п»ї

  Улуу жеңишке 65 жыл

Биз турмушта аталардан кеч келип…
Мындан туура 65 жыл мурда кандуу Ата Мекендик согуш жеңиш менен аяктап, Гитлердик баскынчылар талкаланып, эркиндик үчүн күрөшкөн жоокер, баатырлар майтарылбас эрдиктери менен элге тынчтык белек кылган. Согуштун ардагерлери кырчындай жаш куракта согушта кан кечип, төшүн окко такап баатырларча курман болсо, кээ бири жеңиштин желегин желбиретип өз мекенине кайтып келишкен. Өзүнүн эли жери үчүн күрөшкөн эр азаматтардын өлбөс-өспөс эрдиктери элдин түбөлүк үлгүсү болуп, жүрөктүн түбүндө бекем сакталып калмакчы. Баатырлардын арасында Тоң районунун Шорбулак айылынын тургуну 91 жаштагы Абыкеев Сакай ата да бар эле. Согуш отун кечип, бизге жеңиш алып келген карыя көзүнө жаш алып, согуш жөнүндө маектешип отурдук.

- Сакай ата Жеңиш майрамыңыз кут болсун. Кандуу согушка канча жашыңызда жөнөп кеттиңиз эле?
- Мөлтүрөгөн 19 жашымда советтик армиянын катарында кызматта жүрүп, 6 айлык курсту бүтүрдүм. Анда мен сержанттын наамын алгам. Эми 5 айдан кийин элибизге барабыз деп жатканда согуш башталып жатпайбы 155чи отряддын башкы командири кылып мени дайындады да Украина фронтуна жөнөтүштү. Сталиндин буйругу менен ошол отрядда кызмат өтөдүм. Биз барган кезде Украинаны немистердин самолеттору бомбалап, коркунуч туудуруп жаткан экен. Топторго бөлүнүп, өз алдынча кеттик. Ошондо мен биринчи жолу ичи-карыны чубалып, буттары бөлүнүп, кан жалаган жоокерлерди көрдүм. Ошондо ичиң ачышып, "Бир күнү мен да ушинтип өлөм"- деген ой келет экен. Бирок, "эл-жер, Ата Мекен, Ала-Тообузду сактайбыз, өлүмгө да даярбыз" деген ыйык ант бизге ошондо күч-кубат берип турчу.
- Салгылашууда кандай кыйынчылыктар болду?
- Ал убакта курал жарак жок, техникалар абдан аз болуп кыйналдык. Фашисттер даярданып келип, тынч турган элге кол салып жатпайбы. Алар аябай күчтүү болушту да, аларда 50 учак болсо, бизде 5 учак, аларда 100 танка болсо, бизде болгону 10 гана танка болду. 70-80 кишиге бир танка туура келди. Отряддагы жоокерлер менен душмандын туткунуна түшүп аябай кыйналдык. Үч күн үч түн тамак жебей ошол жерден чычкандарды кармап жеп, жан сактаганбыз. Бизге калкан болуп 20 жоокер "фашисттин" огун төшү менен тосуп, туткундан алып чыгышкан.
- Жарадар болгон жоокерлер жөнүндө кеп кылсаңыз?
- Согуштан соо кишини көргөн жокмун. Адам ит жандуу болот экен да. Биз канга чыланган жоокерлерди алып келип, окопко чогултуп жаттык. Аларга да медициналык жардам жетишпей кээ бири ошол жерден жан берип жатышты. Бооруңа бекем кысып, кош айтышкан күндөр көп болду. Жарылган бомбалардын калдыктары, көзүмө тийип азыр анын азабын тартып олтурам. Мага эки жолу ок тийип (жамбашыма, бутума), катуу жарадар болдум. Тамак жегенге дарманым келбей калган. Бирок, 5 айдан кийин бутума туруп, кайра согушка бет алдым. Окоптон баш көтөрсөң эле окко чалдыгасың, ошол жерден чочконун терисин бышырып жеп, өзөгүбүздү жалгачубуз. Ар кандай улуттун өкүлдөрү менен чогуу болдук, бири-бирибиздин түшүнбөсөк дагы, жөлөк-таяк болуп, боор тартып, жардам берип жүргөнбүз.
- Согушка чогуу катышкан адамдар менен байланышып турасызбы?
- Эгемендикке чейин командир, офицерлер менен бат-бат байланышып, бири-бирибиздин ал-ахвалыбызды сурашып турчубуз. Алардын мага жазган каттары менде азыркыга чейин сакталуу. Өзүнчө мамлекет болгондон кийин байланыш үзүлүп калды.
- Жеңишти кайсыл жерден белгиледиңиздер?
- Мен төрт жыл бою жети мамлекетте болуптурмун. Молдавия, Закарпатье, Днепр дарыяларында, Сталинградда, Украинада ж.б жерлерде. Жеңишти Москвадан белгиледик. Эл кубанычтан бирин-бири тааныса, тааныбаса да кучактап, куттуктап ыйлап жатышты. Сталиндин колунан согуштагы эрдиктер үчүн медаль, орден менен сыйланып, жакшы жашоого умтулуу менен өз жерибизге келгенбиз.
Согуш деген согуш экен. Канча деген адамдардын өмүрүн алып, адамзатка чоң кайгы, азап-тозок алып келди. Согуштун өртүн, канын кечип, өлүмдү көрүп келген киши тынчтыктын, эл биримдигинин баасын өзгөчө түшүнүп калат экен.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??