п»ї
  Ала-тоо асманында

Асел Эшимбекованы
"Сулуулугуңдан ажырайсың!" деген
Асел Эшимбекова ПИРИЯЛдын (БГУ) орус тил филологиясынын үчүнчү курсунда окуп атканда: "таяке, мен мугалим болгум келбейт, апамдын жолун жолдоп актриса болом" деп ыйлап келет. Нуркан аба "айтса, айтпаса төгүнбү" деп ойлонуп, айдай сулуу жээнин Ленинграддагы Черкасов атындагы театралдык окуу жайына өткөрүп, беш жыл окутат. Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында чогуу иштеген артисттер: "Аселдин комедия ойноп атканын көргөндөр күлүп атып, "шымын булгап" коё жаздачу. Нукура актриса деп ошону айт" дешет. Улуулуктун учугун улап бараткан, өзү да сейрек сулуулардын катарына кирген таланттуу кызга түрдүү моралдык соккулар болду. Апасы тууралуу ММКда жарыяланган чын-жалганы аралаш ушактар, экинчиден сулуулуктун жүгүн көтөрүү да ага бир топ оордук келтирди… Т.а. Таттыбүбүнүн тумардай кызын да карышкырчасынан талагылары келди. Тытылып кетет беле ким билет, бактысынабы же шорунабы… Урмат Барыктабасов чыга калбаспы. Билгендердин айтканына караганда: "мага тийбесең сулуулугуңдан ажырайсың. Бетиңди сыйрып кетем" деп коркутуп, ар кимдин үйүндө жашынып жаткан жеринен таап, зордоп үйлөнгөн соң, мурун катышып жүргөн жакын досторунан, жакшы санаалаштарынын баарынан кол үздүрүп, актрисалык кесибине чекит койдурган. Ал энесинин анык табериги эле. Азыр Дубайда жашап, 48 кабат менчик мейманканасы бар экен. Көргөндөр: "толгон айдай чачырап, мурдагысынан эки эсе сулуу болуп кеткен" деп кеп кылышат. Учурдагы шай дүйнөсү жаккандыр да. А бирок, кыргызга кылчу кызматын көмүскөдө калтырып, күйөөсү жөнүндө бир ооз сөз айтпай, бир кыскача маегинде: "мен балдарымды тарбиялашым керек да" деген. Неси болсо да элеси алыстан качкан аркардай суналып, өзгөчө тагдыр, өзгөчө сулуулук ыроолонгон кыргыздын бир кызы аман жүрсүн демекчибиз…


Буюккан жылдыздарым
Ала-Тоонун асманында, чыныгы, кун жеткис, баа жеткис нечен жылдыздарыбыз буюгуп кетти. Буюккан, тоңгон чолпондорубуздун сабында аркы дүйнөгө узагандары да, көзү тирүүлөрү да арбын. "Талант - кудайдын жазасы" деген сөздү жамынып алып, сансыз таланттар арак менен сүйүүдөн жапа чегишкен.Өткөндүн таасирдүү тагдырларын кеп кылуу -аларды жамандоо эмес, көчтүн соңунда келаткан бардык өнөрпоздорго сабак болсун деген изги каалообуз. Арийне, жараткан ыроолоп тубаса таланттуу болуп туулгандар, өзүн-өзү сактоо чоң милдет экенин унутпаса дейбиз.


Советбек Жумадылов
"Үйүнүн балконунан ыргытылган" дешет
Советбек Жумадылов да үйлөнүп-жайланып бейкапар турмушун баштаган. Үч уулдуу болгон соң, өзүнөн 15 жаш кичүү Сагын аттуу аялды сүйүп калып балдарын, кыз алган жарын таштап, ашык болгон аялзатка баш кошот. Ал ортодо биринчи аялы катуу оорудан каза болуп, бармактайынан баш кошкон аялына абдан кайгырып, ботодой боздойт. Күйөөсүнүн ал-абалын түшүнгөн эстүү экинчи аялы, күндөшүнө кайгырганын күнүлөбөстөн жолдошуна түшүнүү менен жароокер мамиле жасайт. Экөө бир кыз перзент таап, бир чети өзүн аябай күнөөлөгөндөн, экинчиден "өлбөй аман жүрсө не" деген тымызын өкүнүчүнөн жаңыдан айыгып келаткан эле… Сахнадан бакыт тапкан теңдешсиз актёрдун тагдыры кайрадан оордоп, кийинки жубайы рак оорусуна чалдыгып, ал дагы о дүйнөгө узап кетет. Удаа-удаа түгөйлөрүнөн ажырап, оңой-олтоңго чөкпөгөн Жумадылов канаты сынгандай, тырпырап жатып калат. Аялдарынын артында калган соң, театрдын куту болгон Советбек ага аз жыл гана өмүр сүрдү. Актёрдун өлүмү да театр чөйрөсүндөгүлөрдүн ичинде эки версия менен айтылат. Биринде "көчөдө баратып, тайгаланып жыгылган бойдон турган эмес" десе экинчисинде "өз үйүнүн балконунан ыргытылган" дешет. Кайсынысы чын экени бир гана Кудайга маалымдыр…


Таттыбүбү Турсунбаева менен
Айтматовдун тогошкон жери
Кыргыз аялзатынын сулуулугунун символуна айланып кеткен Таттыбүбү Турсунбаеванын 37 жылдык өмүрүнүн тарыхы өтө бай болгон. Ал жетимишинчи жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын көзгө басар махабаты эле. Таттыбүбүнү обончулар, акын-жазуучулар, артисттер, сүрөтчүлөр, театр сынчылары, драматургдар сүйгөн. Кыргыз өнөрканасында учуп-конгон өнөрпоздор Таттыбүбү берген эргүү менен не деген чыгармаларды жаратканы жана аны кандай сүйгөнү жөнүндө чети оюлуп айтыла элек. Мисалы, Таттыбүбү эженин сакталып калышына бир өбөлгө түзүлгөндө актриса жаштык кылып, карманып калалбай колунан учуруп жиберген экен. Укканыбызга караганда, генийибиз Чыңгыз Айтматовдон актрисанын боюна бүтүп, түйүлдүк 6 айлык болгончо көтөрүптүр. Ошондо атасы Турсунбай аба "кой, балам" деп боюнан алдырып койгон дешет. Балким, Таттыбүбү эже Чыңгыз абанын жубайы болгондо, кыргыз элинин таажысыз канышасы болот беле? Кыргызга кайыбынан келген эки таланттын ортосунан не деген керемет бала жаралат эле?! Элестетип көрүңүзчү…


Табылды Мукановдун мүрзөсүн өрт алып кеткен
Ал кыргыз поэзиясынын чолпондорунун бири эле. Студент кезинде Клара аттуу кызга ашык болуп, өмүрүнүн акырына чейин ошо махабаты жүрөгүнөн өчкөн эмес. Көзү да, өзү да оттон бүткөндөй нукура акын Табылды ата-энеден эрте калып, жүрөгү жаралуу жигит болгон. Ошон үчүн ал Клараны бу дүйнөдөгү жападан-жалгыз жакыным деп эсептеген. Сүйгөн жары менен үйлөнгөндөн кийин да бактылуу болуп кеткен жок. Бир нече жолу ажырашып, кайра табышып отуруп алар эки кыздуу болгондо эки ача жолго түшүшкөн. Бул тагдыр акындын каалоосу эмес, аялынын тандаган жолу эле. Таланттуу жандарга жабышкан зыяндуу адат- бул арак эмеспи. Табылды да шараптан күчтүү туруп, кол үзүп кете алган эмес. Экинчиден, жолдош-жоролоруна: "кайненем мени ата-энең жок дегенсип кемсинтет" деп далай жолу көз жашын агызган экен. Кийинки аялына үйлөнгөндө "өзүңө окшобогон аял алып, өзүңдөй кыздуу болгом тентек, аппак" деп, Кларасына куса болуп жашаптыр. Акактай жыйнактарынын жаралышына ушу аялзаты өбөлгө түзгөн. Аты таанылып, ыр китебин чыгарып, сүйүнүп жүргөн кезинде өз үйүндөгү көмүрканасынан жипке асынган сөөгү табылган. Жакын достору "өзү муунуп өлгүдөй маанайда эмес болчу, көңүлү абдан ачылып жүргөн кез эле" деп досунун өлүмүнөн шектенишет. Акындын өлүмү сырдуу өлүм болуп, белгисиз бойдон калды. Ал тургай Табылды Муканов жаткан көрүстөндү бир жылы өрт алып кетип, бүгүнкү күндө анын мүрзөсүн таануу, табуу да мүмкүн болбой калган… Аттиң! Кыргыздын буюккан кайран жылдызы…


Таалайдан туяк калдыбы?
Таалай Бектурганов 11 биртуугандын бир бутагы болгон. Медициналык институтта окуган Назира аттуу кызга ашык болуп, азыркы биз эргип уккан ырларын ошол жаш селкиге арнаган. Кырчын куракта кыздар тез жетилип, балдар бозбаш бойдон жүргөндүктөн, селкилер өздөрүнөн улуу жигиттерге көңүл бөлөт эмеспи. Назира да алгач Таалай менен бир аз убакытка кыз-жигит болуп жүрүп анан таштап кетет. Ызага, кусалыкка, бактысыз махабатына муунган Таалай аруу сезимин көккө кептердей учуруп, татынакай ырлары менен сүйүүсүнүн дарбазасын жапкан. Көр тириликтен улам Россияга поезд менен сапар тартып баратканда кыргыздын кырчын талантынын өмүрүнө сырдуу өлүм чекит койгон. Тепкилеп өлтүрүп, андан соң сөөгүн терзеден ыргытып жибергени айтылып жүрөт. Ырчы жигит каза болгон соң, бирге жүргөн достору анын айылында эскерүү кечесин өткөргөн. Кечеге Назирадан кийин табышкан татына сүйгөнүн, Таалайдын ата-энесине көрсөтүп, тааныштырып коюу максатында алпарышыптыр. Концерттин ортосунда алып баруучу кызды сахнага чакырат. Ырчынын апасы ак көшөгөдө салбай калган жоолугун делбирете көтөрүп чыгып, селкинин башына сала бергенде, ал ыйлап, жүгүнүп жиберет. Ошондо мууну бошогон калайык орундарынан тура калып кызга бата берип ийишет. Эл арасынан ак сакалы жайкалган бир абышка: "кызым, айланайын, сен деле биздин балабыз болуп калдың. Уялбай айтчы, Таалайдан туяк калдыбы?" дегенде эл үмүт кылып, кулак түрө тунжурайт. Ошондо көзүнүн жашын сүртүнгөн кыз "жок" деген жоопту айткан.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??