апам экөөбүз "Баягы күнү эле, акчам жок деп ыйлап жатпады беле? Мындай сонун көйнөктү кайсы акчасына алды болду экен?" - деп таң калып карап калдык. Ал кыз кийип жүргөн көйнөктүн өңүн биздин конок үйдөгү илинип турган парданын өңүнө окшоштуруп койдум. Туулган күндөн келгенден кийин эле Ассоль, "Апа, мени кечирип коюнузчу. Кошуна кызды туулган күнүндө сүйүнтүп коёюн деп, пардадан көйнөк тигип берип койдум" - дегенинен ойлонуп, дагы да парадаларды кесе бербесин деп, үйгө кездеме алып койгом. Ошондон бери канчалаган көйнөктөрдү тигип, өзү да кийип жүрөт.

Чыңгыз, байкеси: "Жыландын муунтканына карабай…"
- Биз Ассолдун концерттерине дайыма барып турабыз. Рашид Халиков, Лана, Дильназ Ахмадиевалара катышкан "Чыгыш шаары" аттуу концертин эч качан унутпайм. Карындашымдын сценарийи боюнча, элдин алдына удав (жылан) менен чыкмак экен. Концерт жаз мезгили болгондуктан, сахнанын аркасынан баягы жылан абдан тоңуп калат. Негизи ага жогорку температурадагы жылуулук керек. Ассоль жыланды колуна алып, сахнага чыгайын деп жатканда үшүп турган жылан ага оролуп алып, муунта баштаптыр. Жылан муунтуп жатса дагы, сахнага чыгып, эл менен учурашып, алгачкы чыга турган ырчыны сахнага чакырып, эч нерсени билгизбей сахнадан чыгып кеткен. А жылан муунтканын концерти бүткөндөн кийин угуп, карындашымдын чыдамкайлыгына баа бергем.

Роза Токтосунова, эжеси: "Кичинекейинен эле чет өлкөлөргө көп барчу"
- Кичинекейинен эле чет өлкөлөргө көп барчу. Азыр андан да тезирээк каттап калды. Туугандарыбыз менен бирге отуруп калганда, кызыктуу окуяларды айтып берип, күлдүрүп, тамашалап калат. Былтыр Москванын бир телеканалындагы түз эфирде боло турган ток-шоуго учуп кеткен эле. Ал жактан бир жумадан кийин кайтмак болчу. Ток-шоу боло турган күнү эртең менен эрте чалып, туулган күнүм менен куттуктап, "Сизге бир сюрпризим бар" - дегенинен, дагы чалат болуш керек деп ойлогом. Көрсө, Москвадан Бишкекке келип кеткенге билет алып, шаарга келип, мага белектерин берип, кайра кеткен. Негизи эле сиңдим, туугандарына жакшы карайт.

Ильгиз, иниси: "Бир саат гана уктачу"
- Көп жылдардан бери эжемдин жанында жүрөм. Анын талбай эмгектенгенин көрүп, боорум ооруп кетет. Эжемдин "Эң мыкты телеинсан" деген теледолбоорго катышып жүргөнүн көп эстейм. Күндүзү КТРдин музыкалык каналында жетекчи болуп иштесе, түштөн кийин съемкага барат. Үйгө кечинде келсе да, тамак жасай коюп, кайра эле мени ээрчитип алып, телевидениеге тарткан көрсөтүүлөрдү же кинону монтаждаганы кетип калчу. Мен эжем тарткан кинолорду монтаждап берчүмүн. Документалдык фильмдерди монтаждоо, ага үн берүү абдан күчтүү эмгекти талап кылат. Эртең мененки саат төрттө монтажёрлор үргүлөп араң кыймылдап калса, менин эжем, "Кичине эле калды, бир аз иштеп коёлу" - деп дем-күч берип турчу. Ошентип эртең мененки саат алтыларда эжем экөөбүз үйгө жөнөчүбүз. Менин уйкум келип араң дегенде машинага жетсем, эжем машинаны айдап кетчү. Ошентип, эжем болгону бир саат гана уктап, андан кийин жумушка кетчү. Азыр деле, бош убактысы аз болгондуктан, уйкуга убактысынын кичинесин гана бөлөт. "Бул жашоодо көп нерсеге жеткиң келсе - тамырың сокпой калгыча иште!" - дегени дагы да болсо мээмде турат.

Жан Воинов, улуу баласы, 13 жашта: "Апам экөөбүз сүйүү катын жазып…"
- Апам мага үлгү болуп келет. Ишинде абдан так. "Сөз бергенден кийин-аткар, колуңан келбеген нерсени - айтпа!" - деп дайыма айтып келет. Апам экөөбүз, чыныгы достордой болуп сүйлөшөбүз. Ичимде эмне болсо, ошону дайыма айтып, апам менен кайгымды да, кубанычымды да тең бөлүшүп келем. Мен экинчи класста окуп жүргөндө бир кызды жактырып калгам. Жумуштан чарчап келсе да, менин толкунданып жатканымды көрүп, жөн отура албай, мага жардам берип, экөөбүз ал кызга түнү бою сүйүү катын жазып чыкканбыз. Ошентип, катты араң дегенде жактырган кызыма алып барып бергем.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика