Ажобуз 60 жашта
Кечээ Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаева 60 жашка чыкты. Ал Кыргызстандын үчүнчү президенти, Борбор Азия жана КМШ аймагындагы биринчи аял президент жана советтик мезгилде такшалган кесипкөй дипломат. Роза Исаковна 1950-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктаган. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап, төрт жолу Тышкы иштер министри болгон. СССрдин Тышкы иштер министрлигинде ЮНЕСКО менен кызматташтыкты тейлеген, БУУнун Башкатчысынын Грузиядагы өкүлү, АКШда, Британияда элчилик кызматтарды аркалаган. Жергиликтүү басылмага берген маегинде Роза айым:
"Бул күндү жакындарым менен белгилейм. Чынын айтсам азыр юбилей өткөрө турган учур эмес, кышка аз калды, жылуулук менен камсыз кылуу, түштүктөгү окуяда жабыр тарткандарга чатыр тургузуп берүү милдети турат"-деп туулган күнүн жупуну өткөрөрүн билдирген. "А кандай белектерди күтүп жатасыз?" дегенге, "Көбүнчө мага гүл беришет. Мен ага каршы эмесмин, бирок мени кымбат букет менен кубанткандын ордуна, окуу китептерин алууга ошол акчаны жумшаса абдан пайдалуу болмок" дейт өлкө башчысы.

Мырзакматов Оштун ханыбы?
Оштун мэри М. Мырзакматов Роза Отунбаеванын буйругуна баш ийген жок. Убактылуу өкмөт өткөн бейшембиде мэрди кызматтан тынч кетүү маселесин козгоп Бишкекке чакыртышкан эле. Ошол эле убакта М. Мырзакматовду колдоо митингине 5000ге жакын жактоочулары чыгышып, эки күн шаардын борборун кармашып, башчысын кайтарып берүүнү талап кылып жатышты. Мэрдин айтымында, "Убактылуу өкмөттүн декреттери түштүктө юридикалык укукка ээ эмес". Ал эми эксперттердин ою боюнча, "Бишкек бул каршылаштыкта азырынча жеңилүүдө, ал эми М. Мырзакматов Оштун ханы болуп калууда"-дейт.


Мугалимдер жетишсиз бойдон калууда
Билим берүү жана илим министрлиги "Жаш мугалимдин депозити" программасын ишке ашыруу максатында жаш адистерди алыскы айыл мектептерине орноштурууда. Бул программанын алкагында 2004-жылдан 2009-жылга чейин республиканын алыскы райондоруна 2 845 жаш адис жөнөтүлгөн. Ага карабастан мугалимдердин жетишсиздиги 2010-жылдын 15-августуна карата эсептелгенде, адистердин саны кайрадан аз бойдон калууда.
Белгилей кетсек, мугалимдердин жетишсиздигинин эң башкы маселеси - айлык акынын төмөндүгү болуп эсептелет. Ал эми быйыл ЖОЖдордон педагогика адистигине 5 509 бүтүрүүчү ээ болгон, алардын ичинен 1 422си республиканын жалпы билим берүүчү мектептерине бөлүштүрүлгөн-дейт КР Билим берүү жана илим министринин басма сөз катчысы Албина Дүйшөмбиева.

Быйыл Меккеге 4,5 миң Кыргызстандык зыяратка бара алат
Быйыл Меккеге барууга Кыргызстанга 4500 орун бөлүнгөн. Ажылык сапардын баасы былтыркыга караганда бир аз төмөн болот. Эскерте кетсек, ал сумма 2009-жылы 2400 доллар, 1500сомду түзгөн. Маалыматка ылайык, Бишкекке 400, Ош облусу боюнча 1миң 100, Ош шаары 300, Жалал-Абад облусу 1 миң 100, Баткен 400, Талас жана Нарын облусуна 50дөн орун бөлүнсө, Ысык-Көл облусуна 100 жана Чүй облусуна баардыгы болуп 1 миң орун бөлүнгөн. "Тизме ажылыкты уюштуруу боюнча муфтияттын көп жылдык тажырыйбасы менен облусттардын муктаждыктарына ылайык бөлүндү"-деп билдирет К.Р. дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Болотбек Абдрахманов.


Талкаланган фонтандар калыбына келди
Бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтындагы жарык берүүчү фонтандын расмий ачылышы болот. Эскерте кетсек, апрель окуясында ал фонтандардын жабдыктары талкаланып, тонолуп кеткен. Аларды калыбына келтирүү үчүн шаардык мэрия 300 миң сомдон ашуун каражат бөлүп берген. Ачылыш аземи саат 20.00дө башталып, шаар тургундары жана коноктор кайрадан фонтан тартуулаган ажайып көрүнүшкө туш болушмакчы.


Ош окуясындагы белгисиз маркумдардын сөөгү Орусияда аныкталат
Түштүктөгү тополоңдо каза болуп, сөөгү тааныла элек 54 адамдын өздүгү Орусияда аныкталат. Коогалаңда жакындарынан айрылгандардын кан анализдери жана таанылбай калган сөөктөрдөн биологиялык материалдар чогултулуп, жалпы 201 үлгүнү атайын топ Орусияга жеткирип келген. Эми таанылбаган сөөктөрдү тактоо иши Москвадагы шаардык соттук-медициналык экспертиза бюросунда улантылмакчы. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде белгилүү болууга тийиш деп билдирет, Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Д. Сагынбаева.





  Бир бүркүм

КР президентинин буйругу менен Иманкулов Марат Муканович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Каттоо-сынак алуу бөлүмүнүн кызматкери Б. Б. иш ордунда 1 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 20-августунда аталган кызматтын Ош облусттук башкармалыгына Б.Ж. аттуу жаран аталган департаменттин Каттоо-сынак алуу бөлүмүнүн кызматкери эски айдоочулук күбөлүктү жаңысына алмаштыруу үчүн 1 миң сом талап кылгандыгына байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул туурасында Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирген.
Азырынча бир да саясий партия талапкерлердин тизмесин Боршайкомго берген жок. Эскерте кетсек, талапкерлердин тизмесин саясий партиянын съездинде түзүү 26-августка чейин аяктоого тийиш. 30-августта саат 18ге чейин партиялар талапкерлердин тизмесин жана БШКга шайлоо залогу төлөндү деген документти көрсөтүшү керек. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди.
Замирбек Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин З.Осмонов чоң салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап келген.