окумал

Сен жана мен
(Уландысы, башы
өткөн санда)
кыйышпас күндөр

- Мага эле оңой болду дейсиңби? Бараар жерим, басаар тоом жок жалгыз өстүм. Балалык күндөрүмдө канча көз жаш төктүм. Телевизордон же көчөдөн эне-атасынын ортосунда жадырап, жүзүнөн күлкү чачырап бараткан кыздарды көргөндө кадимкидей ичим күйүп, "тигил кыздын ордунда мен болуп калсам кана" деп, ошол элести эки-үч күн эш тутуп, көз алдыма кайра-кайра тартып кыялданып жашачумун. Өз оюмдан чыгарып ата-энемдин сүрөттөрүн тартып убаралана берчүмүн. Мен сүрөттөрүмдү чогултуп катып жүргөм. Каалайсыңбы, азыр сага көрсөтөйүн,- Сүйгөн күйөөсүнөн жооп күтпөстөн шашыла ордунан тура калып эски дептер, сүрөттөрүн салчу сумкасынан беш-алты саргарып калган баракты сууруп чыгып, толкундоо менен Дуулатка сунду.
Аялынын диртилдеген үнүнөн, майда калтырак баскан колдору менен саргайган барактарды өтө этияттык менен кармаганынан, жайнаган көздөрүнөн эмнегедир Дуулатка Сүйгөн мурун бул сүрөттөрдү жан адамга көргөзбөй жашыруун сактап, эми гана өзүнө ишеним артып, жумурундагы сырын сыртка чыгарып жаткандай бир туйум пайда болду. Аялын аяп кетти. Жакшы көрүүсү артып, жүрөгү элжирей түштү. Атасынан айрылып калганына ишенип-ишене албай, айы батып, кабыргасы кайышып турганы менен өзүнүн кейиши, күн алыс көзү ачылбай ичип келгени, атасын эскерген ар бир сөзү аялынын жүрөгүн канатып, ага оор тийип жатканын эми сезип, өзүн-өзү ичинен сөгүп алды.
- Мени кечирип койчу?..Сеники туура, мен кейбир сени ойлобой эле…- ордунан тура калып сүрөттөрдү оң колуна алды да, сол колу менен Сүйгөндү өзүнө имере кучактап, саамайынан искеди, - Кана, кана, сенин чыгармачылыгыңды көрөлүчү. Мен билем, сен бул сүрөттөрүңдү мурда - кийин курбуларыңа да көргөзгөн эмессиң да туурабы? Биринчи сынчың менминби?
- Ооба, эч ким көргөн эмес, сен кайдан билип койдуң? Мобул бир сүрөттү гана сүрөттөн берген агайым көрүп, беш койгон.
- Билем да…
Түстүү карандаш менен тартылган сүрөттөр мектеп окуучусу эмес, талантуу чоң сүрөтчүнүн колунан жаралгандай образдуу тартылыптыр. Күн, көгүлтүр асман, чокулары ак карга чулгангандай бийик тоолор, толкун болуп жаткансыган көл жана жетелешкен аял- эркек. Аларды утурлай чуркап келаткан секелек кыз. Кыздан Дуулат Сүйгөндү тааныды. Бир айырмасы ал кыздын чачы узун болуп тартылыптыр, азыр кыска. Дагы биринде жаңы жылдык кооздолгон балаты, жанында чоң белек көтөрүп баягы аял - эркек. Жанында тааныш кыз. Көз айрый албай тигиле карап, өзү ошол сүрөттөгү дүйнөгө сүңгүп кирип кеткендей үн сөзү жок олтурган Дуулат бир топтон кийин "эмне дээр экен?" дегендей ичинен кыйпычыктап тизесине жөлөнүп турган Сүйгөнгө күлмүңдөй:
- Алтыш, сенин чымының бар турбайбы. Карачы, кандай сонун! Мага өзгөчө көлдүн жээгиндеги көрүнүш жакты. А сен көргөзбөй катып жүрөсүң. Талантыңды катпай улантып тартып кетсең болмок да.
- Койчу, - Сүйгөн күйөөсүнүн чындап айтып жатканын же жөн гана көңүлүн көтөрүш үчүн айтканын ажырата албай, мактоодон уяла түштү. - Сага чын эле жактыбы? - Бир аз ишенкиребей көз таштады.
- Анча-мынча кишинин, мисалы менин колуман мындай сүрөт тартуу келбейт. Мурун билсем атам тирүү кезинде апам экөөнү жанаша отургузуп, тарттырбайт белем. Эстелик болмок. Эч нерсе эмес, эми деле тарта аласың да? Айылга ушул барганыбызда ала барсак, оо, апам аны төрүнө илип, кирип-чыгып күйөөсү менен "сүйлөшүп", сени оозунан түшүрбөй калмак. Байкадыңбы экөөнүн кийинки кезде түшкөн сүрөттөрү жок.
- Азыр тарта аламбы? Мен колума боек албаганыма канча болду? - Сүйгөн ойлоно түшүп бирок көңүлүнүн түпкүрүндө күйөөсүнүн эргип, жанданып, күлө бага сүйлөп жатканынан улам анын каалосуна жок дегиси келбей, "И макул" дегендей күлүмсүрөй баш ийкеп алды.
Ушул күндөн кийин көптөн бери түнөрүшкөн экөөнүн жүзүндөгү капалык жуулуп, аз да болсо үй ичинде кайрадан күлкү жаңырып, сүйлөшкөнгө тема табылды. Жашоо аксаса да өз нугуна түшкөнсүдү. Дуулаттын кеч келгени токтоду.
Сүйгөндүн курбулары көз көрсөтүп келип -кетишти. Дуулаттын жумушундагыларды чакырып куран окутушту. Өлгөндүн өз шору, өлбөгөндүн күнү өтө берет дегендей күндөр өтүп жатты.
Эмнегедир Сүйгөндүн боюна бүтпөй, сыртынан сыр бербегени менен ичинен санааркай баштады. Көчөдөн боюнда бар бирөөнү көрсө токтой калып суктана узата карап калат. Группасындагы боюнда бар Нуржандын жанынан чыкпайт. Эч кимге билгизбей акырын анын ичин сылап кармалап, "мага да жуксунчу" деп кээде аны күлдүрүп да алат. Нуржан айткандан кийин доктурга көрүнүп, өзүн-өзү аңдып калды. Күйөөсү да кийинки күндөрү "мага качан бөбөк төрөп бересиң? Ий-ий, балдарым менен үйдүн ичин үч көтөрүп чурулдап ойносом кандай бакыт. Ошол күндөр качан келет? Бирок биринчиси кыз болсун" деп ачык кыялданчу болду.
Таня да кээ кезде эшиктен сүзүшүп калышкан күндөрү Сүйгөндүн ичине көз таштап:
- Сен качан томпоесуң? Экөөңдүн түнкүсүн күжү-күжү деп сөзүңөр түгөнбөйт. Эмнени эле сүйлөшөсүңөр түшүнбөйм. Сөздөн көрө ишке өтпөйсүңөрбү, -деп күлдүрүп калат. - Ай, бул сөзүмдү күйөөңө айтып сала көрбө, уят. - деп кайра чочуй түшөт.
(Уландысы кийинки санда)





  Белгилүүнүн блокнотунан

Айгүл Чалова, ырчы

15-июль. 2010-жыл.
Сүйүү, сүйүү деп ушул беш тамгага миллиарддаган адамдар баш ийишет. Сүйүү үчүн канчалаган адамдар бул дүйнөдөн кош айтышып жатышат. Мурда "ушул сезим мага качан келет? Мен дагы элчилеп, качан бул сезимдин ширин даамын татат болдум экен?" - деп кыялданып, чыдамсыздык менен күтчү элем. Бирок бул таза сезимдин кадырына жетип, баркташ керек экен.
Эх!.. А биз, тунук сүйүүбүздү бапестеп, түбөлүктүү сактай алган жокпуз. Анын кадырына жетпей булгап алдык. Ушунчалык сүйүүдөн көңүлүм калыптыр. Экинчи ирет бул ыйык махабатты таарынтып алыштан корком.

20-июль. 2010-жыл.
Эмнегедир акыркы мезгилде өзүмдү жалгыз сезип, көөдөнүмө ыза толуп, бук болуп келем. Өзүм кыялкеч адам болгондуктан, кыялымда мен дагы жүрөгүмдүн жартысын таап, бирге бактылуу өмүр сүрүүнү самап келет. Бирок, ушул күнгө чейин ал адамды жолуктура албай, куса болуп келем. Топтошкон элдин арасынан, көчөдөн, дегеле бардык жерден караанын издей берем. Мага сүйүүсүн арнап, жүрөгүн тартуулагандар деле бар, бирок…

25-июль. 2010-жыл.
Бүгүнкү күн мага эң ыйык, эң кымбат күн. Аткени, ушул күнү мен жарык дүйнөгө келип, жашоонун даамын тата баштаган элем. Андан бери айлар учуп, жылдар зымырап, көздү ачып, жумганча мен да бир топ жашка чыгып калыптырмын. Ушул жашоого мени насип кылган кудайга, ушул даражага жеткирген ата-энеме рахматымды айтам.
Албетте, туулган күнүмдө жакын адамдарымдын курчоосунда, сахналаш досторумдун көңүл борборунда болдум. Быйылкы туулган күнүм, башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө өттү. Таң атканча, ырдап, бийлеп, ичкилик да ичкен жокпуз, бир гана сырдашып, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп, балалыкка кайрылып, бир жылмайып алдык. Бул күн мага унутулгус күндөрдүн бири болду деп эсептейм.

28июль. 2010-жыл.
Кээде олтуруп "Жүз тыйының болгончо, жүз дос күткөн артык" деген сөз мага таандык болуш керек деп ойлоп кетем. Себеби менин досторум аябай көп. Алар мени жалгыздыкка эч качан коё беришпейт. Кайда жүрсөм да алар мени ар дайым колдоп, жөлөк-таяк болуп келишет. Кайгымды да, кубанычымды да тең бөлүшөт. Ушундай досторго кезиктирип койгонуна кудайга миң мертебе ыраазы болуп кетем.

1-август. 2010-жыл.
Бүгүн эмнегедир үйгө такыр баргым келбей жатат. Анткени жалгыздык мени кайра курчап алышынан корком.
Кечээ түнкү саат бирде, бөлмөдөгү тынчтыкты бир "поклоннигимдин" СМСи ойготту, анда: "Мага сенин көзүң, оозуң, дегеле сенин тулку боюң, сулуулугуң, ырдаган ырың, шаңкылдаган күлкүң жагат. Бирок, эмнегедир сенин көзүңдүн түпкүрүндө кандайдыр бир кайгы жаткандай сезилет. Жада калса, күлгөнүң да кайгылуу. Сенин ушундай капалыкка чөмүлгөнүңдүн себеби эмнеде? Же ага сүйгөн адамың күнөлүүбү? Эх, мен сенин жигитиң болгондо, мындай кайгыга сени таштабайт болчумун. Сени колуман түшүрбөй, "Менин эркетайым" - деп эркелетмекмин. Бирок, мен өзүмдү сага татыктуу адам катары эсептебейм. Жаныңа барып, сага болгон сүйүүмдү айта албайм, анткени кудуретим жетпейт, акым да жок" - деп жазылыптыр…