Жыштык жылдызы

Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"
Салтанат Саматованын үнүн уккан угармандар аны дароо тааныры талашсыз. Радио тармагында он беш жылдан бери эмгектенип келе жаткан ди-джей эмгек жолун "Европа плюс" радиосунан баштаса, азыр "Мир" радиосунда иштеп жатат.


- Сизди көбү "Европа плюс" радиосу аркылуу таанышат эмеспи. Бул радиого кандайча келип калдыңыз эле?
- Негизи менин радио тармагында иштеп калганыма курбу кыздарым түрткү болгон. Университетти окуп жүргөндө курбум "Кыргыз Радиосунда" иштечү, бир жолу мени "майрамдык эфирди окуп бер" деп чакырып калышты. Үнүмдү жактырышып, экинчи жолу да чакырышты…көп өтпөй эле бир жумуш орун бошоп, мени чакырышты. Музыкалык редактор болуп иштеп жүргөнүмө бир жыл боло электе эле "Европа плюс" радиосу ачылып калды, сынактан өтүп иштеп калдым. Менин өзүмдүн кесибим музыка -мугалими, музыканы абдан жакшы көрөм, бирок бул тармакта бир да жыл иштеген жокмун. 1996-жылдан бери радиодо эле эмгектенип келе жатам.
- Ал радиодон кетүүңүзгө эмне себеп болду?
- 2002-жылы декреттик отпускага чыктым. Балам менен алышып үйдө беш жыл отуруп калдым. Анан "Мир" радиосуна иштөөнү сунушташты, азыр ошол жакта иштеп жатам.
- Мурунку жумушуңузга чакырышкан жокпу?
- Чакырышкан деле жок, мен да басып барган жокмун. Анын үстүнө балалуу болгондон кийин жашооңдо башкача өзгөрүүлөр болот экен. Баладан башка эч нерсенин кереги жок болуп калат экен. "Европа плюста" азыр иштебегеним менен жетекчим менен мамилем дагы деле сый бойдон. Коллектив менен байланышым деле жок, анткени толугу менен жаңырып, башкалар иштеп калды. Азыркы жумушум да мага аябай жагат. Мен табиятыман барга азыр, жокко кайыл болуп жашаган адаммын. Каниет кылганды билем.
- Эки радиону салыштырсаңыз керек?
- Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот экен. "Европа плюста" жаштарга ылайыкталган ырлар көп. Ал кезде мен да бойдок болчумун, сүлкүлдөп жүрчүбүз дегендей…(күлүп). "Мирде" болсо орто муундар жактырган ырлар көп берилет. Антейин десең биздин угармандарыбыздын арасында да жаштар арбын.
- Тамада да болуп жүрөсүз, сизди той ээлери кандай шартта чакырышат?
- Бир ай мурун чакырышы мүмкүн. Мен кандай тойду алып барбайын ошол үй-бүлөгө баш-отум менен аралашып, күйүп чуркамай адатым бар. Жолдошум Нурбек, "жумушуңа мынча берилбей жүрчү" деп көп айтат. Мен андай кылмайын иштей албайм. Той ээлерине дароо эле айтам, кээде ажырашып кеткендер болот, бирөөнүн атасы, бирөөнүн апасы жок болуп калышы мүмкүн, жашырбай ачык айткыла деп. Анткени, түрдүү кырдаалга туш болуп калат эмеспизби, ошондой учурлардан жаап-жашырып, кырдаалдан чыгарып кеткенге даяр болушум керек.
- Музыкалык билимим бар деп жатпайсызбы, тойлордо ырдап каласызбы?
- Жок, ырдабайм деле. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген сөз бар эмеспи. Баарыбыз эле ырдап, китеп жазып кетсек башка тармактар эмне болот. Мен ырдаганды жакшы көрөм, бирок профессионалдык деңгээлде ырдаш үчүн даярдык керек деп ойлойм. Орто жолдон чыга калып мен ырдайт элем дегендин өзү туура эмес болуш керек.
- Кыргыз тилдүү радиого чакырышса барат белеңиз?
- Буга чейин көп эле жерге чакырышты. Бирок, мен кыргызчага караганда орус тилинде оюмду жакшы жеткире алам. Аракет кылып, алдыга ошондой максат койсом кыргыз тилинде деле алып барам. Бирок мен ушунчалык жалкоомун да.
- Жолдошуңуз тууралуу кеп кылсаңыз, сиздин чыгармачылыгыңызга сын-пикир айтабы?
- Ой, аны сынатып эле койсо(күлүп)…Мени тамашалап, "сага сен жакшысың" деп мактагандардын баары калп айтып жатышат, жок дегенде менден чындыкты угуп тур" деп калат. Кээде чач жасалгама, көйнөгүмө чейин тийишип калат. Башында кызуу кандуулукка алдырып чычалап калчумун. Азыр "ой, сен жөн эле койчу сыныңды" деп кутулам. Нурбек өзү спорт тармагында эмгектенет. Уулумду да спорттук ийримдерге катыштырганга аракет кылып жатабыз. Болгон күчүмдү, аракетимди экөөнө жумшайм. Уулум Бакыт пельменди аябай жакшы көрөт, сатып келбей бир күн кечке отурсам да колго түйүп чыгам. Кээде эле жалкоом кармаганда, "мени кечирип койгулачы, бүгүн картошка эле кууруп жейличи" деп калам. Үйдөгү жылуу маанайды жаратканга мүмкүнчүлүгүмдү жумшап келем. Жолдошумдун мүнөзү токтоо, мен шуулдап турсам ал мени тыйып токтотуп турат дегендей…Кыскасы кыялымдагы ханзаадамды таптым.
- Ханзаадаңызга кантип жолуктуңуз?
- Курбу кызымдын тоюнда курбу болгом. Нурбек күйөө жолдош болгон. Экөөбүздү башынан эле бири-бирибизге ылайыкташып "таанышкыла" деп жүрүшчү. Жолукканда жылдызыбыз келишип, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык. Турмушка кеч жыйырма жети жашымда чыктым. Азыр уулубуз биринчи классты аяктады. Нурбек экөөбүз бири-бирибизди кемчилдигибизди толуктап жашап келе жатабыз.




Мирбек Иманбеков
кимди алдап кетти?
Көпчүлүк кыздардын күйөрманы, карагат көз ырчы Мирбек Иманбеков көп убакыт бою 3-кичи райондо батирде туруп келген. Үйдүн ээси каза болуп калып, кызы Ольга Копулова азыр батирдин акчасын Мирбектен ала албай чуркап жүргөн кези. Ырчынын артынан буту күйгөн тооктой чуркаган үй ээси , бизге нааразычылыгын билдирип: "Беш айдан бери батирден калган төрт миң сом акчаны ала албай жатам. Мирбектин аялы Бурул борбордогу сулуулук салондордун биринде иштейт экен. Барсам эле кыздарына "жок" дедиртип коюп жатат. Бир жолу барсам отуруптур, "уялбайсыңбы ушинтип калп айткандан" десем "мен бул жерде иштебейм, жөн эле учурашканы келдим" дейт да, кардарлар келсе чуркап барып тейлеп калат. Мирбек өзү болсо таптырбай жүрөт, жок дегенде жарым-жартылай кылып бөлүп кутулгула, десем "азыр биз он миң сом төлөп жатабыз батирге" дешип өз көйгөйүн айтышат. Кошуналарымдын көбү "ызы-чуусу жок жашаганы менен таштандыларды терезеден ыргытышат" деп даттанып жатышат. Алардын акыр-чикирин өзүм артынан тазаладым. Азыр мен да керек болсо пенсиядан пенсияга араң жетип өп-чап турмушта жашап жүрөм, апама да эстелик тургузуш керек болчу. Жашагандан кийин акчасын жөн төлөшсө болот эле" дейт ызаланган Ольга. Мирбек аялы менен карматпай жүрүшкөндүктөн айласы кеткен Ольга Маданият министрлигине кайрылып, "маданияттын өкүлүнө" карата чара колдонуусун сураныптыр.


Шоу дүйнө

Асеманын продюсери алмашат
Актриса, ырчы Асема Токтобекованы чыгармачылыкта да, жеке жашоосунда да жолдошу Акжол колдоп келсе, эми мындан ары продюсери алмашат. Эмнеге деп таң калып жатсаңыз, жообу эң жөнөкөй. Себеби, Акжол өз жумушунан колу бошобой, чет жактарга көп чыгып жаткандыктан Асеманын чыгармачылыгына жетиштүү көңүл бура албай жатыптыр. "Мурда жолдошума каалашымча эркелесем, эми тизгинди тартканга туура келет" дейт Асема тамаша-чын аралаш. Мындан ары иштеше турган продюсери "Кыргыз радиосунда" кызмат кылат. Ал жакынкы күндөрү Асеманын үч ырына клип тарттырууга даярдык көрүп жатат.


Бирназаровдун
Лирасы болгуң келсе…
Режиссер Темир Бирназаров "Арманым Лира" тасмасына мындан бир жарым жыл мурда кастинг жарыялаган. Кастингден өткөн каалоочулар режиссердун көңүлүнө төп келбей, сынак бүгүнкү күндө да уланууда. Коюлган негизги талап, башкы ролго тартыла турган улан-кыздардын жашы 18ден 29 жашка чейин болуусу зарыл. Бою узун, өңү азият улутундагылар каралат. Сиз да катардан калбай катышып көрүңүз. Балким режиссер сизди издеп жүргөндүр.