Тентек собол

Эртең менен турсаңыз эле кызга айланып калсаңыз эмне кылат элеңиз?
Элибизде "Күлкү өмүрдүн - мүлкү" деп коёт эмеспи. Бул саныбызда окурмандарыбызга күлкү тартуулайлы деген максатта шоу-бизнестин өкүлдөрүнө, журналисттерге ж.б. белгилүүлөргө бир собол салган элек.


Алишер Тоотаев, ырчы: "Эсим ооп, жыгылып..."
- Сурооңуз абдан эле оор экен го карындашым. Андай болбой эле койсун. Эгер ошондой болуп кала турган болсо, эсим ооп жыгылып калсам керек.


Санжар Бердибеков, куудул: "Бир сыйра ыйлап алмакмын"
- Анда Айылчы,Тынарларга окшогон куудулдар мага тийишмек экен да. (күлүп) Кыз болсом "нормальный" эле болсом керек. Эгер кызга айланып кетсем төшөктө турбай эле жата бермекмин. Эмнеси болсо да эркек болгонго аракет кылып, доктурга барып тактыра тургандарды кайра тактырат болчумун. Бирок, чынында жүрөгүм түшүп өлүп калмак болушум керек. "Эмне болуп калдым" - деп бир сыйра ыйлап да алмакмын.


Добр, репер: "Кыз болгондун эмнеси жакшы?!"
- Жүрөгүм түшмөк да. Кыз болгон бойдон калбайт болчумун. Эгерде кызга айланган соң, эркекке айлануунун да бир айласы болсо керек деп ойлойм. Мен тез аранын ичинде өз жынысыма өтмөкмүн. Кыз болгондун эмнеси жакшы?!


Бакыт Букаев, шоумен:
"Капельница" алмакмын"
- Оо-уу, сурооң кызык го. Эртең менен турганда эле кызга айланып кетсем эсим ооп жатып калмак болушум керек. Эсиме келгенде туруп доктурга барып "капельница" алмакмын. Бирок, сенин сурооң үч уктасам да түшүмө кирген эмес.


Чыңгыз Мырзаев, ырчы, ди-джей "Коркмокмун"
- "Нереальный" суроо го? Күзгүнү карап туруп Акаев менен Бакиевдин кандай абалда болгонун түшүнмөкмүн. (Катындай болуп качып кеткендерин айтса керек). Өзүм болуп калсам коркмокмун.


Бусурманкул уулу Лутфилла,
ырчы: "Шарт эле күйөөгө
тийип кетмекмин"
-Азыркы убакта кыздардан дагы назик болгон эркектер көбөйүп кетпедиби. Ошондой эркек болгончо кыз эле болуп калганым жакшы.Кыз болосуңбу, эркек болосуңбу эң башкысы бул жашоодо татыктуу адам болуп өмүр сүрүш керек. Эркек болуп жаралгандан кийин ушул бойдон калгым келет. Кудайга жалынып намаз окуп, кайра эркекке айланта көр деп суранмакмын. Эгерде мен кыз болсом чачы узун, түрү суук кыз болсом керек (күлүп).


Эртең менен турсаңыз эле эркекке айланып калсаңыз эмне кылат элеңиз?
Гүлнара Калдарова, "Кыз Бурак"тобунун солисткасы, жеке ырчы: "Кудайдын бергени деп жүрө бермекмин"
- Анда мен эсим ооп жыгылып калсам керек эле. Ошондой болуп калса эмне дешти дагы билбейт экем, оюма дагы келбеген нерсе го. Эркек болсом деле кудайдын бергени деп жүрө бермекмин, башка айла жок да.


Айпери Суранчиева, НБТ телеканалынын алыпбаруучусу: "Балким кудайга күнөө кылгандырмын"
"Мунун баары бир кудайдын каалоосу менен болду", "Балким мен кудайга күнөө кылгандырмын, ошон үчүн жазалап жаткандыр" деп ойломокмун. Өкүнүп, эч кандай "шок" болбой, тескерисинче эркек болуп эле жүрө бермекмин. Эркек менен аялдын укуктары бирдей эле болот эмеспи, мен ата-энеме туура түшүндүрүп, эч кандай чара деле колдонмок эмесмин.


Назира Жетигенова, куудул: "Кайра кызга айланбайт болчумун"
- Жыргамакмын! Мага эркек болгон жагат. Досторума барып, той берет элем. Анан үйлөнүп алмакмын. Кайра кызга айланбайт болчумун.


Роза Ибраимова ди-джей, "Браво"телеберүүсүнүн алыпбаруучусу "Боорукер эркек болмокмун"
- Мени Алла Таала кыз кылып жаратты да, мен ошого сүйүнүп, шүгүр кылып жашап келем. Эгерде кудай, Роза, сен бүгүндөн баштап эркек болосуң десе ага дагы макул болуп, баш ийип жашамакмын. Боорукер, баласаак, аялымдын кирпик кашы менен тең айланган, алдабаган эркек болмокмун деп ойлойм. Аялзатынын түйшүгү оор эмеспи. Аны түшүнгөн эркектер азыркы убакта чынында эле аз. Мен аялзатын сыйлаган, түшүнүктүү эркек болмокмун.


Келсин Мурадил кызы