Саламат плюс

Ар бир адам өз каалоосуна жетүүгө толук мүмкүн. Ага эмне керек? Каалоо, убакыт бөлүү жана темирдей бекем эрк менен аткаруу. Бүгүн биз эл ичиндеги айрым адамдардын суроолоруна адистерден жооп алып берүүгө аракет кылдык.

Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"
- Аялзаты бир нече жол менен бойго бүтүүдөн сактанышат. Айрым айымдар спираль менен узак убакытка чейин жүрө беришет. Бул зыян эмеспи?
- Эгер суюктук келсе тартип боюнча спиралды алып салуу керек. Баары жайында болсо спиралды 4-5 жылга чейин койдуруп жүрө берсе болот. Андан кийин 2-3жыл эс алып, кайрадан салдырып алса болот.
- Төрөй турган аялдардын эрозиясын күйгүзүү жолу менен дарыласа кийинки төрөтүнө зыян болуп калбайбы?
- Төрөй турган аялдар үчүн эрозияны күйгүзгөн зыян апкелиши мүмкүн. Эрозия менен ооруп атып, жакын арада балалуу болууну пландап аткан болсо, күйгүзбөш керек. Себеби, төрөгөндө шейканын оозу ачылбай кыйналып калышы мүмкүн. Айрыкча чоң эрозияны күйгүзгөндө.
- Аялдардын жатынындагы рак, миома оорулары эмнеден пайда болот?
- Жатындагы шишик гормондук, эндокринологиялык бузулуштан жана көп аборт жасаткандан, суук тийгенден болушу мүмкүн. Бирок, миомадан коркпош керек. Анткени, бул оору аялдардын организмине көп зыян апкелбейт. Ал эми рак оорусунун да себептери көп. Мисалы, матканын рагын алалы, эрте жашта жана көп түрлүү адамдар менен жыныстык катнаш жасагандан, көп убакыт бою гормоналдык контрацептив ичкендерде, өтө жаш төрөгөн аялдарда бул оору көп кездешет.
- Жеке клиникаларда боюнан алдырган соң, жакшы тазаланбагандыктан кан токтобой, кансырап каза болгондор кездешүүдө. Мындай болбош үчүн кандай чара көрүш керек?
- Негизи бойдон алдырарда бүт текшерилүүдөн өтүш керек. Эгерде суюктук келип, сезгенүү (воспаление) болсо, алгач аны жакшылап дарылаган соң гана абортко уруксат болот.
- Аборт жасатып келээри менен кайра эле бойго бүтүп калышы мүмкүн да?..
- Аборт жасалган аялдарга атайын лекция окуйбуз. Аборттон кийин жок дегенде 6 айга чейин бойго бүтүрбөш керек. Эгерде бойго бүтүп, анан ал кокус түшүп калса, түйүлдүктүн токтобой түшө бергени өнөкөткө айланып кетиши ыктымал.Ошондуктан гормоналдык таблетка менен сактануу керек. Жаштар түшүнбөй, семиртет деп, аны пайдалангандан качат. Азыр салмак кошпой турган таблеткалар чыгып калган.
- Ал эми ден соолугу чың бала төрөш үчүн эмне кылыш керек?
- Балалуу болууну пландаш керек. Буга кыргыздар маани бербейт. Орустар алдын ала дарыланышат. Балалуу болууну каалаган аялзаты дарыгердин көзөмөлүндө текшерилүүдөн өтүшү керек. Анализдерин алган соң инфекция бар, жок экени аныкталат.
- Энедеги инфекциялар балага кандай таасир берет?
Энеде инфекция болсо түйүлдүк өлүшү, же бир органынан порок (кемчил) болуп төрөлүшү мүмкүн. Же ара төрөлүшү мүмкүн. Наристе жакшынакай төрөлсө да кийинчерээк итий ж.б. ооруларына кабылышы ыктымал. Демек, инфекция наристелердин коркунучтуу ооруларынын башаты.
- Эне канча жашка чейин төрөп бүтүш керек?
- Энелердин 35-36 жашка чейин төрөгөнү жакшы. Анткени, ушул куракта көпчүлүк кыз-келиндердин ден соолугу чың болот.
- Боюнда бар кезде эне өзүнө кандай кам көрүш керек?УЗИге көп түшкөн зыян дешет. Ушул чынбы?
- Бойго бүткөн биринчи күндөн баштап аялдар өздөрүнө өзгөчө көңүл бөлүш керек. Кош бойлуу убак баланын ден соолугу үчүн өтө маанилүү мезгил болуп эсептелет. Бул маалда зат алмашуу бир кыйла күчөп, түйүлдүк ургаалдуурак өөрчүйт жана ал башка маалдагыга караганда ооруларга оңой жана бат чалдыгат. Биринчи мезгил- бойго бүткөн соң 7-14-күндөргө туура келет. Бул маалда тышкы чөйрөнүн бүлүндүргүч таасиринен мисалы, ысып кетүү же кислороддун жетишсиздиги өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчи мезгил - кош бойлуулуктун 3-6- жумаларына туура келет. Бул маалда түйүлдүк ооруга чалдыкса ал өлүп калат же ар кандай тубаса оорулардын пайда болушуна апкелет. Мына ушул маалда УЗИден көп өтсө түйүлдүккө зыян келиши мүмкүн. Түйүлдүк 3 айдан өткөн соң УЗИнин зыяны жокко эсе. Суусунун көп же аз экенин, түйүлдүктүн өспөй калганы өңдүү оорулардын аныктамаларын УЗИ аркылуу билип алабыз.
- Эненин бөйрөгү ооруса ал оору балага да өтүп кетиши мүмкүнбү?
- Эненин бөйрөгүнүн оорусу балага да өтүп кетет деген туура эмес. Бирок, бөйрөгү ооруган кош бойлуу энеден ден соолугу начар балдар төрөлүшү мүмкүн. Ошол себептен боюнда бар аялдарды өз убагында текшерип, анализдерин алып, уролог менен бирдикте мамиле кылабыз.
- Көп төрөгөндө аялдардын жыныстык мүчөсү чоюлуп кетет дейт. Муну операция жолу менен кичирейтүүгө болот дешет. Ушул чынбы жана бул операциянын зыяны жокпу?
- Көп төрөгөн аялдардын же салмагы чоң бала төрөсө жыныстык мүчөсү чоюлуп кетет. Албетте, ал көпчүлүк аялдар үчүн жагымсыз көрүнүш. Аны пластикалык операция менен кичирейтсе болот. Каалоого жараша, төрөтү бүткөндөн кийин. Бул операциядан кийин аялдар өздөрүн жакшы сезип калат.

"Дүйнөдө сулуу эмес аял жок, жалкоо аялдар бар" деп эң туура айтылган. Кыргыздар кызды барктап-сыйлаганы менен катар эле, моюнга албаганыбыз менен кыз төрөлсө сүйүнбөгөн жагдайлар көп эле. Жыйынтыгында ата-энеси, биртуугандары сүйбөгөн кыз чоңойгондо, өзүнө ишенимсиз, чечкинсиз аял болуп калышы мүмкүн.
Сиз кантип ишенимдүү жана чечкиндүү боло аласыз?
1. Өз келбетиңизди, өң-түсүңүздү эч жерибеңиз. Анткени, ал - сиз! Башкалар аны кандай кабыл алат, ага баш оорутпаңыз.
2. Сиз өзүңүздү кандай сезип турсаңыз, (Сулуу же жагымсыз. Толук же арык) өзгөлөр да сизди дал ошондой кабыл алат. Жаныңыздагылар сизди кандай бааласа - ал сиздин өзүңүзгө болгон ойлоруңуздун көчүрмөсү.
3. Бардык учурда эң биринчи өзүңүздү ойлоңуз. Анан ата-энеңиз менен балдарыңызды жана жарыңызды. Эч качан акыркысы болбоңуз. Анткени, сиз бар үчүн алар бар. Баары сизден башталат.
4. Өзүңүздү эркелетиңиз. Кантип? Жактырган буюм, кийим-кече же таттууларды өзүңүздөн аянбай сатып алыңыз. Бул кадам сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңизди арттырат.
5. Эркин болуңуз. Уктагыңыз келсе уктаңыз. Сейилдегиңиз келсе, сейилдеңиз. Жан дүйнөңүздү кыспаңыз. Анткени, ал - сиз!




  Чынара Байбосова, врач-диетолог:

"Врачтын көзөмөлү менен диета кармаш керек"
- Азыр жай келип көпчүлүк айымдар арыктаганды каалашат. Айрымдары БАДЫ, "Бомба", кытай кофеси өңдүү арыктаткан дары-дармектерди үй шартында колдонуп атышат. Алардын ушундай аракеттеринен майнап чыгабы?
- Арыктаганга миллиондогон дарылар, бадылар, чайлар чыккан. Булардын баарына ишенип алып оңой жол менен арыктаганды каалагандар абдан көп. Ушундай ишенчээк, жалкоо адамдарды пайдаланып, андан бизнес жасагандар абдан көп. Ошон үчүн адам дарыга эмес, өзүнө ишениш керек. Арыктаганды каалаган адам эки жол менен өз максатына жетүүгө болот. Биринчиси - туура тамактаныш керек. Экинчиси - туура кыймылдаш керек. Азыр биз көп кыймылдабайбыз. Эң жөнөкөй мисал - телевизорду пульт менен башкарабыз, машина менен жүрөбүз, компьютерде көп отурабыз. Ушунун баары салмак кошконго шарт түзөт. Адам 1 айда 300гр салмак кошсо да ал 1 жылда оор салмакка айланып кетет.
- Демек, ал дарылардан тескери натыйжа чыгышы мүмкүн турбайбы?
- Сөзсүз түрдө врачтын көзөмөлү менен диета кармаш керек. Антпесе зыян болот. Мисалы, башы, ашказаны оорушу мүмкүн. Же уйку бездери бузулушу мүмкүн. Биз диетаны алгач, кадимкидей эле анализ тапшыруу жолу менен баштайбыз. Ал адамдын балким бөйрөгү, балким жүрөгү же ашказаны оорушу мүмкүн. Мисалы, жүрөгү ооруган адамга катуу чуркаганга, ал эми ашказаны ооруса көпкө чейин ачка калганга болбойт. Үй шартында диета кармагандын жаман жагы - ал адам өз организмине кандай мамиле кылышты толук билбеши мүмкүн. Ошон үчүн врачтын кеңеши менен болгон жакшы. Мисалы, көпчүлүгү арыктайм деп, күнүмдүк тамагын токтотуп, 10-15 күн ачка болушат. Организм ачка болгондо өзүндөгү запастарды керектей баштайт. Ал түгөнгөндө адам ачкалыкка чыдай албай, кайра тамак жеп алат. Натыйжада мисалы, бир айдын ичинде 5 кг га арыктаса, тамак жеп алган соң 10-15 кг га толуп кетиши мүмкүн.
- Ал эми толууну каалагандар үй шартында өзүнө кандай мамиле кылыш керек?
- Толук адамдын арыктаганына караганда, арыктардын толушу оор болот. Толуш үчүн эт, балык, быштак, сыр өңдүү белогу көп тамак-ашты көп жеш керек. Экинчиден, богок оорусу менен оорубаш керек. Эгерде богок оорусу бар болсо, аны айыктырмайынча эч качан толо албайт. Толгусу, арыктагысы келгендер да, дегеле бардык адамзаты жылдын төрт мезгилинде улам жаңы чыккан жер-жемиштерден калып калбай сөзсүз жеш керек. Ар бирибиз ошондо гана сөөктөрүбүз бекем, ден соолугубуз чың жана сулуу болобуз.
- Арыктагысы келгендер жогорудагыдай дарыларсыз эле табигый жол менен арыктаса болобу?
- Эч жери оорубаса, дени таза болсо албетте табигый жол менен салмак таштаса болот. Бирок, организмге оордук келтирбеш керек. Кээ бирөөлөр эртең мененки тамакты иче албайт, анткени ал уктаардын алдында абдан тоюп алган. Ошол режимди өзгөртүп, кечки тамакты саат 8ге чейин ичип, андан кийин айран ичип же жер-жемиш жеш керек. Арыктагандын да, толгондун да эки гана жолу бар, ал - туура тамактануу жана туура кыймыл.


Афина Бакирова