окумал

Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Алыска сапар…

Жаркылдаган кабагы, жакшы чайы менен абышка-кемпирдин, агасы-жеңесинин көңүлүн алган Сүйгөн күйөөсү экөө ээрчише өз бөлмөлөрүнө киргенде минтти:
- Дуулат, биз квартира таап жайгашып алгандан кийин атам менен апамды шаарга бир-эки айга кыш түшкүчө алып кетпейлиби? Экөөнү тең доктурга көргөзүп, дарылатып, эс алдырып кайра кетиребиз. Байкадыңбы, атамдын иреңин? Ашказанында жарасы бар тура, апам айтты.
Дуулат аялын жаңы көрүп жаткансып тигиле тиктеп, анан ичи ысый жылмая кучагына бекем кысып:
- Боорукерим менин! Макул ошентели, атаң менен апаңды көндүрө алсаң эле. Алар шаар дегенди көрмөк тургай, уккулары да жок. Жаа бою качышат. Мен билем го өзүмдүкүлөрдү.
- Эмнеге?
- Акча түтпөйт экен дешип…
Экөө күлүп калышты. Сүйгөн көшөгөнү түрүп, төшөк салып кирди.
- Жана сага Кымбат жеңем эч нерсе деген жокпу?
- Жо-ок, бирок, мен жеңеме жакпай калдым окшойт. Гүлжан жеңемдей болуп мени менен сүйлөшүп, чай ичкен жок бир да жолу. Качан болбосун кабагын түйүп келип, түйүп кетет. Сүйлөгөндөн да корком.
- Сен көңүлүңө албай эле кой. Жеңем жакшы эле… Сен деле жактың. Болгону, өзүнүн бир ич күптүсү бар экен.
- Эмне болгон?
- Ээй, - Дуулат кол шилтеп койду. - Андан көрө келчи, бир жыттатып койчу. Ах-иий, даана айылдын келиндериндей жыттанып калгансың го.
- Эмне-е? Айылдын келиндерин жыттап жүрдүң беле? Алар кандай жыттанышат? - Сүйгөн тамаша-чындап кыйтыя түштү.
Дуулат болсо каткыра күлүп да, өзүнөн боюн алакачкан Сүйгөндүн ой-боюна койбой өпкүлөп, жыттап:
- Мына, сендей жыттанышат. Ах-иий! - деп атты.
- Мендей болгондо кандай? Түшүндүрбөйсүңбү? Кана айтчы, канча келин жыттадың эле? - Сүйгөн төшөктү өзүнө тартып, кымтыланып оронуп алып, тырышып койнун ачпай жатты. - Айт, анан…
Дуулат ого бетер ичи эзиле күлүп:
- Каап, сөзүмдөн кармалып калдым ээ? Ой, тамаша-тамаша. Чындап ишенип алба. Өзүм айылга айда-жылда бир келсем, кайсы келинди жыттамак элем? Койчу эми…
- Мен кайдан билейин? Өзүң айтып атасың го. Демек, чын… - Экөө төшөк үстүндө жаш баладай томолонуп-жумаланып ойношуп, өпкүлөп, жалынып-жалбарып жатып Дуулат көптө барып келинчегинин көңүлүн жазды.
- Сен биздин айылдын этегиндеги аңызда өскөн кызгалдак жыттанасың! Сен менин апакайымсың! Сен гүл жыттанасың! Сен сүйүү жыттанасың! - күйөөсү өзүнө-өзү ээ боло албай эзилип-ээрип, келинди туш келди жеринен өпкүлөп, калтыраган колдору менен чачтарынан сылай, ысык эрини эринине жабыша магдырай көзүн жумду…
ххх
Эртең менен Адамовдордун үй-бүлөсү, жакын кошуна-колоңдор чогулуп, Дуулаттарды узатып жатышты.
- Бул сары майың, атайын силерге деп карынга куюп сактап жүргөм. Бул каймакты барганда бир-эки күн болсо да чай ичээрсиңер. Ундун арасындагы чучукту кечөө өкүл энең берген. Тим эле сонун кургаган экен. Дуулат "Иштеген жеримди чакырам" деп атпайбы. Салып берээрсиңер. Ун берейин десем күйөөң албай койду. Алып алсаңар нанды сатып жебей, салып жеп акчаңарга үнөм болмок. Мейли эми… Күздө картошка бышканда бир кап берип жиберем. Тамактан өксү болсоңор эле кат жазып ийсең, шаарга каттаган бирөө-жарымдан салып жиберебиз. Өзүңдү жакшы кара. Баса, бери болчу, - кемпир Сүйгөндүн кулагына шыбырай: - Окуйм деп жанагы шаардыктарча балакет баскырдан салдырып алып, сактана көрбө. Төрөп берсең, эптеп ыйлай-сыктай биз деле багып беребиз, сен окууңду бүткүчө. Каралдым, сага да көнө түшүптүрмүн, тигине атаңдын да каңырыгы түтөп араң эле турат, - деген кайненеси келиндин карегине жаш айлантты.
- Эки агаңа окшоп жалкоолонбой, окуйм деп өжөрлөнүп окудуң. Иштеп жатасың. Эми өкмөттүн адамысың. Жүзүмдү жер каратпай, эмгегимди актадың. Кыргызда "катын албай, кайын ал" деген кеп бар, каап ата-эне тарбиясын көргөн, жамандык-жакшылыкта таянаар, колдоп сүйөөр жерге-жааты бар бирөөгө үйлөнсө болмок" деп кейидим эле, эми ал оюмдан айныдым балам. Башы оор, зирек жан экен. Жетимди ыйлатпайт, билесиңби ошону? Кор кармаба.
Акча-тыйыныңды топтоп, там алып ал деп дагы айтам. Малыңды баккыдай баштагыдай алы-күчүм калбаганын көрүп турасың. Эки агаңдын өз түйшүктөрү бар дегендей… Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт. Түбү бирге түтпөйт дечи, булар деле каралашат. Ошентсе да, талаалап жүрбөй бир жерден орун-очок алып, тамырлаган жакшы. Өкмөт үй берет дейсиң. Берсе жакшы, ашыкча болмок беле? - деп атты атасы Дуулатка, отургучта башын төмөн сала таягы менен жерди чукулай, ойлуу.
- Койчу ата, керээзиңди айтып жаткансып сүйлөйсүң да. Баары жакшы болот. Менден эч кам санаба. "Оо Адамов" деп атыңды далай жолу чыгарам. Андан көрө мен генерал болгучакты өлөм деп коркутпай, жашап турсаң.
Абышка корсулдап көпкө күлдү.
- Атымды чыгарганың жакшы. Буюрса де балам. А бирок, генерал дебей эле төрт жылдызыңды көрсөм арманым жок, - атасы карылуу, катуу колдору менен уулун кучактай, чачынан "шуу-шуу" жыттап-жыттап алды.
- Жеңе, жакшы туруңуздар эми. Сиздин жасаган каттамаңыз менен куйган куймагыңыздын даамы таңдайымда турат. Шаарга барып алып эңсейм го. Рахмат сизге, абама. Сизден көп нерсени үйрөндүм. Бүгүн туулган күнүңүз экенин билбей калбадымбы, болбосо, Дуулатка айтып бүгүн камынбай, эртең деле кетмек экенбиз. Буюрса эмдиги жылы чогуу белгилеп, майрамдайбыз макулбу? - Сүйгөн Гүлнарды кучактай өөп: - Бул менин жупуну белегим. Кийип жүрүңүз, - деп өзүнүн көк жибек көйнөгүн берди.
Кантсе да жаш аялмет Гүлнар Сүйгөн келгени колу узарып, ооккаттан жаны тынчып калган эле. Үйдү жууп, тазалап, тамакты айттырбай жасап, Гүлнардын балдарынын кир-коогун жууп жая калып, баарына жетишкен илмийген жаш келинге ичи жылып, ал билбей сурагандарын акырын үйрөтүп, көргөзүп, боор тартып жүрчү.
- Бат-бат келип турсаңар бизди сагындырбай. Айчик, жеңеңе айтчы, "сагынабыз" деп, - деди келин этегине жармашкан уулуна карап.
Убактысы боло калганда үйдөгүлөргө көрүнбөй баланы короого көтөрүп кирип, аны менен кубалашып, жашынмак ойноп, чөнтөгүнөн момпосуй берип "Иий, таттуу бала го, таттуу бериш керек" деп өпкүлөп турчу Сүйгөндүн эми кетээр-кетпеси менен иши жок, эч нерсени түшүнбөй, күлмүңдөй, быйтыйган колун созуп, момпосуй үмүтөткөн Айтекке күлгөн энеси:
- Аай, кейбир, жеңең кетип калса сени менен эми ким ойнойт? - деди. Сүйгөн баланы колуна алып, өпкүлөп алды.
Улам-улам кылчактап дарбазаны карашып, Дуулат менен абышка-кемпирдин күткөнү - Эрмек.
- "Эртең менен эрте келем, апа" деп кеткен чунак бала кечинде. Деги тынч болгой эле. Эмне кечикти? - деп атты эненин санаасы-санга бөлүнүп. "Катыны экөө түндө кармашып, бирдеме болушкан го" деген оюн жанындагыларга айта албай, эт жүрөгү тилинип турду.
- Мен чаптырып барып, чакырып келе калайын. Сени шашпай түшкү автобус менен кетет деп ойлоп алган го, - деп Кубат оозун жыйгыча дарбазадан Эрмектин улуу кызы көрүндү. Анан Эрмек кирди уулун жетелей.
- Аа, балакетиңди алайын. Тигине, сары жөжөм келатат, - деп кемпир сүйүнүп калдастай небересине умтулду.
"Кымбат келген жокпу?" деп эч ким батынып сурай алган жок. Коштошуп жатып гана, Дуулат агасын кучактай далысынан таптап:
- Рахмат сизге! Жеңеме салам айтып коюңуз. Таарынычын жазсын. Мен үчүн урушуп-талашпагылачы. Апам капа болуп жатат. Үйдөгүлөргө айтпай эле, менин малымдан алып, керегиңерге жарата бергиле. Мен Кубатка айтып койдум, - деди.
- Кайдагы кепти айтпачы! - Эрмек көпкө Дуулатты кучагынан бошотпой турду.
- Үйдүн улуусу экенбиз ай деп балдарды отко киргизип, чакырып чай бергенге жараган жок жанагы келин. Эрмек эмне? Эркек, аны ойлоду дейсиңби аялы айтпаса. Эми кекетип, келбей койгонун карабайсыңбы?! Баланын жүрөгүн оорутуп. Билем, Дуулаттын баарын байкап турганын. Көңүлү ооруп кетет го байкуш баламдын. Шашпа-а, Кымбат, сен да бир күнү мендей кемпир болоорсуң. Ай, ай, ай… - деп бери жакта күйүп-бышып күбүрөнүп аткан кайненесинин сөзүн Сүйгөн укту, бирок унчукпады. Кемпирди ичинен аяп, кучактай өптү.
(Уландысы кийинки санда)



  Дарамет

Назик, "Ысык-Көл Кадыр Түн-2010" фестивалынын жеңүүчүсү:
"Казакча анан рок стилинде ырдадым"
- Назик, алган сыйлыгың кут болсун! Өзүң жөнүндө тааныштыра кетсең?
- Менин толук атым Кудайбердиева Назгүл Кудайбердиевна, 1987-жылы Нарын шаарында туулуп өскөм. Азыркы убакта БГУда окуйм.
- Бул фестивалга катышууга эмне түрткү болду?
Негизи буга катышуу мага күтүүсүздөн эле болуп калды, себеби продюсерим Жамиля Муратова фестиваль башталарына аз күн калганда айтып, даярдана баштадык. Ошентип, тандоо турунан өтүп кеттим.
- Канча ыр аткардың жана кайсы жанрда?
- Конкурстун шарты боюнча экиден ыр аткарыш керек эле. Фольклор жанрындагылар экиден ыр аткарганга үлгүрүштү, ал эми биз эстрада бөлүмү, убакыттын тардыгына байланыштуу бирден эле ыр аткардык. Менин биринчи ырым, казак тилинде жай ыр эле, ал эми экинчиси сөзү Гүлсара Момунова, обону Жамийла Муратовага таандык, " Сен мага" деген ырды рок стилинде аткардым.
- Сени гран- принин ээси деп жарыялаганда кандай сезим пайда болду?
- Калыстар тобу конкурстун жыйынтыгын жарыялап жатканда албетте бардык катышуучулар, алардын арасында мен дагы толкунданып жаттым. Эми аны сөз менен жеткириш кыйын.
- Бу сенин канчанчы ийгилигиң?
- Негизи, мектепте окуп жүргөндө, университет арасындагы конкурстарга катышып жүрчүмүн, ал эми мындай даражадагы конкурска биринчи жолу 2008-жылы " Таң булбулу" фестивалына катышып, гран- принин ээси болгом.
- Жеңип алган акчалай сыйлыгыңды эмнеге жумшайын деп жатасың?
- Биринчиден, жаңы клиптерди, жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыгыма жумшайын дегем. Бирок, темир тулпарлуу да болгум келип жатат. Эми продюсерим Жамиля Муратова менен да кеңешип, тактап, анан гана чечебиз.
- Жамиля эже менен иштешкениңе канча болду жана ортоңордо келишим түзүлдү беле?
- Албетте, келишим 3 жылга түзүлгөн, ал эми иштешкенибизге бир жарым жыл болду.
- Музыкалык билимиң барбы?
- Музыкалык жогорку билимим жок, бирок 1- класстан 7-класска чейин музыкалык мектептин, фортопиано бөлүмүндө окугам.
- Кумириң барбы?
- Менин кумирим деп бир гана адамды айта албайм, себеби чыгармачылык - бул өтө татаал иш. Ошондуктан бардык чыгармачыл адамдардын эмгегин баалайм жана сыйлайм.
- Чыгармачылыктан тышкары эмнеге кызыгасың?
- Кийим тиккенди жана аларды майда шурулар менен кооздогонду жакшы көрөм.
- Келечекте Назиктен эмнени күтсөк болот?
- Келечекте жакшы ырларды жаратып, дүйнө жүзүн кыдырып, Кыргызстанды таанытуу.
Өнөрүң өркүндөй берсин! Маек куруп бергениңе чоң рахмат.

Кыдыралиева Айзат