п»ї

Алгачкы сүйүүгө өспүрүмдөрдү кантип тарбиялоо керек?
Эртеби кечпи ар бир адам сөзсүз түрдө алгачкы сүйүүгө туш болуп, анын даамын татат. Өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан жаш улан-кыздар биринчи сүйүүгө кабылганда алардын моралдык жана физикалык жактан өзгөрөөрү талашсыз. Бирок, жаңыдан инсан катары калыптанып келе жаткан өспүрүмдөрдүн аң сезимине жана жан дүйнөсүнө, мамилесине, ата-эне көп маани бербей, этибарга алышпайт. Андыктан алгачкы сүйүүгө кабылган өспүрүмдөрдү туура тарбиялоо ата-эненин милдети экенин айтып, төмөндөгү кеңештерди сунуштайбыз.


Психологдордун айтуусу боюнча
Өспүрүмдөр алгачкы сүйүүгө туш болгондо алардын кулк-мүнөзү жана жашоого болгон көз караштары өзгөрө баштайт. Баардыгын эмоция менен кабыл алышып, сезимтал келишет. Ата-эне ошол маалда сөзсүз түрдө балдарга туура жол көрсөтүп, багыт берүүсү зарыл. Ал эми ата-эне аларды колдоп, түшүнүү менен кабыл алып, туура тарбия берсе анда ал өспүрүм кийин сүйүүгө туруктуу, аны барктап, үй-бүлөнү сактай билген инсан болуп калыптанат.. Ошондуктан туура тарбиялоонун эрежелерин эске алып, психологдордун айткан кеп кеңештерине көңүл буруңуз.


Балдар менен эркин болуңуз
Балдардын аң сезими өркүндөп келе жатканда аларды катуу тыйып, же болбосо көңүл бурбай коюу туура эмес. Жан дүйнөсүндөгү ысык сезимдери, кубанычы менен тең бөлүшүп, керек болсо балдарыңыз менен сырдашыңыз. Биринчи кадамды жасоо алар үчүн эң оор жана жоопкерчиликтүү болгондуктан, чочуркап турушат. Андыктан аларга кеңешиңизди бериңиз. Мисалы: өспүрүмдөр үчүн абдан кыйын болгон "сүйөм" деген сөздү туура колдоно билүүсүн айтыңыз. Аны ордуна "жакшы көрөм" деген сөздөр менен кайрылуусун эске салып коюңуз. Бул сүйлөшүүлөрдү унутпастан, бир нече убакыттан кийин балаңыздын ал- ахвалын сурап "кандай болуп жатат, жеке жашоо кандай" - деген суроолор менен кайрылсаңыз, өспүрүмдөр жеңилденип, өздөрүн эркин сезишет.


Дос катары айтыңыз
Алар менен дос катары сүйлөшүңүз, өзүңүздүн жашооңуздан мисал келтирип, балдарга багыт бериңиз. Дайыма жардам берээриңизди эскертип коюңуз. Бул сиздин балдар менен болгон мамилеңизди бекем кылууга жол түзөт. Алардын сезимдерине кылдат мамиле кылып, эки жакты бирдей түшүндүрүңүз. Анткени өспүрүмдөр жакшы жана жаманды дагы түшүнө билүүсү керек. Жашоодо жамандык же орой мамиле кылгандарга эмес, камкор болуп, дайыма жардам берип турган адамдар гана жакшы экенин айтып коюңуз.


Шылдыңдабаңыз
Эгерде сиздин балаңыз бир кызды жактырып калганын билсеңиз, же кызыңыздын балага болгон сүйүүсүн билип калсаңыз, аны шылдыңга алып, күлбөңүз. Анткени басынып атып, мүнөзү уялчаак же түнт болуп калышы мүмкүн. Тескерисинче аларда жаңыдан эле сүйүү, мамиле туурасында түшүнүк пайда боло баштаганда туура түшүндүрүп берүүгө сиз жардамчы болосуз. Ал келечектеги үй-бүлөнүн ээси деп түшүнүңүз дагы алардын жаңыдан курулуп келе жаткан фундаментинин бекем болушуна салым кошуңуз. Ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесин карап бала да жакшы көргөн адамына ошондой мамиле кыла баштайт. Эгерде үй-бүлөдө биринчи кезекте тынчтык жана сүйүү болсо бала дагы алардан сабак алып, келечегинде туура жолду тандайт.


  Бир собол

Гүлшайыр Садыбакасова:
- Өткөөл мезгилде кыздарыңызга кандай тарбия бересиз?
- Азыркы жаштар өткөөл мезгилде биринчи сүйүүгө кабылып, жаш бойдон эле үйлөнүп атышпайбы, тилекке каршы алардын 60% пайызы ажырашып кетишет. Биздин убакта балдар аркабыздан айлап жүгүрүп жүрүшчү эле. Азыркылар болсо көчөдөн же кафеден жанына басып барып эле айтчу сөзүн айтып алат экен. Бул дагы азыркы сүйүүнүн баркынан кабар берет. Мисалы: Сайкал он алты жашка чыкканда, "Апа, тигил бала мага сүйүүсүн билдирип атат. Эмне кылышым керек"- деп сураган күндөрү болгон. Мындай учурда "Кызым, абийириңди жашыңдан сакта, азыр сен жашсың, анык чыныгы сүйүү 20 жаштан өткөндөн кийин келет" - деп өзүмдүн кеп-кеңешимди айтам.


Жылдыз Тутуева:
- Кызыңыз 16 жашында турмушка чыгам десе кандай чара көрөт элеңиз?
- Менин кызым азыр тогуз жашта эле. Бирок, мен мындай суроолорго дагы даяр болушум керек. Эгерде кызым мага ушундай суроо берсе мен өзүмдүн жеке жашоомон мисал келтирип, баардыгын ачык айтып түшүндүрмөкмүн. Кызым сүйүүгө эрте кабылып, ошол адам менен мүнөздөрү дал келип, сүйүүлөрү күчтүү болсо, эмнеге жок дешим керек эле. Кыздардын бир жерден орун алуусун ким каалабасын. Убактысы келсе көрөбүз да.


Алтынай Нарбаева:
- Балдарыңызга "сүйүү" темасын кантип түшүндүрөсүз?
- Мен мугалим болгонума байланыштуу, мындай темаларды бир гана өзүмдүн балдарыма эмес, окуучуларга да түшүндүрүүгө туура келет. Этика, адеп сабактарынан "сүйүү" темасын көп өтөбүз. Кээ биринин сүйүү сезимдери биринчи класста эле ойгонот. Алардын курагына дал келе тургандай сөздөрдү колдонуп, түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Ал эми балдарым бой жетип калганына байланыштуу таасирдүү сөздөр менен эле айтып коем. Мен аларга өздөрү туура жол тандап алат деп ишенем.


Азыркы мультфильмдердин жаш балдардын психологиясына тийгизген таасири
Өспүрүмдөрдүн инсан катары калыптанышына, айлана-чөйрөгө болгон көз карашынын өөрчүшүнө, аң сезиминин жогорулашына мультфильмдердин таасири өтө зор экенин психологдор изилдеп чыгышкан. Өспүрүмдөр мультфильмдеги башкы каармандарды негизги инсан катары кабыл алышып, анын ар бир кыймылынан үлгү алып чоңоюшат. Балдарга көрсөтүлүп жаткан мультфильмдерди эки топко бөлүп кароого болот. Бири эмоционалдуу экинчиси агрессивдүү. Азыркы жаш өспүрүмдөр улуу адамдардын жашоосун чагылдырылган мульфильмдерди көрүүгө умтулушат. Бул албетте аларга агрессияны туудурат. Ал эми жомоктор жана уламыштар аркылуу тартылган мультфильмдер эмоционалдуулукту пайда кылат. Анткени ар бир жаш өспүрүм маалыматты образдуу кабыл алат.


Пайдасы жана зыяны
Белгилүү мультипликатор Марша Киндер "Азыркы мультфильмдер балдардын аң сезимине терс таасирин тийгизүүдө, мисалы эң популярдуу болгон "Мадагаскар", "Алладин", "Микки Маус", "Шрек" деген мультфильмдерде балдардын психологиясына туура келбеген эротикалык сюжеттерди жолуктурууга болот. Ал жаш балдардын ой жүгүртүүсүнө доо кетирүүдө" - деген оюн билдирген. Буга каршы пикирин дисней мультипликатору Уолд Керри "Менин ийгилигимдин сыры, дал ошол улуу муундагы адамдардын жашоосунан үзүндү алып тартууда, тескерисинче бул мультфильмдер балдардын өз алдынча калыптанышына чоң сабак болууда" -деп ишенет. Ал эми психологдор: "Мультфильмдер жаш өспүрүмдөргө тартылган соң ал сыйкырдуу дүйнөгө балдардын саякаты катары эсептелиниши керек. Алар жомок аркылуу дагы көп нерсени түшүнө алышат, анын сөзсүз түрдө тарбиялык мааниси болушу керек. Ал эми эротикалык сюжеттер коштолгон мультфильмдер өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизет. Кийин бой жетип калган учурда жыныстык катнашка эрте аралаша баштагандын бирден бир себеби болуп калышы толук мүмкүн"- деп эсептешет.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??