Шоу дүйнө

"Жаным ай" кайрадан Россияда
Күйөрман кыздарынын жүрөгүнөн орун алган Ильяз Абдыразаков жай айын "быссымылда" деп, Россияга чыгуу менен баштады. Тактап айтканда 6 -13-июнга чейин Россиянын бир нече шаарларын кыдырып, ал жакта жашаган мекендештерибизге "Жаным ай" аттуу жеке концерттин тартуулайт. Концерттин коноктору адаттагыдай эле Алтынбек Алымов байкеси жана чыгармачылыктагы алтын үндүү эжеси Роза Шакирова болот.

"Рахат" бий театрынан чоң концерт
Элдик "Рахат" бий театры ушул жылдын июнь айынын ичинде Түркия шаарында болушмакчы. Түркиянын Денизли шаарында өтүүчү онунчу Эл аралык улуттук бийлер фестивалына, Бурса шаарында боло турган 24 - "Голден каракөз" аттуу конкурска ошондой эле Яфем тарабынан уюштурулган бий фестивалына жолдомо алышты. Аталган конкурстарга даярдык көрүү менен 1-июнь күнү Спорт ордосунда "Балдар өмүрдүн гүлү" аттуу чоң программадагы концертин тартуулашат.

Мирлан кайрымдуулук иш жасайт
- Ырчы Мирлан Жетигенов 1-июнга карата "Сейтек" өспүрүмдөр борборунда кайрымдуулук концертин тартуулап, концерттен түшкөн акчаны балдар үйүнө которуп берет. Кошумчаласак, Мирлан мырза Алымкан аттуу айым менен биргеликте 2-июнь күнү ошол эле балдар үйүнө атайын жумшак оюнчуктарды таратат.

Жеңишбек Айтиев тандем түзөт
"Беш бармак"деп боздогон ырчы, куудул Жеңиш Айтиев ырчы Бегимай Бекбоева менен тандем түзүп, тамашалуу дуэт ырларды жаздырууга киришти. Учурда артисттердин жашоосун чагылдырган "Артист жигиттер" аттуу алгачкы дуэт ырын жаздырып жатышат. Мына сага!.. Жакын арада Жеңишбек менен Бегимайдын тандемине да тан берип калат экенбиз.


  Саламат

Садыкованы Филармонияга чакырышты
Бир кезде КРнын Эл артисти Саламат Садыкова Улуттук Филармониядагы "Камбаркан" фольклордук ансамблинде солистка болуп иштечү эле. Кандайдыр бир себептерден улам иштен кеткенге мажбур болгон. Андан бери дүйнөнү кыдырып, Кыргызстандын атын чыгарып бир топ жаш таланттарга колдоо көрсөттү. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, учурда кайрадан жетекчиликтин чакыруусу менен Улуттук Филармониянын солисткасы болуп иштөөгө киришти.




  клип таржымалы

Замир Арыкбаев:
"Балдарды "пешкаларга" салыштырып..."
"Клип таржымалы" рубрикасынын коногу Замир Арыкбаев 1-Июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата "Чоңоё бер кичинем" аттуу ырынын клиби тууралуу айтып, кичине бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктады.


- Бул ырдын сөзү, обону өзүмө таандык. Ал эми клиптин идеясы режиссёр Айбек Дайырбековдуку. Клипте кичинекей балдар шахмат ойноп жатышпайбы. Көпчүлүгү "Эмнеге кичинекей балдарды шахмат ойнотуп койгонсуңар?" деп сурашат. Мында шахматтын фигуралары ата-энелер болушса, пешкалар кичинекей балдар. Балдарга эмне кыл десең ошону аткарышат. Ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн оюндагыны беришпей, "турам, басам, ойнойм, алам" дешет эмеспи. Анан баланын кыялын, ата-эненин балага жасаган мамилесин шахмат фигураларына салыштыруу максатында тартканбыз. Клип "Кой-Таш" айылынын талаасында бир күндүн ичинде тартылып бүткөн. Шахмат фигураларын чагылдырган формаларды режиссёр өзү тиктирген. Клипти "Агама" бийчилер тобу коштогон.


- Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кичинекей бөбөктөрдүн баардыгын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, аларга ден-соолук, жаркын келечек каалайм!

А. Касымова