Ийгилик формуласы

Кайсы бир себептерден улам бир орунда көп убакыт иштей албай, жумуш ордун улам которгонду адатка айландырышкандар бар. Жумуш издөө- мындай адамдар үчүн катардагы көрүнүштөрдүн бири болуп калаары да анык. Ошентсе да "жаңы кызмат ордуна" бараарда көзгө көрүнбөгөн, бирок одоно каталарды кетирип алуулары да мүмкүн. Бул көрүнүш албетте алдыдагы ээлей турган кызматка бөгөт коёт. Эгер сиз да жаңы кызматка орношкондордун катарында болсоңуз төмөнкү эрежелерди эсиңизге түйүп алганыңыз оң.

Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
Өзүңүздү эч убакта төмөн баалабаңыз
Адатта, жумуш издегендер айлык акысын төмөн айтышат. Муну менен алар жаңы жетекчиге жакшы таасир калтырып, жумушка оңой алат деген жаңылыш ойго жетеленишет. Өз эмгегиңизди өтө жогору, өтө төмөн баалаганда сиздин талапкерлигиңиз артка жылдырылышы мүмкүн. Өзүңүздүн эмгегиңизди төмөн бааласаңыз, болочоктогу жетекчиңиз сиздин колуңуздан жакшылыктуу деле эч нерсе келбейт окшойт деген ойго жетелениши мүмкүн. Анан да, өзүнүн күчүнө ишенбей, өзүн төмөн баалагандык - адистер үчүн жат көрүнүш.

Туура жолу:
Орто бааны карманыңыз. Эгер анкетада "кайсы суммадагы айлыкка канааттанасыз?" деген суроо берилбесе жазбай деле койгонуңуз оң. Жаңы жумушка барганда өз бааңызды айтпаңыз, шарт боюнча, жумуш бере турган адам өзү биринчи айлык акыңызды сунушташы керек. Ал сунуш сизди канаттандырабы же жокпу ошондо айтасыз.

Өзүңүздү ашыра мактоо:
Кыялыңыздагы жумушту таптыңыз. Резюме талап кылган нерселерди жаздыңыз, бирок өзүңүздү ашыра мактап, колуңуздан келбеген нерсени кыла алам дегенден алыс болуңуз. Ири ишканаларда кызматкерлерди кабыл ала турган менеджер бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ал канчалык деңгээлде колуңуздан иш келээрин дароо аныктай алат.

Туура жол:
Өзүңүздүн алдыңызда чынчыл болуңуз. Эгерде резюмеңиз ашыра кооздолсо, алдыда мекеменин жетекчиси менен маектешүү бар экенин унутпаңыз. Баары бир жазылгандарды тастыктаганга туура келет.

Жумуш ордун бат-бат алмаштыруу:
Кыска мөөнөттүн ичинде бир нече жумуш ордуңузду алмаштырып ийгениңиз өзүңүзгө деле сезилбесе керек. Ат тезегин кургатпай жүргөнүңүздүн кайсы бир убакта залакасы тийиши мүмкүн. Жаңы кеңсеге барганыңызда да болочоктогу жетекчиңиз сизге көп ишеним артпашы мүмкүн.

Туура жол:
Резюмеге мурдакы кызматтардан кеткениңиздин себебин так, болгонун - болгондой жазыңыз. Сизге кезектеги жумушту ыйгара турган адам, ошол себептерге көз жүгүртүп сиздин каалооңузду эске алышы толук мүмкүн.

Өзүңүзгө өзүңүз ишенбейсиз:
Жогорку билимиңизди тастыктаган дипломдо сиздин кесибиңиз эсепчи экени көрсөтүлүп турат. Ал эми өзүңүз болсо көп жылдан бери менеджерлик тармакта иштеп келесиз. Мындай кырдаалда кайсы жумушту аркаласам деген ой кетет. Өзүңүздү жаңы тармакта сынап көрсөмбү дейсиз, бирок өзүңүзгө-өзүңүз ишене бербей такалышыңыз мүмкүн.

Туура жол:
Эки кесипти бирдей алып кеткенге аракет кылып көрүңүз. Кошумча жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн, албетте бул нерсе айлык акыңызды да көбөйтөт. Эгерде жаңы жумуштан сизге кошумча билим алууну сунушташса баш тартпаңыз.

Өтө ишенчээктик:
Жумушка орноштура турган жайларга кайрылдыңыз. Резюмеңизди таштап, өзүңүзгө ишенип жүрө берүү жаңылыш болуп саналат. Эгерде сизди жумуш таап бере турган жай жакшы кабыл алып, жылуу сүйлөсө жумуш таап беришет деп эч ким кепилдик бере албайт.

Туура жол:
Ара-чолодо жумуш караштырып, башка кеңселерге баш багып көрүңүз. Эгерде телефон аркылуу баланышып туруусун сунушташса эринбей, намыстанбай улам-улам чалып турганыңыз туура болот.

Үмүт үзбөңүз:
Дароо бара калганда эле жумушка орношо калбайсыз. Ал үчүн да көптөгөн этаптарды, кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды басып өтүш керек. Келечеги бар жумуш издеп жүргөнүңүздү эсиңизден чыгарбаңыз. Эгер сиз издеген маалда ошондой жумуш чыкпай калса, айрымдар кайсыл жумушка туш болсо кирип кете беришет.

Туура жол:
Үмүтүңүздү акырына чейин үзбөңүз. Балким сиз издеген жумуш бүгүн туш болбосо, эртең алдыңыздан чыгаар…шашмалыкка алдырып, өзүңүз каалабаган жумушка убактылуу иштегенден көрө, чыдамкайлык менен кыялыңыздагы кызматты күтүңүз.

А. Сабырова




  Азыр иштеп жаткан жумушуңуз канчанчысы?

Кандай эмгек акы сизди канааттандырат?

Канат Кадыржан, ди-джей:
- Мен учурда эки-үч тармакта иштеп жаткандыктан, ал жактан алган эмгек акыларым мени канааттандырат. Эгер бир эле тармакта иштесем анда ойлонуп көрмөкмүн. Кайсы жерге жумушка орношкону барба, билимиңе, иштеген тажрыйбаңа карашат эмеспи. Менин азыр тапкан акчам өзүмө жеткендиктен, бул маселени ойлонуп деле көрбөптүрмүн. Ошондуктан "мынча акча мага жетет" деп так айта албайм.


Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
- Мен 15 жашыман бери иштеп келе жатам, кылбаган жумушум калган жок. Азыркы жумушум канчанчысы экенин да так айта албайт экенмин, анткени буга чейин көп эле жерде иштеп келдим. Мм…эмгегиме канча акча сурамакмын?.. Эгерде мени жумушка чакырышса эмгегимди 3000 долларга бааламакмын. Мага ушунча акча күнүмдүк тиричилигиме, үй-бүлөмдү бакканга жетет. Бирок, азыркы алган эмгек акыма деле нааразы эмесмин. Тапканым Кудайга шүгүр өзүмө, бүлөмө жетип жатат.


Азамат Эркинбаев, ди-джей:
- Мен буга чейин көп эле жерде иштегем. Студент кезимде биринчи курста базарда соода кылчумун. Андан кийин кафеде официант болуп иштедим. Атамдын фирмасында да иштеген учурум болду. Анан радиого келдим, айтор иштеген жеримди санап отурсаң көп эле. Эгерде менин көңүлүмө жумуш жакса, анда айлык акысына карабайм деле. Мага эң негизгиси иштеген ишим көңүлүмө төп келсе болду.


Назира Айтбекова, телеалыпбаруучу:
- Эң биринчи эмгек жолумду Хит- Параддан баштадым, андан кийин "Ала-Тоо" маалымат берүүсүндө иштедим, Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин маданий тармагында эмгектенип жүрдүм, анан "Бравого" чакырышты. "Браводон" кийин Түрк телевидениесинде иштеп жүрдүм. Негизи акчанын көп эле болгону жакшы да. Мисалы, Кыргызстанда орточо айлык акы 200-300 доллар эмеспи, бирок мага бул сумма жетпейт. Мени жумушка чакырышса аз дегенде эле эмгек акымды 500 долларга бааламакмын. Ал эми чет мамлекеттен сунушташса, андан көбүрөөк сурамакмын.