п»ї

  маалымат майданында

Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
Мурунку президент Курманбек Бакиевге жакындыгы бар адамдардын баарына издөө жарыяланды эле. Эми алардын айрымдары сурак берип жүрүшкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев айткан.

Алар төмөнкүлөр:
экс-министр Бактыбек Калыев,
экс-вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова,
КТРдин экс-генералдык директору Мелис Эшимканов,
ЖК экс-депутаты Сергей Ибраимов,
президенттин катчылыгынын экс-башчысы Оксана Малеваная,
Мамлекеттик салык кызматынын экс-жетекчиси Ахматбек Келдибеков,
ЖКнын "Ак жол" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов,
президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Каныбек Жороев,
мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев,
"Флекси Коммуникейшн" агенттигинин жетекчиси Вигар Халилов жана башкалар.
4-майда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен Оксана Малеваная Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген болчу. "Мени жөн эле күнөөлөй бербегиле" деп, кайра Убактылуу бийликти коркутуп ачкачылык жарыялап алган. Бүгүн 5 күн болот. Оксана айымдын атасы Александр Малеваный АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу Американын Мамлекеттик департаментине Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы туурасында кайрыла тургандыгын кабарлаган. Ошондой эле анын Орусиядагы достору да МамДума аркылуу талап кылууга ниеттенип жатышканын айтышкан. Ал эми эл аралык сотко кайрылуу, кайрылбоо маселесин жакындары адвокаты менен чечээрин айтышкан.

Чаектин тургуну өзүн өзү өрттөө акциясына даярданып...
Мындай маалыматты Жумгал районунун Чаек айлынын тургуну Эраж Кумарбеков 8-Майда "Азаттыкка" кабарлаган. Анткени ал акыркы эки-үч жылда Азия Универсал Банкынын Жумгалдагы филиалынан насыяга алган акчасын төлөй албай, анын айынан үйсүз калып олтурат. Бирок, ал документтер мыйзам бузуулар менен толтурулуп, насыянын бир бөлүгүн ал кездеги банктын кызматкери өзүнө алып алган. Бул боюнча ушул жылдын акыркы үч айында беш жолу сот болгон. "Апрель окуясынан кийин сот акыйкат чечет деген ишеничим жоголду. Мен ошондуктан 24-майда өзүмдү өзүм өрттөйм деген кайрылуумду Жумгал районунун акиминин милдетин аткаруучу Мырзабек Бегалиевге тапшырдым",- деген Э.Кумарбеков. Ал эми Облустук администрациянын бул боюнча кабары жок экен.

ЖТР журналисттери иш таштоосун улантууда
Жалал-Абад телеканалынын деректири Э. Каимов жана анын эки орун басарын кызматтан кетүүсүн талап кылып, 7-майда журналисттери иш ташташкан эле. Атайын түзүлгөн комиссия нааразылык акциясын "саботаж" деп баалап, иш таштагандарды талаптарды орундатууга убакыт берүүгө жана техникалык каражаттарды иштетип, телекөрсөтүүнү токтотпоого чакырды. Бирок, комиссия менен тил таба алышпаган журналисттер акцияны дагы эле улантып жатышат.

Бишкекте бир жуманын ичинде 527 кылмыш иши катталды
Бишкекте 1-6-майга чейин 527 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Башкы ИИБ басма сөз кызматы билдирген.
Апта ичинде 187 кылмыш окуясы, 385 кылмыш иши болду. Алардын ичинен ыкчамдуу түрдө - 40, мурда жасалгандар - 18, тоноочулук - 37, каракчылык - 1, алдоо - 35, уурдоо - 109, унааны айдай качуу - 2, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди табуу - 7 кылмыш иши ачыкка чыккан.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине катышкан жок
Кыргызстан 8-майда Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) бейрасмий саммитине катышкан жок. Бул тууралуу Орусиянын президентинин жардамчысы Сергей Приходько айткандыгын CA-NEWS маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал Кыргызстанда конституциялык органдар түзүлө электигин, Убактылуу өкмөт саммитке катышуу тууралуу маселе койбогонун белгилеген.
Бирок, Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов ЖККУ жыйынына Кыргызстандан өкүл катышкандыгын "Азаттыкка" билдирген. "Өчпөс отко гүл коюу аземине деле Роза Отунбаева катышкан жок. Анткени ал жакка мамлекет башчысы эмес, Убактылуу өкмөт жетекчиси катары барып жатат. ЖККУ жыйынында деле протоколдук жагы болбосо, биз катыштык", - дейт ал.
Р.Отунбаева Москвага иш сапары учурунда Орусия президенти Дмитрий Медведев жана башка мамлекет жетекчилери менен жолугуп, расмий сүйлөшүүлөр болгон

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Алайда эл менен жолукту
Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Исмаил Исаков, утурумдук бийликтин сот, прокуратура жагын тейлеген Азимбек Бекназаров , эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова жана Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 10-майда Гүлчөдө Алай районунун эли менен жолугушту. Жолугушууда А.Бекназаров азыркы кырдаал боюнча маалымат берип, дагы деле стабилдүүлүктү бузганга аракет кылган топтор бар экенин айтып, элден ар кандай чагымчылдык иштерге барбоону өтүндү. Жолугушууга 500дөй адам катышкан.
А. Мамасалиев Убактылуу Өкмөттү сотко берет
- Бийлик мыйзамдуу иштеши керек. Убактылуу өкмөттүн юридикалык статусу чечилиши зарыл болчу. Экинчиден, шайлоого чейин президенттин милдетин аткаруучу шайланып, Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатышы керек эле. Ошондо гана учурдагы бийлик легитимдүү болмок. Мындай болбогон соң, мен референдумга коюлчу Баш мыйзамда Конституциялык Сот киргизилип, кабыл алынган күнү Убактылуу өкмөттү Конституциялык Сотко берем деп таратылган Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев ээленип атыптыр. Көрө жатарбыз.

Президент абсолюттук иммунитеттен ажырайт
Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев кеңешменин кечээги жыйынында кабарлады. Ал болочок президенттин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалгандыгы боюнча шек туулса аны кылмыш ишине тартууга мүмкүн экенин белгиледи. "Президенттин күнөөсү бар же жогун Жогорку Кеңеш кабыл алат. Эгер президенттин күнөөсү аныкталса анын иши тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Мамлекет башчы кызматын таштагандан кийин кылмыш ишине тартылат", - деди Ө.Текебаев. Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин үй-бүлөсү мамлекеттик каржылоодон толугу менен чыгат.
Конституциялык кеңешменин кечээги кеңейтилген жыйынында мамлекеттик түзүлүш, президент, парламент жана аткаруу бийлигинин укуктарына тиешелүү жоболор каралды. Жыйын бүгүн да уланат.

Чоңдорун күткөн Кулябдыктар
Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб дубанында 7-майда бир нече саат нөшөрлөп куйган жаандан соң таң азанда кирген сел 1500дөн ашуун турак үйдү, бир нече мектепти жана өкмөттүк кеңселерди, 12 көпүрөнү кыйратып кеткен. Жана эң кайгылуусу апаатта 21 кишинин өмүрүн ажал алган. Чукул кырдаалдар министирлиги дагы ондогон адамдар дайынсыз жок экенин билдирген. Жергиликтүү калк "жаратылыш алааматы учурунда ыкчам аракеттенбеди" дешип нааразы. Анткени Куляб шаар калкы апааттан бери эки күн өтсө да аларга бийлик тарабынан азык-түлүк, кургак кийим-кече жана дары-дармектен жардам берилген эмес. Керек аман калгандар тамдын чатырына чыгып алышып тикучарларды зарыгып күтүп жатышыптыр.




Бир бүркүм
Кыргызстан Белорусcияга Курманбек Бакиевди кайрып берүү суроо-талабын жөнөттү. Бул маалыматты Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында суроо-талап 6-майда Башкы прокуратура тарабынан жиберилген.
Мурдагы өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттиктин жетекчисинин экс-орун басары, изделип жаткан Алексей Елисеев учурда Украинада жүрөт деген имиштер бар.
Учурда ММКларда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Курманбек Бакиевди Жалал-Абад областынын Казакстанга алып келген казакстандык коргоо министрлигинин аскер-аба күчтөрүнүн учкучу инспектор Игорь Бейленди "Айбын" ордени менен сыйлаганы уу-дуу сөз болуп жаткан кез.
Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы үй -зоопаркында бир жагына арстандын бир жагына буканын башы түшүрүлгөн хан тактасын табышкан. Ал Бакиевдин туулган жылы боюнча бука, төрөлгөн айы боюнча арстан экендигин символдоштургандыгынын белгиси.
Кыргыз-казак чек арасы 11-майдан баштап ачылаарын Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары, каржы министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев билдирип, ошондой эле Темир Сариев кыргыз-өзбек чек арасын ачуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган. 7-апрелден бери Өзбекстан да, Казакстан да чек арасын жаап, өздөрүнүн жарандарын кабыл алып, Кыргыстандын жарандарын чек арасына киргизбей келишүүдө.
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драм театрынын сахнасында Кыргызстанда жашаган балкарлардын "Кубаныч" ансамблинин концерттик программасы тартууланып, анда балкар улутунун ыр-бийлери жана башка улуттун ыр-күүлөрү аткарылды. Бул иш чара 7-апрелде аянтта окко учуп курман болгондордун элесине арналды.
8-май күнү Нарын шаарынын "Корона" ресторанында Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагерине жана ардагердин эки жесирине Нариман Түлеевдин атынан сый тамак уюштурулду. Андан сырткары Н.Түлеевдин атынан 41 ардагердин ар бирине миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Бул саамалыкты Нариман Түлеев 10 жылга чукул аралыктан бери кылып келет.
Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу менен алектенген "Нарынгидрострой" ишканасынын башчысы Альберт Абазбеков камакка алынды. Бул маалыматты Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаев маалымдады.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева тууралуу "Элдик кыз Роза" деген китеп жарык көрдү. Аталган эмгектин ээси Курманбек Осмонбеков аттуу адам. Китепте Роза Отунбаеванын теги, уруусуна чейин иликтенилген.
Апрель окуяларынан каза болгондордун үй-бүлөлөрү Убактылуу өкмөт бөлүп берген 1 млн сомду бөлүшө албай чырдашып жаткан фактыларды " Алиби" укуктук гезити жазып чыкты. Учурда ушул маселе боюнча сотко сегизинчи үй-бүлө кайрылган.
ЖКнын экс-вице-спикери Кубаныч Исабековдун уулунун өкүл атасы Курманбек Бакиев болчу. Бирок, К. Исабеков өзүнүн тиешеси жоктугун, буга балдарынын каалоосу түткү болгонун айтып гезиттерге актанып жүрөт дейт.
"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев жакында Жогорку Кеңештин бет маңдайында жайгашкан ресторандардын биринде апрель айындагы окуялардан каза болгондордун жакындарын чогултуп куран окутуп, ар бирине 30 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү деп айтып чыгышты билгендер, көргөндөр.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ИИМ академиясына барып, коргоо кызматкерлери менен жолугушуп, ИИМ тармагында олуттуу реформа жүргүзүлөөрүн, милиция-полиция болуп түзүлөөрүн, тартип коргоо кызматкерлеринин маянасы жогорулаарын айткан.
Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Кыдыкбек Исаев Кара-Ой айылында көл жээгинен 70 гектар жерди менчиктештирип алганы боюнча иликтөө иштери башталды. Эгерде анын күнөөсү далилденсе ал мамлекетке 184 млн сомдон ашык чыгым келтиргени үчүн жоопко тартылат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??