куудулдун тагдыры

"Эр башына күн түшсө - өтүгү менен суу кечет, ат башына күн түшсө-ооздугу менен суу ичет" демекчи, кудай салган тагдырдан эч ким кыйгап өтө албайт. Анда, Анвар мырзанын айтканын угалы.

Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"
"Бобков мени сынаган"
Мен Ысык-Көлдүн кулунумун. Беш бир туугандын улуусумун. Атам мен кичине кезимде эле каза болуп калыптыр. Апамдын кесиби дарыгер, бешөөбүздү тең өзү жалгыз багып, чоңойтту. Онунчу класста окуп жүргөнүмдө айылга "Досум Үсөн" тобу келип калды. Мен мектепте интермедия аткарып, ийримге катышып, артисттик шыгым баамдалып келаткан эле. Атактуу топтун айылда экенин угарым менен жетип бардым. Клубда иштеген байкелер мени Бобков менен тааныштырышса, ал мени роль ойнотуп сынап атпайбы. Көрсө, ал номерди Юра өзү ойночу экен. Мен өзүнөн ашырып ойноп коюптурмун да. Күтүүсүз эле "концертимди сен алпарасың" деди. Алпаруучу да болуп, интермедия да ойноп атканымда эл кыраан -каткы түшүп, "кырылып" калган.

"Бөкөнбаев районун кармап турчумун"
Мектепти бүткөн соң, Карагандадагы (Казакстан) Физкультура Институтунан билим алып, мыкты аяктадым. Бөкөнбаев районундагы орто окуу жайында физкультурадан сабак берип, (күлүп) ал жердин жигиттерин "кармап" турган, "баатырга" айландым. Жашмын, (каткырып) сымбаттуумун, өң-түс, күч-кубаттан да кудай айтып койгон экен…

"өбө албай койдум"
Күндөрдүн биринде Бобков концерт коюп, дагы келди. Учурашып коёюн деп жолуксам, "сатира ойноп бербейсиңби" деп калды. Ошо күнү мен келинчегим Бүбүсара менен таанышкан элем. Курбу кыздары менен клубга ээрчитип бардым. Кыздарды көрүүчүлөр залына отургузуп коюп, өзүм сахнага чыктым. Залдан кыздардын күйүп-жанып жазган каттары жаап атат, жаап атат… Концерт бүткөн соң, Бүбүсараны бийге чакырып, экөөбүз вальс бийледик. Та-аптатынакай болчу. Анан, жаштык сезимге магдырап, бири-бирибизди улам карагыбыз келип, кайра-кайра карашып жолдо баратабыз. Өзүмдөн-өзүм күлкүм келип эле, көңүлүм чайыттай ачык. Ошентип, аны үйүнө жеткирип бардым. Кетейин десем ыйлап, кетирбей койду. Үйүндө эч ким жок экен, түнкү үч-төрткө чейин сүйлөшүп отуруп, бетинен такыр өбө албадым. Анан коштошуп, бир-эки саат уктап алайын деп өз үйүмө кеттим.

"Сүйүктүүмдү тракторго салып"
Эртеси күнү жолдон жолугуп калбайын деп, уялып, таң заардан жумушка кетип калдым. Студенттерим менен иштешип атсам "сени директор чакыртып атыптыр" деди бирөө. Барсам, деректир эмей эле, Бүбүсарам телефондо күтүп атыптыр. Ал райондун инженери болчу. "Мага машине таап бере аласыңбы? Жайлоого барыш керек болуп атат. Жумуш чыгып калды" деди түз эле. Мен эмне дээримди билбей калдым. Деректирибиз менен мамилем аябай жакшы эле, "ошонун тыпылдак тракторун сурап турбайымбы" деп ойлодум да: "тыпылдак болобу?" дедим. "Болот!" деп сүйүнүп кетти. Жумуштан суранып, тыпылдакты дырылдаткан бойдон сүйүктүүмө жетип бардым. Жумушу чыкпай эле… жайлоодогу сууларды көрүп келели деди шылтоолоп. Ошол жаркын күн - бакытым менен бактысыздыгымдын башталышы экенин билбептирмин.

"Эгиз балдарым чарчап калган"
25жашымда Бүбүсарага үйлөндүм. Удаа 6 эркек төрөп берди. Туңгучтарым эгиз эле, буйругу жок балдар экен, бир жашка жетпей чарчап калышкан. Айылга жакшынакай үй салып, малды көбөйтүп, сонун оокат кылып аттык. Бир күнү кайненем менен кайын эжем келип "Балыкчыга жашагыла" деди. "Татынакай там-ташыбыз турса неге уябызды бузуп атышат" деп ичимден катуу нааразы болуп калдым. Келинчегим да: "Балыкчыга эле жашайлычы, улуулардын сөзүн угуш керек да. Алар бизди жаман болсун деп атыптырбы?" деп мени жемелеп кирди. Арадан аз күн өтпөй, менин пикиримди уруп ойнобой туруп, бизди Балыкчыга көчүрүп кетишти. Ал жакта жашоо жакшы болбой, кайра 1999-жылы Бишкекке алып келишти. Кайнатамдын Чоң-Арыкта үйү бар эле. Үчүнчү балам Эламан оорукчан болгондуктан "Эламанга энчиледим" деп ошол үйүн белекке берди. Чыгармачыл адамдар сулуулукту, кооздукту сүйөт эмеспизби. Тапкан-ташыганымын баарын чаптап атып, кепедей үйдү койкойтуп эки кабат кылып жасап алдым.

"Кийимдеримди короого ыргытты"
Биз шаарга келгенден баштап эле кайын журтум "көп болсо артистсиң да. Башка кимсиң?" дегендей үстөмдүк менен мамиле кылып баштаган. Кайненем бир күнү: "Силер Арча-Бешикке үй салып алгыла, (кайнимди айтып) бу жерге балам жашайт" деди. Бир жагынан аялым чыкты мээни жеп. Мен болсо эмгек кылып бүтүргөн үйүмдөн кетким келбейт. Ошентип жүрүп аялым экөөбүз аябай катуу урушуп кеттик. Суук тилин агытып тим болбой: "чыгып кет!" деп кыйкырып, кийимдеримди короого ыргытып кирди. Ошону эстегенде… (үнүн катуу чыгарып, буркурап ыйлап жиберди да сөөмөйүн кезеп) мен буларга көрсөтөм… менин балдарым бар… (Бет аарчысы менен жашын аарчып, сөзүн улады.) Жерде жаткан кийимдеримди терип баштыкка салдым. Болгону жарым баштык "кызыл жабарым" бар экен. "Балдарымды кийинтип-ичинтейин, үйдү кооздоюн" деп жүрүп жарытылуу кийим да албаптырмын. Чыгып кеттим. Андан кийин да "ортобузда балдар турат, чогуу жашайлычы" деп аялыма канча бардым. Кээде кыштын күнүндө тоңуп, короосунда калган күнүм да болгон.

"Экөө тең жыпжылаңач…"
Убакыт өттү. Мен Бүбүсарага өчөшүп, үйлөнүп алдым. Менин шорума жараша, ал дагы эси жок чыкты. Акча дегендечи, тим эле өлөт! Экөөбүз төрт жыл жашадык. Ошонун ичинде эле "ай, тигиниң башкалар менен жүрөт" деп канча достордон угуп аттым. Өз көзүм менен көрбөгөн соң унчуккан жокмун. Мен өмүрүмдө аялга кол көтөргөн жан эмесмин. Биринчи жарым: "мени бир ырымга какыс-кукус кылып койсоң боло" деп айтып калчу. Анын сыңарындай, бу аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин. Бир күнү жүрөгүм негедир жамандыкты сезди. Ойлонбостон дароо таксиге отуруп, өзүм шекшип жүргөн үйгө жетип бардым. Эшигинин илгичин илбей, экөө тең бейкапар жыпжылаңач жатышыптыр. Энеңдурайын, ичиме муз сала койгондой муздадым. Экөө кирээрге ийин таппай, жайылып отуруп берди маңдайымда. Аялым кырктарда болчу, "тигиниси" жаш жигит экен. Аны күнөөлөбөдүм. Катын өзү макул болуп атса… "Экөөбүздүн иш бүттүбү?!" дедим келинчегиме. "Бүттү" деди шылкыйып. Болгон сөзүбүз ушу болду. Аткан бойдон ижарабызга барып, буюм-тайымымды көтөрүнүп чыгып кеттим.

"Аялым, эки уулум Англияда"
Азыр эки уулум апасы менен Англияда иштеп атышат. Мен кичүү эки уулум менен жатаканада турабыз. Бизди ушу абалга кайын журтум менен келинчегим өзү апкелди. Бир кезде ушу бөлмөнү өтүп баратып эч нерсе ойдо жок алып койдум эле. Тамадалык жумуш менен нанымды табам. Кээде бир жумада үч-төрт той болуп калат. Негизи, тапканым жакшы. Баарын жалаң ушу балдарыма жумшайм. Балдарым "заказ" кылган тамакты, түрлүү салаттарды жасап берем. Лагманды болсо (бармагын көрсөтүп) момундай жасайм. Ушулардын курсагы ачып, кийиминен, тамагынан жүдөбөсө экен, көргөн эл "ай, артисттин баласын карачы" деп сөөмөйү менен көрсөтпөсө экен дейм. Мектепке кийчү кийимдерин кечинде эле үтүктөп, даярдап, кирлерин өзүм жууп берем.

"Көңүл үчүн жүрөбүз"
"Ала-Тоо-2де" үйүм бар эле, аны карындашыма белек кылгам. Айылда үйүм, малым бар. Малымды иним багып берет, күчүгүм. Айрым кишилер жатаканада жашаганымды укса дароо өзгөрөт. Ошондо чүнчүп кетем. Адамдардын пейили неге мынча бузулган? Жатаканада турсам да кенен ичинип-кийинип жашап атам да. Кээде кумарымды жазарга өзүм менен куракташ келин бар. Мени "Анвар, Анвар" деп сыйлап, көзүмдү карап турат. Экөөбүздүн тең балдарыбыз туура эмес түшүнбөсүн деп, аларга билдирбей жолугабыз. Байкушум жакшы, акчага үзүлүп түшпөйт. Мени кармаган жакшы сапаттарынын бири ушу да. Башында эле: "үй-машине алпере албайм, үмүт этпе. Жөн гана көңүл үчүн жүрөбүз" дегем. Азырынча менин жашоом ушул, бир чечимге келелекмин.

Асмат Жылдыз