Атактуулар ааламы

Аркы дүйнөдө жатып акча тапкандар
Адам алгач фамилиясы үчүн талыкпай иштесе, кийин фамилиясы ага кызмат кылаары шексиз. Адам кашыктап чогулткан абройдун аркасы менен кадыр-баркка жетишип келет. Ошондой атактуу адамдар өлгөндөн кийин аркасында аты калганы туруктуу кеп дечи, баарынан да кээ бир атактууларыбыздын тирүү кезинде түптөп кеткен эмгеги бүгүнкү күндө да акча таап турганы кызык. Ошентип, аркы дүйнөдө жатып акча тапкандарга төмөнкүлөр кирет.

Мэрлин Монро
1962-жылы 4-августта Американын кулагын түргөн суук кабар угулган. ХХ кылымдын секс-символу, актриса Мэрлин Монронун өлүгү өз үйүндө табылган. Анын өлүмүнө үч себеп болушу мүмкүн дешет Монрону жакындан билгендер: "Ал өз өмүрүнө өзү кол салышы мүмкүн, же ага-ини Кеннедилер өмүрүнө кол салышы мүмкүн, же болбосо дары-дармекти ашыра ичип көз жумушу мүмкүн" деп айтылып келет. Чынында эле акыркы жылдары анын өлүмүн каалаган көралбастардын саны арбын болчу дешет Монронун достору. Жогоруда саналган үч себептин экинчиси чындыкка көбүрөөк окшошот. Анткени, Кеннеди менен Мэрлин Монронун ысык мамилеси кайсы бир убакта дүйнөнү дүңгүрөткөнү көпчүлүккө маалым. Экөөнун мамилеси солгундаганда деле Мэрлин тажабай ММКларга Кеннедини жамандап, экөөнүн ортосунда эмне окуялар болгонун ийне-жибине чейин айтып бергени ойношунун жинин келтирген деген божомолдорду айткандар көп. Башынан эле Мэрлин эркектерден жолу болгон эмес өңдөнөт, анткени 8 жашында аны өгөй атасы зордуктап коё жаздаса, 11 жашында алысыраак тууганы да арам ой менен асылган. Ал эми анын экс-жолдошу Джон Ди Маджо өтө кызганчаак жана эмоциясын жашыра албаган адам болгон. Экөөнүн урушунун аягы дайыма Монронун таяк жеши менен аяктачу. Башында Мэрлиндин өлүмүн уктатуучу дарыны көп ичип алганына байланыштырса, жогорудагы Кеннеди менен болгон окуя кийинчерээк эле калкып чыккан.

Тупак Шакур
Рок сүйүүчүлөрдүн кумири Тупак Шакур тирүү кезинде аны улутчулдар жек көрүп, бут тосконго аракет кылган бир нече фактылар катталган. Гастролдоп барган жеринде сөзсүз тоскоолдуктар, элди жок шылтоо менен таратып ийишкендерин ал акыркы күндөрү катардагы көрүнүш катары карай баштаганын күндөлүгүндө жазып кеткени бар. Аны көралбагандардын саны канчалык көп болгон сайын ал ошончолук такшалып, альбомдору бир нече миллион нуска менен сатылган. Аны бийликтегилер жек көргөнү менен көчөдөгүлөрдүн сүйгөн ырчысы экенин эч ким тана албаса керек. 25 жашка чыккан рэпер машинасы менен келе жатканда беш ирет ок атылган. Бейтапканага жеткирилген Тупак төрт-беш саат реанимацияда жатып көз жумган. Бирок, Тупактын күйөрмандары анын өлгөнүнө ишене беришпейт, анткени буга бир нече себеп бар. Биринчиден, анын өлгөн сүрөттөрү эч бир жерде жок, ошол учурда көрсөтүлгөн да эмес. Рэпердин айдоочусу машинаны айдап баратканда ок атылганын, дегеле кол салуу тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. ММКлар рэперди жерге берүү салтанатын чагылдыруудан баш тартышкан, жана ал күн башка убакка (белгисиз себептер менен) жылдырылган. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, акыркы күндөрү Шакур Тупак көпчүлүктүн көңүл борборунан оолакташтын амалын көрүп келген. Мунун эң жакшы жолу өзүн-өзү өлтүрүү болчу деп эсептешет айрымдар.

Элвис Пресли
Дүйнө жүзүнө кеңири тараган Элвис Преслинин өмүрүнүн акыркы жылдары өзгөчө оор болгону баарына маалым. 1972-жылы жубайы менен ажырашкандан кийин кызы Лиза-Мари апасы менен кетип, Элвистин жашоосун жалгыздык ээлеген. Ден-соолугу солгундап, акыркы жылдары ырчы дарыга көз каранды болуп жашаган. Жаш кезинде уйкуну келтирбей турган дарыларды болушунча ичкен Элвис Пресли кийинчерээк тескерисинче уктата турган дары ичмейин жашай албай калган. Киного тартылыш үчүн бирдей салмакты кармайм деп арыктатуучу дармектерди ичип, ден-соолугун өз колу менен талкалаган. 1973-жылы октябрь айында Пресли бейтапканага жатып, узак убакытка организмин тазалаткан. Аны организми көтөрө албай 1977-жылы көз жумган. Өзү жарыкчылык менен кош айтышса да анын атагы азыр деле акча алып келүүдө. Өлөөр алдында болгон мүлкүн кызына, жубайына, ойношуна калтырып, мурас жазып кеткен. Анын акчасы менен жакындары бүгүнкү күндө да жан багып келишет.

Джон Леннон
Легендарлуу "Битлз" тобунун солисти Джон Леннондун ыйык тутканы- музыка, сүйүү, жашоо болгон. 1980-жылы 8-декабрда жубайы менен түнкү саат он бирлерде ыр жаздыруучу студиясынан келатып кылмышкерге кабылган. Эки-үч жолу ок аткан Марк Чэпмен милиция кызматкерлеринен качканга аракет да кылган эмес. Такси менен бейтапканага жеткиргени менен ырчынын өмүрүн дарыгерлер сактап калышкан эмес. Джонду акыркы сапарга узатуу салтанатында кумирлери эшигинин алдына топтолушуп, бир нече саат ырчынын репертуарындагы ырларды аткарышкан. Леон тирүү кезинде топтогон кадыр-баркы азыр өзүнө болбосо да туугандарына, жакындарына кызмат кылып келет.

Джеймс Браун
Соул-музыкант Джеймс Браун 25-декабрда 2006-жылы 73 жаш курагында көз жумган. Ак халатчандардын койгон диагнозуна караганда Браундун жүрөгү тынымсыз ооруп, ичкен дарысын көтөрө албай калган. Ал эми жакындары аны жерге берээри менен калтырган мурасы үчүн уруш-талаш уюштурушкан. Мураскерлердин катарына кирбей калган Ларонда Петит мүрзөнү каздырып, сөөгүн экспертизадан өткөрөм деген талапты койгон. Ларонда Браундун никесиз кызы. Айтылган күнү Петит атасынын мүрзөсүн ачтырып ичинен эч нерсе тапкан эмес. Анткени анын сөөгүн ага чейин эле казып кетишкен экен. Анын айтымында, атасы киши колдуу болуп өлгөн жана анын байлыгы ошол замат таланып жок болгон. Эгерде Ларонда сөөктү кайрадан экспертизадан өткөрсө атасынын өлүмүнүн чыныгы себеби аныкталмак. Азыр Джеймс Браундун бир жылдык кирешеси 5 миллион доллардан ашса да жакындары бөлүшө албай дале талаш-тартыш менен жашап келишет.

Боб Марли
1980-жылдары популярдуу болгон музыкант Боб Марлини убагында баңгизат колдонот деген жалаа менен жок кылганга умтулушкан. Марлинин ар бир кадамы көралбас душмандарынын көз жаздымынан кетпей аны ачык да, тымызын да жоготкусу келгендер көп болгону маалым. Ал эми музыкантка рак оорусун 1977-жылы Францияда футбол ойноп жүргөндө жуктурушкан. Оюн талаасынан бутунун тырмагын түшүрүп алып дароо доктурду чакыртышкан. Эки ак халатчандар келип Боб Марлиге ийне сайышкан, кийин ошол баш бармагы шишип, рак оорусуна кабылганын аныкташкан. Ал эми ийне сайган доктурларды ошол бойдон табышкан эмес. Рактын эң оор түрүн жуктурган Боб Марли оорудан кыйналып 1991-жылы көз жумган.