Сайттагы "саясат"

19-майда Интернет барактарынан Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телофон аркылуу сүйлөшүп жаткан аудиокөчүрмөсү табылган. 35-мүнөттүк сүйлөшүү "YouTube.сом" сайтына жайгаштырылган. Бирок, сүйлөшүүнүн датасы аныкталган эмес. Ошондой эле ушул эле сайтка Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн да сүйлөшүүлөрү жазылып алынган. Булар да качан, кайсы убакта сүйлөшкөнү белгисиз. Белгилүүсү, Азимбек Бекназаров менен Алмаз Атамбаев "майлуу кызматттын" айынан "сен-мендешип", ал эми ошол эле Азимбек Бекназаров менен Темир Сариев "акча маселесине" ой-да баш катырышыптыр.

Булар ушинтип адамдарды кызматка коюшат экен…
Азимбек Бекназаров менен
Алмаз Атамбаевдин телефон
аркылуу сүйлөшүүсү
Бекназаров: Алло, Алмаз?
Атамбаев: Да, досум.
Б: Эмне албайсың телефонду досум?
А: Как, албадымбы.
Б: Кулматов барып алып кто он такой аны-муну деп сенин айтканыңды жокко чыгарыптыр. Эми капа болмой жок досум, сен өзүң билгениңди кылып атасың, мен да өз билгенимди кылам…. Биринчиден, экөөбүз бир жакшылап отуруп сүйлөшүп алалы десек жакшы разговор болбойт окшойт… Мен дагы бүгүн байкадым, жанагы конституция эметип атканда "чоң партия" деп шайлоону баштапсыңар… жер жерлерди кыдырып келдим, мен да өз партиямды ачам. Эгерде мени бир нерсе кылам десеңер, анда мен третий революция кылам, күчүм жетет.
А: Азике, башка бирөөнү коркутчу, мени коркутпачы.
Б: Жо, коркутуу эмес, бул досчулук.
А: Мен мисалы, сенин сураганыңды ошол эле Ветеринарияга коюп койдум. А томожняга койгон балдарың ууру экен. Мага аякта ууру кереги жок.
Б: А мен сага ууруну далилдеп берем, азыр ким ууру экен.
А: Хорошо далилдеп бер
Б: Мен бүгүн возбуждать эттим, азыр санкция берип жатам. Кулматовду бүгүн камайм я отвечаю.
А: Это твое дело, хорошо камагын.
Б: Азыр сенин койгон адамдарыңды изилдеп туруп, бүт анализдеп каерде экенин айтам.
А: А мен эмнеге камаарыңды айтам, давай
Б: Айт айта бер, чык экөөбүз тең айтып чыгабыз, керек болсо мен сени теледебатка чакырам. Силер эмитен минтип атасыңар айланайын, эртең Бакиевден ашык мага жашоо бербейсиңер. Каматып коюшуңар ыктымал. Мен түшүндүм силер ким экениңерди.
А: Эми эки таможенник үчүн эрегишкен уят го…
Б: Эки томоженник эмес. Вот так. Ояктан тиги Жээнбеков да сураган эле. Мына мобуну коюп бер деген. Ал жерге 400 миң доллар алып башканы койдуңар.
А: Кимди койдук?
Б: Кимди койдуңар? Сооронбай ыйлап атат, тиги жерде Ошто аны сенин балдарың койгон.
А: Менин балдарым койгон жок, сенин балдарың койду го.
Б: Сооронбайдын представлениесин алып келсем, аны кто они такие деп жулкуду Кулматовуңар. Хорошо эгерде колуңардан келсе мени вице-премьерликтен алгыла, колуңардан келсе.
А: А сага эрегишкен эч ким жок, эми только мени коркутпачы.
Б: Жо, Алмаз бул коркуткан жокмун, досторчо. Силер тымызын осураак экенсиңер, Бакиевден өткөн адамдар экенсиңер. Р. Отунбаева экөөңөрдү чогултуп алып айтайын дедим эле. Кылган ишиңерди көрдүм Жалал-Абад, Баткенден бери… Мен да теледебатка чыгам. Ушундайда силер мени бошото элегиңерде ушундайыңарда тез сабырды кыркыш керек, бүт эски крохоборлорду коюп атасыңар. Бүт баары ошондой.
А: Сен алып барган балдар жаңыбы, айтчы?
Б: Мен алып барган адамдар кааласа даяр любой жерге перед судом бара алат а сенин адамдарың келе алсын ушинтип. Мына кечеги күнкү ошол Сооронбай ыйлап аткан адамды дагы 400 миң доллар алып туруп башканы коюпсуңар.
А: Ну эгерде ошол киши болсо, анда кама, кто против? Мен мисалы эч кимден бир тыйын албайм, бирөөдөн да.
Б: Революцияны жалгыз силер кылгансып, көрүнгөн жака коюп, бизде да мээнет бар. Мына Токтогулдан ыйлап келди, ал cенин өкүлүң болчу шайлоодо. Кечээ 7-апрелде ошолор окко тозуп турган.. алардын противниктерин коюп жатасыңар.
А: Эми мен Токтогулга киришкен жокмун го досум
Б: Киришкиниң ал алдыңда отурат. Кабыл албай атасыңар. Отунбаева да кабыл албай жатат. А ордуна башкаларды зыңкылдатып колду коюп жөнөтүп жатасыңар
А: Мен дайыма кабыл алам.
Б: Мен Болотко звантетип, ой кабыл алып койсунчу, ушунун убагында шайлоочусу, өкүлү болчу дегем. Ишенбесең Болоттон сура. Өзүм звандагам азыр.
А: Конечно, кабыл алам азыр.
Б: Хорошо, раз ушундайбы 7-8 апрелге чейин чогуу келдик. Бияктан силер башка оюнду кылдыңар. Мен экинчи жолу Бакиевге жем болгондой болбойм. Мен да оюнумду баштайм…





АКЧА БөЛүШТүРөТ ЭКЕН…
Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефон менен сүйлөшүүсү

Бекназаров: Алло.
Сариев: Азимбек Анаркулович, тиги Кубан келди мага, айтып атпайбы, биз баарысын тең Нацбанкка өткөрүп бергенбиз деп. Эми процедурасын кандай кылабыз? Алар азыр 1000 000$ берсек азыр чалкасынан кетет да. Прокурор кат жазсын…
Б: Ошон үчүн баарысын силерге өткөзүп салбайлыбы? Минфинге бүт баарын.
С: Анда өткөзүп туруп, тиги за минусом одной деп жазыш керек да. Хранение деп. Аны алып чыгып кетиш керек болуп атпайбы. Кантип алып чыгып кетебиз?
Б: Анын жолу болуп жатпайбы аны… бир секрет.
С: Эми вы же прокурор, вы же должны думать, как это сделать. Срочно надо.
Б: Срочно ошол да баарын силерге бериш керек. Анан силерден бир какой-то барибир бумага керек да? Барибирчи.
С: Жо алдык деп бумага керек, жанагы суммасы кайсы аерде… ал жерде 19 млн 600 миң$ дейт. Анда 18 млн 600 миң$ деп бумаганы бериш керек да биякка?
Б: Ооба, ооба… Кубан сенде отурабы азыр?
С: Ийи, Кубан менде отурат.
Б: Экөөң кеңешип ошону кыл. А биз эми мындайда… секретный неме чыгарып коебуз эртең. Биз имеем же право бир чечим.
С: Жо, азыр бербейт деп атпайбы, бул барган экен Нацбанкка, мен азыр Нацбанкка бер десем алар чалкасынан кетет да
Б: Конечно, ошон үчүн силерге эле албайсыңарбы.
С: Жо, казначействага өткөзүш керек бизге. Анда казначействага өткөзүп берсек ал фиксировать этилип калса болбойт да. Анда тиги өкмөттүн токтому керек болуп калат да. Анда бул секретный болбой калат да. Ошон үчүн бизге өткөзүп бере турган болсо, анда бирин минус деп өткөрүп бериш керек да.
Б: Мейли ошону минус деп өткөргүлө, а минусуна токтом чыгарат анда булар, а токтомда барибир бирөөдөн алдык дейт да. Силерден бирөө алыш керек, анан тияктан алдым дейт, баягында эле биз ошондой кылдык.
С: Жо, андай болбойт. Өткөндөгүнү биз эч токтому жок тияктан алып салып берип салганбыз да на спецоперации деп. А кийин текшерип келсе анан беш жылдан кийин айтат да булар жеп койгон деп.
Б: Хи-хи.
С: Ошон үчүн кагаз калбаш керек аерде, жанагы мурунку актыларды айрып туруп 19ду 18 кылып жазып туруп, бирин берип туруп, ошону менен кетиш керек.
Б: Кубан менен сүйлөшчү, анда аны-мунуңарга катышкан да.
С: Ошондойу бар да.
Б: Ошон үчүн жанагы сенин вариантың жакшы да. Андан көрө башка бир бизнесмендер менен сүйлөшүп туруп эле таап берип туруш керек эле. Аларга интересин кылып беришибиз керек эле да, ошол жеңилирээк…
С: Конечно, конечно.
Б: Ошол жеңилирээк да… Эми андай адамдар сенде бар да.
С: Жок эми… андай адамдар, анүчүн анда обьязательство алыш керек. Баягыда билесизби, сиз экөөбүз сиз мени алып эмненин баарын кылган жокпуз. Аны сиз гана билесиз. Мен гана билем. Көптөрү аны түшүнгөн жок да, ойлоп атат да биз жыргап эле калдык деп.
Б: Болбосо ушинтип чуркап жүргөндөр бар… ошолор менен сүйлөшпөйсүңбү?
С: Менде жок, эми айтсаңар мен бирөө менен сүйлөшөм, бирок анда сөз чыгат да мынакей тиги сүйлөшүп атат деп. Азыр баары эле артынан коркуп атат.
Б: Эми сүйлөшсөң мындай өзүнүн кызыгы менен расчет боло тургандар менен сүйлөшүш керек да. Ойлонуп көргүлөчү. Мен да бияктан ойлонуп көрөйүн.
С: Жо, азыр тиги 15-30 күтүп отурбайбы мен бербесем азыр өлөт да.
Б: Сен анда өзүңдөн бир жерден эметип турбайсыңбы. Анан кайра ошол жака таштайбыз да.
С: Ой досум, менде андай жок да, өткөндө майда-чүйдө силерге берип отурбадымбы… мени көрүп атасыз го…
Б: Кубан экөөң сүйлөшсөң мен да балдар менен кеңешейин.

P.S. Материал "YouTube.сом"
сайтынан алынды




Алмазбек Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
Өткөн жумада интернет булактарына Убактылуу өкмөт өкүлдөрү А. Атамбаев менен А.Бекназаровдун бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнү ачыкка чыккан эле . Атамбаевдин жекшембидеги маалымат жыйынында мындай сүйлөшүү болгонун мойнуна алып, бирок эч кандай пара алуу болбогонун айтты.
- Бекназаров өзү деле мен эч качан пара албаган адам экенимди билет. Ал болсо мени 400 миң доллар алгансың деп күнөөлөдү. Муну менен ал менин аброюма шек келтирип атат. Ошондуктан мен жөн калбастан өзүмдүн таза экенимди далилдөөнү эп көрдүм. Менин башым үчүн көп акча сайылганын билем, андыктан дагы канча жашаарым белгисиз. Мүмкүнчүлүк барда өзүмдүн ак экенимди далилдейин деп жатам- дейт күйбөгөн жери күл болгон Атамбаев. Атамбаевдин айтымында ал жекшемби күнү өткөн жыйынга Азимбек Бекназаровду да чакырган. Бирок ал Ысык-Көлдө болгондуктан келе албастыгын билдирген. Жыйындын акырында Алмазбек Атамбаев: "Бул иш ушул бойдон калбай тергелип, күнөөлүлөр жазага тартылыш керек. эгерде менин күнөөм аныкталса анда мени камашсын, башка бирөө айыптуу болсо анда ал адамды камакка алышсын" деп кошумчалады.
Маалымат azattyk.kg сайтынан кыскартылып алынды