Кыргыз гезиттери




  Түз байланыш

Алихан
Биздин "түз байланыш" рубрикабызга окурмандар кызыккан суроолорун смс билдирүүлөр аркылуу жиберип, жоопторун гезит бетинен окуп келишет. Бул жолу окурмандар ортосунда көпүрө болгон аты аталган рубрикабызга жаш ырчы Алихан чыгып, суроолорго жооп берди.

Окууман "отчисление" болуудан корком
Асель, 22 жашта:
- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Жаңы ырларды жаздыруу менен репертуарымды кеңейтүүнүн аракетиндемин. Жакында эле "Сагынуу" деген ырыма клип тарттырдым. Дагы жаңы ырларды жаздырсам деп жатам.
Рыскүл, 20 жашта:
- Продюсериңиз милдетин кандай аткарууда?
- Эми продюсеримдин милдети десем туура болбой калат го, анткени Канат байке мага ага катары эле жардам берет. Биз бешөөбүз болгондуктан, ар бирибизге чуркайт, ишибиздин жакшы болушуна аракет жасайт.
- Ортоңордо мыйзамдуу келишим жокпу?
- Биз ага-ини катары эле иштешип жүрөбүз, бир сөз менен айтканда "эркекче" сүйлөшүп алганбыз. Аны мыйзамдаштырууну Канат байке өзү чечет.
- Канат байке менен пикир келишпестиктер болуп калабы?
- Сөзсүз түрдө болот да. Бири-бирибизди түшүнбөй урушуп кеткен учурлар болот. Мен айтканды ал жактырбай, аныкы мага жакпай, айтор чукчуңдаша кетмейибиз бар. Бирок, мен кичүү болгондуктан биринчи кечирим сурайм. Кандай болбосун баары бир ал улуу да, айткан сөздөрү дагы туура чыгат. Ошондуктан мен Канат байкенин сөзүн угууга аракет кылам.
Алина, 18 жашта:
- Тойлордо ырдайсызбы, ставкаңыз канча сом?
- Үлпөт тойлордон ырдайм. Менин ставкам канча сом экенин Канат байке билет. Тааныштар болсо, арзан эле болот го.
Алиман, 20 жашта:
- Кантип эс аласыз?
- Жайында, жазында жайлоого барып, кымыз ичип, атка минип, байкелеримдин жанында жаратылышта олтуруп, эс алганды жактырам. Ал эми кышында болсо достор менен "тоо лыжа базаларына" барып, сноуборд тээп, көңүл ачабыз.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Эркин күрөштү абдан жакшы көрөм, кээде спорт клубдарына барып кичине машыгып коём.
Жамиля, 19 жашта:
- Намаз окуйсузбу?
- Ооба окуйм, бирок беш маал эмес. Жума намазды калтырбаганга аракет кылам.
- Орозо кармадыңызбы?
- Ооруп калганыма байланыштуу быйыл орозо кармаган жокмун. Бирок, мен ыймандуу эле баламын. (күлүп).
Эльвира, 20 жашта:
- Үй бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Үй бүлөдө мен жалгыз баламын, ата-энем жеке ишкер, Бишкекте турушат. Аларды абдан сыйлайм, уят кылбаганга аракет кылам.
- Кыздардын кандай сапаттарын баалайсыз?
- Ыймандуу, жөнөкөй, өтө эрке эмес, "серьезный" кыздар жагат.
Тумар, 17 жашта
- Мода кубалайсыңбы?
Жок болгонун кийип жүрө берем, модага көп деле маани бербейм. Жарашканын кийем.
- Стилистиңиз барбы?
- Жеке стилистим деле жок, болгону чач жасалгалоо боюнча Замира Молдошевага барабыз. Стилимди Канат байке менен эле сүйлөшүп, чечип коёбуз.
Талант, 17 жашта:
- Үй жумуштарын кандай аткарасыз?
- "Эң жакшы" аткарам. Бирок, кара жумуштарга кичине алсызыраакмын. Тыныгып алып аткара берем. Алым азыраак да.
- Клиптердеги каармандарды кантип тандайсыңар?
- Кастинг аркылуу эле. Кыздарга, балдарга коюлган талаптарыбыз бар. Канат байке болуп чогуу тандап алабыз.
Каныбек, 23 жашта:
- Саясатта өзүңдү элестете аласыңбы?
- Албетте элестете алам. Өзүм "Сот прокурорлук" факультетти бүтүргөн соң, кесибим менен иштеш керек болот да. Саясатка бир-эки жылдан кийин аралашам деген ойдомун.
- Акыркы убактагы коомдо болгон окуялар жеке турмушуңа, чыгармачылыгыңа таасирин тийгиздиби?
- Баардык жашоочуларга тийгизди деп ойлойм. Мисалы, жаңы эле ыр жаздырып, концерт берейин деп атсаң, кырдаал өзгөрүлүп, курмандыктар болуп атса, кайдагы концерт, кайдагы шаан-шөкөт?
Рахат, 19 жашта:
- Түшкө ишенесизби?
- Анча ишенчээк адам эмесмин. Бирок кызыктуу түш көрсөм катуу ойлонуп калам. Бүгүнкү түшүм дагы кызыктуу болду. Шаардын бир бурчунан кетип баратсам эле кичинекей күчүктөрдү сатып атат. Баасын сурасам, 2000 сом экен. Эмне мынча кымбат деп катуу ойлонуп атыптырмын.
- Жашоодо эмнеден коркосуз?
- Жашоодон жакындарымды жоготуп алуудан корком.
Жылдыз, 18 жашта:
- Кой союп, устукандаганды билесизби?
- Байкелериме жардам берип, койдун кантип союларын көп эле көрүп жүрөм. Бирок, өз алдынча мууздап көргөн эмесмин, устукандаганды деле билбейм. Буюрса, өз алдынча сойгонду эми үйрөнөйүн деп жатам.
- Качан үйлөнөсүз?
- Чыгармачылыктын үстүндө иштеш керек, окууларымды ийгиликтүү аяктаган соң баарын орду менен коюштуруп, анан үйлөнөм.
Эля, 20 жашта:
- Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
- Окууман чыгып калбай, ийгиликтүү аяктап алсам, өз кесибим менен иштеп аракеттенсем, анан чыгармачылыкты артка калтырбай, вокал жактан дагы билимимди жогорулатсам деген тилектерим бар.
Фарида, 23 жашта:
- Чыгармачылык менен жүрүп, окуу жагынан аксап калган жоксунбу?
- Гастролдоп жүргөндө сабактардан көп эле каласың. Университеттен чыгарып салабы деп да корком. Бирок келгенден кийин доклад, реферат, анча мынча документтерди толтуруп, агай-эжейлер менен сүйлөшүп, анан эптеп бүтүрөбүз.
Чынара, 21 жашта:
- Башка улуттун кызын сүйүп калсаңыз, үйлөнөт белеңиз?
- Ата-энемдин жалгыз баласы болгондуктан үйлөнүү маселесин мен жалгыз чече албайм. Алардын кеп кеңешин, ой пикирин угуп, анан чечим чыгармакмын. Эгерде ата-энем макул болбосо, мен дагы баш тартмакмын.
- Ата-энеңиз сизге кыз кудалайбыз десе кандай ойдо болот элеңиз?
- Ар бир ата-эне өз баласына жакшылык каалайт. Ошондуктан мен биринчи сүйлөшүп көрмөкмүн, эгерде ата-энем жактырып атса, мен эмне үчүн жактырбашым керек.
Мунара, 20 жашта:
- Азыркы ырчылардан кимдин чыгармачылыгын баалайсыз?
- Бизде таланттуу ырчылар көп, мен мисалы Замир Арыкбаевдин, Мирбек Атабековдун чыгармачылыгын баалайм. Абдан аракеттенип турушат.
- Кимден үлгү аласыз?
- Баардык нерсенин эки жагы болгон сымал эле, ырчылардын бир гана жакшы жактарын өзүмө алууга аракет кылам. Бирок, улуу муундагы адамдардан үлгү алганыбыз туура.
- Чет мамлекетке чыгуу пландарыңызда барбы?
- Ушул кышта ата-энем менен эс алууга чет өлкөлөргө чыксак деп ойлонуп жатам.
Нургүл Ибраева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика