Обон почта

ОП-129-01. Күн болуп мага көрүнөсүң, шооласы болуп төгүлөсүң. Жылуулук алып өзүңөн, Армансыз өтөөр элем өмүрдөн. Ажарын чачып ай болсоң, Жүрөгүмө шай болсоң. Азаптуу бул күндөрдө, бир өзүмө жар болсоң.
ОП-129-02. Кыйналам, кызыктырат бирок сүйүү, Ачылгандай ааламдагы роза гүлү. Жыттайын деп жете албадым кантейин, Ойлондурат ушул гүл күнү-түнү. Жардам сурайм жараткандан жалынам, Жалгыздыктан качан мен да арылам. Жалган дүйнө жаңылыштык кылды го, Жашайм бирок махабатымды сагынам.
ОП-129-03. Угуп мен башкалардан атыңды, Отко салдым сүрөт менен катыңды. Ойнотуп канча убакыт өткөрдүң, Сылатып бирөөлөргө чачыңды, Өчүрүп өрттөп турган жүрөктү. Арадан канчалаган күн өттү, сен алмаштырган ошол адам, өзүңдү өксүк жолго кайра жөнөттү. Көрдүм сенин көздөрүңөн жаш аккан, жүзүңдөн күлкү жок арман коштоп бараткан. Кайгыңды бөлүшөөргө адам жок, кош бол эми мен да сенден баш тарткам.
ОП-129-04. Мен кыздар балдар менен достошом. Атым Элнура. 0778479118.
ОП-129-05. Аз калды аппак таңдын атаарына, үмүтүм дале бакыт сапарында. Таппадым бактымды кимде экенин, жок белем бактылуулар катарында. Жаннат 87.
ОП-129-06. Айзирек сиңдим кандайсың? Дайының чыкпай калды да, мага байланышып койчу. 0779041409 Лола.
ОП-129-07. Баш-Булактан ата-энеме чоң салам! Сиздер биздин бактыбызга бар болгула! Небереңиз Эмил, уулуңуз Дайырбек.
ОП-129-08. Махабат тозок оту балбылдаган, Ким азап илебине алдырбаган. Махабат кырдан чыккан азап толкун, Бүркүттү ташка согуп алдырбаган. Маруся мен сени сагындым! Сенин Чунин.
ОП-129-09. Кылымдарды карыткан кыргызымдан кут качтыбы? Кырышып канчалаган кыраандарды. Кара жүздөр канат кагып калышкан, Жерин коргоп Манас бабам калмактардан. Жер басып кыргыз үчүн канчалаган, Кан төгүшүп жерин сактап бабалар. Урпактарга өткөрүүнү салт кылган, Азыр болсо башка болду жашообуз. Башка жерден кесилиптир тушообуз, Жалган айтып жалаа жаап бирөөгө. Жолун тосуп жакшылыктарына күлөбүз.
ОП-129-10. Билал козу, сенин канча жүрөгүң бар? Эмнеге анча кыз жандууусуң? Кудайым сага тилди берген экен, менден башка канча кызды алдадың экен? козу….
ОП-129-11. Жаап жаткан жамгыр менин көз жашым экенин сиз билдиңизби? Айтылбай жүргөн армандарым жүрөгүмдү акырындап жеп жатат, эми кимге айтам? Ким түшүнөт? Кандай татаал жолдо мени калтырып кеттиңиз? Жок дегенде, эмнеге мени таштап кеткениңизди айтыңызчы? Бул суроолорума эми кандай жооп табам??? Армандуу кыз.
ОП-129-12. Расул кызы Айгерим супер ырчы жана бийчи! Нурайым.
ОП-129-13. Мен төрөлдүм бул жашоого жаралдым, Арманда гана өттү карааным. Наристедей таза, тунук сүйүүмдү, тепселеп сен узактарга барасың. Белла.
ОП-129-14. Айка жаным, мен сени сүйөм! Элдияр.
ОП-129-15. Астанада кыргыз кыздар барбы? Келгиле таанышабыз. 87028910953.
ОП-129-16. Сүйө албадым башка адамды чырактап, а сен болсо жатасың кара жерди кучактап, Мен жүрөмүн сени эстеп кайгыра, мейли эми жүрөгү бош жигиттер чалгыла. Белла.
ОП-129-17 . Эх! бул жашоо эмне мынча татаалсың, качандыр бир сүйгөнүмдөн айрыгансың. Бербейт белең чын сүйүүңдү аябай, сүйүү үчүн кетким келет эч нерсеге карабай. Белла.
ОП-129-18. Задабаева Майрам, сен менин эң жакын адамымсың, мен сага ишенем. Чина.
ОП-129-19. Арманым аттын башындай, ак таңдай акындардай. Айрылдым алтын кыл комузумдан, жалындаган жаштыгымдан баттымбы азаптарга. Асизия.
ОП-129-20. Атым Нурбек, 27 жаштамын. Татынакай, тыкан кыздар менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. 0779043432.
ОП-129-21. Мен күткөнмүн махабат балын, Не болгонун биле албай калдым. Жан дүйнөмдү каптады жалын, Кечтим эми сен үчүн баарын. Асизия.
ОП-129-22. Алиханга арналат: Каалаймын бул жашоодо асылдарды, Адамга керек болгон бакыттарды. Дүйнөдө эмне ойлоп сурансаң да, Ар дайым аткарылсын анын баары. Сени урматтоо менен бирге күйөрманың Махабат.
ОП-129-23. Айгерим, атыңызга затыңыз жарашкан инсан болуңуз! Нурайым.
ОП-129-24. Нарын шаарынын тургуну досум Бактайды, 4-август тулган күнү менен куттуктайбыз! Жама, Нурлан.
ОП-129-25. Салам, мен адамкерчиликтүү, ак көңүл, жөнөкөй, сырткы келбети сулуу болбосо да, ички дүйнөсү сулуу жигиттер менен таанышам. Белла.
ОП-129-26. "Сүйүү"- бул сүйгөнүнүн шартына көнүү, жан дүйнөңдү багындырган касиеттүү "сезим", турмуш башаты. Белла.
ОП-129-27. Балдар менен таанышып, дос болом. Атым Айпери 0778240914.
ОП-129-28. Назира Айтбекова эмнеге мынча мактанчааксың? Сен баары бир айылдын жоолук салынган сулуу, ыймандуу келиндерине жетпейсиң.
ОП-129-29. ОП-128-94 абоненти Нурайым, Султан Садыралиев эмне кылып бой көтөрүп жатат. Сонун эле жүрөт, баары бир Султан супер! Сага узун өмүр, ар дайым бар бол! Күйөрманың Айпери.
ОП-129-30. " Кумир менен баарлашууга" Атай Өмүрзаковду чакыргылачы суранам. Аида .
ОП-129-31. Менин жалындуу ысык саламым "Обонушка" газетасынын жалпы жамаатына. 05520422хх.
ОП-129-32. ОП-127-55 абоненти, сен адашасың, Мирбек дайыма жандуу үн менен ырдайт. Мирбек сен суперсиң!
ОП-129-33. Урматтуу Ю.Санчо сиз менен таанышса болобу? Айпери.
ОП-129-34. Айгерим Расул кызы супер ырчы! Нурайым.
ОП-129-35. Жаным Адилет, сен мен үчүн гана жаралгандайсың. Жайнагүл.
ОП-129-36. Сиңдим Таттыгүл, акем Нурбекке чоң салам! Мен силерди жакшы көрөм. Жайна.
ОП-129-37. "Кыял" базарында кездеме саткан алтындан да ардактуу апам Мирага, таежем Гүкүгө чоң салам! Мен сиздерди абдан жакшы көрөм. Жайнагүл.
ОП-129-38. Менин саламым жүрөгүмдүн падышасы Адилетке жолдонот! Мен сени сүйөм!
ОП-129-39. Сүйүнөм бул ааламдын жарыгына, Күйүнөм акылдуулар аздыгына. Кантемин жашап журт ичинде. Асизия.
ОП-129-40. Кантип сүйдүм бактым сага байланды, Эң жөнөкөй жалжал көзүң арбады, Бирок, аттиң каргыш тийип сүйүүгө. Сендик сезим, мени кабыл албады. Армандуу кыз.
ОП-129-41. Ким билет кадыр баркты? Ааламда жалгыз калганды. Айта албай арзуумду, Жер бетинде мен жалгыз. Асизия.
ОП-129-42. Алихан, жигиттер бири-бирине чыдамкайлыкты каалайт экен, а мен сага чын ден соолук каалайм, а калганын супер маркеттен сатып алсаң болот. Иса.
ОП-129-43. Дыйкандык Назгүл, мен сени аябагандай сүйөм! Жигит.
ОП-129-44. Алихан сен суперсиң! 07786959хх
ОП-129-45. Салам Алихан! Сизге кааларым чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик. Бар болуңуз! Күйөрманыңыз Айка.
ОП-129-46. Султан Садыралиевге чыгармачылык ийгилик, жашоодо чоң жетишкендиктерди каалайм. Гүлкайыр.
ОП-129-47. Кыйналам, кызыктырат бирок сүйүү, Ачылгандай ааламдагы роза гүлү. Жыттайын деп жете албадым кантейин, Ойлондурат ушул гүл күнү-түнү. Жардайм сурайм жараткандан жалынам, Жалгыздыктан качан мен да, арылам. Жалган жашоо жаңылыштык кылды деп, Жашайм бирок, махабатым сагынам.
ОП-129-48. Токмокто жашаган атам Мухтарга, апам Анарага жана биртуугандарыма сагынычтуу салам! Мен силерди абдан жакшы көрөм. Умка.
ОП-129-49. Мен кыргызымдын ыймандуу улан - кыздары менен таанышып, достошкум келет. Менин атым Айпери. 0558921391.
ОП-129-50. Менин сүйүүктүү ырчы Омарга ысык салам! Омар ишиң иргеленип, итиң чөп жесин. Дайыма жакшы ырларды жаратып, элиңди кубандырып жүрө бер. Күйөрманың Нурзат.
ОП-129-51. Мен, Бишкек шаарында жашап жаткан атам Белекке, апам Мыскалга, чоң салам жолдойм! Ата, апа ден соолугуңар бекем болсун, өмүрүңөр арачадай узун болсун, көңүлүңөр булактай тунук болсун! Ар дайым уул-кызыңардын урматын көрүп, төрүбүздүн көркүн ачып жүрө бергиле! Кызыңар Айзат, уулуңар Арген.
ОП-129-52. Бишкек шаарындагы "Калыс-Ордо" жаңы конушунда жашап жаткан таежем Нургүлгө, жездем Таалайга, сиңдим Айкүмүшкө жана кичинекей иним Исламга чоң салам! Эже, жезде кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн, бактылуу үй -бүлөлөрдөн болуп, балдарыңардын жакшылыгында күбө болуп жүрө бергиле. Айзат.
ОП-129-53. Алихан байке, сиз суперсиз! Мен сиздин ырларыңардын баарын жакшы көрүп угам, ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Бар болуңуз, бай болуңуз! Айпери.
ОП-129-54. Мен кыргызымдын ыймандуу, намыскөй, токтоо, ак көңүл, адамгерчилүктүү мырзалары менен үй - бүлө куруу максатында таанышкым келет. Менин атым Нурай.
ОП-129-55. Сүйүктүү ырчым Гүлнур Сатылганова, сиз азаматсыз! Мен сизди чыгармачылык инсан катары жана аялзаты катары баалайм. Ар дайым бар болуңуз, бактылуу болуңуз! Качан жеке концертиңизди бересиз? Мен сиздин ырларыңызды уккандан эч тажабайм. Айбек.
ОП-129-56. Менин жашоомдогу эң кымбатым, сүйгөнүм Кумарга сагынычтуу салам айтам. Жаным, күттүрбөй эртерээк келчи, мен сени абдан сагындым! Сенин жөжөң.
ОП-129-57. Токтогул районунун тургуну эң жакын курбум Бегайымды 13-август келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Сага кааларым биринчиден ден соолук, узун өмүр, ачык асман жана эң башкысы сүйүктүү жарың менен бактылуу бол! Сезим.
ОП-129-59. Эй кыргыз эли, Кыргызстанда качан тынчтык өкүм сүрөт? Митингдерден абдан тажадым, биз эми оокат кылабызбы же жокпу? Таластык жигит.
ОП-129- 60. Салам Алихан! Мен сиздин жердешиңиз болом. Талантыңызга таазим. Жайна.
ОП-129-61. Аксылыктардын баарына салам! Кыргызстанда 44 район бар болсо, ошолор дун ичинен "Аксы" - эң мыкты, ак көңүл эли, кооз жери. 05521199хх.
ОП-129-62. Кыздар менен таанышам. Менин атым Курстанбек 0554150489.