Улуулар унутулбайт

Белгилүүлөрдүн белгисиз жактарынан
Өзгөчө таланттар башкалардан башкача жандай көрүнүшөт. Сырттагы адамга таланттын чыгармачылыгы, аткаруучулук чеберчилиги гана маалым. Ал эми анын жан дүйнөсү кандай, жеке жашоосу, мүнөзү, кылык-жоруктары, адаттары ж.б. дайым кызыгууну жаратат…

"Аккуу эле да Аккуу!"
Сахна ажары Таттыбүбүгө эркектер эмес, аялдар да көз артышып, сулуулугуна суктанышып бүтө алышчу эмес экен. Келишимдүү келбети, койкойкон мойну, ак жүзү, суйсалган чачы, керме кашы… баары, баары куп жарашчу дешет өзүнө. Аялзаты болуп туруп бир курдай Сабира Күмүшалиева сахнада репетиция кылып аткан Таттыны карап, "Карачы басышы эле кандай керемет!" деп суктаныптыр. Атактуу актриса Гүлшара Дуулатованын да "Бир жолу үйдө телевизор көрүп отурсам, жарнама учурунда көл жээгиндеги топ аккууну көрсөтүп калды. Бир учурда арасынан бир аккуу "фыр-рр" этип эле асманга көкөлөдү. Ошол аккуу менен Таттыбүнүн элеси жуурулушуп көз алдыма бир паста тартылышып кетсе болобу! Аккуу эле да Аккуу!" деп айтканы бар. Бирок, ошол сулуулугун кастарлай албай азапка малынып, бузукулардын тилине кирип, ачууга алдырып койгонун билебиз. Бир курдай туулган күнүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов аялзатына керектүү косметика, тарак, күзгүсүнөн өйдө кошуп көтөрүп барган экен. Балким, бул анын "Болду эми өзүңдү карачы!" деген белгиси болгондур…


"Жүрөгүм таап алды"
Жүрөк сыздаткан кайрыктардын ээси Асанкалый Керимбаев бекер жеринен "жүрөк" ырларын жазбаптыр. Анын "жүрөк" оорусу өзүнүн эле жубайы болгон экен. Асанкалый ага биринчи жубайы Айнашты аша сүйүп үйлөнөт. Бирок, жубайлар перзенттүү боло алышпай, ынтымак жолу менен эле эки башка жолду тандашат. Кийин өзү "Тагдырдын тамашасын кара, мен башкадан, ал башкадан балалуу болдук. Кудай экөөбүзгө перзент ыраа көрбөдү" деп айткан.
Экөө ажырашып кеткенден бир топ өтөт. Обончунун сөздөрүн жазып жүргөн акын Анатай Өмүркановдун юбилей-концертинде Асанкалый ырдап бүтүп, сахна көшөгөсүнүн артына өтүп: "Айнашымды көрдүм. Концертке келиптир." дейт барбалаңдап сүйүнүп. Жанындагылар "Коюңузчу, толтура кишинин арасынан кантип көрдүңүз?" деп ишенишпесе, "Көзүм эмес жүрөгүм таап алды, жүрөгүм…" деген экен. Экинчи ирээт үйлөнсө да Айнашын эч качан унута алган эмес дешет. "Сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бул дүйнөдө табылбас…" деген ыр саптары эле бул чындыкты дагы бир жолу далилдеген. Чындыгында Асанкалыйдын экинчи аялы Дамира Айнаштан ашкан сулуу, келбетүү аял болчу-экен да.

"Патыраткан" Асанкан ага
Айтылуу дирижер Асанкан Жумакматов эмгекчил адамдарды сүйчү. Өзү да ишти тез аткарып, оперативдүүлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмес дейт. Эгерде кимде-ким аспаптарда туура эмес ойноп же тапшырмасын аткарбай койсо эч кимге, эч нерсеге карабай "патыратып" сөкчү тура. А бирок, ошол сөккөнүн бир паста эле унутуп коюп, эки мүнөт өтпөй эч нерсе болбогондой сүйлөп калчу экен. Ак көңүлдүүлүгү жанда жок эле дешет.


"Мен элдин эсинде мурунку Күмүшалиева бойдон калгым келет"
Кыргыз театрынын "Умай энеси" аталган Сабира Күмүшалиева үйүндө ооруп отуруп калганда да сымбатынан жазбай, кийимди тандап кийип, бутунан такалуу туфлисин түшүрбөй койкоюп гана отурчу экен. Эшикке коляска менен чыгарып келели дешкен балдарына, "Мен деген элдин эсинде мурунку Күмүшалиева бойдон калгым келет"-дечү тура.
"Кара кичинекей сумкасы дайым жанында турчу, ( ичинде сандыктын ачкычы,француз атыры, бетаарчы, анан 100 сом акча дайым болоор эле).-деп кызы Нуржамал эженин эскергени бар.
Бир курдай актрисанын күйөөсү Муратбек Рыскулов телевизордон хоккей көрүп жатат дейт. А актриса "кухняда". Хоккейчилердин арасында Джон Тошек деген оюнчу бар экен. Актер оюндун кызуусуна кирип "Давай Джон Тошек, давай!"-деп кыйкырып атса, актриса жанына келип "Ий-и, Жантөшев эмне кылып жүрөт аякта, кечээ күнү эле жаңы пьесаны жаттагыла-деп бербеди беле"-деген тура. Көрсө, Сабира Күмүшалиева Касымаалы Жантөшевди айтып жатыптыр. Негизи эле анын оюна койсо кыргыздар бардык жерде жүрүшү керек деп ойлогон.

"Өлүп аткан мен биринчиси же акыркысы эмесмин го"
Чыгаан акын Эсенгул Ибраевдин көкүрөгү толо ыр экенин ушундан билиңиз, төшөктөн тура албай жатып калганда да ыр жазыптыр. Өзү жазганга колунун күчү келбей, жубайы Саткын эжени чакырып, "Койсоңчу кыйналбай …"-дегенине карабай, "Жаз"-деп ишаарат кылып, катуу сүйлөсө да кыйналат да, кулагына сөздөрүн шыбырап жаздырчу тура. Акыркы жазган ыры ушул болуптур:

Жылдыздай жарк деп келишти,
Жылдыздай жаркып беришти.
Ыр деген улуу ыйык -сөз
Коёюн, КОШ БОЛ чекитти.
Ушул ырды кагазга түшүрүп ыйлап аткан аялына, "капельницамды алып салчы" дейт. "Болбойт" десе болбой, "Кулагыңды тосчу"-деп белги берип, "Өлүп аткан мен биринчиси же акыркысы эмесмин го" дегеничи….
Бир курдай акындын бир келини ооруканага жатып калат. Акын кайната ага күндө эртең менен эрте кемпири берип жиберген тамакты жеткирип барат. Келини да "папа" деп тосуп алат. Келини менен чогуу жаткан палаталаштары Эсенгул Ибраев анын атасы эмес, кайнатасы экенин билишкенде "ооздору ачылган" тура. "Кайсыл эле кайната келинине таң атпай тамак жеткирип берет" дешип.

"Айылды, айылдын түтүнүн сагындым"
Улуу композитор Калый Молдобасановдун туулган айылы Ак-Талаа району экенин баарыбыз эле билсек керек. Аны менен жердештери да бүгүнкү күнгө чейин сыймыктанып келишет. Бирок, ошол айылында тосуп алаар бир жакын тууганы жок болуптур. Жаш кезинде көп эле барчу экен. Бара-бара барбай деле калыптыр. Кайран талант "Айылды, айылдын түтүнүн сагындым…"- деп көп кеп кылаар эле дешет, жакындары. Ошентип, эңсеп жүрүп, туулган айылына баралбай, заңгыраган шаардагы квартирасында көз жумган.


Эльмира Мадиева