Миң түркүн

Сыра - сүйүп ичкен суусундуктардын бири. Күнүмдүк тиричиликте айрымдарыбыз күнүгө бир кружка ичмейин тура албасак, кээ бирибиз оозубузга алгыбыз келбейт. Айрым адистер сыраны ден соолукка пайдалуу дешсе, көбү зыянынан башка пайдасы жок деген ойдо жүрүшөт. Айтор сыранын тегерегинде талаш-тартыштар арылбай келет. Эгерде сиз сыра сүйүүчүлөрдүн катарын толуктасаңыз, анда төмөнкү маалыматтарга көз жүгүртүңүз.

Сыранын айрым сырларынан
Сыранын пайда болуу тарыхы
Тарыхчылардын айтымында, биздин доорго чейин жети миң жыл мурда Вавилондо арпа менен буудайды аралаштырып сыраны алгачкы жолу жасашкан. Андан кийин сыра жасоо өнөрү Байыркы Египетке, Персияга, Кавказга жана Европанын түштүгүнө өткөн. Байыркы Вавилондун башчысы Хаммурапи сырага байланыштуу төмөнкү мыйзамдарды иштеп чыккан:
Эгерде сыра жасагандар (ал кезде жалаң аялдар жасачу) сыраны нандын баасынан арзан сатса, анда ага карата атайын жазалар колдонулчу. Айрымдары сатуучуларды өлүм жазасына да тарткан учурлар кездешет.
Эгерде сапаты начар же суусундук өңдөнгөн супсак сыра сатылса анда сатуучу ошол өзү сыра саткан бочкага тумчуктурулуп же жарылгыча сыра берип өлтүрүшкөн.
Англияда IV кылымда (биздин доорго чейин) сыранын 19 түрүн даярдашкан. Бардык өлкөдө сыраны алгач аялдар даярдашкан, кийинчерээк соода кылууга сыра ыңгайлуу экенин түшүнүшкөн эркектер бул "кесипти" өздөрү өздөштүрө башташкан. Анткени, ал кезде соода кылуу аялдар үчүн жат көрүнүш болгон.
Болжол менен 1250-жылы фараон Рамзес II сыраны колдонууга чек коюунун аракетин көргөн. Соода кылган дүкөндөрдү, сыраканаларды жапканга да туура келген. Сыраны колдонууну тыйган сайын элдердин арасында бул суусундук суроо-талапка ээ болуп, ал эми сыра жасаган адамдар кадыр-барктуу болушкан. Булардын кесибин даңазалаган статуялар ушул кесиптин ээсинин мүрзөсүнүн үстүнө да коюлган фактылар катталган.
Сыра сүйүүчүлөр тууралуу
Англиялык Питер Даудсвелл 7-февралда 1975-жылы "Кэрридж Хорс" мейманканасынан 2 литр сыраны 6 секундда ичкен.
Жыйырма жылдан бери ашпозчу Мидер жеткирген рекорду эч ким буза албай келет. Ал Япониядан он жарым литр сыраны үч мүнөттүн ичинде түгөткөн. "Империал" мейманканасында ашпозчу болуп иштеген кезде бир күндө сегиз литр сыра иччү экен. Өзүн ал тамаша-чын аралаш "сыра куйган бочке" деп атачу.
16 литр сыраны 50 мүнөттүн ичинде франциялык А Маффи ичкенге үлгүргөн.
Чехтердин Свитава шаарында 30 кишинин башын бириктирген конкурс жыл сайын өткөрүлөт. 24 сааттын ичинде 765 жарым литрлик кружка сыра ичилген. Бирок, алардын кубанычы көпкө созулган эмес, анткени, рекорду варшавалыктар коюшкан. 30 адам 12 мүнөттүн ичинде 400 литр сыраны түбүнө түшүрүшкөн. Бул рекорд сыра сүйүүчүлөрдүн майрамында коюлган.
Чехия менен Словакиянын эли сыраны бирдей жакшы көрүшөт. Башка өлкөлөргө караганда ушул эки мамлекетте сыра ичүү жагынан астына ат чыгарбагандар арбын.
1947-жылы америкалык жазуучу Менкен канадалык компания менен келишим түзгөн. Китебин экрандаштыруу үчүн компания авторго ай сайын эки жашик сыраны Менкендин өмүрүнүн акырына чейин бекер ташып турушкан.
Лондондогу эң ири сыраканалардын бири жыл сайын сыра сүйүүчүнү тандап атайын белек ыйгарышат. 1991-жылы бул наамга Харриет Брукс татыктуу болгон. Анткени, ал он сегиз жашынан бери күнүгө бир литрден сыра ичкенди адатка айландырган. Сыракананын эсеби боюнча 73 жашка чыккыча Брукс 70 тонна сыра ичиптир.
Отуз үч жаштагы Джек Манаку сыра ичүү боюнча рекорд коём деп жашоосу менен кош айтышкан. 77 кружка сыраны организми көтөрө албай, ошол турган ордунда көз жумган.
Эркектер сыра
ичкен айымдарды жактырышат
Ушундай кызыктуу теманын тегерегинде Улуу Британиянын окумуштуулары суроо жүргүзүшкөн. Көрсө, сыраны жакшы көргөн айымдарга эркектердин да көз карашы башкача экен. Эркектердин көбүнчөсү колуна кружка кармаган айымды көргөндө анын жашоодо эч кимден көз карандысыз экенин, өзүнө-өзү ишенген айым экенин аныктай алышат. Анан да сыра ичкен айымдар эркектердин көзүнө бөтөнчө сексуалдуу көрүнөт экен. Сыраканага кирген эркек вино же коктейль ичип отурган айымга караганда сыра ичип отурган бийкечти сөзгө тарткысы келээри аныкталган.
Ал эми айымдарга кайрыла турган болсок, тескерисинче сырадан баштарткандардын саны арбын. Анткени колуна кружка кармап турганда өздөрүнүн аялзатына тиешелүү назиктигин жоготуп коюшкандай сезимге кабылаарын жашырышпайт. Ошондуктан биринчи жолугушууда, канчалык каалашса да сыраны ичишпей ички каалоосун күч менен тыйып турганга аргасыз болушат.
Кызыктуу фактылар
1. Сыранын эң көп этикетин чогулткан адам Ян Олберг Норвегиянын Осло шаарынын тургуну. Анын коллекциясында 350 миңден ашык этикет бар.
2.Сыранын кружкасынын алдына коё турган тактайчаны чогултуу боюнча рекорд койгон адам Венанын тургуну Лео Пискер. 140 миң подставканы 155 мамлекеттен таап чогулткан. Андан да кызыгы, Лео сыраны жакшы деле көрбөйт жана сыра ичпейт.
3. 1980- жылы Норвегиядагы популярдуу "Пилснер" сырасынын кубаттуулугу 4,5% дан 3,2% га азайтууну чечишкен. Сыра сүйүүчүлөр нааразы болуп маселени Норвегиянын парламентине кароону сунушташкан.
4. 1973-жылы Данияда болуп көрбөгөндөй күн ысыган. Сыра чыгаруучу "Туборг" менен "Карлсберг" заводдору тынымсыз иштешип, мамлекеттин казынасын толтурушуп, каржы министрин кубантышкан.
5. Көпчүлүк зерлер алмаздын нукура же жасалма экенин текшериш үчүн сырага салып көрүшөт. Англиялык геологдордун айтымында, алмазды сырага салганда гана чыныгы сапаты көрүнөт.
6. Гамбургдагы соодагер "Сыранын 131 түрү" деген компаниянын ээси соодасын өнүктүрүүнүн жакшы жолун өздөштүргөн. "Пин ап бир" деп аталган сыранын бөтөлкөсүнүн сыртында сулуу кыздардын сүрөтү тартылган. Эгерде ал сүрөттү кырса кыздын жарым-жылаңач денеси көрүнөт. Бул сырага кызыккандар көп, кардарлардын теңинен көбү албетте эркектер.
7. Сыраны чыгаруучу эң байыркы компания "Вайенштефан" деп аталат. Ал Германияга жакын жерде 1040-жылы курулган.
8. Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү сыра "Роджер энд Аут" деп аталат. Улуу Британиядагы "Фрог энд Парротт" компаниясы аталган сыраны 1985-жылдан бери чыгарып келет. Анын курамында 16,9% алкоголь бар. Ал эми тескерисинче алкоголдук курамы(0,2%) аз сыра 1918-жылдары популярдуу болгон.

Мырзайым Мусаева