окумал

Сен жана мен
Ичинен канча кыйылып жибергиси келбей турса да, Дуулат кызга "Барбай эле койчу, мен сени алакачып кетишпейби деп жүрөкзаада болуп турам" деген оюн батынып айта албай койду. Ал жаман ойдон өзүн-өзү алаксытмакка өткөн-кеткендерин эстеп айтып, кызды күлдүрүп,көңүлдүү олтурушту. Көздөрү күлмүңдөп, барбалаңдап сүйлөп жаткан жигиттин көңүлүнө көлөкө түшүрүп, кандай ой-санаага малынып олтурганынан эч сыр албаган Сүйгөн өзүнчө бактылуу. Жигиттен көзүн тартып ала албай, суктана жал-жал тиктеп "Сүйлөгөнүң, каткырып күлгөнүң да кандай жагымдуу!" деп ичинен жакшы көрүп олтурду.
Күн кечтеп калганда жатаканага чейин узата келген Дуулат кыздын чекесинен аяр сүйүп:
- Таластын күлчөтайынан көп-көп жеп, сыйын көрүп, жакшы эс алып кел. Бирок, сени күтүп, сагынып калган бир адам бар экенин эсиңден чыгарбай эртерээк келсең ээ? - деди. Кыз жатаканадагылардан бирөө-жарым көрүп койбосо экен дегендей Дуулаттан өзүн оолак кармай, уялыңкы баш ийкеди да жылмая коштошуп кирип кетти.
Жүрөгүнө сүйүү уялаган кыз ажары ачылып, көздөрүнөн нур төгүлүп, бөтөнчө кыялкеч, наздуу болуп өзгөрдү.
- Кандай бактылуусуң Сүйгөн! - деп көп кыздарды тымызын суктантып, Дуулат менен сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүштү.
- Күндө сени көрүп, өөп алып анан жумушка барайын деп жүрүп, үч жолу жумуштан кечиктим. Көрбөй кетсем күнү бою ойлой берип, иштен алагды болом. Мындай жашоо болбойт. Үйдөгүлөргө кат салып жибердим, кеттик алтынчы күнү айылга, - деди бир күнү Дуулат эртең менен кызды университеттин алдынан күтүп алып. Кыз кылыктанып "ойлонуп көрөйүн" деди жылмая.
- Алтынчы күнгө чейин ойлонуп, оокат-кечеңди камдап, дайын болуп тур. Болбосо, ак көйнөк кийгизбей эле алакачып кетем, кийин мага ыйлактаба, - Дуулат кызды кучактап көздөрүнөн өөп алып жүгүрүп кетти. - Сабактан чыккандан кийин кыздарың менен өзүңө жаккан көйнөк караштыра бер ээ?
Бир бүтүнгө айланалы деген бүтүмгө келген эки жашты шаардан дос-курбулары узатып, эстеликке деп сүрөткө түшүп, "өчпөс отко" гүл койгону барышса, ошол учурда эмнегедир от жок экен. Бакытка балкып, махабатка мас болгон эки жаш анда аны элес алышкан эмес. Кийин Дуулаттан айрылып калганда Сүйгөн "экөөбүз үйлөнгөндө "өчпөс оттун" оту күйбөй турган болчу" деп ойлой калып жүрдү.
ххх
Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дегендей, дарбазанын оозуна токтогон машинага калдастап, кучагын жая жете келген тамылжыган кызыл жүздүү кемпир баш багып "Кимиң келинимсиң?" деп алып, ортодо ак көйнөкчөн, башын төмөн салып олтурган Сүйгөндү көрүп, дароо эле эки бетинен чопулдатып өпкүлөп, сөөмөйү менен жанындагы келиндин колундагы чыныдан сары май алып оозантты. Андан соң чачыла чачылып, үйгө баштап кирди. Сүйгөн бул кайненеси экенин түшүнүп, ичи жылып, көздөрүнөн жаш куюлду.
- Балакетиңди алайын десе, аарчылган чийдей үлбүрөгөн кыз турбайбы. Астындагы жер төшөгүн калыңдатып салып бергиле, үй салкын үшүп калбасын. Ыйлаба тегеренейин, жаман жерге келген жоксуң. Башыңдан бак кетпей, алганың менен тең кары. Көшөгөң көгөрсүн! Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн! - деп күбүрөнүп сүйлөнгөн эне чекелери саймаланып кооздолгон чоң байлам ак жоолукту башына салып, чекесинен өптү.
Сүйгөн ыйласа коштоп келген курбулары да кошо ыйлап, босогодо туруп калышканын көргөн үйдөгү келин-кесектер:
- Ийе кокуй, келинибиз ыйлаганы түшүнүктүү, бул конок кыздар эмне ыйлайт? Босогого турбай көшөгөгө өткүлө. Ырас, өздөрү эле келген жакшынакай кыздар экен, колдон чыгарып ийбей ылайыктап көрүп, өзүбүздүн эле айылга алып калсакпы? - деп тамашалай күлүп калышты. Экөө аны угуп тып басылышты. Ансыз деле Дуулаттын жолдоштору жолду катар тамашалашып:
- Дуулат, Сүйгөндүн эки курбусун сага аяш кылып берсекпи? Бүгүн сенин тоюң өтсө, эртең биз улантсак кандай жакшы, - деп келатышкан.
- Жакшы болот эле го… - деп Дуулат да аларды коштой, Сүйгөнгө акырын көз кысып, Айжан менен Жийдени аябай чычалатышкан болчу. Эми болсо… "Чын эле алып калышпасын" дегендей экөө элеңдеп, шыбыраша сүйлөшүп, көшөгөдөгү Сүйгөнгө ыктап отуруп калышты.
- Ботом, баарың жарданып жаш немелерди уялтып карап туруп албай, чайыңарды алып келбейсиңерби? Тамагыңар бышты беле? Алыс жол жүргөн немелердин өзөгү карарды да. Дуулатты балдары менен чакыргыла, чогуу-чаран тамактанып алышсын. Келин үшүп калбасын. Үстүнө жемпирин, бутуна тапичкесин кийгиз, Кымбат, - деген эне кайрылып кирип келип, улуу келинине кошуп, калган келиндерди да тескеп алды.
- Ай-ий апа, мен келгенде минтип үйрүлүп түшкөн эмес элеңиз го? - деди Кымбат оюн-чындан кайненесине таарыныч кыла.
Узун жол-жол сызык халат кийип, жоолугун чытырата байланган толмоч, сулуу-чумак сары келин:
- Сен келин болуп келгенде Бүкү апамдын жашыраак кези. Анын үстүнө сен шаарда окубаган эле, айылдаш аяшынын онду бүткөн сары кызы элең. Анан да Эрмек ким, Дуулат ким? Дуулат деген келечектеги генерал, көкүрөк күчүк, - десе баары жапырт күлүп калышты.
- Ой тиригиңди көрөйүн, "Бүкү апам деп…" Бүкүнү айткан соң, апасын тим эле койбойсуңбу деп канча айтам ушу келинге?! Шашпа-а, сен да бир күнү мендей кемпир болоорсуң… Буларды шарактатып эле күлдүрүп койсо! Тургула эми алдыңа кетейиндер, сырттагы оокатыңарды кылып, келген элге чайыңарды тыңыраак берсеңер, - деп, үнү өктөм чыкканы менен, жүрөгүндөгү сүйүнүчүн жашыра албай, жүз бырыш баскан жүзүнөн мээрим төгүлүп, кубанычтан толкуп-ташып турганын баары эле байкашты.
Жоолукту бүркөй салынып олтурган Сүйгөн мунун баарын укту. Жылмайып да алды. Демек, жанакы үн улуу абысынымдыкы экен да деп ойлоду.
Жийде да Сүйгөндүн оюн окугандай:
- Абысының эмитеден эле атаандашып баштады го ? - деди шыбырай.

(Уландысы кийинки санда)