Кыргыз гезиттери



  Эриш-аркак

Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "
- Руслан мырза, "Биримдик" жаштар кыймылын негиздегениңерге эки жылдын жүзү болуптур. Бирок, ушул убакка чейин сиздер жасаган иш-аракеттерди укпагандайбыз?
- Ооба, "Биримдик" жаштар кыймылы 2007-жылы түзүлгөн. 2008-жылы БЭКке мүчө болуп киргенбиз. Бул кыймылдын түзүлгөндөн бери кылган иш-аракеттери тууралуу толук айта турган болсок гезиттин ушул санын толугу менен бизге арнаш керек болуп калат. Ошол себептен кээ бирлерине токтолуп кетсем:
Биздин катарыбызда жүргөн балдар ажайып кооз жайлообуз Каркыра жана Ысык-Көл облусундагы бир нече эс алуучу жайларыбыз парламент тарабынан Казакстанга өтүп кеткенде БЭКтин катарында ал жакка барып "жумуртка жеп" келгенбиз.
Кыргыз Республикабыздын Президенттигине шайлоонун алдында БЭКтин лидерлеринин бири А. Атамбаев менен жолугушуу өткөзүп бириндеп бөлүнбөй, ынтымакка келип бир кандидат менен чыгуу сунушун киргизгенбиз. Байтик айылында өткөн курултайда А. Атамбаевди бирдиктүү кандидат катары алып чыгышкан. Шайлоо өткөнгө чейин тикеден тик туруп, бир да кишиден же уюмдан акча албастан өз максаттарыбыз үчүн күрөшкөнбүз.
Кыргызстандын стратегиялык объектилери менчикке кетип жатканда жаш уюмдар аралык чогулуш өткөзүп, мындай иштерге каршы келечек муун катары биримдикке келип каршы туруубуз зарыл экендигин айтып чыкканбыз.
2010-жылдын 17-мартында өткөн элдик макул эместердин курултайына катышып, андан кийинки 25-марттагы БЭКтин 7-апрелден баштап жер-жерде эл бийлигин орнотуу тууралуу чечиминин негизинде БЭКтин катарындагы жаш уюм катары жаштарды кайдыгерчиликтен патриоттуулукка үндөп чыкканбыз.
Анан өзүнүздөр билгендей, 7-апрель күнү Форумдун алдынан баштап канкор бийликти кууп чыкканга чейин эл алдында жүрдүк жана мындан ары да эл алдында Кыргызстандын кең келечеги үчүн туруп беребиз деп ишендирип кете алам.
Бул айткандарым саясаттагы жасаган иш аракеттерибиз, мындан сырткары кайрымдуулук ж.б. тармакта да кылган ишмердүүлүгүбүз толтура.
- Ал эми учурдагы иш-аракеттер, пландар кандай болуп жатат?
- Биздин ураан "Кыргызстандын кең келечеги үчүн". Ар бир Кыргыз мамлекетинин жараны ушул мамлекеттин жараны экендигин шыктануу, мактануу, сыймыктануу менен айтуусуна, ар бир жаран чет мамлекеттерге билимин, кара-күчүн сунуштап иш издебестен өз мамлекетинде татыктуу жашоосуна жана келечек урпактарга өнүгүү өсүү жолундагы күчтүү, бирдиктүү мамлекетти өткөзүп берүү биздин келечектеги иш-аракеттерибиз, пландарыбыз.
Бул үчүн биринчи кезекте бардык кыргыз жарандарын айрыкча жаш муундун өкүлдөрүн биримдикке чакырып, жер-жерлердеги жаштарыбыз менен жолугуп жатабыз. 2005-жылдагыдай "биз көтөрүлүш жасадык, бийлик качты, эми өзүңөр кандай башкарсаңар ошондой башкаргыла" дебей, убактылуу бийликти таза шайлоо өткөз деп, келе турган бийликке жаштар тарабынан катуу көзөмөл болоорун эскертебиз.
- Сизди коомчулук биринчи кезекте Азимбек Бекназаровдун уулу катары жакшы билишет экен. Демек, ушул даражага жеткирген атаңыздын салымы зор болсо керек…
- Албетте. Биринчиден ар-бир адамдын өзүнөн дейт. Экинчиден, ата-эне тарбиясы ар бир инсанга турмуш жолунда өтө чоң роль ойнойт. Кичине чагымда чоң ата, чоң энемдин колунда өскөм. Чоң атам 5 убак намаз окуган киши болгон. Чоң ата-энем мага түрдүү кыргыз баатырлары тууралуу аңгемелерди көп айтып берчү. Чоң ата-энемдин колунда өскөндүктөнбү, бүгүнкү күнгө чейин өз атамды аке деп ата дегенге тилим бурулбай жатат. Өз атам иним экөөбүздү отургузуп алып, Манас эпосун күн сайын окуп берчү. Ошол себептенби, 6 жашымда биринчи класска барганда Манас эпосунун Саякбай жана Сагымбай бабаларыбыз айткан варианттарын толук билчүмүн.
Мен азыр кандайдыр бир сыймыктанчу даражага жете элекмин, бирок келечекте кудай колдосо бүт өмүрүмдү "Кыргызстандын кең келечеги үчүн" арнаганга болгон күч аракетимди жумшайм. Өз ата-энем мени арам тамак эмес, адал тамак менен чоңойткон. Ар дайым "элиңдин уулу бол" деп көп айтышат. Мисалга, атам кыргыз элин тигил же бул бийликке каршы акцияларга чыгууну үгүттөп чыкса адегенде апамды, бизди (уулдарын), туугандарын активдүү катышууга үндөп, анан элди үгүттөйт. 7-апрель күнү атам Нарын эли менен жүрүп, улам мага телефон чалып "апаң, ага-инилериң менен элдин катарында болгула" деп тынбай эскертип жатты. Алмаз Атамбаев айткандай, биз ошол убакта Алма-Атада эмес, элдин алдында жүргөнбүз, Атамбаевди камаганы жатканда да ошол жерде жүргөм. Камалып калып мунун баарын көрбөй калса керек, буга азыркы күндө жанында жүргөндөр күбө, бир нерсе деп айткандан мурун тактап алыш керек да.
Мен гана эмес, апам да 7-апрель күнү аянтта жүргөн.
- Биз билгенден сиз К. Бакиевдин учурунда Ак үйдө иштеп жүргөнсүз. Ал кезде атаңыз ашыккан оппозиционер болуп турду. Кантип сизге кесепети тийбей, тынч эле иштеп турдуңуз?
- Ага чейин УКК кызмат кылчумун. Ал жактан сылык -сыпаа кетүүмдү суранышканда, кудай жалгап Өкмөт башына А. Атамбаев келип, ошол киши жумушка алган. Өкмөттүн Жогорку Кеңешиндеги өкүлү Мурза Кулматовдун кол алдында эксперт болуп иштечүмүн. А. Атамбаев кеткенден кийин да ошол киши канатына калкалап жүрдү. Акыры ал кишиге өзүм барып, рахматымды айтып, "кетсемби, сизге кыйын болуп жатат" десем, көп нерсени айтып берди эле. Ал сөздөр а киши экөөбүздүн ортобузда калсын. Ал киши азыр арабызда жок, жаткан жери жайлуу болсун.
- УКМКда көп жыл иштепсиз, кантсе да чоңдордун чордону эмеспи, камакка алынгандар да жалаң төбөсү көрүнгөндөр дегендей. Кызыктуу окуялар көп болсо керек…
- Кызыктуу окуялар көп эле болгон. Эл менен ушул кызматтагылардын мамилеси тууралуу айтып берейин. Бул тармакта иштеген адис катары ишенимдүү айта алам, 90 пайызы жалаң мекенинин патриоттору иштешет. Эгемендүүлүк алгандан бери ушул тармак өз багытын туура аныктай албай келет. Көбүнчө бийлик башындагылардын каршылаштары менен күрөшүп келет. Бул эми башка кеп. 2007-жылы март айында митингдер убагында Талас жергесинде иштечү элем. Кандайдыр бир себептер менен уюштуруучулардын штабына кирип калдым. Айрымдар "бул УККнын кызматкери" деп ызы-чуу болуп калышты. "Муну залогго алыш керек" деген да сунуштар айтыла баштаганда, штаб жетекчисине барып күбөлүгүмдү көрсөтүп, биздин максат эл арасында болуп жаткан окуяларды бийликке туура жеткизүү экендигин түшүндүргөндөн кийин, мындайча айтканда "туура маалымат жеткиз" деп штабга мүчө кылып койгон.
- "…Айдар жокто Максим бар, экөө тең жокто Руслан бар" деп ылакап чыгарып алышканын окусаңыз керек. "Атасынын атына жамынып, кадр маселесине кийлигишип жатыптыр" дегендей кылышып...
- Биринчиден, кудай напсиден алыс кылып, ыйманыма жакын кылсын. Экинчиден, мындай нерсеге атам да жол бербейт. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө атам Президент эмес, болгону күч структурасынын координатору. Төртүнчүдөн, атамдан башка бийлик башындагылар да жол бербейт.
- А негизи учурда "Биримдик" кыймылын жетектөөдөн тышкары эмне менен алектенесиз?
- "Дордой" базарында "китайский" жагында арендага контейнер алгам, ошол жакта кийим сатып иштейм.
- Таанымалдын уулу болуш кандай?
- Машакаттуу бирок сыймыктуу.
- Атаңызды саясатчы катары баалайсызбы?
- Пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.вды баалайм. Тарыхты аябай жакшы көрөм, адамзат тарыхында пайгамбарыбыздай улуу инсан да, саясатчы да жок. Бытыранды жашаган араб урууларынын башын бириктирип, дүйнө жүзүн бир эле саясат менен жашоого үндөгөн.
А Азимбек Бекназаровду ата катарында эмес, саясатчы катары саясаттагы туруктуулугу, ак-жүрөктүүлүгү, үй-бүлөнүн эмес, элдин кызыкчылыгын биринчи койгондугун баалайм..
- Үй-бүлө маселесинде атаңыз сиз менен кеңешеби?
- Көп эмес, кээ бир гана маселеде.
- Сиз кимге окшошсуз, атаңызгабы же апаңызгабы?
- Биз үч бир тууганбыз, мен улуусумун. Көпчүлүк атама окшоштурат.
- Эми өзүңүздүн үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз. Келинчегиңиз кайсы жердин кызы, кайдан таанышып баш коштуңуз эле, балдарыңыз барбы?
- Келинчегим Аксынын багыш уруусунан болот. Атамдын шайлоодогу компаниясында көп байкагам: Аксыда саруу анан багыш болуп бөлүнө калышат. Ошол нерсени кандайдыр бир деңгээлде жоюу үчүн багыш уруусунан издеп жүрүп үйлөнгөм. КРнын Акыйкатчы институтунда иштеп жүрүп, биртууган эжеси Абдрахманова Токтокан турмушка чыкканда тоюна барып таанышып калгам.
Эки уулдун ата-энесибиз.
Эльмира Мадиева




  Крим

Жалал-Абадда Айбек Мирсидиков ("Черный Айбек") өлтүрүлдү
7-июнга караган түнү "Черный Айбек" деген ат менен белгилүү Айбек Мирсидиков өлтүрүлдү деген кабар жүрөктү "шуу" эттирди. А.Мирсидиков менен кошо аны менен машинеде отурган үч адам набыт болгон. Кылмышкерлер машинеге кол салышкан. Каза болгондордун денелери моргго жеткирилген. Айбектин туугандары эртеси денесин алып кетишкен. Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов Айбек Мирсидиковдун өлүмү -бул криминалдык ич ара "разборкалар" деп айтты. "Бакиевчилер криминалдык "крышасынан" айрылышты. А.Мирсидиков өз жолун өзү тандап, ушуну менен аяктады", - деди Асанов. Анын айтымында, А.Мирсидиков жана анын сакчыларынын өлүмүнүн ары жагында ким турганын милиция билет. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров да кечээ жыйын өткөрүп, Айбек Мирсидиковдун өлүмү тууралуу комментарий берип жатып, "бул факт кандайдыр бир башаламандыктын башаты болбойт" деп айтты. "Кара Айбек Кадыржан Батыров менен душман болчу, анын үйүн да Батыровчулар өрттөп жиберген. Менин оюмча, алардын өз ара каршылаштыгы ушундай абалга алып келди. Бул алардын өз ара иши, өздөрү чечишип алат", - деди Бекназаров.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"