Кыргыз гезиттери



  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-120-01. Казармандагы Макмал мектебинде окуган жаным Өмүрбек, мен сени сүйөм. Азиза.
ОП-120-02. Кыздар смс жазгыла, таанышабыз. 0770509828.
ОП-120-03. Салам Айдин Шер. Мен сизди чексиз сүйөм. Сиз менен чын дилден маек кургум келет. Сизди терең урматтоо менен сүйгөнүңүз Зарина.
ОП-120-04. Досторум Ася, Гүлсүн, Нурзат, Элнура, Жылдыз, Мээримге ысык салам жолдойм. Бактылуу болгула! Жылдыз.
ОП-120-05. Балдар менен таанышам. 0778244092
ОП-120-06. Бактыгүл Бадыева 0557364736 номерине чалыңызчы. Айзада.
ОП-120-07. Сырдуу кыз91 кандайсың, эмнеге телефонуң өчүк? Мага чалып кой, сени сагынып Шахризада92.
ОП-120-08. Каракөл шаарындагы атам Самарбектин келе жаткан 50 жылдыгы менен куттуктайм. Кызыңыз Айзада.
ОП-120-09. Кыздар менен таанышам. 18 жаштамын. 0705464700.
ОП-120-10. Көл жээгинде көк көйнөкчөн мен болсом,/ Көлдө чөгүп өлүп бараткан сен болсоң./ Кайык менен сүзүп барып жаныңа,/ Калак менен башка чаап ойносом./ 07714791хх.
ОП-120-11. 24 жашка чейинки кыздар менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. 07781862хх.
ОП-120-12. Малика кандайсың, ден-соолук, окуулар жакшыбы? 07790399хх.
ОП-120-13. Султан Садыралиевге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо менен бирге чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайм. Ар дайым сени сыйлап урматтаган Гүлкайыр.
ОП-120-14. Бакытты кимдер кандай түшүнүшөт,/ Бактылуулар ар дайым күлүп жүрөт./ А байкуш мага окшогон бактысыздар,/ Өмүрүн кайгы менен өткөрүшөт./ 05530709хх.
ОП-120-15. Аскат Алдашев мен сени сүйөм. 07782355хх.
ОП-120-16. Мен бул жашоодон тажап кеттим. Сен бактылуусуң! Алдымда жип, кош, 1,2,3 мен кеттим, кош алтыным, маңдайга жазганы ушул экен. Сүйгөнүмө жетпей калдым. Мен кылганды сен кылба дептир чаян аарыга. Гулира.
ОП-120-17. Кадырова Бусайра Маматжанова 0773266545 номерине чал. Сиңдиң.
ОП-120-18. Мырзакелик Гулипа, Нурипа Токтосуноваларды издейм. 07732665хх.
ОП-120-19. Алматыда иштеген кыргыз элиме чоң салам. Өзгөчө Амангүл эже ишиңизге ийгилик! Э.Дима, сизге да салам жолдойм. Гули.
ОП-120-20. Абдыразаков Шабдан дубалдан кулап кетип, шымыңды айрып алып, үйүңө турсачан кеткениң дале эсимде. Досуң Рома.
ОП-120-21. Салам Сема. 07781364хх.
ОП-120-22. Шабдан, Нурлан, Рома силердин окууларыңарга ийгилик каалайм! Бишкектен Рахман.
ОП-120-23. Сүйүүгө сүйүү гана даба бар,/ Сооротуу, ырбатуучу жара бар,/ Ар бир дартка ылайыктуу дары бар,/ Сүйүү дартын сүйүү гана дарылар! Э. Дима.
ОП-120-24 . Майрам апама жана Айнура апама ысык салам жолдойм. 07787759хх.
ОП-120-25. №1 Аламүдүн орто мектебиндеги 6"Г" классына, өзгөчө Алина, Назик, Айганыш, Жумагүл жана ошондой эле Баха, Санчо, Эмкага чоң салам жолдойм. 07787759хх.
ОП-120-26 . Атам Болотко, апам Базилатка чоң салам жолдойм. Сиздерди сагындым. Кызыңар Жеңишгүл.
ОП-120-27. Оо кыргызым бирдиктүү болсок кантет. Элин-жерин сатып кеткен карөзгөйлөрүбүздүн уюткулары башка жерде да зыянын тийгизип жатат. Ханзада, Бактыгүл өз элиңди сатып кантип басып жүрөсүң? Чемичке сатып жүргөнүңөрдү унуттуңарбы? Дему.
ОП-120-28. Жалгыздык өз башымдан өтүп келет,/ Маңдайга жазылганын көрүп келем./ Убакыт зымырыктай учса дагы,/ Жашоодон үмүтүмдү үзбөй келем./ 07782731хх.
ОП-120-29. Роза гүлүн үзүш кыйын,/ Бир жигитти сүйүш кыйын./ Ал жигитти сүйгөн соң,/ Андан көңүл үзүш кыйын./ Альбина95.
ОП-120-30. Сүйүү бир сап ыр болсо, арманың дастан болоор. 05561097хх.
ОП-120-31. Чынара, Адилет кабарыңарды билдиргиле. Мен силерди сагындым. Надыра.
ОП-120-32. Уйгакка салам. Смсчилер Жанусь Розанын аты "Уйгак". Сырдуу жигит.
ОП-120-33. Ильязды ого бетер сүйдүрүп, сүрөткө өтө эле жакшынакай түшүптүрсүң. 07789253хх.
ОП-120-34. Малика, эгерде сага Ильяз сүйүүсүн тартууласа эмне кылмаксың? Сунушун кабыл алат белең? Тахмина.
ОП-120-35. Султаш мен сени сүйөм. 07704958хх.
ОП-120-36. Жаңыдан баш кошкон Мелис менен Жазиранын үйлөнүү тою менен куттуктайбыз! Бир чыгып максат-тилектер,/ Бирикти эгиз жүрөктөр./ Бакыттын ачсын эшиктин,/ Баш кошкон ушул мүнөттөр./ Бактылуу болгула! Бакыт, Жамал.
ОП-120-37. Мен сени сагынганда, асманды аралап учкум келет./ А сен мени сагынганда, асманды карай бересиң./ Кусалык жүрөккө толуп,/ Ансайын сени издейм./ Үнүң булбулдай тунук,/ Эстеймин бир гана өзүңдү./ Нурбек91.
ОП-120-38. Жүрөгүң элден башкача,/ Күлгөнүң тунук таптаза./ Көчөдөн өтсөң жанаша,/ Көчөнүн көркү келишкен./ Булбулдар үн коштоп,/ Узатат сизди алыска./ Нурбек91.
ОП-120-39. Салам Элмурат, Мирбек. Сиздер эч кимге окшобойсуңар. 05506370хх.
ОП-120-40. Жанусь Роза, чынын айтсам сен уйгак экенсиң. Атыңды алмаштыр "Уйгак" деп. Эмнеге уйгактай жабышасың. Омар.
ОП-120-41. Мирбек Иманбековго салам. 05506370хх.
ОП-120-42. 5-каналдын диктору Каныбек Асанкарыев жөнүндө жазыңыздарчы? 05573235хх.
ОП-120-43. Бир сайда миң булак,/ Миң булакта ким агат./ Айтчы эми замандаш,/ Булжа Шодоким жашайт. 05511012хх.
ОП-120-44. Сен деп өттү күндөр,/ Ойлосом ооруйт жүрөк./ Кыйнаса эми мени,/ Смс жазба мага./ Назар.
ОП-120-45. Мен кудайдан бир тамчы суу сурасам, ал мага бүтүндөй океан берди, мен андан гүл сурасам, ал мага гүлбакча берди, мен андан жигит сурам, ал сени берди.07783795хх .
ОП-120-46. Неля+Урмат кандайсыздар? Бөбөк чоңоюп жатабы? Неля эже Түркияга барып жеңип келиңиз. Сиздер аябай бактылуусуңар! Жанка.
ОП-120-47. Кара-Кулжа районунун 1-Май айылына салам. Бактыгүл.
ОП-120-48. Баргым келет сүйүү багына,/ Эстеп өткөн унутулгус күндөрдү./ Баскым келет махабат жолуна,/ Сени менен гана./ 07722493хх.
ОП-120-49. Билимдүү, өжөр, сөзгө чечен кыздар-балдар менен таанышам. Атым Эллада. 07701644хх.
ОП-120-50 . "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ийгилик каалайм! 07790516ХХ.
ОП-120-51. Канчалаган кыздарды сүйдүрүп, жүрөгүн эзген сүйүктүү байкем Кадышев Роллан Кадышевичке бир тонна салам жолдойм. Ар дайым бар болуңуз! Зуля.
ОП-120-52. Жааган жамгыр сенсиң менин сырдашым,/ Чынын айтсам жалгыздыктан жададым./ Эмнегедир ушул дүйнө тар болуп,/ Өзүмчө эле жалгызсырап кыйналдым./ Кетким келет көз көрбөгөн жактарга,/ Эч бир жан жок ушул ааламга./ Бул дүйнөдөн абдан жадап кеттим го,/ Эмнегедир учкум келет асманга./ Зуля.
ОП-120-53. Мени унутпай салам жолдоп жүргөн смсчилерге, өзгөчө Жанусь Роза, Гуля88, Амангүл, Леди Гуличка, Табигат сырдуу Алтынай эжелерге, Ангел Асем, Бакай, Таалай ж.б. жалпы смсчилерге салам жолдойм. 07786305хх.
ОП-120-54. Арнадым ак сүйүүмдү жалгыз сага,/ Арнабайм ак сүйүүмдү башка жанга./ Ааламда теңдештиргис адамымсың,/ Жашайсың жүрөктө бир сен гана./ Наргиз.
ОП-120-55. Гүлмира мен сени түбөлүккө сүйөм. Түшүнчү жаным, сенсиз жашоо жок! 07731781хх.
ОП-120-56. Досторум Ася, Гүлсүн, Нурзат, Элнурага салам жолдойм. 07789173хх.
ОП-120-57. Малика мен сени сүйөм. Жашым 29да. 07784114хх.
ОП-120-58. И.Абдыразаков Айдаркенге келгениңе абдан кубанычтамын. Мен сени өмүрүмдүн акырына чейин сүйөм. Кука.
ОП-120-59 . Мирбек Атабеков супер! 07790139хх.
ОП-120-60. Гүлжаз туура айтасыз. Дүйнөдө эң сулуу аял, боюнда бар аял болуп эсептелет. Чынында сулуу көрүнүшөт. Пери92
ОП-120-61. А.Филатовго жана анын бий мектебине салам жолдойм. Кейси.
ОП-120-62. Менин саламым Анарбаев Элдиярга жолдонот. Анын 6-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Сага чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Бул жашоодо чөкпөсүн көңүлүң. Бактылуу инсандардын бири бол! 05566690хх.
ОП-120-63. Айтурган мен сени сүйөм. Актилек.
ОП-120-64. Текебаев, Сариев, Атамбаев, Бекназаров, Отунбаевалар бийликке татыктуу эмес! 07703690хх.
ОП-120-65. Казармандагы апам Айгүлгө, атам Русланга, таенем Алыйга салам жолдойм. 07713648хх.
ОП-120-66. Сайкал, Самат, Айпери, Кайрат, Баян, Артур силер суперсиңер! 0787759хх.
ОП-120-67. Менин саламым Астанадагы Баатырбек уулу Кутманга жолдонот. 07788000хх.
ОП-120-68. Аваз Акимовго чыгармачылык ийгилик. Ар убакта бар болуңуз, сизди сыйлап урматтаган күйөрманыңыз Айпери.
ОП-120-69. ОшМУнун бажы жана юридика факультетинин 2ЮВК группасына чоң салам жолдойм. Сессияңарды ийгиликтүү тапшырып алгыла. 07788000хх.
ОП-120-70. Бул жашоого бир келебиз. Ошондуктан бири-бирибизди сыйлап жашашты унутпайлы! Элиза92.
ОП-120-71. Сагынам, сени ойлойм сезесиңби,/ Жашаймын сен деп гана билесиңби./ Сен үчүн жанымдан эгер кечсем,/ Сүйүүм сага чын экенине ишенесиңби./ Зуля.
ОП-120-72. "Душманды алыстан издебе" дейт. Жанымдан чыкты жазгандар. Жанарбек89.
ОП-120-73. Жаным качан келесиң? Сени күтүп эки көзүм төрт болду. Айпери.
ОП-120-74. Кара-Суу районуна чоң салам. Биздин элдин назары ток. Башкаларга окшоп кресло талашпайт. Мен силер менен сыймыктанам. Дайыма бар болгула! 07788000хх.
ОП-120-75. Мен жалгыздыкта жашап келем. Сураныч, мени куткаргылачы. Жашы 16-17деги кыздар менен таанышам. 07781415хх.
ОП-120-76. 0770062255теги оштук кыз, ташыңды терип, оюнуңду ойно. Экинчи мага смс жазба! Жанарбек89.
ОП-120-77. Улам мезгил жаңылануу жаратат,/ Кээде ачык, кээде бүркөө таң атат./ Минут эмес, секунд сайын билинбей,/ Студенттик күндөр өтүп баратат./ 07780219хх.
ОП-120-78. Неля, сага аялдык бактылуулукту каалайм! Урмат менен уулуң Нурелдин маңдайында дайым бар бол! Сени сыйлаган эжең Нурила.
ОП-120-79. Казармандык 2734 номерлүү аудинин айдоочусу Урмат, мен сага чын дилимден ыраазымын. 07705910хх.
ОП-120-80. №35 орто мектебинин 8 "Б" классынын окуучуларына, өзгөчө Аксана, Нанет, Азиза, Талант, Эрниске салам жолдойм. Мэрин.
ОП-120-81. Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылындагы №7 мектептин жалпы окуучуларына салам жолдойм. Каник.
ОП-120-82. Жарык дүйнөгө жаралган ар бир инсан бири-бирин түшүнүп, жердей жапыс болуп бактылуу жашаса дейм. Элимелиза92.
ОП-120-83. Кыргызымдын сулуу кыздары менен таанышам. Атым Маке, Ысык-Көлдөн болом. 0778405003
ОП-120-84. Сага чыгармачылык ийгилик каалайм! 07773179хх.
ОП-120-85. Сайраган булбул тилиндей,/ Жадырап жайнап билинбей./ Коштошуп көзгө илинбей./ Жаш кезиң өтөт турбайбы,/ 07781331хх.
ОП-120-86. Көз алдымдан кетээр эмес,/Карагаттай кара көз./ Көңүлүмдөн өчөөр эмес,/ Курбу деген ширин сөз./ Элимелиза92.
ОП-120-87. Аскат, сиз менен дос катары таанышкым келет. Кандай дейсиз? 07783656хх.
ОП-120-88. Жаның таза болсун десең, жакыныңды алдаба! 07786058хх.
ОП-120-89. Мени кимиңер көралбай атасыңар? Андай кыйын экенсиң менин номериме смс жазбайсыңбы! Жанарбек89.
ОП-120-90. Мен кыздар менен таанышкым келет. Смс жазгыла. 0778416357.
ОП-120-91. Сүйүү деген колго конгон куш болот,/ Сүйгөнүнө бактылуу адам туш болот./ Сүйүп жүрүп сүйгөнүнө жетпесе,/ Ал адамдын бүт өмүрү суз болот./ 07784298хх.
ОП-120-92. Заправкадан үч маймыл качты, бири дүкөнгө, бири пивоканага кирди. Ал эми үчүнчүсү ушул смсти окуп отурат. Аси.
ОП-120-93. Менин досяларым Дарихага, Гүлнурага сагынычтуу чоң салам жолдойм. Достугубуз эч качан үзүлбөсүн, дайым ушундай боорукер болуп жүрө берели. Ошон үчүн бокалдарды колго алалычы! Чилин-чи-лин! 07736824хх.
ОП-120-94. Сүйүшкөндөр эч качан бири-бириңерден ажырабагыла! Өчпөс сүйүү каалайм! Айжан.
ОП-120-95. Эрик мени аябай коркуттуң го. 07714458хх.
ОП-120-96. Мирбек Атабековдун ырдаганда үнү так угулат. Ыры өзүнө жарашат. 07787398хх.
ОП-120-97. Чолпонай, 3 көйнөк, бир босоножкаң эле бар окшойт ээ? Сахнада деле, газетада деле ошо кийимиң, кичине уялчы! Султан менен ырдабай эле койчу, анын жанында "страшный апиш" болуп калат экенсиң. Цехтеги 4 кыз.
ОП-120-98. Папам Нурбекке, мамам Майрамгүлгө, апам Майрамга, байкем Төлөгөнгө, таежем Аидага, иним Саматка, эжем Баянга, бөлөм Арсланга ден соолук, узун өмүр каалайм. Наку.
ОП-120-99. Саламым баарынан кымбат бир кездеги кээ бир түшүнбөстүктөн улам байланышпай узап кеткен досум Ринатка жолдонот. Кайда болбоңуз аман болуңуз. Зуля.
ОП-120-100. "Обондун" супер смсчилери баарыңарга салам. Ишиңерге ийгилик! Жанарбек89.
ОП-120-101. Эрнис мен сени чексиз сүйөм. Нури.
ОП-120-102. Ильяз Абдыразаковдун сүйгөн кызынын аты К....й. 07786848хх.
ОП-120-103. Менин сагынычтуу саламым "Обондун" супер смсчилери Табигат сырдуу Алтынай, Жанусь Роза, Ырысбек91 Сырдуу кыз, Тунук, Айгөлөк, Ринат, Айнаш89, Замана93, Макуся, Э.Дима, Таалай Ж, Алина93, Уулжан, Зуля, Айзирекке жолдонот. Дайыма сүйгөнүңүздөр менен бактылуу болуңуздар. Жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу кетпесин! Сиздерди терең урматтап Айчүрөк93.
ОП-120-104. Мыктыбек Арстанбекти дин жөнүндө сүйлөтпөй эле койсоңор болмок адамды ирээнжитпей! Өзүн аалым сездирип, динди жаман көрсөтпөй! 05506055хх.
ОП-120-105. Кайсы гезитти окубайын Караш Насер деген монстр смсчинин кайталанма смсин окуйм. Шамалдысай.
ОП-120-106. Философ жигиттер менен дос болуу максатында таанышам. 0778487970.
ОП-120-107. Азабың таштан болоор, махабат тамчы суу болсо, көз жаштар деңиз болор. Жылт эткен кубаныч акысына, сагыныч тегиз болор. Неге дейсиңби? Бири кем жаралган жашоодо тагдырдын эрежеси ушундай имиш. Пери92.
ОП-120-108. Баарыңарга бир тонна салам. Роза эженин айткан сөзүнө кошулам. Экс-супер смсчилер, келгиле "Обонду" кооздоп, смсти кайра баштайбыз. Зуля.
ОП-120-109. Убакыт учкан куш тура. Экөөбүздүн таанышканыбызга билинбестен жарым жыл өтүп кетти. Бирок, сен мен күткөн сөздү айта элексиң. Ошол сөздү уксам мен бактылуумун! Сен меники экениңе толук көзүм жетет! Сабира.
ОП-120-110. "Барахолкада" иштеп жүргөн кыргыздар барсыңарбы? Иттер азайып калдыбы? 07786058хх.
ОП-120-111. Шабданбай Абдырамановдун чыгармачылыгын, дегеле көркөм адабиятты урматтаган достор чалгыла, маектешебиз. 0778487970. Сези.
ОП-120-112. Жокчулук уят эмес, бар туруп бербей койгон уят. 07794053хх.
ОП-120-113. Урмат, жан биргем, жашоомдун ар бир мүнөтүндө сагынып эстейм. Сен алыста жүрсөң да ар дайым жанымдасың. Себеби жүрөгүмдөсүң, оюмдасың. Сени сагындым кымбатым. Жөжөң Салта.
ОП-120-114. Сиңдим Аиданын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Бекем ден соолук, ишине албан-албан ийгиликтерди каалайм. Ойлогон максаттарың толугу менен орундалсын! Эжең.
ОП-120-115. ОП-119-35теги Мекунун координатын мага жиберип коюшуңарды суранам. 0708555332.
ОП-120-116. Арманым болбой ардагым болчу,/ Жүргөнүм болбой сүйгөнүм болчу./07786221хх.
ОП-120-117. Марат мен сени сүйөм. Мен бир гана сен деп жашап келем. 07788036хх.
ОП-120-118. Кайдасың издей берем,/ Күтөмүн үмүт менен./ Көңүлүм оорутсаң да,/ Жүрөктөн сүйүп келем./07781331хх.
ОП-120-119. Ноокат районуна караштуу Алыш айылында жашаган сүйгөнүм Галдыбаева Гүлнарага салам жолдойм. Сени сагындым жаным, сен мени унуттуңбу? Мен сени унуталбай кыйналам. +792689994хх.
ОП-120-120. Өзгөн районунун Комсомол айылында жашаган классташым Бактыбектин 10-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Ден соолугуң чың, өмүрүң узун болуп, байбичең Мамлекет менен неберелерди жетелеп балпайган кемпир-чал болгула. Москвадан классташың Гүлжан.
ОП-120-121. Кубик кызы Айпери менен таанышат элем. 07789043хх.
ОП-120-122. Атым Нурдан. 88-жылкымын, Көлдөн болом. Бирок, оштук томпошка кыздар менен таанышам. Сиздерди чыдамсыздык менен күтөм. 0777843043.
ОП-120-123. Сүйүү менен аба ырайы окшош. Анткени экөө суук да, жылуу да. Сүйүшкөндөр эч качан бири-бириңерден ажырабыгыла. Азуми.
ОП-120-124. Адамдын интеллектуалдык деңгээлин бир мүнөттүн ичинде эле сүйлөшүп көрүп аныктап койсо болот. Адамкерчиликтүү, өзүнө кандай жакшылыктарды кааласа башкаларга да ошону тилеген адамдар тезинен эле билинет. Башкаларга кыйын болуп, бой көтөргөндөр, анын деңгээли төмөн деп түшүнсө болот. Арина сен абдан күчтүү, ичинде пружинасы бар, ийилсең дагы сынбаган кыздардансың! Айдай.
ОП-120-125. Сүйүү жок бул жашоодо . Азыркы жаштар күнүмдүк жашоону ойлоп калган. Бүгүн бир кыз менен жашап жатып, эртең башкасына кете берет. Азуми.
ОП-120-126. Түн уйкум качты санаага ойлор бөлүнүп,/ Тизмеги ырдын шурудай болуп төгүлүп./ Толкуган сезимим күчөп бой бербей,/ Сыйкырдуу сезим өзүмдү ээлеп алгандай./ Айка92.
ОП-120-127. Досторум Перизат, Анара, Дамира, Элнура, Элка, Гүлнурага салам жолдойм. Ар дайым ынтымакта бололу. +770286885хх.
ОП-120-128. Бозоруп көзүм туман,/ Жолумду таппай турам./ Жамалым жарык берчи,/ Түбөлүк өчпөй турган./ Айка92.
ОП-120-129. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. 0778776689.
ОП-120-130. Мирбек Иманбековго, Дайыр Исмадияровго салам. Силерге чыгармачылык ийгилик каалайм. Силер суперсиңер. 07770441хх.
ОП-120-131. 23-26 жашка чейинки оштук жигиттер менен таанышам. 07706947хх.
ОП-120-132. Ойлонуу менен таң атат,/ Ойлорум сени саматат./ Жүрөгүм катуу согуп баратат./ Элиза92.
ОП-120-133. Султан сени сагынам,/ Алыссың бирок жанымдан./ Сагынуу эң кыйын экен баарынан,/Жетпей жүрөт сени сүйгөн Жазираң./ 07786221хх.
ОП-120-134. Кусалыктан тажадым,/ Жалгыздыктан жададым./ Жан дүйнөмө өтөт жакын махабат./ 07738464хх.
ОП-120-135. Илгери-илгери сүйүшкөн эки жаш болуптур. Ал экөө бири-бирин жакшы көрүшчү экен. Эх чиркин, азыр сөзүнө турган кыздар бар бекен. Жанарбек89.
ОП-120-136. Ыймандуу кыздар чалгыла. Маякка жооп жок. 0778776689.
ОП-120-137. Смсчилер менен таанышам. 0773846457.
ОП-120-138. Жанусь Роза, Айчүрөк93, Алина93, Мухит, Зуля, Ырысбек91, Макуся, Сырдуу кызга салам. Мен баарыңарды сагындым. Мени менен байланышкылачы.0773846457.
ОП-120-139. "Обондун" жалпы эмгек жамаатына салам жолдойм. Аман болуңуздар. Наоми.
ОП-120-140. Тогуз-Торо районунун Бирдик айылындагы 9-классынын окуучуларына ысык салам. Экзамениңерди ийгиликтүү тапшырып алгыла. Тагайбек кызы Кенжегүл.
ОП-120-141. Бишкек шаарында жашаган эжем Элинага сагынычтуу салам жолдойм. Ч. Түлөбердиев атындагы орто мектепте 8 "А" класста окуган класссташтарыма жана ошондой эле бизди окуткан эжей-агайларга чоң салам. Мээримгүл.
ОП-120-142. Кочкор айылында жашаган Элдиярга жана анын үй-бүлөсүнө салам. Кызыл гүл ачылбасын,/ Ачылса жабылбасын./ Дүйнөдө адамзат,/ Сүйгөнүнөн айрылбасын./ Караколдон Мэку.
ОП-120-143. Менин сүйүктүү кумирим Ильяз Абдыразаковго ысык салам. Апиза.
ОП-120-144. Кочкор районунун Кара-Кужур айылында жашаган Басек, Казыбек байкелериме, Марал, Беку жеңелериме ысык салам жолдойм. 07772731хх.
ОП-120-145. Бул ырым алтындай болгон апаларга арналат: Энелер куттуу болсун майрамыңар,/ Жадырап жаз күнүндөй жайнаңыздар./ Балдардын жыргалына балкып ээрип,/ Бактылуу бул өмүрдө жашаңыздар./ Наоми.
ОП-120-146. Акаевдин убагында жемекейлер дагы келишти. Теке, Отун, Бекназ, Сары эми кандай күн болот? 07703690хх.
ОП-120-147. Санчо деген псевдоними бар Юля адамды тынч койчу. Мен сени менен дос боло албайм. Намысың болсо мага чалбы! Наоми.
ОП-120-148. Жалындаган жаштыгым,/Сен кайда шашып барасың./ Токтой турчу бир азга,/ Дагы мен жашарып алайын./ 07738464хх.
ОП-120-149. Смс жазасыңбы,/ Сырыңды мага айтасыңбы./ Жүрөктөн мага деген ыр арнайсыңбы./ Табигат сырдуу Алтынайдын күйөрмандары. 0773846457 номерине чалыңыздар. 07738464хх.
ОП-120-150. Сүйүү болсо, ажырашуу болбосо,/ Сүйгөн балдар теңдерин ойлосо./ Сүйүп жүрүп акырына келгенде,/ Кошкун деп колун булгап койбосо./ 07770241хх.
ОП-120-151. Салам Казарман! Фея.
ОП-120-152. Бир келген жашоодо бактыбыз биригеби? 07782849хх.
ОП-120-153. Узун бойлуу, билимдүү балдар менен таанышам. 23-28 жашка чейин. 0700600035.
ОП-120-154. Кыргыз элиме чоң салам. Биз силерди сагындык. Буюрса жакында барабыз. Айдай.
ОП-120-155. Курбу кыздарым Асель, Рахат, Айчүрөккө чоң салам. Ишиңер ийгиликтүү болуп, эки дүйнөдөн бактылуу болгула! 0555997ххх
ОП-120-156. Жибек жана Кайрат эмне эле болуп атасыңар? Үйлөнгөнүңөргө аз эле болбодубу, жакшы жашагыла, бири-бириңерди сыйлаганды үйрөнгүлө. Силер эми бир мамлекеттсиңер да. Келечектеги балаңарды ойлогула. Арина
ОП-120-157. Ата-энеме, бир туугандарыма, элиме жана мага АЛЛАХ ыйман берип, эки дүйнөдөн бактылуу кылсын, Аминь! 0555997ххх
ОП-120-158. Аскат сессияңды кандай тапшырдың? Качан Көлгө кетесиң? Кетээрдин алдында мени менен кабарлашып кой! 055599ххх
ОП-120-159. БГУнун бүтүрүүчүлөрү алдыдагы экзамендериңерди жакшы берип, дипломдук ишиңерди ийгиликтүү жактап алгыла! Нургүл.
ОП-120-160. Бек Алматыдан качан келесиң? Келгенде сөзсүз түрдө жолугабыз буюрса. 0555147ххх
ОП-120-161. Айчүрөк кандайсың? Россияга качан кетесиң? Ага чейин сөзсүз мага чал! Сени кыздар болуп узатканга аракет кылабыз. Бизди унутпай интерттен байланышып тур! 0555997хх
ОП-120-162. Эң негизгиси бул турмуштан туура жолду тандап, өзүңдүн ордуңду тапканга аракет кылышыңар керек. Кыздар дайыма бир калыпта болуп, бирөөнү жамандабай баарына бирдей мамиле жасаганды туура билиш керек. 0778125ххх







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"