күнсүрөт

Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
Адам айлана-чөйрөдөн көп тааcир алат. Айтайын дегенибиз, чет өлкөдөгү жашоо менен таасирленип атышабы айтор, ачыктан-ачык эле кол кармашып, жетелешип жүргөндөрдү көп кездештирип калдык. Азыр демократия деп эле кыз-кыздын, бала-баланын колун кармап кете беришсе, кыргыздын санын ким көбөйтөт? - деп ойлонбой койбойт экенсиң. Бизди жоодон сактай турган эркектерибиз кызга окшоп кылыктанып жүрүшсө, кайсы душман коркмок эле?! Бул тууралуу кыргыздын атактуу кыздарына да собол салган элек. Алардын оюн уксак.


Назира Жетигенова,
куудул: "Ачыкка
чыга баштаганда "шок" болгом"
- Азыр андайлардын жанынан эч кандай маани бербей өтүп кете берем. Мурун мындай жигиттерди көргөндө таңкалыштуу, башкача көз- караш менен карап, жаңы-жаңы ачыкка чыга башташканда "шок" да болгом. Азыр болсо көнүп деле калдым. Анткени, биздин шоу-бизнесте кызга окшогон балдар көп.

Чынар Капарова,
диктор: "Жийиркенүү сезими пайда болот"
- Нукура кыргызча тарбия алгандыктанбы, билбейм, айтор кызга окшогон жигиттерди көргөндө жийиркенем. Бир чети бул ар кимдин өзүнүн иши да. Мүмкүн табиятынан ушундай назик жигиттер кылмыш жасабаган, бир нерсеге зыяны жок болушат. Чет мамлекеттеги "гейлерди" көрүп алып, кыргыздарда да андайлардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат, чынында.

Нурзада
Жолдошева, ди-джей: "Оозумду ачып,
талып карап калам"
- Кызга окшогон жигиттерди көргөндө оозум ачылып, "кызбы же эркекпи?" деген боюнча талып, карап калам. Эркек деген эркектей болуш керек го, эмне кызга окшоп алган?! деп жиним келип кетет. Жанына барып, "Эмнеге кызга окшоп кийинип алгансыз? ж.б." суроолорду бергим келет, бирок "өзүңдүн арабаңды тарта бер" деп араң карманып калам.

Гүлзат Байзакова,
ырчы: "Жигиттин -
жигиттей болгону жакшы"
- Көчөдөн көргөнүмдө маани деле бербейм. Анткени бул өтө кейиштүү деле нерсе эмес. Азыр "андайлар" көп го. Бул да болсо Кудай Тааламдын бергени да. Буга колдон келишинче түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Мен да түшүнүүгө аракет кылам. Анткени, алар өздөрү "кызга окшош болоюн" деп жасап жаткан жерлери жок. Азыркы учурда бизде медицина өнүккөн, каалагандар жынысын алмаштырып, кыз-эркекке, эркек-кызга айланса болот. Жакында эле Бактыгүл деген кыз жыныс мүчөсүн алмаштырып, Бакыт болуп алганын уккам. Ал эми кээ бир жигиттер кыздарды туурап өтө эле назик болуп алышат. А аларды көргөндө жигиттин - жигиттей эле болгону жакшы дейм.

Назира Айтбекова,
телеалыпбаруучу: "Ошондой
досторум бар"
- Биринчи эле "ориентациясы туура эмес го" деген ой кетет. "Эркектин - эркектей эле болгону жакшы эмеспи" деп бир сыйра сүйлөнүп да алам. Бирок, эми жаратылышка айла жок экен да, ошентип сынтакканым менен өзүмдүн деле ошондой досторум бар.

Назира Токонова,
ырчы:
"Анда кыздарга
жигит калбай
калат го"
- Кызга окшогон баланы биринчи эле көргөндө, ал эркектин жанында дагы ошондой кызга окшогон эркектин кетип жатканын элестетип, жаман боло берем. Эркектин кыздай болгону кыргыздын менталитетине туура келбеген нерсе. Анткени кыргыздын кыздары эркектерин ат үстүндө, улак тартышта, кыз-куумайда көргүсү келет. Мындай көрүнүштүн аз эле болгонун каалайт элем. Эгер андайлардын саны мындан дагы көбөйүп кетсе, кыздарга жигиттер калбай калат болуш керек. (күлүп)

Дамира
Ниязбекова, ырчы:
"Кантип бизди
коргомок эле?"
- Эми азыр өтө деле таң калбайм. Бирок, мен үчүн мындай көрүнүш абдан өкүнүчтүү нерсе. Кудайым кызгабы, эркекеби кандай өң-түс, кандай кыял-жорук берген болсо, ошондой боюнча калганын каалайт элем. Эркектин-эркектей болгону жакшы. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде", "Чептен эрдин күчү бек", "Алтын баштуу аялдан бака башттуу эр артык" деген макалдар бекеринен айтылган эмес. Алар биздин коргоочубуз да. Кудай Таалам биринчи Адам атаны, анан анын кабыргасынан Обо энени жараткан. Биз дайыма эркектердин колтугунда жүрүшүбүз керек. Эгер өзү кыздай болуп турса, келген жоодон бизди кантип коргомок эле? Ошондуктан эркектин даражасы бардык жагынан аялдардан жогору болгонун каалайт элем.

Миргүл Эсеналиева, продюсер:
"Кызга окшогон балдардан
жийиркенем"
- Кыял-жоругу кыздардыкына окшогон эркектерди көп эле жолуктуруп жүрөм. Эгерде өзүн жакшы карап, стилдүү кийинген бала болсо, көз кыйыгымды салып өтөм. Мага ошондой балдар жагат. Эгер чеги жок эле кыздардай болсо, анда жийиркенем жана алар менен пикир алышкым да келбейт. Мындай көрүнүш биздин менталитетке туура келбеген нерсе. А бирок, чет өлкөгө барып калганда кызга окшогон балдарды көп эле көрүп жүрөм. Ал жакта "андайларга" башкача көз карашта. Жада калса "гейлердин" атайын көчөсү дагы бар. Аларды, буларды карап отуруп ар бир адам өзү кандай жашагысы келсе, ошондой жашаганга акылуу деп эле ойлойт экенсиң, башка эч нерсе айта албай.




Окуя
"Буюрса Швециядан үйлөнөбүз"
Атым Жакшылык. 26 жаштамын. Менде өң десе - өң, акча десе - акча бар. Бирок, бир эле жерим кызга окшоп калганым. Ушунун айынан көп азап тарттым. Мектептен да балдар кошпой, мени тепкилеп, акчамды алып, үйүмдүн дарбазасына ар нерсени жазып кетишчү. Ата-энем болгон молдого алып барып, дарылатып да көрүштү, эч майнап чыккан жок. Акыры жайыма коюшту. Мектепти бүтүп, Орус- Славян университетине тапшырдым. Ал жакта көбүнчө орустар болгондуктан, мындай нерсеге көп деле маани беришпейт. Ох-х ошол жакка барганда анан өзүмдү эркин сезип, кыздай болуп калганыма өкүнбөй, жаңы жашоо башталды. Ошентип, 1-курсту аяктап жатып, сессиямды тапшырып жүрүп, китепканадан Александр аттуу орус улутундагы азыркы жигитим менен таанышып калдым. Александр өтө жөнөкөй, түшүнүктүү, жароокер. Биз азыр бири-бирибизди көзүбүздөн эле түшүнүп калдык. Ал 3 жылдан бери менин үйүмдө жашайт. Буга экөөбүздүн тең ата-энелерибиз каршы болгон жок. Эми буюрса, акча топтоп алып, Швецияга барып никебизди кыйдыртсакпы деген пландарыбыз бар.


Төлөбүбү Касымалиева