күнсүрөт

Рамазан 2010-жыл
гезити, жалпы момун мусулмандарды ыйык
Рамазан айы менен куттуктайт! Орозоңуздар кабыл болсун!


Ооз бекитүү дубасынын
кыргызча мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллаху Акбар.


Ооз ачуу дубасынын
кыргызча мааниси:
Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым. Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.


Эскертүү
Орозону бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн кармап, ниет кылыш керек. Календарь боюнча убагында ооз ачып, убагында оозду туура бекитүү зарыл.
Аял кишинин айызы келгенде, боюнда бар болсо, төрөгөндөн кийин бала эмизсе, анда орозо кармабаганга уруксат берилет. Анан өтө карыган адамдардын мууну бош болуп, орозо кармаганга шайы жок болсо уруксат берилет. Ошондой эле ашказаны ооругандар доктурга кайрылып, оорусун тактап, ошого жараша орозо кармайт же кармабайт.
Орозо кармаган адамдын жанында тамак жегенге болбойт. Ал этикага туура келбейт.
Байкабай бир чыны чай, бир ууртам суу же нан жеп алган болсо, кечирим сурап, орозосун кайра уланта берсе болот. Байкабай тамак жеп алган болсо, "Алла Таала бул адамга жакшылык кылган" деген сөз. Анда орозосу бузулбайт.
Оозду ачаарда календарга жазылган сааттан эрте ачууга болбойт. Мейиз, курма менен ачат. Себеби, таттуу нерсе ашказанды иштетип, таттуу менен даам таткан жакшы.
Кимде-ким орозо кармоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал адам 60 кембагалга тамак бериши керек.
Балакатка жеткенден кийин 15 жаштан баштап орозо кармоого болот. Ал эми орозонун башында, ортосунда, аягында үч күн кармап коём деген түшүнүк туура эмес.






Ош...
окуядан кийинки абал
Ош окуясы башталгандан бери көптөгөн маалыматтар тарап, кеңири жайылып кетти. Тополоң күндөрү эки улуттун өкүлдөрү бири-бирин барымтага алган учурлар көп болду. Ошентип 10-июнда башталган жаңжал, улут аралык кагылышууга алып келди. Андан бери эки айга чукул убакыт өтсө да абал канааттандыраарлык эмес дегенди угуп, чыгармачыл адамдарга байланышып, маалымат булактарын пайдаланып анализ кылууга аракет кылдык.


Сандар
Расмий малыматтар боюнча Ош окуясында
247 адам каза болгон.
Коогалаңда 2000миңге жакын адам жаракат алган.
70ке жакын адам дайынсыз жоголуп, алардын өлүү-тирүүсү табылып отуруп, 30га жакыны дайынсыз.
Учурда 1000ге жакын адам жакындарын издөөдө.
400миң жаран үйлөрүн таштап, Кыргызстандан чыгып кетишкен.
Өзбекстан 75 миң качкынды кабыл алган.
БУУ Кыргызстанга жардам берүү үчүн 71 млн. доллар чогулткан.
Ошто башаламандык уюштурганы үчүн 90 кылмыш иши козголгон.

Рустам
Аттокуров, ырчы:
- Азыр абал тынч эле. Бирок, кечки саат алтыдан кийин жалгыз-жарым киши көчөгө чыгыш кооптуу болуп жатат. Эң негизгиси жоголгондор табылса жакшы болот эле. Жогору жактагылар өздөрүнүн керт башын ойлобой, ушуларга жардам берсе болмок. Эл аралык маалымат булактарында башаламандыктарды "Оштуктар кылды, бүт баарын кыргыздар жасады" деп өзбек улутундагыларды жактап атат. Тескери маалымат тарагандан кийин баары ошентип ойлошот да. Негизи андай эмес. Ким баштады, ким жабыр тартты? Мунун баарын эске алсак. Биз кыргыздар ушул окуяда эң башкысы маалыматтан уттурдук.


Жеңишбек
Айтиев, куудул:
- Абал тынчып эле калды. Өзбек туугандардын көбү Россияга, кээ бирлери Өзбекстанга көчүп кетип жатышат. Кай бирлери Россияга барып чымын-чиркейге таланып, суусу жакпай же ден соолугуна байланыштуу "Кыргызстандан айланайын" деп кайта келип атышат. Айтат го, "кечээги кетти, бүгүнкү кетелек, эртеңки келелек" деп, анын сыңарындай кечээ башка, бүгүн башка, эртең башка. Келечек кандай, аны убакыт көрсөтөт.


Таалайбек
Турдубаев,
ырчы:
- "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" дейт эмеспи. Мен өзбектер менен кошуна турам. Тополоң убагында бири-бирибизди коргоп турдук. Учурда шаар тынч эле, сырттагы өртттөнгөн үйлөрдү, кафе-ресторандарды анча-мынча нерселерди эске албаганда. Ошентсе да жүрөктөрү түшүп калган эл баары бир кооптонуп турушат. Керек болсо биз, азыркы кырдаалга байланыштуу абитуриенттерди кабыл алууну да жер-жерлерде жүргүзүп жатабыз.

Арзыбек Бедияров, ырчы:
- Учурда Жалал-Абадда абал турукташып калды. Коменданттык саат кечки 10дон таңкы саат 5ке чейин иштеп жатат. Бирок, мурдагыга караганда кыргыздарга салыштырмалуу өзбек туугандардын чет жакка виза ачтырганы көбүрөөк байкалууда. Менимче алар Кыргызстанды биротоло таштап эмес, иштегени же болбосо ошол жерден орун-очок алып, анан үй-бүлөсүн көчүрүп кетсе керек. Ал эми өрттөн жабыр тартып, турак-жайсыз калгандарга азырынча өкмөттөн жардам боло элек. Үйлөрү өрттөнгөндөр учурда күйүктүн калдыктарын чыгарып, тазалап, курулушка камданып жатышат. А чоң-чоң кафе-ресторандар мамлекетти күтүп жатышабы, билбейм... Алар козголгон жок. Эгерде өкмөт тараптан курулуш материалдары келсе көрөт элек да. Бирок, тамак-аш, кийим-кечеге окшогон гуманитардык жардамдар келүүдө.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош жана Жалал-Абад аймактарында тополоң маалында 1975 турак-жай өрттөлүп, талкалангандыгын белгилесе, өкмөт булардын баардыгын кышка жетпей үй менен камсыз кылаарын убада кылган. Ошол каргашалуу этностор аралык кагылышууда жабыркагандардын басымдуу бөлүгү 20-44 жашка чейинкилер болгон. Саясат таануучулардын баамында ушул абалдан пайдаланып айрым партиялар, саясатчылар күчтөнүп чыкса, кээ бирлери бечелдигин көрсөтүп, мурунку топтогон упайларынан ажыроодо. Учурда түштүк тынчыды деген сайын улам жаңы маалыматтар чыгып, кайта элди убайымга салууда. Анын үстүнө бул жерде ички качкындардын да саны арбын экени да байкалууда.