Жаңы ысым

Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"
Наргиза Абдраева сахнанын босогосун жаңы аттады. Элди тажаткан ырчы эмес, сагынткан, күттүргөн ырчы болсун деп тилек кылалы. Жакында эле "Жүрөгү жалын уландар" деген алгачкы ыры 7-апрелде каза болгон баатырларыбызга арналат. Ал ыр Замана студиясында көрсөтүлүп, радиолордон тынбай жаңырып аткан кез. Эмесе, жаш ырчы менен бирге сөздү уланталы.

Наргиза, чыгармачылык дүйнө сени эмнеси менен азгырды?
- Биздин үй-бүлө искусствого жакын. Менден улуу эки эжем комуз чертип, ырдашат. Алардын да уккулуктуу үндөрү бар. Апам, атам экөө тең биздин талантыбыздын көмүскөдө калышын каалабайт жана биздин чыгармачыл инсан болгонубузду жактырышат. Мен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүндө окучумун, кийин мугалимдер кеңешип, мени театр жана кино факультетине которуп коюшкан. Кесибим боюнча драмалык актрисамын.
- Демек, ырчы да, актрисалык да өнөрдү улантат турбайсыңбы?
- Чынымды айтсам, актриса болгонго караганда ырчы болгонго көбүрөөк ышкыбозмун. Жолдошум "мен сени киного тарттырам, башкы ролду ойноп, бүгүнкү күндүн мыкты актрисасы болосуң" дей берет. А менин ага көңүлүм чаппайт.
- Эмне үчүн?
- Өзгөчө актёрлордун жашоосунда өйдө-ылдый, ысык-суугу көп болот эмеспи. Киного тартылам деп үй -бүлөмө зыян келтирип алгандан корком. Эгерде ошончолук эле көңүлүмө төп келген роль сунушталып калса, анда ойлонуп көрөбүз да.
- Жолдошуң ким болуп иштейт?
- Аранжировщик-музыкант. "Кыз кезде эңсегенди кыргыздан жолуктурдум" деген Майра эженин ыры бар эмеспи. Анын сыңарындай, мен да кичинекей кезимде негедир эле "Менин күйөөм музыкант болсо, анан мага сонун дүйнөлүк классикалык музыкаларды ойноп берсе…" деп кыялданчумун. Кудай буюрса, самаганыма жеттим. Эми буюрса (күлүп) ичимдеги наристебизди аман-эсен жарык дүйнөгө апкелип алсак, башкасы кудайдын айтканы менен болоор.
- Көпчүлүк кыздарды келин болуп барары менен түйшүк басат эмеспи, сен кандайсың?
- Мен бала чагымда тепейип отуруп алып минтип ойлончумун: "кийин мен кайнатам менен кайненеме жыты буркураган ысык чайды, булоолонгон даамдуу тамак жасап, аларды идишке куюп алып сунам" дечүмүн. Кайненем азыр айылда, кайнатам болсо жолдошум кичинекей кезинде эле кайтыш болгон экен. Кайнатамдын жогуна абдан өкүнөм. Кайын журтум мени жакшы көрүшөт. Алар үйгө келатканда мен "кайнежем келетат, кайненем келатат" деп жатыркабай, өзүмдүн апамды, биртуугандарымды тоскондой эле тосуп алам.
- Мүнөз адам тагдырына чоң таасир берет дейт. Сенин кулк- мүнөзүң кандай?
- "Кой аксагы менен тогуз" дегендей, менин деле артыкчылыгым-кемчилигим жанаша жүрөт. Мени жакшы да, жаман да көрсөткөн бир сапатымды белгилесем - ал менин бетке чабарлыгым. Эгер бирөө мага жакпаган мамиле жасап же туура эмес сүйлөсө, жүзүнө карабай бетине айтып салам.
- Кудай берген өң-түсүңдү кандай баалайсың?
- Мага арык болгон жакшы жарашат. Ичке кезимде чырайыма чыгып турчу элем, азыр кичине толуп баратам.
Бак-таалайың да айдай толуп кемибесин. Бардык баштоолоруңа ийгилик каалайм.
А.Бакирова