окумал

Сезимай Алиева
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Биринчи жолугушуу
Түнү бою түйшөлүп жакшы уктай албай, таңдын атышын чыдамсыздык менен күткөн Сүйгөн бөлмө ичин чала жарык каптаганда эле туруп алды. Кыздар кызуу уйкуда. "Шырп" алдырбай бутунун учу менен басып келип терезеден сыртка үңүлдү. Түндө да кар жааптыр. Жатакананын маңдайындагы бак-дарактар апакай жүн жоолук оронгонсуп карга чулганып, айлана көзүнө бөтөнчө кооз көрүндү. Жымжырт. Көзүн тартып ала албай туруп калды.
- Исаева, уйкуң качып, саат өтпөй, жүрөгүң "Дуулат" деп "дүкө-дүк" согуп жаткан окшойт ээ. Таң атпай терезеге телмирип туруп калганыңа караганда. Түшүнөм-түшүнөм, бирок жардам бере албайм,- шыбырай сүйлөгөн Айжан курбусун тамашалады. - Саат он бирге чейин көп бар, жата турсаңчы?
- Сени шылдыңдатып эле койсо, "барып кел, таанышып кел" деп шыкактаган өзүң. Эми болсо…барбай коём, анан отурасың.
- Ой корком, корком, - экөө тең күлүп жиберишти.
- Андан көрө мени менен жүрү душка. Же бул жерден эле суу жылытып башымды жууп алсамбы? Чачым жалпайып калгандай көрүнүп жатат.
- Кыштын чилдесинде башыңды жууп алып, сыртка чыгып мээң суукка тоңуп минингит боло албай жатасыңбы? Мурда күнү эле душка түшпөдүң беле, чачың сонун эле болуп турат. Сен эмне жылаң баш чыккан жатасыңбы? Сулуулуктан - жылуулук деп тебетейиңди кийип алсаң курткаң менен өзүңө жакшы жарашат.
Экөөнүн божурашканынан башка кыздар да ойгонушуп, саат он бирге чейин Сүйгөндү "сулуулашты".
ххх
"Келбей койбосо экен" деп кыйпычыктап, улам-улам кол саатын карап бир орунда тура албай, жатакананын сырткы каалгасына мойнун созуп турган Дуулат Сүйгөндү көрөөр замат сүйүнүп кетти. "Жакшынакайым менин!" ичинен жалынып да алды. Кыздын алдын утурлай басып:
- Мен негизи сөзгө жокмун, бирок бүгүнкү аткан таң менен сенден бир окшоштук байкадым. Эмне окшоштук дебейсиңби? - деди күлмүңдөй кыздын жүзүнөн сүйүп.
- Эмне окшоштук?- кыз жылмайып, ушул адамга сагынып, арзып, адашпай эле келгенин түшүндү. Анткени, кечээтен бери жүрөкзаада болуп, туура эле кылып жатамбы деген ойдон арыла албай турган. Азыр Дуулатты көрүп, үнүн угуп кадимкидей көңүлү жайлана түштү.
- Экөөңөр тең татына экенсиңер…
- Рахмат! - кыз кызарып эки бети албыра түштү,-уялтып жибердиң го. Жаратылыштын кооздугуна жалгыз кыздын сулуулугу тең келе албаса керек.
- Жок, эмнеге? Кыш кызга, кыз кышка жарашып турат деген сөз дал сен үчүн айтылгандай.
Экөө көптөн бери көрүшпөй, эми табышкан эски тааныштардай узун сөзгө кирип, бак аралай кеткен жолдо, кантип, качан жетелешип алышканын да аңдабай кете беришти. Жолдон сүрөткө түшүштү.
- Азыртадан айтып коёюнчу, аскер адамы командировкалап сырт жактарга көп чыгат…-Дуулат көздөрүн кымыңдатып, кызга кылыя карады. Сүйгөн да жигиттин тамашалап жатканын көздөрүнөн окуп алып ууртун "бүлк" эттире:
- Аа, анда аскер жигиттерге турмушка чыкпагыла, алар үйгө жолошпойт экен деп курбуларыма айтып коёюн, -деди.
Кыздан мындай жооп күтпөгөн Дуулат каткырып күлүп:
- Курбуларыңа айтсаң айт, бирок бул сөз Адамовдордон башкаларга тиешелүү экен десең. Мен сенин жаныңан карыш жылбай калдым го. Сени менен өткөргөн өмүрүм кызыктуу болоорун эми эле сезип турам. - Дуулаттын эми эле күлкү чайыган жүзү олуттуу тарта кыздын карегине кадала карап: - Сени күзүндө эле көргөндө жөн кыз эмес экениңди түшүнгөм. Бирок таанышууга даабай, батынып ачык бара албай күндө "ана-мына" деп жүрө бердим. Башында анча элес албай балким кызыгуум тарап кетээр, утурумдук жактыруудур, унутуп калаттырмын дегем. Бирок, күн өткөн сайын сени тез-тез көргүм келип, көңүлүм ашыкчу болду. Майрамдарда кызып калган күндөрү түн бир оокум экенине карабай жатаканаңа келип, кайсыл терезеде, кай бөлмөдө менин бар экенимди сезбей уктап жатат болду экен деп тигиле карап отуруп кетчүмүн. Жашырганда эмне? Анан кыш түшүп калды. Ал ортодо эки жумалык командировка менен Балыкчыга барып келдим. Мына ошол жакта сенден алыс жүрүп, сени жакшы көрөөрүмдү түшүндүм. Жок, жөн эле жакшы көрөт экенмин дегеним жарабайт. Жанымдай жакшы көрөм. Сыртыңдан карап, "багып" жүрүп, мен сен үчүн жөлөнгүч, тирөөч болгум келээрине көзүм жетти. Мага ишен.
Табиятынан жашык кыздын карегинде ысык жаш тегеренип, эрдин бекем кымтый, тамчы жашын сыртка чыгарбай карманып калам дегенине болбой, жаак ылдый куюлду.
- Эмне болду? Мен жаман сөз айтып алдымбы, кечирип койчу? Ыйлабасаң?- Дуулат кыздын жашын жан талаша алаканы менен аяй аарчый, чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып кыздын колуна карматты. Айтаарга сөз таппай, кантип сооротушту билбей шалдая туруп калды. Кайсы жеримден жаздым дегендей ичинен бушайман боло түштү.
- Жок, Дуулат, сен өзүңө алба. Мен тескерисинче кубанганымдан ыйлап жатам. Мага эч ким мынчалык жакшы сөзүн арнаган эмес. Тирөөчмүн десең, мен бала күнүмдөн жол карап, зарыгып күткөн атамдай сезилип кеттиң. Сага эркелеп, эрээркеп ыйладым,- деди күлүмсүрөй жашын сүртүп.
- Оой, ошого да ыйлайт бекен?! Мен да коркуп кетсем…
Дуулат кызды кучагына бекем кысты. Кыз да боюн ала качпай жигитке ыктап турду. Экөө үнсүз-сөзсүз көпкө "сүйлөшүп" турушту. Кыздын жытына, ысык илебине магдыраган жигит бекем-бекем сыга кучактап, көздөрүнөн өөп-өөп алды. Ичи эзилип турду. Кызды ЦУМдун жанындагы кафеге түштөнүүгө чакырды. - Сүйгөн, мен сен жөнүндө баарын билгим келет. Өзүң тууралуу кененирээк айтып берсең? Эгер сага оор болбосо?
Кыз Дуулаттын кайсы жакка кыйытып сурап турганын түшүндү. Оор улутунуп алды. Бир чети сураганы туура, башынан эле ачык айтып, өзүнүн жек-жааты жок жетим өскөн кыз экенин азыртадан билгени оң деп ойлоду.
- Мм…мени 17-июнь күнү №…төрөт үйүнүн эшигинин алдынан таңкы саат алтыда табышыптыр. Бирок, врачтардын айтуусу боюнча мен ал төрөт үйүндө төрөлбөптүрмүн. Ошон үчүн туулаган күнүм 17-деп жазылып калыптыр. Даанасын өзүм деле билбейм. Фамилиям да ойдон чыгарылган, балким Иса пайгамбар колдоп жүрсүн деп Исаева дешкендир да деп калам кыздарга. Мени он жети жашка чыкканча эч ким издеген жок. Бирок мен күтүп жашагам. Али күнчө күтөм. Бирок жыл өткөн сайын күдөрүм үзүлгөсүп баратат. "Менин атам ким, апам барбы? Болсо, эмне себептен мен таштанды кызмын?!" деген суроого жооп издеп таппадым, таппайт деле окшойм, -кыздын көңүлү чөгүп, үшкүрүнүп алды. Дуулат өзүн ыңгайсыз сезе:
- Эч нерсе эмес…Эгер кааласаң чогуу аракет кылып көрөбүз. Кантип эле бир жолу табылбасын? Болбосо, капа болуп көңүлүңдү чөгөрбө. Сен эми жалгыз эмессиң го? Курбуларың да жакшы кыздар экен. Бешөөң ар дайым чогуу, көңүлдүү жүргөнүңөрдү көп эле көрдүм. Таласка кайсы кыз менен барасың? Эгер кааласаң, бул жакта калып, Жаңы жылды чогуу тосот элек. Достор Көлгө пансионатка чакырып жатышкан. Көңүлдүү болмок. Кандай дейсиң?
- Жо-ок, рахмат. Мени Жийденин үйүндөгүлөр Жаңы жылды биз менен тосуп, каникулду биздикинен өткөрүп кет дешкендеринен макул болуп койгом. Улуу кишилерге барбай койсом уят го.
(Уландысы кийинки санда)




  Жаңы ысым

Амир Аскаров:
"Темир Назаровго окшошкум келбейт"
"Ырчы болом" деген тилек менен сахна жолун тандап алган Амир Аскаров "Жаңы ысым" рубрикасынын коногу. 1988-жылы 16-мартта Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында төрөлгөн.

- Амир, шоу дүйнөсүн тандап алыпсың, алгачкы кадамдарың кандай болууда?
- Ооба, мен бул чөйрөгө аралашууну кичинекей кезимден бери эле тилек кылчумун. Буюрса, балалык кыялымды орундатып учурда тынымсыз аракет кылуудамын. Музыкадан түшүнүгүм бар, комуз аспабында ойной алам. Өзүм аранжировка жазгандыктан билимимди жогорулатып, Улуттук Консерваторияга тапшырып, үн режиссёр жагын окуп алсамбы деген оюм бар.
- Үй-бүлөңдө сенден башка музыкага жакын адам барбы?
- Жок. Үч биртуугандын кичүүсүмүн. Атам, апам деле ырдашпайт. Мен жалгыз ырга жакын болгондуктан азыркы убакта ата-энем жакшы колдоо көрсөтүп жатышат.
- Учурда кимдер менен иштешүүдөсүң?
- Продюсерим жок. Өзүм аракет кылып жатам. Азырынча менин болгону үч ырым бар. Орус, англис анан кыргыз тилинде. Орус тилиндеги ырларымдын сөздөрүн өзүм жазам. А кыргызча ырларымды ди-джей Кундуз Качкынбаевага жаздыруудамын.
- Сенин үнүң Омардыкына, келбетиң Темир Назаровго окшош экен. Өзүңө билинеби?
- Ооба, көптөрү ушинтип айтышууда. Омар экөөбүз чыгармачылыкка чейин эле жакшы тааныштардан болчубуз. Чындыгында чыгармачылыкка келишиме Омар түрткү болгон. "Сен ырдашың керек" деп кеңешин берчү. Балким, үнүбүздө окшоштук болушу мүмкүн. (Күлүп) Ал эми келбетим боюнча Темирге окшош эмесмин жана окшошкум келбейт. Себеби, адам Кудай берген өзүнүн келбетине ыраазы болуш керек.
- Жаңы чыккан ырчылар өзгөчөлөнөбүз дешип, көз айнек, жоолук тагынып жатышпайбы. Сенин стилиң кандай?
- Европалашкан, заманбап стилде эле чыгам. Мага Сайра Момунбаева эженин фантазиялаштырып тиккен эмгектери аябай жагат. Буюрса ал эжеге костюмдарымды тиктирип, чогуу иштешүүгө даярмын.


А. Касымова