күнсүрөт

"Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган?.."
Жолборс жылында биздин оң канатыбыз кайрылып, Ата Мекенибиз кан жыттанды. Сансыз атуулдарыбыз жарыкчылык менен кош айтышып, тирүүлөрдүн жашоо-шарты оордоду. Бүгүн биздин бардык тармактарыбыз аксап, анын негизинде жумушсуз калган жарандарыбыз көбөйүп, өлбөстүн күнүн көрүп жашап атышат. Биз калаабыздын абалын чагылдырмакка эки күн бою шаар кыдырдык. Айрым атуулдарыбыз бизге төмөнкү жоопторду беришти.


Дилбар Алимова, "Учур" гезитинин
жооптуу редактору: "Көп гезиттердин тиражы кемиди"
- Ал күндөрдө бир эле биздин гезит эмес, бардык гезиттер тиражын кемитип чыгышты. Анткени, Ош, Жалал-Абад аймактарына гезиттерди жөнөткөн жокпуз, түштүк эли гезит окуганга алы келбей, кара жанынын айласын ойлоп атышты да. Ошол учурдагы курч окуяларга суусап, гезиттерди талап кеткидей эл маалыматка муктаж болгон жок. КТРден, РТРден, Азаттык үналгысынан, интернеттен жетиштүү маалыматты алып атышты. Өзүңөр билгендей, мурун биз 7-8 000 тираж менен чыгып атсак, ошол капсалаң убагында 5 000менен чыктык.


Сайра Калыева, "Айчүрөк" кичи базарынын
соодагери: "жыйналганга
даярданып турдук"
- 7-апрелден бери жакшы соода болгон жок. Кечээги түштүк окуясынан кийин сатуучулар коркуп, чоочулап "эгер талап-тоноочулук башталып, шаарда ызы-чуу чыгып кетсе даяр туралы" деп товарларды жыйнай койгонго даярданып, тынчыбыз кетип атты. "22-июнда Оштогу жалданган киши өлтүргүчтөр Бишкекке келет экен" дешкенинен коркуп товар да албай жүрдүк. Жылда туристтер келип кийинип кетишчү эле, быйыл жок. Өзүбүздүн эл деле үркүп соода кылганга көп келбей атышты. Мунун баары биздин үйбүлөлүк бюджетибизге да терс таасирин тийгизди. Эми кудайга шүгүр акырындык менен акчабыз "жүгүрүп" келатат.


Сема, ырчы: "Кытайдан кездеме алып чыгыш оор болду"
- 7-апрель бардык кыргыз эли үчүн өтө оор кырдаал болду. Айрыкча бизнесмендердин капчыгына залалын тийгизбей койгон жок. Мен Кытайдан кездемелерди алып келчүмүн, 7-апрелден кийин, ал жактан кездемелерди алып келиш өтө оор болуп, бизнес кичине солгундап барып, эми-эми өз калыбына келе баштагансыды. Ал эми Ош коогалаңы бизнеске кесепетин анчалык тийгизген жок. Өзүм Оштон болгондуктан, туугандарым жабыркады.


Алтынбек Исмаилов, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин окутуучусу: "жумушсуз, окуусуз калгандан кооптонуп атышты"
- Түштүк окуясы билим берүү тармагына да абдан чоң, терс таасирин тийгизди. Оштогу окуу жайлар, мектептер, студенттердин жатаканалары өрттөнүп кетти. Бир эле түштүктө эмес, башка аймактагы студенттер, окуучулар, мугалимдер да өзүлөрү кызмат өтөп, билим алып аткан имараттардын өрттөнүп кетишинен чоочулап, окуусуз, жумушсуз калгандан кооптонуп атты. Бишкекте билим алып аткан түштүктүк улан-кыздар ата-эне, урук-туугандарынын абалын билүүгө шашылып, мөөнөтүнөн эрте сынактарын тапшырып, кичи мекенине жөнөп кетишти. Оштогу педагогдор мектеп окуучуларынын, айрыкча бүтүрүүчүлөрдүн акыркы чейректеги бааларына таянып, аттестатын бергенге аракет кылабыз дешүүдө. Себеби, бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзаменди толук тапшырганга үлгүрбөй калышкан. Ал эми биздин "Манас" университетине тийгизген залалын айтсам - биз жыл сайын абитуриенттерди жана документтерди кабыл алууну, Бишкек жана Ош ордосунда өткөрчүбүз. Быйылкы коогалаңга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен абитуриенттери Бишкекке келип тапшырууга мажбур болушат.


Марат Абдыразаков, таксист:
"Акчам аз, жеткирип
коюңузчу дешет"
- Менин таксист болуп иштегениме 4 жылдын жүзү болду. Жубайым, 2 жаштагы кызым бар. Эми экинчисин да пландайлы деп, кайра аны кантип багабыз деп ойлонобуз. Акаевдин убагында иштеген байкелер "анда азыркыга караганда жакшы болчу" дешет. Жакшы болгону - патент алса да азыраак алып, таксисттер эркин иштешчү экен. Кардарлар менден "кайсы жерден болосуң?" деп сурап калганда "Жалал-Абаддыкмын" десем "Оо, Бакиевдин иниси турбайсыңбы" дешчү, Бакиев менин чөнтөгүмө акча салып берип аткансып. Бакиевдин жердеши экеним чын, бирок, мен ал кишини жек көрөм. Ал келгени биз да жарыган жокпуз. Бизге кыйратып шарт түзүп берип коюшкансып, ай сайын 500дөн патент алышат. 7-апрелдеги, түштүктөгү окуялардан кийин элде финансылык кризис болуп, бизде да жумуш аз. "Акчам аз эле, жеткирип коюңузчу" дегендер көбөйдү. Таксисттердин жумушу өтө эле кооптуу, уруп-тоноп кетишкени аз келгенсип өлтүрүп кетип атышат. Бул кесиптен бардык жамандыкты күтүүгө болот. Мисалы, мени каракчылар үч жолу тоноп кетишти. Мен арыз жазып милицияга алып барсам "баары бир табылбай калды, биз аны кайдан издемек элек? Иничек, арызыңды алып кетчи?" деп суранышты. "Таксист болуп иштейм" дегенден да уялам. Таңкы саат 6дан түнкү 12ге чейин отурсаң 1000 сом табууга болот. Бирок, мен антип жанымды кыйнагым келбей калды, шашпай 8де чыгып, 500 сомдой таап алып кечки 6да үйгө кетем. Машинада зарыгып кечке отургандан жадап да калдым. Биздин араба айдагандардан айырмабыз деле жок. Керек болсо "эртең кайсы жинди менен урушам, кимиси мени алдап кетет, кайсы зөөкүрлөргө жолугат болдум экен?" деп ойлонуп атканым түшүмө да кирип чыгат.


Мира Касымовна, "Улуу Кыргызстан"
чайканасынын администратору: "балдардан чайхананы сактап калдык"
- Биздин шеф азыр убактылуу Ташкентте. Баягы Оштогу кандуу күндөрдө кыргыздын жаштары "чабуул" койгулары келип тегеренип басып жүрүштү. Менин улутум уйгур, кыргыз кудагыйымды ээрчитип келип, ал кыргыз балдарга "бул менин чайханам" деп, жигиттер менен сүйлөшүп, анан сактап калдык. Чайхана азыр убактылуу иштебейт, жууп-тазалап бекитип койгонбуз, күн-түнү кароолчулар кайтарууга алган. Кудай буюрса, ушул айдын 20сында шефибиз Ташкенттен келсе, анан ишти баштайбыз деп күтүп атабыз. Музыканттар, ырчылар, официанттардын баары убактылуу эс алууга кетишкен.


Үйлөнүү үлпөт салондоруна башбаксак алар да азыр той аз болуп, көйнөк сатып алган бийкечтер жок кризис болуп атканын айтышты. Андан өтүп 7-апрелдеги талап-тоноочулуктун курмандыгы болгон "Вефа" соода борборуна кирдик. "Вефа" супермаркети 4-июлда толук ремонттолуп, жумуш күнү башталган. Иштеп атканына эки жумадан өтсө да азыр ал жерде эл бирин-серин гана соода кылып жүрүшөт. Ал тургай айрымдары таңкалып "качантан бери иштеп атасыңар" деп сурап атышат" деп жооп беришти кызматкерлери. Ал эми экинчи кабатындагы кафе али калыбына келелек. Андан кийин шаардын ортосундагы зер дүкөндөрүнөн да маалымат алуу үчүн кирип көрдүк. Алар: "биз менен көбүнчө акчалуу, бай адамдар кызматташат, ошондуктан бизге ал окуялар көп деле таасирин тийгизген жок. Мурун кандай кирешелүү иштесек, азыр деле ошондой иштеп атабыз" деп билдиришти.



Асмат Жылдыз