Атактуунун арзуусу

Абидин Темиров:
"Атактуунун арзуусу" рубрикасынын астында, кыргыздын атактуу адамдарынын арзууларына күбө болуп келебиз. Бул жолу, обончу, ырчы Абидин Темировдун арзуусуна күбө болсок.

"Жыйырмага чыга элек кыз башымды айлантып жүрөт"
- Абидин байке, чыгармачыл адамдардын сүйүүсү башкача болот эмеспи. Маегибизди алгачкы сүйүүңүздөн баштасак.
- Сүйүү темасы эч кимди кызыктырбай койбойт. Мен мына кыркка келип, сүйүүнү такыр түшүнө албай койдум. Анткени, бирөөнү чындап сүйсөң, же тескерисинче, ал сени чындап сүйсө, чыныгы аруу сүйүүгө жетпей калат. Же болбосо, сен аны таанып, ал сени тааныбай туруп жетпей калган сүйүү, адамдын сүйүү тарыхы болуп калат экен да. Бир чети армандуу болсо, экинчи жагынан караганда эң таза сүйүү ошол деп ойлойм. Менде да ошондой сүйүүлөр болгон. Мен сүйгөн адам, менин сүйөөрүмдү билбей калды болуш керек. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" дегендей, качандыр бир убакта кезигип калсак балким айтат чыгаармын.
- Ал айтып жаткан арзууңуз каякта?
- Билбейм.
- Демек, сиздин туң сүйүүңүз го?
- Тун сүйүүм деп айтпайм. Балалык сүйүүлөр деген болгон. Бирок, кинолорду көрүп, романдарды окуп отуруп чын сүйүүнүн мага али келе элек экендигин байкадым. Ошондой бир отко күйүп, сууга чөгүп, кээде "крышам" кетип, кандайдыр бир белгисиз жактарга учуп кеткен учурлар боло элек.
- Чын сүйүү келе элек деп жатасыз. Жок дегенде жактыруулар болсо керек?
- Албетте андайлар болот. Кыргызда ушунчалык татынакай, чырайлуу кыздар көп. Анан кантип эле ошолордун ичинен бирин-онун жактырууга болбосун. Жактырасың, ал адамга билгизбесең да ичиңде кала берет. Башка улутка караганда өзүңдүн кыргыздын кыздарын сүйгөн жакшы. Адабиятта поэзияны карасаң, кыргыздын кыздарынын сулуулугун ушунчалык көркөмдөп берген. Ошондон улам, мен сүйсөм дагы кыргыздын кызын гана сүйөм деген ой пайда болгон.
- Чыгармачыл адамдар сүйүүлөрүн өздөрүнүн чыгармаларында чагылдырат эмеспи. Сиздин да жүрөгүңүздүн ээсине жаралган обондоруңуз барбы?
- Чынын айтыш керек. Кандайдыр бир сезимдер аркылуу, атайлап бирөөгө арнап обон чыгара элекмин. Бирок, Кадыраалы Артыков бир жолу "Абидин, сен өзүңдүн тагдырыңды өзүң көрбөй туруп, ыр менен жазып койгонсуң" деп айтты эле. Токтобүбү Черикчиева "Ка йыр кош" деген ырымды биринчи жолу сахнага ырдап чыккан. Кийин ойлоп көрсөм, аны жашабай туруп эле жазылган ыр болчу. "Ойлойсуңбу" деген ырымды да сүйүп калдым окшойт деп жазгам. Бир кызды сүйүп калып, ал үчүн аэропортко чейин барып, кыйналып жазган ырым эле. Бирок, ал да алдамчы сүйүү болуп калды.
- Кийин ал кызга жолуктуңузбу?
- Жок, жолукканда эмне? Мен ал убакта үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калган элем. Аялым менен ажырашкандан кийин, бирок, ошол кызды кайра издеп калдым.
- Келинчегиңизге сүйүп үйлөндүңүз беле, же алакачып алдыңыз беле?
- Көңүлүм чөгүп жүргөн кезде таанышып калдык. Мени аяй баштады. Ошентип жолугуп, достору менен таанышып, жардам берип жакшы мамиледе болуп кеттик. Сүйүү эмес сый болуп атып эле кантип үйлөнүп калганыбызды билбей да калдым. Азыр экөөбүз эки башка жашайбыз. Кээде тойлорго барып, ырдап, күлдүрүп калсаң, тойдо отургандар, "Сен ушунчалык бактылуусуң" деп калышат. Алар менин ажырашканымды кайдан билсин. Үйдөгү болгон көйгөйдү билгизбешиң керек да. Анан жолдо келатып, абдан өкүнөсүң. Жакшылык жамандык менен чогуу жүрөт дегендей, ошолордун көңүлүн, батасын алып келүүнүн өзү эле бир чоң рахат. А мындай карасаң, жанагы айткан сөздөрдөн кийин турмушуңду ойлоп жаман болосуң. Үй-бүлөм азыр алыста, аларга кир жугузгум келбейт.
- Келинчегиңиз кайра келсе чогуу түтүн булатканга макулсузбу?
- Мен үч жолу кечирдим. Көрсө, өзүнүн кызыкчылыктары бар экен, кечирсем дагы жерге тирүүлөй көмгөндөй эле кылып кетти да. Бир жолу кечирдим. Кечиргенден кийин, кайра жакшы жашагандай болуп калганбыз. Анан кайра мени алдап кеткенден кийин, келип кечирим сурады. Эки балам менен үйдө үч жыл калгам. Үйдө эне, эшикте ата, өзүм тарбиячы болуп, баарын өзүм кылып, балдарымды багып жүрдүм. Адам бардык нерсеге көнөт экен. Кир жууп, тамак жасап, керек болсо кызымдын чачын өргөндү да үйрөнүп алдым. Үй жумушчусун да алып көрдүм. Андай нерсе да болбойт экен. Көзүң жокто бир нерсеңди уурдап кетип, же болбосо балдарыма туура эмес тарбия берет экен. Ошондо аялым чет мамлекетке кетип калган эле. Кийин келип, кечирим сурап, "Балдарды туугандарга көрсөтүп келейин" деген боюнча дайыны жок. Өзүм издеп барып, балдарымды алып кетейин десем, эки колунун ортосун көргөзгөн. Ошондо жиним менен барып, өз колум менен өлтүрүп салайын деген элем. Аялыма болгон жек көрүүдөн улам, толгон-токой ойлор келди, бирок, аларды токтоолук менен карасаң болбогон нерсе. Кудай бар. Кантсе да балдар меники, ал жакта окуй берсин. Балким менин тагдырыма ушундай жазылып калгандыр. Еврейлер айтып калышат эмеспи "Биз кудайдын сценарийинин негизинде жашайбыз" деп. Ошол сыяктуу, чын эле Кудайдын сценарийи боюнча ушундай болуш керек болгон. Мындан аркысы жакшы болсун деп тилек кылам. Эң негизгиси сени төрөп чоңойткон энең, сенин жашооңду көрүп кейигени жаман экен. Дагы да болсо энемди "Жашап атабыз, сизге салам айтты" деп алдап келем. Эне деген баары бир сезип турат экен. Кудай берген жашоону татыктуу асырап алсак кана.
- Сүйүүнүн бар экенине ишенесизби?
- Албетте ишенем. Сүйүүнү бул жалганда сыноого жараткан.
- Сүйүү картаят дегенгечи?
- Сүйүүнү картайтып алыш адамдын өзүнөн. Мен алыс барбай эле, өзүмдүн ата-энемен көргөн элем. Атамдын кайтыш болгонуна көп жыл болуп кетти. Бизге билдирбегени менен, кичинекейимде алардын сүйүүсүн байкап койчумун. Ушул эки кишиден сүйүүнүн тазалыгын, бири-бирине болгон сый-урматты көрдүм.
- Сүйүүңүздү акылыңыз башкарабы же жүрөгүңүзбү?
- Көпчүлүк чыгармаларды окусаң бардыгында эле жүрөк башкарып калат. Акыл болсо, жакшы жака жетелейт да. Сүйүүнүн көзү көр болуп, акылың дагы башкара албай калат. Меникин болсо, акылым башкарат. Жүрөгүмдүн ыйлаганы ошондон болуш керек. Анткени, жүрөгүмдү көп капа кылып алдым. Мындан ары капа кылбашка аракет кылам.
- Эгер сиз 20 жаштагы кызды сүйүп калсаңыз эмне кыласыз? Сүйүүңүздү билдиресизби же айта албай жүрүп алтымышка чыгасызбы?
- Билбейм, мен сүйүүмдү билдирген күндө деле, ал кантип ойлойт? Эми сезимди билдирүүнүн жолдору көп дечи. Кийинки күндөрү менин жалгыздыгымды билгендер, күнү-түнү телефон чала беришет, уюлдук телефонума билдирүүлөрдү жазышат. Бирок, көпчүлүгү жалган сүйүү. Орустарда "по расчету" деп коёт. Эң таң калыштуусу, төрт-беш жылдан бери 1992-жылы төрөт үйүнөн өзүм көтөрүп чыккан, жыйырмага чыга элек кыз башымды айландырып жүрөт. Кээде, берилип кеткиң да келет. Анан өзүңдү карманып, "кой убалына калбайын" дейсиң. Мен ал кыздын ата-энесин деле тааныйм. Ошондон бери алардын үй-бүлөсү менен катташпай да калдым. Барайын дейсиң, уяласың. Бир жолу алысыраак эжеме барып, "Менин жашоомдо кызык окуялар көп болуп жатат. Жыйырмадагы кыздар мени жактырып, мени менен турмуш курганга да макулдугун берип жатат, эмне кылам?" - десем, эжем "Кыргыздын акыл-эстүү, ыймандуу, институтту кызыл диплом менен бүткөн кыздары деле башка улуттарга тийип, кайра ажырашып жүрүшпөйбү. Аларга караганда кыргыздын баласы кыргыздын кызын алыш керек. Керек болсо онун тең ал" деген кеңешин берген эле. Үйгө келип алып, менден жыйырма беш жаш кичүү кыздын эртеңки тагдыры эмне болот? - деп ойлондум. Бирок, Омар Хаямдын айтканы бар: "Эртеңкинин камын жегиче, бүгүнкүнүн нанын же" деген.
- А сизде ал кызга болгон жактыруу сезими барбы?
- Албетте, бар. Бирок, бетим чыдабайт да ага.
- Намыстанып жүрөм деңиз?
- Туура айтасың, чынында мен куру намыс деп жүрүп көп нерседен кур калып келем. Бирок, элдин, туугандарыңдын, кудайдын алдында тазасың да.
- Кыздардан көңүлүңүз көп калган окшойт да?
- Ии, абдан көп жолу көңүлүм калган. Мен абдан ишенчээкмин да. Ушул сапатымдын айынан кыздар өздөрүнүн көздөгөн максаттарына жетүү үчүн колдонуп кетишет. Көп алдандым. Анан көңүлүм калып калганы ошондон. Кээде отуруп күлкүм келсе, кээде жиним келет.
- Сиздин 20 жаштагы кезиңиз менен азыркы учурдагы кыздарга болгон табитиңиз өзгөрдүбү, же ошол боюнча эле калдыбы?
- 20 жаштагы кезимдегидей эле калды. Ар кимдин табити ар кандай эмеспи, Мисалы, кээ бирөөлөр өңүнө, фигурасына ж.б. карайт. Мен үчүн ар бир кыз өзүнчө сулуу. Менин бир досума толмоч кыздар жагат. Дагы бир чоң досум бар, ага болсо кичинекей кыздар жакса, бирөөнө апапакай, бирөөнө каратору кыздар жагат. Мен кандай тариздеги кыздар жагаарын айтпай эле коюён. Анткени, мамиле түзүп жүргөн кыздар "Мен мунун табитине туура келбейт турбаймынбы" деген ойдо калышпасын. Негизи кыздардын баарын жакшы көрөм. Аларды жаман көргөнгө биздин акыбыз да жок. Ар бир кызды бактылуу кылып алыш жигиттердин колунда. "Бутактын шагын сындырсаң дагы, жигиттин шагын сындырба" дейт. Анын сыңарындай, акыл-эстүү мырза кыздардын шагын эч качан сындырбайт.
- "Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт" деп коёт го. Жакын санаалаштарыңыздын аялдарын жактырып калган учурлар болду беле?
- Азгырык сезим менен эмес, бирок жактыруулар болгон. Беш кол тең эмес да. Биринде бар касиет экинчисинде жок, экинчисинде бар касиет үчүнчүсүндө жок дегендей. Албетте бир аяшымдын конок тоскону, бирөөнүн күлкүсү, бирөөнүн мамилеси жагат.
- Сизди ырчылардын көбү "Абидин түнкү экиде деле күндүзгү экидегидей телефон чала берет" деп калышат экен.
- Чыгармачыл инсандардын көбү күндүзү уктап, түнкүсүн иштешет. Анткени, түнкүсүн илхом келет. Мен түнкүсүн музыка ойноп, фортепианодо олтуруп, кээде таңдын атканын да билбей калам.
- Ал эми чогуу иштешкен чыгармачыл чөйрөдөн "кызматтагы күйдүм чок" болду беле?
- Бирөө менен жакшы элем. Кийин эле экөөбүздүн ортобуздан эмне аралады билбейм, мамилебиз келишпей калды.
Төлөбүбү
Касымалиева