Дарамет

Туулган жери: Нарын областы, Ак-Талаа району
Туулган ай-жылы: 1983-жыл, 31-август
Обондору: "Биз дүйнө" аткаруучу Г.Сатылганова
"Издегеним менин арзыганым" Марлен, Самат
"Жаштык" аткаруучулар Марлен, Самат
"Кыялкеч", "Атаке" аткаруучу С.Садыралиев
"Күтүү" Нурлан Алдаяров
"Жүрөгү жалын уландар" аткаруучу Наргиза Абдраева

"Артымда кала турган обон жараткым келет"

Обонго арзуу
- Обонго болгон арзуум студент кезимден башталган. Алгач М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан окуп, анан Улуттук Консерваториядан билимимди уланткам. Мурун шоу-бизнестеги жеңил-желпи ырларды угуп, ошондой жеңилине качырчумун.
"Биз дүйнөнүн" таржымалы
- Гүлнур эже ырдап чыккан "Биз дүйнө" аттуу ырым менин чыгармачылыкка болгон көз карашымды өзгөрттү. Азыр салмактуу, артымда кала турган, жакшы обон жараткым келет. Гүлнур эжеге эки ырымды бергем, биринчи тандап ырдаганы " Биз дүйнө" болду. Экинчисин да иштеп атам, жакында ырдап чыгам дегендей кылды. "Биз дүйнөнүн" сөзү мурун башка эле, эже окуп чыгып, Кыялбек Урмамбетовго сөзүн жаңылатып жаздырып, жарым жыл иштеген соң ырдап чыкты.
Ой-жорумдары
- "Түнгө карай" телеберүүсүнө нааразы боло берем. Эфирге аттуу-баштуу инсандарды чакырып алып, анын тырмагына тең келбеген жаш жылдыз сымактар менен кайраштырып коюшат. Мисалы, мени Бегалиевге теңеп коёт да. Менин ордум кайда, Бегалиевдики кайда, ал жөнүндө ойлонбойт, эптеп көрсөтүүсү ызылдап-чуулдап, кызыктуу өтүп берсе болду. Улуттук телеканалдан берилип аткандан кийин, элге эмгеги сиңген инсандарыбызды кадырын түшүрбөй, тескерисинче жаш муундар сабак ала турган идеалдуу көрсөтүүлөрдү даярдаса болмок деп эрдиңди тиштейсиң.
Мүнөздөмө
Жубайым мени "ак көңүл, кээде чагылгандай чарт эткен, кээде тийген күндөй жарк эткен, эч кимдин көңүлүн калтырбаган, колу ачык, бетке айткан, көп ойлонгон жигитсиң" деп сүрөттөйт. Демек, (күлүп) ошондой болушум керек.