Махабат майданы

Кыргыз ыйман деген нерсени пир туткан менен "эротиканы" башка элден эң биринчилерден болуп ырдаганбы дейсиң. Илгерки акындар аны жылмалантып айтып келишкен болсо, азыркы акындардын ырларынан ачык жазылган саптарды кездештирүүгө болот. Мындай курч сүйүү саптардын авторлору күнөөлөнмөк тургай, биздин күндө деле айрыкча, мырзалардын бүйүрүн кызытып, "айт-уйт" деп кыйкырышып, сүрөөнгө алынып келет. Анткени, адамзат аздектеп тутунган табияттын бирден-бир ыйык белеги махабат эмеспи.

Эротикалык
саптар
Алгач, сыпаа эротикалык саптар биздин төкмө акындарыбызга таандык болгон. Төкмө акындардын ичинен жогорудагыдай маанайдагы ырларга көп басым жасагандардын бири Коргол акын болуптур.
Коргол:
"Төшүңө төшүм кайрасам,
Төшөктө жатып жайрасам"

"Өрдөктөй болгон мойнуңдан,
Өлүп бир кетсем мейличи,
Өлүгүм чыксын койнуңдан"
Барпы:
"Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос башбаккан,
Бөдөнө тумшук мамагың"

Кийинки жазгыч акындарыбыздан Мидин менен Байдылда эротикалык ырлардын да, азилдердин да жаагын айырган. Бирок, алардыкы өтө ачык болгондуктан, өз чөнтөктөрүнөн сыртка чыккан эмес. Кийин 1991-жылдары бизде "демократия" болуп, басма сөз эркиндиги башталганда "Мидиндин эшек дептери" деген гезит апта сайын жарык көргөн. Ал эми бүгүнкү күндүн акындарынын экиден бирөөсүнөн "курч махабат" саптарын табууга болот. Мисалы:
Рамис
Рыскулов:
"Атам менен апамын,
Жыргашынан жаралгам"
Кожогелди
Култегин:
"Алыс туруп жыттайм сенин чачыңдан,
Алыс туруп өбөм сени ачынган.
Колготкиң да турат ана көрүнүп,
Капталына жуурканыңдын жашырган"
Омор
Султанов:
"Эл башкарган эрлер көрсүн эл камын,
Келчи, жаным, бүгүн да эрте жаталы"
Бурулкан
Карагулова:
"Конверттей бекем чапталып,
Чыкпай калды буттарыбызчы.
Сиз өчүргөн шамды жандырып,
Бул бейиштен куткарыңызчы"
Тургунбай
Эргешов:
"Анда сенин эмчегиңден кармасам,
Жооп күтүп ак жүзүңө карасам.
Жайнап турган эки көзүң коюлуп,
Айттың эле: "Ооруп жүрөт, аясаң…"

Албетте, ашыктыкка күйүп, оозунан жалын бүрккөн жана кыздарыбызды өз баркын билген асылкечтикке, намыскөйлүккө чакырган ырларыбыз да арбын. Алардын айрымдарынан мисал келтирсек:
Айбек
Карымов:
"Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жанды кыйнаган,
Кыт-кыт күлсөң төшүң бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган"
Алтынбек
Алымов:
"Койкоё тосуп төшүңдү,
Койнуңа чакыр өзүмдү.
Кор кылбай башка бирөөгө,
Колдоп кой менин сөзүмдү"
Бек
Борбиев:
"Булактай элең сен мурда,
Булгандың эми сузаарда.
Жеңил ой бийлеп өзүңдү,
Жеңилдиң беле кумарга?"
Тата
Улан:
"Төштү ачып суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Сактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Тибиреген эриндериң муздадыбы таштай?
Сүйөм, сүйөм, сүйөм дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң деле ысып турган кучагына жулунуп,
Күйөм, күйөм, күйөм дедиң,
Күйүп кеттиң кор болдуң!"
Байдылда
Сарногоев:
Байдылда Сарногоев "батальону" менен Дзержин бульварында алагүү болуп отурушса, бир койкойгон сулуу келин өтүп баратат дейт. Аны көрөөрү менен Жапар Чабалдаев "чарр" эте түшөт: "Айланайын Байдыке, ушуну бир ырга кошчу" дейт. Анда Байдыкең жанагы акжаркын аялды карап туруп:
"Көгүчкөн төш турбайбы,
Көндүрүш кыйын мындайды.
Көңүлүн таап сурачы,
Көбүбүз ойноп-жыргайлы.

Тоодак төш неме турбайбы.
Тойгузуш кыйын мындайды.
Токтотуп алып сурачы,
Тобубуз менен жыргайлы" деп ырдап жиберген экен.
Ак келин
Жаркын деген сулуу келин бар эле. Бала бакчанын башчысы болуп иштечү. Кайсы бир келишинде Мидикең алиги ак келиндин атын угуп, атайын издеп келет. Айткандай эле келин көңүлүнө толуп, биякка дайым келүүчү болду. Келин да заманынын мыкты сулууларынан болгон экен өз наркын билген, эч шек берген жок. Акын тамашалашса тамашалашып, күлсө күлүп, өзүнүн асылдыгын көрсөттү, аягы суюк аялдардай арзан азгырылбады. Алты күндөн кийин акындын чөнтөк дептеринде төмөнкүдөй ыр саптары пайда болду:
Азезилдей азгырасың ак келин,
Азап болду, мынча неге дегдедим.
Алоолонгон жалын кечсем сен үчүн,
Алты жашта балача да сезбедиң.
Алтын келин, али эсимден кетелек,
"Агай койчу, антпейм"- деген кептериң.
Алды-артыңа чыгып жатып акыры,
Азгырылдың, түбү сени эптедим.
Алып чыгып алдыбызга төшөдүң,
Алганыңдын ак жакалуу чепкенин.
Чын эле адамдын азгырыгы адам да, акын ошол азгырыкты жазып отурбайбы.


Асмат Жылдыз