Улуулар унутулбайт

Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

"Мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр"
- Айткан керээзин аткардыңыздарбы?
- "Театрларга алып барбагыла" деп айткан десем, Бекназаров "Жеңе, элди да ойлосоңуз. Коштошкону бара турган эл көп. Үйгө эл, көчөгө машина батпай калды. Тил алыңыз" дегенинен макул болдум. Ала-Арчага эле көмөбүз дешкенинен, экөөбүз бир жерге жатышыбыз керек десем, "эки орун беребиз" дешти. "Ишенбе" деп айткан деп какшап жатып, акыры Бекназаровдун кепилдигин алып ага да макул болдум. Көмгөндөн эки жумада өткөндөн кийин мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр. Балам "Бул жердин чечими жок экен деп алып салышты" дейт. Анан эле Бекназаров, Текебаев, Отунбаеваларга чалып, ала албай койдум. "Ишенбе" деп айтканын укпай койгонумду карачы, эми эмне кылам деп отурсам, премьер-министр Чудиновдун маданият жана туризм боюнча жардамчысы жардам деп акча алып келиптир. Өзү да орус чалыш келин экен, ага айттым "Доорошту эли жакшы көрчү эле. "Баланча чокуга алып барып көмгүлө" десе деле жөө көтөрүп барышмак. "Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп туугандарын да көндүргөн. Вам наверно смешно, где им лежат старикам" деп ойлоп жатасыңар го. Биз да силердей жаш болгонбуз. Мага алып келген акчаңарды кайра алып, ошого андан көрө эки жерге чечим чыгарып бергиле. Жообун эки күн күтөм. Болбосо прессаны чакыртып, интервью берем" дедим. Эки күндөн кийин балам барса жердин документин беришиптир.

"Мени кечир, мен ушундай жаманмын"
- Дооронбек ага сизди катуу сүйчү дешет…
- Экөөбүз тең бири-бирибизди абдан катуу сүйчүбүз. Жети кыздан кийинки жалгыз уул болуп эрке эле. Мен аны жаш баладай карачумун. Ал да мага абдан таза мамиле кылчу. Бир да жолу "Биякта жүрөт, тиякта жүрөт" деген сөз уккан жокмун. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде "Ал Дон Жуан, көп кыздар менен жүрөт. Сени алдап таштап кетет" деген группалаштарымдын сөзүнөн корксом дагы тобокелге салып, турмушка чыгууга макулдугумду бергем. Чекеме да черткен жок. Арманы жок жашадым. Кыркынан кийин өзүм да өлө турган болуп калдым. Кан басымым 200гө чыгып кетти. Он күн уйкунун дарысы менен жашадым. Ооруканага жаттым. Ал жерде мени менен ажыга барган бир келин чогуу жатып калды. "Эже, сиз аябай жашык экенсиз. Мүрзөсүнө кайра-кайра бара берген болбойт. Ал киши абдан жакшы адам болгон. Ошентсе да азыр сурак берип жатат. 90 күн өткөндөн кийин барыңыз" деди. Ошондон кийин бара элекмин. 90 күн 28-августта толот экен. Ошол күн эртерээк келсе экен деп күтүп жатам. Өзү деле жакшы даярдады эле. "Кемпир, мен өлгөндө кечке эле ыйлай бербей, балдарыңа жөлөк бол" деп. Сүрөтү менен сүйлөшүп, "Мени кечир, мен ушундай жаманмын, токтоно албай жатам" дейм. Азимбек дагы "Эже, сиз ыйлаганыңыздан келе албай жатам" дейт. "Көп ыйласаң, зыян кыласың" деп элдин баары урушуп жатат. Мен ушундай кайраты жок адам экенмин. "Мүрзөсүнө барганда топурагынан жалап койсоң, жүрөгүң бир аз сууп калат" дешкенинен, ошентейин деп жатам.
"Мен да жашамак эмесмин, эгер сен пустой болсоң"
- Каяктан таанышып калдыңыздар эле?
- 1959-жылы Мединститутка тапшырдым. Дооронбек да 3-курстун студенти болуп туруп, өз алдынча спектаклдерди коюп, эмгектенип жүргөн кези экен. Биринчи курстун студенттерин "Кружокторго катышпасаңар стипендиядан кесебиз" деген мугалимдин сөзүнөн коркуп драм-кружокко жазылдым. Ал ошол кружокту жетектейт экен. Ошол жерден тааныштык. Ал кезде бир жыл айылдарды кыдырып, чоң театрларга да спектакль коюп жүрдүк. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, 1961-жылы 29-августта баш коштук.
- Ортоңордо бир эле балабы?
- Алымкан аттуу кызыбыз бар эле. Чарчап калган. Андан кийин зарыгып көргөн балабыз Зарылбегим 30 жашта. Анын эки уул, бир кызы бар.
- Ал кишинин жүргөн жерин дайыма юмор коштоп жүрөөр эле. Сиз дагы бир кызыктуу окуясын айтып бербейсизби?
- Бир курдай Таласка Сүйүнбай Эралиевдин юбилейине барышат. Тойдо Таластын чоңдору "Сизге да бир жылкы белекке" деп ээр токумун алып келип тапшырышат. Ошол жерден ал "Мектептин директору ким?" деп сурайт, директору ордунан турса, ошол жылкыны директорго тапшырып, "Мугалимдериңе союп туруп, бөлүп бер"-дейт. Анан Сүйүнбай Эралиев Доорошко "И-ии жүргөн жериңе чөп чыкпайт да. Эми мен да сени туурашым керек"-деп күлүп, бир жылкыны ал ооруканага тапшырыптыр. Керек болсо үйгө да устукан көтөрүп келчү эмес.
- 47 жыл бирге жашап, өзүңүздү татыктуу жубай болуп бере алдым деп ойлойсузбу?
- Влад Листьев деген журналист бар эле го, башта "Поле чудести" алпарган. Ал бир супсулуу кызга үйлөнүп, эки айдан кийин ажырашып кетет. "Эмне болуп бат эле ажырашып кеттиңер?" деп сурашса "Сначало меня поразило ее красота. А затем я узнал, что у нее в голове пусто. А с пустатой невозможно жить" деп айтты" деп Доорошко айтсам, "Туура, мен да жашамак эмесмин, эгер сен пустой болсоң" деп жатпайбы. Экөөбүз таанышкандан баштап, мен аны акылына акылым тең келсин деп китептерди көп окучумун. Керек болсо музыкалык аспаптар жөнүндө да окуп чыктым.
Бир күнү мен иштеген ооруканага бир журналист кыз келиптир. "Мен эч кимге интервью бербейм" десем, болбойт. Сүйлөшүп бүткөн соң дагы деле кете албай турат. Эмне болду десем "Эже, сизди Дооронбек агайдын бутун жууйт" деп уктук деп сурады. "А сен күйөөңдү бутун жуубайсыңбы?" десем, "Это же унижение" дейт. "Анда сен күйөөңдү сүйбөйт турбайсыңбы, бул мага унижение эмес удовольствие" деп айттым дагы "Эми сен түшүнбөй жатсаң, ар жагын айтайын. Биринчиден, ал арак ичпейт, экинчиден, саунага барбайт, үчүнчүдөн, башка аялдарга барбайт. А саясат көп нервиңди алган, көп энергияны талап кылган жумуш. Ошондуктан, стрессин түшүрүш үчүн, экинчиден жөтөлүн кетириш үчүн жууйм. Жылуу сууга бутун салып укалап, экөөбүз сырдашабыз. Бул ал үчүн да, мен үчүн да ырахат. Күйөөсүнүн бутун жуугандан ырахат алган аял ал бактылуу аял" дедим.
Маектешкен
Эльмира Мадиева