Жакын туруп алыспызбы?..

Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
Гүлзинат
Бактысын башка улуттан тапкан ырчы кыз Гүлзинат Суранчиева жолдошу Ралистин сүйүктүү жары, Рузананын мээримдүү энеси. Аялын күйөөсүнөн, күйөөсүн аялынан артык эч ким билбесе керек. Бүгүн биздин рубрикабыздын коногу Гүлзинат менен Ралис болду. Күнүмдүк тиричиликтен алынган суроолор менен түгөйлөр бири-бирин канчалык деңгээлде жакшы билээрин сынадык.


Жолдошу Ралиске суроолор:
1. Кандай түстөгү помада менен көп боёнот?
Р: Күлгүн түстү көп колдонот, кээде кызыл түс
Г: Көзүмдү кандай тень менен боёсом ошого түспөлдөшкөн помада колдоном.
2. Сизге жини келгенде канча убакыттан кийин сүйлөйт?
Р: Чанда эле жинденет, тултуюп сүйлөбөй калат.
Г: Таарынтканына жараша болот….(күлүп). Ралис өзү көңүлүмдү алып, таарынычымды жазат.
3. Жакшы көргөн кафеси же эс алуу борбору?
Р: Биз көбүнчө түр ашканасына көп барабыз, "Юса" кафесин жакшы көрөт.
Г: Чыгыш ашканасын жактырам, "Фаиза", "Юса" кафелери жагат.
4. Репертуарында канча ыр, клип бар?
Р: 18 ыр, 5 клип болсо керек
Г: 20 жакын ырым, 5 клибим бар.
5. Кайсыл өлкөдө эс алууну кыялданып жүрөт?
Р: Италияга барууну кыялданып жүрөт
Г: Франция, Италия
5. Акыркы жолу төркүнүнө качан барды эле?
Р: Бир айдай болуп калды го
Г: Акыркы жолу барганыбызга 25 күндөй болуп калыптыр.
6. Акыркы фотосессиясын качан кылды эле?
Р: Майда фотосессиясын жакында эле кылып жүргөн, бир жыл мурда жакшы фотосессия кылганы эсимде.
Г: 2-3 ай мурда кылгам фотосессиямды.
6. Кызыңызды эмне деп эркелетет?
Р: Солнышко деп эркелетет.
Г: Күчүгүм деп эркелетем көбүнчө.
7. Үйгө кандай буюмдарды алганды жактырат?
Р: Көбүнчө идиш-аяк ала берет
Г: Жүк жапкыч, шейшептерди бат-баттан алмаштырып турганды жакшы көрөм. Көңүлүмө жаккан идишти да кыя өтпөйм.
8. Үйүңүздө канча чака гүл бар?
Р: 14-15 чака болсо керек
Г: 16-17 чака гүл бар.
9. Курбу кыздары менен канча убакытта бир жолугат?
Р: Бир ай мурда жолугушкан, дагы жолугушаар маалы болуп калды го.
Г: Курбулар менен шеринебиз бар, дагы жакында чогулабыз го. Бир айда бир жолу кезигишип турабыз.
10. Кайсы атырды жактырат?
Р: Таттуу эмес, башкача назик жыттарды жактырат
Г: Көбүнчө атырды жолдошум сатып берет, "Шанелди" көбүрөөк жактырам.




  Икая

Кимдин күнөөсү көбүрөөк?
Эки аял акылмандын алдына келет. Бирөөсү жаш кезинде ала жипти аттап, бир топ жыл өтсө да күнөөсүн эстеп, ичинен өзүн-өзү кемирип жүргөн болот. Экинчиси деле көп күнөөлөрдү кетирсе да маани бербей, өзүн ишенимдүү алып жүргөнгө үйрөнгөн. Акылман экөөнүн жашоосун сурап эмне күнөөлөрү бар экенин тактайт. Биринчиси, көзүнүн жашын төгүп, жолдошунун көзүнө чөп салганын айтат. Экинчиси, андай деле чоң күнөөлөрдү кетирбегенин билдирет. Акылман биринчисине:
- Азыр мага чоң таш алып кел, ал таштын көлөмү өзүң көтөрө алгыдай болсун!-деп, экинчисине: - Сен болсо мүшөккө канча тере алсаң ошончо майда таш терип кел - дейт. Бирөөсү чоң таш, экинчиси мүшөккө майда таштарды толтуруп алып акылмандын алдына келишет, анда акылман:
- Эми алдагы алып келген таштарыңарды ордуна алып барып койгула да мага келгиле-деген тапшырма берет. Биринчиси көтөрүп келген чоң ташын заматта эле ордунан алып барып коёт. Ал эми экинчиси мүшөктөгү таштарды кайра көтөрүп келип: "Ордуларын таппай койгонун" айтат. Ошондо акылман:
- Көрдүңөрбү, -дейт биринчисине кайрылып, - сен өз күнөөңдү билип, дайыма аны эстеген сайын өкүнүп, ал катаңды кайталабай келдиң. Ташты да алган жериңди унутпай кайра ордуна койгонуң - күнөөңдү унутпаганың. Ал эми сен, -дейт экинчисине кайрылып, - кылган майда күнөөлөрүңө өкүнбөй, артыңа кылчайып карабай жашап келдиң. Ошон үчүн бул жашодо канча күнөө кетиргениңди да билбейсиң, майда күнөөлөр сен үчүн кадимкидей көрүнүш болуп калган. Майда таштардын ордун таппаганың - бул жашоодо канча майда күнөөлөрдү кетиргениңди эстей албаганың…- дептир.




Гүлзинатка суроолор:
1. Эртең менен канчада турат, тамак берип узатасызбы же өзү ичип кетеби?
Г: Жумуш күндөрү 7.30 да турат, эс алуу күндөрү 10-10.30 дарга чейин уктайт. Эртең менен жумушуна узатпайм деле. Өзү чай кайнатып, жумуртка кууруп жеп кетет.
Р: Жумушка саат 9.00 дө барыш үчүн 7.00 де - 7.30 дарда турам. Мен жумушка кетип жатканда Гуля уктап жаткан болот, уйкучу. Ал эми эс алуу күндөрү 11-12-лерде турам.
2. Канча галстугу бар?
Г: Кыйын суроо экен… 10 чактыдай галстугу бар го дейм.
Р: 8 дей галстугум бар.
3. Бильярдга канча убакта бир барат?
Г: Мурда бат-баттан барчу, жок дегенде эки-үч жолу барчу бир жумада. Азыр футбол менен алаксып, машыгууга бир жумада үч жолу барып жатат.
Р: Мурда бильярдга бат-бат барсам, азыр футбол менен машыкканы бир жумада үч жолу барып жатам. Бильярдга болсо бир айда бир барам.
4. Жасаган тамагыңыз жакпай калса кантип билдирет?
Г: Жаккан жок деп ачык эле айтат.
Р: "Бул тамагың мындай болуп калыптыр, жаккан жок" деп ачык эле айтам.
5. Машинасын канча убакта бир жуудурат?
Г: Бат-баттан эле жууп турат, жок дегенде бир жумада эки жолу же төрт жолу жуудурат.
Р: Бир жумада бир-эки жолу жуудурам.
6. Кызы менен көчөгө чыкканда көбүнчө эмне сатып берет?
Г: Кириешки, балмуздак, шариктерди алдырат. Иши кылса атасы менен эшикке чыкса эле бирдеме көтөрүп келмейи бар.
Р: "Народныйга" кирип куурчак саттырып алганды жакшы көрөт. Экөөбүз көчөгө чыксак сөзсүз бир куурчак сатып берем.
7. Канча костюму бар?
Г: Негизи жолдошум костюм-шымды көп кийбейт, ашып кетсе 5-6 костюму болсо керек.
Р: Беш костюмум бар.
8. Кайненеңиз канча биртууган?
Г: Үч биртууган
Р: Үч биртууган
9. Кол саатын акыркы жолу качан алмаштырды эле?
Г: Ралис өзү саат сатып албайт, мен беш жыл мурда туулган күнүнө кымбат саат белек кылгам, ошону дале тагынып жүрөт.
Р: Гуля белек кылган саатты тагынып жүрөм. 4 же 5 жыл болду белекке алганыма ал саатты.
10. Кайсы спортсмендерди баалайт?
Г: Көбүнчө футболисттерди жакшы көрөт, ким эле…Фабрегас беле…
Р: Өзүм футболго барып жаткандыктан футболисттерди жактырам.