Актуалдуу...

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат Республикалык
партиясынын" төрагасы, саясий илимдеринин доктору:

"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
Убагында бүгүнкү өкмөттүн алдында тургандардын башын бириктирип, БЭКтин (Бириккен Элдик Кыймылдын) түзүлүүсүнө салымын жумшаган Аликбек мырзаны президенттик шайлоо учурунда ошондогу бийлик "атаандашынан" коркуп, кур шылтоо менен камакка алган эле. (Ал соттук иш белгисиз себептерден дагы да уланып келет). Учурда Аликбек Жекшенкулов "Акыйкат республикалык партиясын" түптөп, алгачкы курултайын бүгүн 18-майга белгилеп, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүшмөк болушуптур.


- Аликбек мырза, "Акыйкат үчүн" кыймылын Акыйкат Республикалык партия деп атап койгонуңуздардын себеби?
- 7-апрелден кийин "Акыйкат үчүн" кыймылынын жаштар канаты чогулуп, мага ушул сунуш менен келишиптир. Баарыбыз терең ойлондук. Анан "Акыйкат үчүн" кыймылынын демилгечи тобу түзүлүп, "Акыйкат Республикалык партиясын" курууну чечтик. Эң негизги максат болуп: ыймандуулук, акыйкаттуулук, руханий, нравалык жана мекенчилдик баалуулуктарды кайра жаратуунун негизинде мамлекеттин социалдык- экономикалык, саясий жана маданий жаңыланууну ийгиликтүү ишке ашырып, аны социалдык жана саясий чакан топтордун эмес, жалпы Кыргызстандын элинин пайдасына багыттоо эсептелинет.
- А эмне үчүн республикалык...
- Алгач "Акыйкаттан" баштайлы. "Акыйкат" деген сөз кыргыздар үчүн эзелтеден бери ыйык болуп келген. Манаста да терең маани берилип, Куранда да, Библияда да, дегеле бардык диндерде туу катары көтөрүлөт. Европадагы баалуулуктардын алдыңкы катарында да акыйкаттуулук турат. Кайсы элден болбойлу, жашбы, карыбы, билими барбы, жокпу акыйкат жалпыбызга керек. Ал эми Республикалык деп чечкенибиздин себеби, азыркы учурда биздин партияны колдогондор Республиканын жети дубанынан келишүүдө. Учурда партияга кошулуп жаткан адамдардын саны көп. Көз тийбесин деп туралы. Буюрса, бүгүн Опера жана балет театрында партиянын биринчи курултайы өтөт.
- Сиздер "Адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн!"деген принципти тутунат экенсиздер. Буга да токтолуп кетсеңиз?
- Кыргыздардын философиясында илгертен бери келаткан "Эл эмне дейт?" деген жакшы түшүнүк бар эмеспи. Бирок, акыркы жылдарда эл менен эч ким эсептешпей калган. Эсиңердеби, айлыкты көбөйтүп жатканда балдардын пособиесин кыскартып туруп, чиновниктердин айлыгын көбөйткөн. Бул туура эмес. Ар бир Кыргызстандын жаранынын жашоосун ойлоп туруп иш кылыш керек. Ошондо оңолобуз. Биздин партиянын эң негизги максаты, адамдын жашоо турмушунун деңгээлин оңдош керек. Бизде мурунку жетекчилер "Реформа" деп айтып келген. Бирок, мен саясий илимпоз катары анализ кылып жүрчүмүн. Чиновниктердин бир да сүйлөмүндө, "адам үчүн" деп айтылган эмес. Биздин эл чиновниктерди, министрлерди, акимдерди карап калган. Тескерисинче алар "Эл эмне дейт болду экен" деп туруш керек.
- Өлкөнүн өнүгүшү үчүн саясий туруктуулук эң негизги орунда турат эмеспи? А бизде кырдаалды көрүп жатпайбызбы...
- Ооба, биринчи кезекте өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтыруу маселесин чечүү зарыл. Азыркы абал да саясий кырдаалдан улам чыккан. 7-апрелдеги тополоң элдин добушу эсепке алынбагандыктан болду. Эми астыдагы шайлоо ачык айкын, чындык менен өтсө, анда биздин мамлекетибиздин абалы тынчыйт. Эгер мурункудай эле кайра бурмаланып чиновниктер өздөрүнүн кызыкчылыгын таңуулап өткөрсө анда чаң-тополоң улана берет. Кайсы саясий элитаны эл шайласа, ошолор келип иштесин да элдин турмушун оңдосун. Саясатчылар сөз менен элди алдабай иш менен көрсөтүш керек. А азыр элдин ишенимине кириш күндөн күнгө кыйындап барат.
- Азыркы бийликтегилердин сизге болгон мамилеси кандай болууда?
Азыркы убактылуу бийликтин башында тургандардын баары менен эле учурунда санаалаш, пикирлеш болуп, мурунку бийликке каршы күрөшкөнбүз. Бирок алардын арасында деле айрымдары кайсыл бир себептерден улам, орто жолдон позицияларын өзгөртүп жиберген учурлар да болгон. Муну жашырыштын деле кажети жок.
Албетте, бүгүнкү күндө деле мага болгон айрымдардын ичи тардыгын сезип эле жатам. Сыртка чыкпаса дагы, мен азыр аттарын айтпай турайын, кыскасы бут тосуулар болуп жатат. Сөзүм кур болбош үчүн айта кетейин, айрым телевидениелердин журналисттери мага келишип, "сизден интервью алалы дедик элек, бирок "шефтердин" бирөөсү уруксат бербей койду" деп айтып жатышат. Көрсө, ошол "шефтер" бийлик башындагы партиялардын биринин мүчөлөрү экен. Эми бул турмуш да, капа болбош керек, мындайлар болуп келген жана боло берет. Ушундан көрө саясатчылар бетме-бет дебатка чыгышып, өзүнүн деңгээлин көрсөтүшсө. Тымызын бут тосмой, бирөөгө шыбырап ушак-таратмай ошол эле саясатчыларга аброй алып келбейт.
- Камакта өткөн күндөрүңүз оор болдубу?
- Биринчи күндөрү түш көрүп жаткандай болуп жаттым. Мен мыйзамды сыйлаган адам болгондуктан, "мен дагы ушундай абалга туш боломбу" деп бир кызыктай болдум. Анан бирөөнүн капа кылмак тургай, ачык айтканда балдарымды да урмак турсун катуу айтпайм. Бир эсе күнөөм жок болгондон кийин эмнеге мынча ойлоном деп кайра өзүмдү соороттум дагы, жаман нерсе ойлобой спорт менен машыгып өзүмдү алаксытып жаттым. Мен бул күндөрдү кыйноо эмес, кудайдын сыноосу деп түшүнөм.
- Ошол учурда сизге тарапташтарыңыз каттап жаттыбы?
- Жок, мага такыр эле чектөө болду. Тарапташтарым эмес, жакындарымды киргизбей коюшту.
- Эми минтип изги тилек менен иш баштап жатыпсыз, демек Кыргызстандын келечегине ишенет экенсиз да?
- Кыргызстандын келечеги бар. Бул сөздү айтууга көп факторлор түрткү бере алат. Биринчиден биз өзөгү терең, тарыхый элбиз. Экинчиден, элибиздин билим деңгээли өзгөлөрдөн ашса ашат, кем калбайт. Ошон үчүн биздин эл чет мамлекетте да тың оокат кылып жүрүшөт. Ал эми экономикалык жагын алып карасак, бизде жетишээрлик байлыгыбыз бар. 5 миллион элди жөн эле багып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Болгону акыйкаттуулук менен ыймандуулукту алдыңкы планга коюп, өзүнүн кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын бийик койгон жана элдин пикирин эске алуу менен саясат жүргүзсөк өлкөдө саясий стабилдүүлүк да болот, экономикабыз да жакшырат.
Анан эң башкысы элибизде ынтымак болуш керек.
Айнура Касымова




  маалымат майданында

12 -майда…
"Ушинтип эле бийликти алышкан, биз деле ушинтсек бийлик биздики болот" дештиби 12-майда Жогорку Кеңештин астына мурунку Бишкек шаарынын мэри "Нариман Түлеев тартипке алып келет", "Н. Түлеевдей лидер бизге керек" деген сыяктуу жазуулар бар баракчалар менен эл чогулушкан. Бирок дагы жакшы: митингчилердин өздөрүнүн айтымында кээ бир чагымчылык учурларды кечинде болтурбоо максатында кечки саат 5терде тарап кетишти. Митингчилердин саны 1 миң адамга жакын болду. Бул митингди Нариман Түлеев уюштурганы бештен белгилүү болду дечи. А айрымдар "12-майдагыны Ф. Кулов менен Ө. Суваналиев уюштуруп, Убактылуу Өкмөт менен эсептешип, ИИМдин министринин орун басарлыгына кишиси Мелис Турганбаевди отургузгандан кийин гана "спокойно" тарап кетишти, болбосо…" деп узун кулакты ушалашты. Буга Алмаз Атамбаевдин "Бакиевдин доорунда "таракандай" жашыруун жүргөн генералдарыбыз бар болчу. Анда көлөкөсүнөн коркуп, тим эле Жаныш Бакиевди көкөлөтүп жүргөн Кулов бүгүн чыгып жатпайбы. "Мына жыйырма миң киши топтоймун, керек болсо сындырам" деп. 17-майда бир балээ кылып, бийликти алам дегендер ушулар" деген сөзү далилби дейм...


13-майда...
Бул күнү өлкөнүн мурдагы башчысы Курманбек Бакиевдин беш жүзгө жакын тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүшүп, Жалал-Абад облустук администрацияны басып алышты. Бирок, толук бийликти басып алуу аракети ишке ашкан жок. Ал эми бул митингге К. Бакиевдин уулу Марат Бакиев демөөрчүлүк кылган. Жыйынтыгында Убактылуу Өкмөттүн тарапташтары менен Бакиевчилер тараптын ортосунда кагылыш болуп, К. Бакиевдин Тейиттеги үйү өрттөнгөн. Эми үй эмне оокат дечи, андагы ызы-чуудан эки адамдын өлүмү, 29 кишинин алган жаракатына кайсы тарап жооп берет?


14-майда...
Акыркы эки күндөгү ызы-чууну Марат Бакиев каржылаган болсо, уюштуруучусу карт бөрү Үсөн Сыдыков болгон экен. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө өз адамдарына көрсөтмө, буйруктарды берип турган, а ал сүйлөшүүлөрдү из кубарлар билгизбей жазып алышты да, бүтүндөй коомчулукка жарыялап, ит эле кылды. Үсөн Сыдыков экс-депутат Исхак Масалиев, Айнура Кенжебаевадан митингдеги абал боюнча кабар алып турган. Талдоочулардын баамында, 12-13-майдагы окуяларды уюштуруучулар аракетти эки багытта жүргүзүүнү болжошкон. Биринчи багыт боюнча бийликти иш жүзүндө колго алууну Үсөн Сыдыков жүргүзсө, аны мыйзамдаштыруу жагын Жогорку Кеңеш аткармак. Ишке ашпаган аракет деп ушуну айтса болот. Каармандар ушул эле күнү кармалышты.


15-майда...
Жалал-Абадда жабыркаган жана каза болгондордун тизмеси жарыяланды.
Жалал-Абадда 2010-жылы 14-майда каза болгондор:
1. Козуев Жакшылык 1980-жылы Жалал-Абад шаарынын, Кугарт кичи районунда туулган.
Көкүрөккө атылган октон реанимацияда саат 17:00дө каза болгон.
2. Курамаев Бердибек 1978-жылы Жалал-Абад шаарынын, Курманбек кичи районунда туулган. Башка тийген октон оор жараат алган. 3-даражадагы мээ комасында жатып, реанимацияда саат 23:00дө каза болгон. Ушул эле күнү "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү партиянын төрагасы Ү.Сыдыковдун айланасында болгон окуяны кабыл алуу "албетте оор болуп турганын" айтышып, "бирок аны коргоп алууга даярбыз" дегендей кайрылуу жасашкан.
16-майда…
Бул күнү Бишкекте убактылуу өкмөттү колдогон адамдар элди биримдикке, тынчтыкка үндөп жөө жүрүшкө чыгышты. Бул акцияга чыккандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Алар колдоруна Кыргызстандын туусун, түстүү шарларды көтөрүп, тынчтыкка, биримдикке үндөгөн чакырыктар менен шаар көчөлөрүн аралап басышты. Жөө жүрүш мэриянын уруксаты менен он төрткө жакын коомдук уюмдар тарабынан өткөрүлдү.


17-майда…
КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев билдирүү жасап, ойдо жок жаңылыкты айтты. Анын айтымында план боюнча 12-майдан баштап 17-майга чейин Бишкек шаары жана түштүк региону бакиевчилер тарабынан басылып алынып, 17-май күнү К. Бакиев Бишкекке келмек экен. Кудай сактаптыр!


Эльмира Мадиева