Эриккенби дейм...

Белоруссияда качып жүргөн мурдагы президентибиз Курманбек Бакиев 23-июнь күнү Минсктеги мейманканалардын биринде журналисттерди кечки тамакка чакырыптыр. "Комсомольская правда" гезитинен барган журналист Ольга Шестакова ал күнкү жолугуушуну баяндап жазган.


К. Бакиев азыр тамакты өзү жасайт
"Кыргызстандан канаттууларды атчу элем"
Журналисттин жазганына караганда Президентибиз жагдайды жумшарткысы келгенби, иши кылып алгачкы тостун ММКнын өкүлдөрү үчүн көтөргөн. "Дасторкондогу тамактан жакшы эле рахаттанып жейин деди эле, журналисттер суроолорду жаадырып жатып тамак жегенге да мүмкүнчүлүк берген жокпуз" дейт. журналист Ольга.
Макаланы окуган адам Курманбек Бакиевдин Беларуссияда "жабык" жашоо менен күн кечирип атканынан кабардар болот. Керек болсо шаар да кыдырбаптыр, баргандан бери. Демек, театр, концерт жөнүндө сөз кылуунун кажети да жок. "Кыргызстанда ызы-чуу болуп атса антип ар жерге барып майрамдаганга деле маанай жок" деп актанган. А бирок өзүнүн жан-дүйнөсүнө жакын токойго (Маданий очоктон бул жерде жүргөндө эле оолак эмес беле!..) барганды унутпаптыр. Аңчылыкты сүйөөрүн, "Кыргызстанда жалаң канаттууларды атчу элем... " деп анысын да жашырбаган Курманбек Бакиев биринчи жолку окуясын сыймыктануу менен айтты дейт. - "Беларуссиянын Пружанск районундагы токойдо камандарды аңды-ып жүрөбүз. Бир убакта көрүп калып, мээлеп калдым. Так ошол маалда токойчу мага "Болбойт Курманбек Салиевич! Бул каман эмес, чочко. А чочколорду атууга бизде тыюу салынган. Айып төлөйбүз" десе болобу. Бул жактан биринчи ирээт чыксам анан олжосуз кайтып баратканымды элестетким келбей "Айып канча?" дедим "Миллион рубль" дегенинен, санадым да "Давай мен ата берейин, а айыпты төлөйм" десем, "Арыктыгын караңызчы, эмне кыласыз" деп мени башкача ыкма менен айныта баштады. Ошондон улам мен ал токойчунун жаратылышты, өзүнүн ишин сүйөөрүн билдим. (А өзүчү!?.. Жок дегенде "Канаттууларды, териси баалуу жаныбарларды атпаш керек " деген мыйзамды президент болуп турган убакта да сыйлаган эмес.) Баары бир олжолуу кайттым, бир каман аттым. Этин үйгө алып кеттим. А эртеси балык уулоого чыгып, ал күнү балыктын шорпосун ичтик... Ошондой эле силердин козу карыныңар, "пущанкаңар" абдан жакты. ("Пущанка"- беларустардын самогону). Силердин жаратылышыңар, токойуңар абдан сонун экен" деген Курманбек Салиевич. Эми токойдон башка жерге барбаса ошо да. Бирок, үй-бүлөсү Минскти аралап эле жүргөнүн айткан. Журналисттерге кайда жашаарын ачык айтпаган менен алар үйү да токойдун жанында экенин түшүнүшкөн. "Беларуссияда тилде барьер жок кандай жакшы! Мен машинада келатып көрдүм: силерде чынында баары кооз. Кызыгы, элиңер мени тааный карап жатышты" деген сүйүнүчүн койнуна батыралбай. 3-июлда Беларуссиянын эгемендүүлүк күнүнө карата боло турган майрамга сөзсүз катышаарын да убада кылган. Журналисттер менен күлүп-жайнап сүйлөшүп жаткан К. Бакиев Кыргызстандагы азыркы абал жөнүндө сөз козголгондо көз-жашы да кылып ийди дейт. Бирок, анысын билгизбегенге аракет кылып, өзүн карманып отуруптур...
- Эртең менен канчада турасыз? Күнү кечке эмне менен алектенип жатасыз?
- "Азыр мен кеч турам. Мурда саат таңкы 6-00да турчу элем. Эми 7-8де. Сөзсүз түрдө спорттук көнүгүүлөрдү жасайм. Президент кезимде бир саат машыгуу залында болчумун. Азыр да ошентем, өзүңдүн келбетиңе кам көрбөсөң болбойт да. Жаш кезимде бокс менен машыкчумун. Жана иш үстүндөгү адамдарга бокс менен машыккыла демекчимин, стрессти кадимкидей кетирет. (Официанттарга карап): Бирок, силерге болбойт! Ансыз деле буту-бутуңарга тийбей чуркап жүрөсүңөр. Мен силерди жакшы түшүнөм. Мен да чоң үй-бүлөдө чоңойгом. Үйүбүзгө конок көп келээр эле. Анан үйдүн улуусу болгондуктан баарына жардам берчүмүн. Дасторкон жасып, үй жыйнап, идиш жууп…. " Анан кайра журналисттерге берип жаткан жообун улантып: Андан соң эртең мененки тамак. Аны мурда саат 8-00 де ичсем, азыр саат 10-00до шашпай... Анан эшикке чыгам, ары-бери басам. Эгерде көңүлүм келсе азыр тамакты өзүм жасап коем. Мен даамдуу жасайм".
- Сизге беларус тамактарын даярдап берип жатышабы?
- Биз тамакты өзүбүз даярдайбыз. Көбүнчө плов, бешбармак… Эти жок тамак-мен үчүн тамак эмес. Кечээ козу карын менен куурулган картошка жеп алып, анан түнүчүндө колбаса менен нан жегени муздаткычты көздөй жөнөдүм (күлүп).

"Бизнес баштоо үчүн көп китеп окуп атам"
Күнүгө эртең менен Курманбек Бакиев сөзсүз түрдө интернетти казып жаңылыктарды окуурун айткан.
- Кыргызстан боюнча эмне болсо баарын казып окуйм. Азыр буга убакыт жетиштүү дегендей.
- Дагы эмнени окуп жатасыз?
- Белоруссия боюнча китептерди, жаратылыш боюнча китептерди, анан көркөм адабияттар. Жакында эле "Бай ата, кембагал ата" деген бир китепти үйдөн таап алып окудум. Анда бизнес боюнча жакшы кеңештер жазылыптыр. "Бай ата" "Бизнести кантип башташ керек. Кантип өнүктүрүү керек" дегенге кеңеш айтса, "Кембегал ата" "Кантип кылбаш керек" дегенге кеңеш бериптир. Кызыктуу экен.
Ушинтип биздин мурдагы президентибиз ачылып-чачылып алыптыр. Бирок, алдыдагы пландарын жашырды дейт. "Азырынча эсалгым гана келип турат" деген. А андан мурунку пресс-конференциясында "Саясат менен мындан кийин алпурушпайм. Мага өнөр-жай жана ишкердик жакыныраак" деген. Демек, жакынкы арада аны сыналгы беттеринен Беларуссиядагы бизнесмендердин арасынан көрүп калышыбыз ыктымал.
Эльмира Мадиева




  Улуулар унутулбайт

Литвада төрөлүп, Кыргызстанга өмүрүн арнаган режиссер
Кыргыз киносуна салым кошкон Альгимантас Видугирис 75 жаш курагында дүйнө салды.
Альгимантас Видугирис "Аялдарсыз эркектер" тасмасында башкы ролду аткарган Сүймөнкул Чокморов менен

Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги "кыргыз кереметин" жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу Альгимантас Видугирис узакка созулган катуу оорудан улам 25-июнда, 75 жаш курагында дүйнө салды.
1936-жылы Литванын Каунас шаарында жарык дүйнөгө келген Альгимантас Видугирис 1962-жылы Москвадагы кинематография (ВГИК) институтун аяктаган соң Кыргызстанга келип, кыргыз кереметине арбалып калган. Ошондон кийинки өмүрү "Кыргызфильм" менен тыгыз байланышта болгон. Дал ушул жерде ал ар тараптуу образдарды камтыган тасмаларды жараткан. Анын каармандары ар бир адамга жакын да, түшүнүктүү да болгон. Анын абдан көрүнүктүү тасмасы - союз убагында тартылган "Көз айнекчен бала" аттуу тасма. Өсүп келаткан жаш муундарга абдан чоң таасирин калтырып, аларды гумандуулукка үгүттөгөн абдан сонун тасма болгон. Дагы бир тасмасы бар -"Кумдагы чептер" деген. Бул даректүү тасма абдан көп сыйлыктарга татыктуу болгон. Бул тасмада жаратылыш маселеси жакшы көрсөтүлгөн. Ал эми режиссердун "Аялдарсыз эркектер" деген тасмасы Токтогул ГЭСинин курулушу жөнүндө болгон. Булардан тышкары "Күнгө кайрылуу", "Нарын күндөлүгү" жана башка тасмалары Кыргыз киносунун алтын казынасына кирген.
Альгимантас Видугиристин тасмаларында өскөн муун ынтымак, достук, улууга урмат өңдүү сапаттарды өзүнө сиңирген.
Видугирис кыргыз искусствосуна кошкон салымы үчүн "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" (1974), "Кыргызстандын эл артисти" (1982) наамдарына татыган. 2006-жылы болсо "Даңк" медалы менен сыйланган.