Сырмаек

Назик
"Эне-атаман жебеген таякты башкалардан жедим"
Ар өлкөнүн бийин чимирилте бийлеген бийчи, 700 кыздын башын бириктирип, аларга тажрыйбасын аябай, тарбиялап келаткан Назик менен маек.


Назик тууралуу:
Жалгыздыктан коркот;
Атасынын Жийде аттуу карындашына окшош?
Бугун тоонун башына чыгып алып, кыйкырып чыгарат;
Жылдыздуу, түшүнүктүү, чечкиндүү жигиттер жагат;
Жини келгенде "чёрт" деген сөздү көп колдонот;
Кыздарын урушпайт, болгону жаман көзү менен карап коёт;
Машина айдаганды үйрөнүп жатат, буюрса айдоочулук күбөлүгүн алгандан кийин машина алат;
Айылдан жаңы келгендеги кезин эстеп алып уялат;
Журналисттик кесипте апасынын тандоосу менен окуган;
Биринчи бий студиясын 2-курсунда ачкан.

- Назик, бийге болгон кызыгууңуз качан башталган?
- Бийчилик талантымды ата-энем үч жашымда байкап, мени Нарындан Бишкектеги "Балет мектебине" алып келишип, "Кызыбызды кантип калтырып салабыз" деп кайра алып кетишиптир. Андай кылгандары менин эсимде жок. Мындан 3-4 жыл мурун апам, "Минтип, бийчи болооруңду билгенде, ошондо эле балет мектебинен окутуп койсом болмок экен. Сенин балерина болушуңду каалаган элек, туура эмес кылыптырбыз" деп айтып калганынан улам билдим. Апам менин ырчы болушумду каалачу. Бир жолу үйдөн "Ай баратат" деген ырды жаттаткан эле.Азыр отуруштарда "Ай барататты" созуп коём.
- Сахнага ырдап да чыгайын деген ой жокпу?
- "Ырчынын - ырчы, бийчинин - бийчи болгону жакшы" деп коёт го. Үнү булбулдай болгон канча ырчыларбыз бар. Аларга "конкурент" болуп, тың боло берген болбойт го деп ойлойм. Өзүм бийчи болуп эл оозуна алынгандан кийин, аягына чейин бийчи деген ат менен калгым келет.
- Москва бир күндө курулган эмес дегендей. "Назик" тобу эл оозуна алынгычакты кандай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз?
- Эң биринчи эле он биринчи классты бүтүп К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетине тапшырганда оор учур болду. Группамдагы студенттердин баары орус кыздар, жалгыз кыргыз мен болуп калдым. "Айылда кыйын болуп жүрүп, бул жактагы орус кыздар менен кантип дос болом эми?" - деген суроолор көп ойлондурган. Анан жыл сайын биринчи курстардын "Посвещение" деген майрамы болот эмеспи. Ошондо талантыңды көрсөтүп калышың керек. Анан ал майрамда өзүмдүн талантымды сынап көрөйүн, болсо болуп калды, болбой калса бардык күчүмдү окуума жумшайын дегем. Группалаштарымды чогултуп, орус кыздарыма бий үйрөтүп кирдим. "Посвеще-ниеде" факультеттердин арасынан биз биринчи орунга татыктуу болдук. Бий аркылуу группалаштарым мени сыйлап калышты. Ошентип, бий дүйнөсүнө биринчи курстан баштап эле баш отум менен аралашып калдым. "Бий тобун ачсам… Өзүмдүн бий мектебим болсо… Фирманы башкарсам… Менин орун басарларым болсо…" деген кыялдарым бар болчу. Азыр кудайга шүгүр, үч студияны иштетем. 700гө жакын окуучу кыздарым, алардын мугалимдери бар дегендей.
- Топко кыздарды канча жаштан баштап кабыл аласыздар?
- Быйыл беш жаштан жыйырма беш жашка чейинки кыздарды кабыл алдык. Күздөн баштап дагы кабыл ала баштайбыз.
- Кыздарды сырткы сулуулугуна карап аласызбы?
- Сулуулугуна карабайм жана сулуу кыздарды топко албайм. Анткени, сулуу кыздар мерез болот. Сахнадан да суз көрүнүшөт. Жылдызына карап алам.
- 700 кыздын 700 башка кыялы болот да. Сиз алардын баарын кантип бир нукта тарбиялайсыз?
- Көбүнчөсү байдын кыздары, эркеталтаң кыздар келишет. "Ушуларды тарбиялай албасам, анда иштин бүткөнү. Буларды бар кылам, же жок кылам" дейм. Жакшынакай кийинип, сылык сүйлөп, жылдызым менен тартып алам. Анан алар да сени туурай башташат. Этика деген сабактан, "Кандай эрке болсоңор да, "Назиктин" атын булгабагыла, силер деген назиксиңер, мени уят кылбагыла, эмгегимди тебелебегиле" деп жылуу сүйлөп тарбиялайм.
- Бийчи кыздардын канчасын турмушка узаттыңыз?
- "Назиктин" тарыхында отуздан ашык кызым турмушка чыкты. Жыл сайын 5-6 кызды турмушка узатам. Неберелеримдин көбү эркектер. Кыз неберелеримдин аттарынын көбү Назик. Жапжаш болсом дагы,таяне, кайнене болуп калдым (күлүп). Кыздарым "Назик эже, сиз таене болдуңуз" деп, сүйүнчүлөп чалып калышат.
- Ар бир иште эреже деген болуш керек да. Сиз да кандайдыр бир эреженин негизинде окутасызбы?
- Жок, чыгармачыл адамда кудай берген тубаса талант болот. Кыздар болуп сүйлөшүп отуруп, илхом келе калганда бийлейм. Бирок, бир бийлегенимди кайра кайталай албай калган жайым бар. Ошон үчүн мен бийлеп баштаганда артыман кыздарым менин кыймылдарымды кайталап, мен бүткөндөн ки- йин, кайра өзүмө көрсөтүп беришет. Ошентип, кичинеден кыймыл келип отуруп, чоң бий жаралат. Мурун бий жөнүндө дисктерди, видеокассеталарды көрбөй эле, өзүмдүн түшүнүгүм боюнча гана иштечүмүн. Азыр болсо, бий жөнүндө кинолорду көрө баштадым. Эми көргөндө, аны туураш эмес, алардан да жакшы кыймыл ойлоп табуу менен башкы максатым.
- Хареографтарыңыз энергиясы күчтүү жаштар окшойт да?
- Жок, мен эски хареографтар менен иштешем. Анткени, азыркы танго, румбо, вальс бийлеринин мурункусу менен азыркысын салыштырсаң, эскилердики башкача келет. Такен Шаршеевич деген мыкты хареограф агай менен иштешкениме көп убакыт болду.
- Топто жалаң кыздар болгондон кийин, вальс, танго бийлеринен бир аз кыйналсаңыз керек?
- Топтун аты "Назик" болуп жаткандан кийин, жалаң кыздар менен иштешкенге туура келет. Бир жылдары балдар менен да иштешип көрдүм. Балдар менен иштешүү мен үчүн оор болду. Ошентсе да быйылтан баштап, бийге кээ бир багыттарды кошуп, эркек балдарды да ала-йын деп жатам.
- Эл аралык сынактарга барып турасыздарбы?
- Эл аралык сынактарга көп эле чакырышат. Бирок, демөөрчүнүн жоктугу көп жерден терс таасирин тийгизет. Жыл сайын Турцияга, Кытайга чакыруулар келет. Келишимин окусаң, "Келип, өзүңөрдүн улуттук бийиңерди көргөзүп кеткиле. Бирок барып-келиш жолуңарды өзүңөр төлөйсүңөр" - дейт. Алар жиберген келишимин алып, кимге айтаарыбызды билбей калып калабыз. Мурдагы жылы 5 кызым менен Шанхайга, Пекинге, Турциянын Анкара шаарына барып келгенбиз. Ошо боюнча тынч эле отурабыз.
- Сиз үчүн акча эмне?
- Мен үчүн акча бул колдун кири. Акча деген бүгүн бар, эртең жок. Акчадан да бийик адамгерчилик деген бар. Эгер, кичипейил болсоң, акча артыңан келет. Кыздарымды да дайыма ошол нерсеге тарбиялап келем. "Акча үчүн бийлебей эле койгула. Тойлорго өзүңөрдүн талантыңарды тартуулаш үчүн баргыла. Берсе, берсин, бербесе сурабагыла деп келем.
- А бийчи?
- Бий - менин тамагым десем да болот. Курсагымды тамак менен тойгузганча, бийлеп тойгузсам рахат алам. Бийдин артынан канча деген жакшылыктардын үстүндө, жакшы адамдардын арасында жүрдүм. Сага интервью бергеним да бийдин артынан болуп отурбайбы. (күлүп) Ошон үчүн, бий менин бүт дүйнөм.
- Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 700 кызды тарбиялап жатыптырсыз. Курбуларыңыз менен эс алганга убакыт табылабы анан?
- Убакыт бөлсөң болот. Жумушуңду абдан сүйсөң, дос-туугандарыңдан алыстай түшөт экенсиң. Кээ бир курбуларым менин ишиме түшүнсө, кээ бирлери таарынышат. Кээде концерттериме барып калганда, сыймыктанып калышат. Токмокто курбу кызым бар. Шаардан тажаганда Токмокту көздөй жөнөп кетем. Өзү да чоң үйдө жалгыз жашайт. Үч күн барсам да, уктап-туруп, тамак жеп атып кайра шаарга кетип калам. Ал телефон чалып "Качан чарчайсың?" деп күлүп калат.
- "Бий", "кыздарым" деп жүрүп жеке жашооңуз унутта калган жокпу?
- Мен жалгыз калбайм деп ойлойм. Жумуш деле келип-кетчү нерсе. "Жаш кезиңде ойноп-күлүп ал" деп жөн эле айтышпаса керек. Жаш кезиңде иштеп алсаң, кийин үзүрүн көрөсүң. Жеке жашоо жөнүндө ойлонуу мага эрте. Жашоодогу өйдө-ылдыйды түшүнүш үчүн, көп нерсени көрүп-билишиң керек.
- Бийдеги кызыктуу окуялардан айтып кетпейсизби?
- Назира Жетигенованын концерти болуп, сахнанын артында жүргөнбүз. Ал жак суугураак болгондуктан белиме жолук оронуп алгам. Бир маалда Назира "даярдангыла азыр чыгабыз" дегенде, унутуп калып белимдеги жоолук менен сахнага чыгып кетиптирмин. Бир маалда Назира артын карап, "алдагы жоолукту эмне тагынып алдың?" деп белги бергенде, белимдеги жоолукту алып айлантып, билгизбей бийлеп кирдим.. Мындай кызыктар концерт болгон сайын болот.
- "Талак" киносуна тартылып, актрисалык талантыңызды да көрсөттүңүз?
- Көлдө жүрсөм, Рысбек Жабиров телефон чалып, "Кино тартып жатам, келе кал" - деди. Мен таң калып, "Тартсаңыз тарта бериңиз, мен эмне кылмак элем, кызык" - деп койдум. "Ой сен башкы ролду ойнойсуң" деп болбой чакырып алды. Жолугаарым менен эле, сценарийди колума карматып, "Башкы ролдогу Кенже деген келиндин ролун аткарасың" деп кетип калды. Үйгө барып окуп бүткөндөн кийин гана киного тартыла турганыма ишендим. Кинодогу Кенже менен мени салыштырып болбойт. Мен жашоодо абдан шайырмын. А Кенже абдан жоош, сырын ичине каткан келин. Мен үчүн киного тартылуу оор болду. Жаңыдан тартыла баштаганда, Санжар мени чапса эч нерсе кылбай, ыйлабай мисирейип туруп алдым. Ошондо жини келген Рысбек байке, "Назик, мен сага ишенип башкы ролду берсем, сен мени ушинтип уят кыласыңбы?! Сен бул ролду аткара албайт турбайсыңбы?!" деп, намысыма тийген сөздөрдү айтканда, токтоно албай кечке ыйласам, тартып алышты. Ыйлай турган жеринде ыйлай албайм. Урушушат, намысыма тийишет, айласы кеткенде чуркап келип чаап ийишет. Киного тартылам деп, эне-атаман жебеген таякты жедим. Санжар байкуш чапкылай берип, аягында "бул мага таарынат. Болду чаппайм" деп калды.
- А циркти дагы да болсо өздөштүргүңүз келеби?
- Адам өзүн ар тармактан сынап көрүшү керек экен. Циркке мурун кирген да эмесмин. Кийин "Жылдыздар манежде" долбооруна катышып, ошол жакта эле жашап калдым. Цирк дүйнөсүнөн дагы деле чыга элекмин. Бошоп алып барып, асманга дагы эки жолу учуп, атты бир-эки жолу чаап алгым келет.
Төлөбүбү Касымалиева