Маалымат майданында
бир бүркүм
КР президентинин буйругу менен Каназаров Султанбек Төлөнович президенттин басма сөз катчысы кызматына дайындалды. Ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, КР өкмөтүнүн аппараты ишин кайра баштагычакты бул кызматка келди.
Кошалиев Кадырали УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды
Үсөнов Фуркат Үсөнович түштүк аймагы боюнча ИИМ биринчи орун басары жана Ош областынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Убактылуу өкмөттүн референдумдан кийинки декреттерин жокко чыгаруу үчүн кол топтолууда. Бул туурасында "Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын" жетекчиси Токтайым Үмөталиева билдирди.
Кыргызстанда ундун баасы кымбаттады. 1-сорттогу ундун сатуу баасы Бишкектин базарларында өткөн жумага салыштырмалуу 2,2-4 сомго кымбаттады жана азыр 1 кг ундун баасы 18-22 сомду түзүүдө. Ошондой эле, Нарын жана Талас областтарында буудайдын баасы өткөн жумага салыштырмалуу 1-2 сомго көбөйдү. Бишкек шаарынын Ош базарында 1 кг таза буудайдын баасы орточо 10 сомду түзүүдө. Экономиканы тескөө министрлигинин адистери баалардын көтөрүлүшү Орусияда 15-августтан 31-декабрга чейин унду экспорттоого убактылуу тыюу салуу менен байланыштырууда.
Нефть-газ чыккан жерлер "Узбекнефтегаздан" алынып, Кыргызстанга кайтаруу процедурасы башталды. "Чонгара-Гальча" жана "Түндүк Сох" нефть жана газ чыккан жерлерди "Узбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясынын балансынан Кыргызстандын юрисдикациясына берилүү маселесин чечүү максатында Роза Отунбаева буйрук чыгарды.
Өкмөттүн токтому менен пенсионерлердин материалдык камсыздалуусун жакшыртуу максатында 2010-жылдын 1-январынан баштап аскер кызматкерлеринин пенсияларынын эсептелишине кошулуучу паектук акчалардын чектелген өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтө белгиленди.
Жалал-Абад облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 12-15-июндарында адам өлтүрүү, улуттар аралык араздашууну баштоо, массалык башаламандыктар, мүлктү атайылап жок кылуу, курал-жаракты уурдоо сыяктуу оор жана өтө оор кылмыш иштери болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун прокурору К.Турдумамбетов билдирди. Аталган фактылар боюнча 16-августка карата 797 кылмыш иши козголду. Кылмыштарга шектүү деп 74 адам кармалды, 63 адам камакка алынды.
Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери 27 жаштагы Сокулук районунун тургунун кармашты.ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адам 6-август күнү түнкү саат 2де жеке таксист болуп иштеп жатып, Бишкек-"Манас" аба майданы жолунан 37 жаштагы Франция жаранын жеткирип жатып 440 евросун тоноп алгандыгына шектелүүдө.Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Ысык-Ата районунун ооруканаларына Киргшелктогу окуядан кийин 11 адам кайрылды. Ошондой эле, 5-августта саат 19.30га карата Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасына медициналык жардам сурап 5 адам кайрылган.
БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоого катышуу үчүн билдирүү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын, мындай билдирүү жолдогон партиялардын саны 57ге жеткенин айтты.
Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан баардык психиатриялык мекемелерде жана РПСБларда 2010-жылдын апрель-июнь айларында жабыркагандар үчүн психикалык жардам көрсөтүүчү ыкчам мобилдик топтор түзүлгөн. Адистер бекитилген график менен Ош, Жалал-Абад областарына чыгышып, областык психикалык саламаттык борборунун адистери менен бирге атайылаштырылган психикалык жана психикалык-терапевдик жардам берүүдө активдүү иш алып барышып, үй-бүлөлүк дарыгерлер менен балдарды аянтчаларда тарбиялоочуларга билим берүү семинарларын өткөрүүгө көмөктөшөт.




Крим
Нарындын мурунку губернаторун атып өлтүрүштү
Нарын облусунун мурдагы губернатору Тынчтыкбек Чекиевди 13-августта түн ичинде Сокулук районунун Жал айылындагы өз үйүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишти. ИИМ бул кылмыш каракчылык максатында болгон деген версияны айтып жатат. Аталган ишмер райондук жана областтык деңгээлдеги жетекчи кызмат орундарында иштеп келген. Тогуз-Торо районунда акимдин орун басары, Нарын облусундагы администрациянын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Көл облустук администрациясында эмгектенген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жети-Өгүз районунун акими, Нарын облусунун губернатору болгон. Анын денесинин төрт жерине ок тийип, жарааттан каза тапкан. Белгисиз адамдар аткан октон Чекиевдин жубайы да жабыркап, учурда ооруканада жатат. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, атайын кылмыш иликтөө тобу түзүлгөндүгүн кабарлады:
Маркумдун
таанышы, чек ара кызматынын ветераны Орунбек Дайиновдун айтымында Т. Чекиев үйүнө капыстан басып кирген куралдуу кылмыштуу топ менен кармашып, каршылык көрсөткөн экен:
- Муну изилдешкен, багышкан. Ошол күнү кеч келген. Андан пайдаланып, үй-бүлөсүн ар бери будамайлап, ишти бүтүрүшкөн. Анан кийин өзү тыңыраактык кылып, бирөөнүн тапанчасын ыргыта чаап, чайнек менен бирөөнү койгон. Ага болбой терезеден секирип кетип, анан кансырап каза болгон. Секирип кетип, дарбазаны ачып элди чакырган маалда тигилер да качып кетиптир.
Тынчтыкбек Чекиев эл оозундагы сөзгө караганда, экс-президент К. Бакиевдин тушунда бийликке жакын адам катары саналган. Буга чейин маркумдун ишмердүүлүгү жөнүндө бир катар макалаларды жазып жүргөн журналист Айбек Шамшыкеевдин баамында, ал Бакиевдин ишенимдүү кадры болуу менен бирге, Бакиевдин сырларын билиши да мүмкүн. Бирок анын өлүмүнө Бакиев менен болгон мамилесинин канчалык тиешеси бар экенин айтуу кыйын.

Саясат
Аскар Акаев кол тийбестик укугунан ажырап…

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алганын жарыялаган. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат. Москвада жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кол тийбестик укугун алуу боюнча Убактылуу өкмөт декретин баш мыйзамга каршы, шайлоо алдындагы саясий авантюра катары мүнөздөдү. Ал кол тийбестигин алууга парламенттин гана укугу бар деп эсептейт. Ал эми мындай маселени карай турган Жогорку Кеңеш 7-апрелден кийин ыңкылапчыл бийлик тарабынан таратылган. Аскар Акаевдин айтымында, Убактылуу өкмөттүн бул чечими жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын одоно бузууга жатат.
- Убактылуу өкмөт өзү мыйзамсыз бийликке келди. Анан мыйзамсыз декреттерди чыгарып, баш мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алып жатат. Өздөрү демилге көтөрүп, референдумда кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын өздөрү бузуп жатышат. Анда кара тамга менен ак кагазда парламент гана президентке айып коюуга укуктуу деп даана жазылып турат.
Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумдан кийин президент Роза Отунбаева башында турган жаңы өкмөт курамы бекитилген. Буга чейинки Убактылуу өкмөт болсо жаңы парламент түзүлгөнгө чейин декреттер аркылуу мыйзам чыгаруу милдетин өзүнө алган.
Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу боюнча декретти анын он бир мүчөсү колдоп, Темир Сариев, Элмира Ибраимова жана Абдыганы Эркебаев каршы добуш беришкен.
Аталган декреттин демилгечиси Азимбек Бекназаров өлкөнүн ушундай абалга кептелишине эки качкын президент тең жооптуу деп эсептейт:
- Эки ынкылаптын тең талабы ушул адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болгон. Аксы окуясы боюнча президент А. Акаев, К. Бакиев апрель окуясы боюнча кандай жооп бериш керек болсо, ошондой жоопкерчилик тартышы керек. Экинчиден Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерине ошол Акаевдин учурунда кол коюлган. Аны унутпашыбыз керек. Мамлекеттин башкы кол башчысынын элин таштап качып кеткендигинин өзү кылмыш иши деп эсептелинет. Эки президент тең качып кетишти. Экөөнө бирдей жоопкерчилик болушу керек бул жагдай боюнча.
Анткен менен тунгуч президент Аскар Акаев менен кийинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди салыштырууга мүмкүн эмес дегендер да аз эмес. Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өткөн окуяларды талдоодо тарых кимдин ким экендигин өз ордуна койооруна ишенет:
- Биринчи президенттин кол тийбестигин алып, Бакиев менен катар койгондун өзү туура эмес. Себеби Курманбек Бакиевдин эмне иш кылгандыгын, анын элди кантип кыргынга учуратып коюп качып кеткендигин бардыгыбыз билебиз. Аскар Акаев болсо бирөөнүн бир тал чачы жерге түшпөсүн деп, тынчтыкты биринчи орунга коюп кетип калды. Эгерде дайым эле ушинтип, тарыхыбызга түкүрүп, замбирек менен ата берсек, тарых бизди бир күнү танкасы менен тебелейт.
Бул маселе боюнча талаш-тартыш дагы деле уланат окшойт.

Спорт
Урмат Аматов - дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын чемпиону

15-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын таймашуулары башталды. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар олимпиадасына катышып, уландар арасында Азия чемпиону Урмат Аматов финалда украиналык Александр Литвиновду утуп алуу менен олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.Сингапурдан олимпиада чемпиону болгон Урмат Аматов менен телефон аркылуу байланышканда, ал женишин кыргыз эли үчүн арнаганын, учурда сыйлыкты алууга жөнөп жатканын "Азаттыкка" билдирди:
- Финалдык таймашуу курч мүнөздө өттү. Украиналык атаандашымды утуп алдым. Жаштар олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагындым. Сингапурдагы бул жеңишимди Кыргызстанга, эли-журтума арнайм. Мен быйыл 11-класстан окуймун. Күрөш менен 3-класстан бери машыгып жүрөм. Алгачкы устатым-Петр Ялома. Мен үчүн Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев үлгү болуп келет.
Жазында Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган.Сингапурда олимпиадалык таймашуулар 15-августта башталды. Мөөрөй талашуулар 26-августка чейин созулат.
Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөөрөй талашып, күч сынашып жатышат.