п»ї

  Жаңы ысым

Расул Рахманалиев:
"Робот байкесизби?" деп сурашат"
Ырчы тууралуу:
Толук аты - Рахманалиев Расул Абдыкалыкович;
Туулган жылы, айы - 1989-жыл, 31-август;
Бою - 176 см;
Салмагы - 66 кг;
Жакшы көргөн тамагы - шакарап;
Кыздарда баалаган сапаты - акылдуулук жана жөнөкөйлүк;
Урааны - "Кыялдан жана ал кыялыңды ишке ашыра бил"
Жактырган машинасы - Тико жана Хонда коронда
Кызыкканы - футбол

- Расул, ырчылык менен алектенгениңе канча убакыт болуп калды?
- Биздин үй-бүлөдө жалаң чыгармачыл адамдар болгондуктан, менин да ырга болгон шыгым кичине кезимде эле ойгонгон. Атам бардык инструменттерде ойнойт. Айылда окуп жүргөндө эле мектептин атынан конкурстарга катышып, биринчи орундарды алып жүргөм. Эң алгачкы чыгармачылыгымды радиодон жаш балдардын программасын алыпбаруу менен баштагам. Андан кийин "Замана" студиясынын эртең мененки чыгарылышына алыпбаруучу болуп калдым. Ал эми ырчы болуу менин бала кезимдеги тилегим болчу. Буга чейин кафелерде ырдап калып жүрдүм. Өзүмдүн жеке ырларымды жаздыра баштаганыма беш ай болду.
- Репертуарыңда канча ыр бар?
- Репертуарымда алты ырдай болуп калды. Эки ырым радиолордон кетип жатат. 25-май акыркы коңгуроого карата "Кош эмесе мектебим" деген ырыма клип тарттырып бүтүп калдык.
- Бул жаатта билим алдың беле?
- Окуумду бүткөндөн кийин вокал боюнча сабак алайын деген максатым бар. Учурда ОшМУнун журналистика факультетинде сырттан окуйм.
- Ырчылардын көбүндө продюсери бар эмеспи. Сенин продюсериң жок болсо, ыр жаздырып, клип тарттырганга акчаны кайдан алып жатасың?
- Акча жагынан ата-энем каржылап жатат. Өзүм да аракет кылып табам.
- Азыркы жаш ырчылардын көбү сүйүү темасына басым жасап ырдашат эмеспи. Сеники да ошондой болсо керек?
- Мен негизи ырдын маанисине көбүрөөк карайм. Ошондуктан бул же тигил темага басым жасайм деп айта албайм. Мааниси жагынан жакшы болсо, ырдай берем. Бирок, ар бир теманын өзүнүн сүйүп уккан угарманы бар деп ойлойм.
- Тойлордо да тамада болом дегендей кылдың?
- Ооба, тамадалык да өнөрүм бар. Мени көбүнчө жаштардын үйлөнүү тойлорун жана майрамдык кечелерин алыпбарууга чакырышат. Тойдун ээси келип мага шартын айтып, атайын келишим менен чыгам. Тойдо тамадалык гана милдетти аткарбастан, башынан аягына чейин ырдап да берем.
- Сени эч ким Темир Назаровго окшоштурган эмес беле, дегеним окшошуп кетет экенсиң?
- Чын эле көп окшоштурушат. Кээде маршруткага түшүп калсам "Темирге окшош экен" деп шыбырашып калышат. Акыркы күндөрү Атай Өмүрзаковго да окшоштурушчу болушту. Кээ бирөө "Робот байкесизби?" деп сурап калышат.
- Популярдуулукка жетүү үчүн эмне керек деп ойлойсуң?
- Эң негизгиси тыным албай эмгектениш керек деп ойлойм. Ошого жараша талантың жана келбетиңдин да ойдогудай болушу шарт.
- Жакынкы пландарың менен бөлүшсөң?
- Байыш Момунов менен бирге өзүмдүн туулуп-өскөн жерим Баткен облусуна 16- 22-майда ыр тартуулап, гастролдоп келели деп жатабыз.
Төлөбүбү Касымалиева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??