Бир ырдын тарыхы

Көптөгөн ырлардын автору Чубак Сатаевди кимдер гана тааныбайт. Бул инсандын көзү өтүп кеткен күндө дагы, ырлары эл оозунан түшө элек. Мына ошондой ырларынын бири "Кең дүйнө" деген ыр. Бул ырдын тарыхын Чубак Сатаевдин уулу Кубанычбек Сатаев төмөндөгүчө баяндап берди.

"Намыстан жаралган ыр"

"Кең дүйнө"
Сөзү, обону: Чубак Сатаевдики
Ушул дүйнө кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр,
болуп жаткан жем дүйнө

Чындык дүйнө бар дүйнө,
Бирөөлөргө тар дүйнө.
Бакыт конгон адамга,
Ушул дүйнө шаң дүйнө.

Кайырма:
Күйүп-күйүп күл болом,
ичи тарды көргөндө.
Көрсөм күйүп кул болом,
Жакшы адамды бир арам,
Жер алдына көмгөндө

Тирүүлүктө адамдар,
Алгаласын кадамдар.
Арабызда жок болсун,
Ичи бузук арамдар.

Кайырма:
Байлык болсо көппөйлү,
Кайгы болсо чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат, өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдө көңүл калып өтпөйлү.

- Бул окуяны мага атамдын досу айтып берген. 1989-жылы атам Нарын жергесине үч досу менен барган экен. Ал жактан Советтер Союзунун "чиновниктери" досторун коноктошмой болуп, үйлөрүнө чакырышат. Дасторкондун үстүндө олтурушса эле, баягы үй ээлери өздөрүнүн медалдарын санап, эрдиктерин айтып эле бүтпөйт дейт. Анда атам жаңы " Арман " деген ыр менен таанымал болуп келе жаткан экен. Анан эле "сен бул ырды ырда" деп оройлонушуп, "Силер кимсиңер?!" дегенсип, кемсинте баштаптыр. Ал күнү алар ошол үйгө жатып кетишмек экен. Бир маалда эле атам сыртка чыгып кеткен бойдон үйгө кирбей коюптур. Достору издеп, араң дегенде Нарын шаарынын борборундагы мейманканадан табышыптыр. Көрсө, атам "чиновниктердин" кылган мамилесине намыстанып, кетип калган экен. Достору келгиче атам аккордеонун колуна алып, " Кең дүйнө " деген ырдын эки куплетин бүтүрүп, үчүнчү куплетин жаза баштаптыр. Ошентип, атам бул ырды намысына тийген адамдарга арнап жазган экен.