Жылдыздар деле сиздей жан

"Кел үйлөнөбүз!"
Орустардын "Давай поженимся!" аттуу программасын баарыбыз эле көрсөк керек. Алыпбаруучу Лариса Гузеева жүздөгөн катышуучуларды үйлөндүрүп, алардын бактысы үчүн күрөшүп келет. А биз ал көрсөтүүнү "Кел үйлөнөбүз!" деген оюнга айландырып, кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүү бойдоктордун айрымдарына "Эгер сизге ушундай мүмкүнчүлүк берилсе кимди тандамаксыз?"деген собол салып, оюнду баштадык. Кээ бирлери өздөрүнүн түгөйлөрүн тандоодо бир топ кыйналышты. Анткени, биздин менталитетте "Эл укса эмне дейт?, Аны айтсам бул эмне дейт?"деген сыяктуу суроолор туула берет эмеспи. Ошентсе да, оюн деген оюн экен төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышты. Балким, бул оюндан кийин бойдокторубуз чыныгы жашоолорунда түгөйлөр болуп чыгышат.


Кундуз Бек
Кундуз Качкынбаева, "Сезим" радиосунун ди-джейи:
- Кимди айтсам экен. Азыр ойлоноюн... (Күлүп) Ий, мен бул оюнда "Кел үйлөнөбүз!" деп айта албайм, бирок "Кел мамлекетибизди курабыз"деп көпчүлүктүн кумири болгон Бек Борбиевге айтмакмын. Анткени, мага Бек байкенин "мужественныйлыгы" жагат. Ал эми ырларын мен эмес көпчүлүк эле жактырып укса керек.


ЭрланЭлиза
Эрлан Андашев, ырчы:
- Ий жакшы болбодубу. "Тумар" радиосунун ди-джейи Элиза Кененбаева эфирден "Сүйүп калдым кантейин" аттуу ырымды берээрдин алдында "Эрлан Андашев кимди сүйүп калды болду экен?"деп мага тийишкенин койбойт. Мен дагы Элизага тийишип "Кел үйлөнөбүз!"демекмин. (Күлүп) Элиза эгер макул болсоң, менин телефонума чал. Ха-ха-ха...


БегимайДайыр
Бегимай Бекбоева, ырчы:
- Ха-ха-ха.. Кыздар дагы ошентип айтса болот бекен? Эгерде чындап эле ушундай оюн болсо, мен ырчы Дайыр Исмадияровго "Кел үйлөнөбүз!" демекмин. Анткени, экөөбүз чыгармачылыктагы жакшы достордонбуз. Дайырдын жан-дүйнөсү, адамгерчиликтүүлүгү мага жагат. Анан да көздөрү оригиналдуу. Эгер мен бул оюнда Дайырды эмес башка мырзаны тандап койсом ал мени шылдыңдайт. Ошон үчүн досумду эле тандайын.


Айнура Шайырбек
Айнура Салахидинова, ырчы:
- (Күлүп) Ай-ий, сонун оюнго. Кимди тандаарымды билбей жатпаймынбы... Ий, таптым. Мен бул оюнда "Кел үйлөнөбүз!" деген сунушту телеалыпбаруучу Шайырбек Араповго айтып көрмөкмүн. Анткени, Шайырдын өзүн алып жүргөнү, боюнун узундугу мага жагат.


Аскат Азиза
Аскат Алдашев,
"Кыргызстан Обондору" радиосунун ди-джейи:
- (Күлүп) Бул оюн менин курагыма ылайыктуу эмес го. Ошентсе да оюнга катышып көрөйүн. Мм... ырчылардын арасынан Азиза эже менен тамашалашып абдан жакшы сүйлөшөм. Ошондуктан "Кел үйлөнөбүз!" деп Азиза эжеге айтмакмын.


Акбар Элина
Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
- Айта берейинби, мен айткандар мага каршы болсочу? Аа, бул оюн да ээ?.. Мага оюн болсо дагы ушундай мүмкүнчүлүк берип жатканыңардан кийин "намёк" катары айтып коёюн, "Кел үйлөнөбүз!" деп, актриса Элина Абай кызына айтмакмын. Себеби, Элина азыркы шоу-бизнестеги кыздардын эң сулуусу жана идеалдуусу. Аны "Бүгүнкү күндүн Таттыбүбүсү" деп эсептейм. Мүнөзү, жүргөн турганы дагы аябай жагат.