п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-116-01. Апам Айсулууга дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Биздин бактыбызга аман жүрүңүз. Неберелериңизди жетелеп бактылуу чоң эне, таене болуп жүрө бериңиз. Зыяда.
ОП-116-02. Сүйбөсөң антип мени кагып-силкпе,/ Ансыз деле теңеп койдуң мени итке./ Болуптур окшошоюн итке,/ Кийинчерээк окшошомун Бред Питке./ Тима.
ОП-116-03. "Манас" радиосунун супер ди-джейи Айбек Акматовду кесиптик майрамы менен куттуктайм. Айбек мырза мен сизге ар дайым суктанып келем. Маанайыңызды эч түшүрбөңүз, сиз азаматсыз. Мен ар дайым сиз менен сыймыктанам. Айпери.
ОП-116-04. Сулуу, ыймандуу, боорукер, бою, чачы узун кыргыздын өзүнө ишенген, сүйүүгө туруктуу 18-20 жаштагы кыздары менен таанышам. Смс жазгыла. 0550040463.
ОП-116-05. А+Д=үсүйүү! 07789054хх.
ОП-116-06. 11-класстагы аяштарым силерге ак жол! Окууңарга ийгилик. Силерди терең урматтаган аяшыңар Динара.
ОП-116-07. Мен Россиядамын. Намаз окуган такыбалуу жигиттер менен таанышкым келет. Менин да беш убак намазым бар, иншаллах. +79244779307
ОП-116-08. Ильяз Абдыразаков, Бактыгүл Бадыева силерге эч ким жетпейт. Ар дайым бар болгула, эч качан өчпөгүлө, көп өлкөнү багынткыла! Ак жол! Наргиза.
ОП-116-09. Сулуу кыз көрдүм, жүрөк арбалды,/ Сезимдер кайкып, сүйүүм арналды./ 07722493хх.
ОП-116-10. 130-мектептин 11 "А" классынын бүтүрүүчүлөрүнө ак жол! Бегимай.
ОП-116-11. Аталар жыл сайын карып барат,/ Тамчыдай бир азыраак калып барат./ 07706672хх.
ОП-116-12. Ильяз Абдыразаков мен сизди сүйөм. Айжан.
ОП-116-13. Гүлжигит жаным, сагындым сизди,/ Сагыныч жүрөктү эзди./ Сүйөмүн жалгыз сизди,/Бир өмүр билесизби./ Умсунай.
ОП-116-14. Мен сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. 05590800хх.
ОП-116-15. 11 "А"дагы Айзат, менин сүйүүмө эмне үчүн ишенбейсиң? Мен сени сүйөм. Казармандан Эрлан.
ОП-116-16. Сүйүү деген эң биринчи махабат,/ Адамдардын жүрөгүнө чок салат./ Берген, айткан убадага бек турган,/ Ошол адам сүйгөнүнө жете алат./ 07789054хх.
ОП-116-17. Жалоорутуп жалгыз мени калтырба,/ Жок дебегин мен болоюн жаныңда./ Өзүң болуп жан дүйнөмдүн азыгы,/ Өмүр бою болчу менин жанымда./ 07789054хх.
ОП-116-18. Ардактуу аталарыбыздын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм! Силердин эрдигиңерди жүрөгүбүздөн эч качан өчүрбөйбүз! 0556221хх.
ОП-116-19. Сүйүү болсо, айрылыш болбосо,/ Сүйгөн жигит кыз тагдырын ойлосо./ Сүйүп жүрүп акырына чыдабай,/ Ара жолго кызды таштап койбосо./ Белиза.
ОП-116-20. Эне деген эң мээримдүү асыл жан,/ Эне деген өмүр, өрнөк, мээрбан./ Эне деген сулуу дагы, назик да,/ Энелердин колу алтын акылман./ 05582110хх.
ОП-116-21. Кымбаттуу кыргыз жигиттери, силерге бардык мактоо жарашат! 05560221хх.
ОП-116-22. Сүйүү деп жаза берет акындар,/ Андан кымбат өмүр деген асыл бар./ Дүйнөгө бир келесиң, бир кетесиң,/ Күлгөнгө ар бир адамдын акысы бар./ Жаным.
ОП-116-23. 0779029390 менин сага болгон ак сүйүүмдү тепсеп кетпе! 077х905494.
ОП-116-24. Максат менен соккон жүрөк,/ Бакыт менен өмүр сүрөт./ ЭлиМелиЛиза92
ОП-116-25 . Түн өтөт, кайра таң атат,/ Табият сырын ким айтат./ Акырын жылып билинбей,/ Жаштык кез кайда баратат./07781331хх.
ОП-116-26. Сагынып, саргайып кыйналдым,/ Сени эстеп кусаланып ыйладым./ Оюмдан кетпей койдуң кантейин,/ Мени сүйбөй башканы сүйсөң дагы мен сени сүйө берем./ Айгүл.
ОП-116-27. Сен мендиксиң, сен мендиксиң,/ Ашыктыктын тартып бүттүм жазасын./ Жараткандан жарым болуп калууга,/ Жарым түндө сурап алдым батасын./05532772хх.
ОП-116-28. Эрмек байке, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей, бизди да күлкүгө бөлөп жүрө бериңиз. Кыял.
ОП-116-29. "Обондун" супер смсчилерине ысык салам. Дайыма бар болгула! Айчүрөк93.
ОП-116-30. Катты сиңдиңизге берип койдум. Жакшы калыңыз. Дамир.
ОП-116-31. Сагынычтуу саламым супер жигит Султан Садыралиевге жолдонот. Сага чыгармачылык ийгилик каалайм, ар дайым бар бол! Гүлкайыр.
ОП-116-32. Мирбек Иманбеков байкеге: Каалаймын өмүрүңүз узун болсун,/ Башыңызга балбылдаган бакыт консун./ Дайыма сиз баруучу кенен жолдор,/ Ачылып кыпкызыл гүлгө толсун./ Эркай.
ОП-116-33. Отурамын кайыкта жалгыз зарыгып,/ Жыйнап койсомбу чаңын сүрүп, шыпырып./ Эл журттан кеттим алыска,/ Сүйгөнүм жетээр бекен мага./ Чолпон.
ОП-116-34. Кыргыз элимдин 9-Май Жеңиш майрамы менен куттуктайм! Ынтымак каалайм! Назар.
ОП-116-35. Турмушта болот миң айла,/ Таппадым бирок бир айла./ Айласын издеп күн-түндө,/ Ойлордун жетпей түбүнө./05530709хх.
ОП-116-36. Кыргыз элимдин 9-Май Жеңиш майрамы менен куттуктайм! Элимде ар дайым тынччылык болсун! Шахрезада91.
ОП-116-37. Сүйбөдүм, сүйө албадым башкаларды,/ Жүрөктүн жанын алып кеткен белең./ Сезимди куйкалаган чокко салып,/ Арзуунун уу дарысын сепкен белең./ Талас.
ОП-116-38. Салам Айгерим95, кел таанышабыз. Менин атым Баха. 0552089090.
ОП-116-39. Урматтуу смсчилер, мени дагы силердин командаңарга кошуп алгылачы?! Үмүт.
ОП-116-40. Оштук, Бишкекте жашаган чырайлуу кыздар менен таанышам. 0770469090.
ОП-116-41. Июнь, июль айында,/ Булбул сайрайт багында./ Булбул болуп сайрап жүр,/ Жогорку окуу жайында./ Баха, бул сага арналат. Гуля94.
ОП-116-42. Кудайбергенов Жолдош, сенин жаркын элесиң көз алдыбызга түбөлүк сакталат. 07778830хх.
ОП-116-43. Шайырбек Абдрахманов уялсаң болбойбу, сен баары бир Нурлан Шакиевге жетпейсиң! Сен берген көрсөтүүлөрдү эл көрбөй калды. ЭлТР мурдагы калыбына түштү. 07782525хх.
ОП-116-44. Кутмандуу таңың менен! 07730574хх.
ОП-116-45. Мен сүйүктүүм Жеңишке салам жолдойм. Мен сени аябай жакшы көрөм. 07727875хх.
ОП-116-46. Досум Бурулкандын май айындагы майрамдары менен куттуктайм! 05518749хх.
ОП-116-47. Ох, жүрөгүм, жүрөгүм! 07727875хх.
ОП-116-48. Жеңиш, менден башкасына ишенбечи, мен сага гана ишенем. Мен сени сүйөм! Назира.
ОП-116-49 . Менин саламым сүйүктүүм Мирбек Иманбековго жолдонот. Мен сизди чексиз сүйөм. Бирок, сиз аны сезбейсиз. 07702407хх.
ОП-116-50. Даниель байке мен сизди чексиз сүйөм. Сизсиз мен жашагым келбейт. Мээрим93.
ОП-116-51. Бөжөн сарайында жашап жаткан атам Сүйүндүк, апам Керезди май майрамдары менен куттуктайбыз! Ата, апа балдарыңыздардын сый-урматын көрүп, биздин төрүбүздө жүрө бериңиздер! Балдарыңыз.
ОП-116-52. Нарын шаарынын тургуну байкем Нурлан, жеңем Зинат, иним Нурсултанды май майрамдары менен куттуктайм! Жашооңуздарда дайым жакшылыктар болуп, бактылуу болуңуздар! Карындашыңыз.
ОП-116-53. Куйбышев айылынын тургуну чоң энем Аныйпаны, байкем Айтбекти, жеңем Кундузду, кызы Кумаркүлдү, уулдары Чыңгыз, Илгиз, Жылдызбекти алдыда келе жаткан майрамдары менен куттуктайбыз! Туугандардын арасында аман болуңуздар! Кызыңар.
ОП-116-54 . Миң-Булак айылынын тургуну сиңдибиз Айнураны, күйөө балабыз Өмүрбекти, кудагыйыбызды май майрамдары менен куттуктайбыз! Жашооңуздар дайым майрам менен коштолсун! Кудаңар.
ОП-116-55. Миң-Булак айылынын тургуну таенебиз Сыяшты, таякебиз Эркинбекти, таажеңебиз Кайырды, кыздары Гүлина, Бурулсун, Айперинин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз! Дайыма эле ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болуп жүрө бериңиздер! Кызыңар Керез.
ОП-116-56. Асманыбыз ачык болсун,/ Ата Журтка бакыт консун./ Эмгекчиге жаркын маанай,/ Элибизге чексиз таалай./ 07783981хх.
ОП-116-57. Башымда таажы, дөөлөтүм бар,/ Көзүмдө шам чырагым бар./ Кулагымда азан гооматым бар,/ Оозумда калма шаадатим бар./ 07783981хх.
ОП-116-58. Супер смсчилерге супер салам. Борби.
ОП-116-59. Тогузторолуктарга ысык салам. Наргиза.
ОП-116-60. Алтынбек Алымов жөнүндө кенен маалымат бериңиздерчи? 07706672хх.
ОП-116-61. Балыкчыдагы маңдайкы кошунам Амантур байке, силер менин түшүмдөн кетпей койдуңар. Мени түшүнүп койгулачы?! Үмүт.
ОП-116-62. Алоолоп от жамынган күндөр өттү,/ Кармаша кан агылган түндөр өттү./ Андагы жаш жигиттер туу орнотуп,/ Улуу Жеңиш 65ке келип жетти./ 07706672хх.
ОП-116-63. Балыкчыдагы №5 орто мектебине салам жолдойм. Үмүт.
ОП-116-64. Куба мен сени сүйөм. Асем.
ОП-116-65. Биздин сүйүү айтып бүткүс дастандай,/ Айрылдым сүйүүмөн аттиң гана./ Таарындым жеткирбеген тагдырыма,/ Сени менен бирге болсом болмок беле./ Тирүүлүктүн түйшүктүү жолдорунда./ 07718989хх
ОП-116-66. Бүгүн дагы күттүм сизди,/ Күттүм бирок үмүтсүз./ Кандай таш боор айта алмак,/ Келбейт эми үмүт үз./ Түн бир оокум, тереземден жарык өчкөн./ Ырлар жаздым сен жөнүндө,/ Түнүм бекер өткөн жок./ Аси.
ОП-116-67. 130-мектептин мугалими Кадырбердиева Буайша эжеге салам жолдойм. Ишиңизге ийгилик, ар дайым бар болуңуз. Бегимай.
ОП-116-68. Мирбек Иманбековго арналат: Тагдырым деп ыйлап жүргөн, бүт кыздардын сүйүүсүнө кабылган, супердин супери болуп саналган, жаным болуп жаралган, менин сүйүктүү ырчым Мирбекке чоң салам. 07702407хх.
ОП-116-69. 93-94 жылкы сулуу балдар менен таанышам. Атым Айкан. Чүйлүк балдар чалгыла. 0770240766.
ОП-116-70. Жүрөсүң кайда жыргалым,/ Жүрөктө толгон сырларым./ Сен үчүн сактап жүрөмүн,/ Сүйүүнүн таза ырларын./ Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың,/ Азыр мен да сени ойлоп сагындым./ 07790441хх.
ОП-116-71 . Адам кыйынчылыкта турганда пейили оңолот. Пейили оңолгон кишинин иши оңолот. Иши оңолгон кишинин эки дүйнөсү тегиз болот. Кыргыз элим уяттуу болуп, пейилди оңдоп, Кудайдан корколу, бул дүйнө жалган экенин эстен чыгарбайлы! Саламова Айжамал.
ОП-116-72. Бүгүн дагы күттүм сизди, күттүм бирок үмүтсүз,/ Кандай таш боор айта алмак, келбейт эми үмүт үз./ Түн бир оокум тереземден жарык али өчкөн жок,/ Ырлар жаздым сен жөнүндө, түнүм бекер өткөн жок./ Коркунучтар тарап кетти, кетти таркап кайдадыр,/ Балким өжөр бул күтүүгө теңеле албай калгандыр./ Таң агарып кетти беле, кызуу турмуш башталат,/ Дале менин күтүүмдүн барактары бош калат./ 07718993хх.
ОП-116-73. Сиздерден сураныч, кичинекей Гүлмира тууралуу жазгылачы? Биз кичинекей кезибизде анын ырларын укчубуз. Азыр анын ырларын эч жерден уга албай жатабыз. Нур.
ОП-116-74. "Обондун" жалпы жамаатына салам. Бар болуңуздар! Жанарбек89.
ОП-116-75. 92-жылкы бүтүрүүчүлөргө ак жол! Марлис, Нуржигит.
ОП-116-76. "Обондун" жалпы супер смсчилерин 9-Май майрамы менен куттуктайм! Майрамды жакшы тосуңуздар, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Жанарбек89 .
ОП-116-77. Кыздар ырчы жигиттерге асылып эмне кыласыңар, андан көрө кыргыздын сонун жигиттерине асылсаңар. Борби.
ОП-116-78. Бул дүйнө жөн эле сыноо, өмүр бою калбайбызго акырет күнүнө даярданалы. 07783981хх.
ОП-116-79. Майрамбек байке, 9-Май майрамыңыз, туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм! 07786058хх.
ОП-116-80. Эрмек талантың ташкындай берсин, бактылуу бол! Мирайым.
ОП-116-81. Кыргыз элиме Алла Таалам бейиштей жерди берген. Кыргыз элим, бейиш жерибизди сактап калалы! 07783981хх.
ОП-116-82. Ильяз Абдыразаков алга! 07783457хх.
ОП-116-83. "Болашак" базарынын 11-катарында турган Уулканды 9-Май майрамы, туулган күнү менен куттуктайм! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Жанар.
ОП-116-84. Шыбырап айтты "Обон" деп,/ "Обон" үчүн күлөм деп./ Жок болгондо "Обонум",/ Күлбөйт элем ойнойм деп./ Ырысбек91.
ОП-116-85. Эх жылдар өттү арадан,/ Согуш дагы болбосо экен кайрадан./ Аталарга узак өмүр айтабыз,/ Аталар бар болсун деп кайтабыз./ 07704147хх.
ОП-116-86. Эрмек байке, мен сизди идеалдуу мырза деп эсептейм. Сизге кааларым узун өмүр, чың ден-соолук, атагыңыз Алайга, даңкыңыз далайга жетсин! Жаратканым сизге өмүрдүн узунун, түйшүктүн кыскасын берсин. Динара эже менен бактылуу болуңуз! Нуржамал.
ОП-116-87. Сулуу айымдарды жазалоонун оңой жолу: кымбат баалуу шляпа алып берип, күзгүсү жок бөлмөгө камап коюу керек. Адиш.
ОП-116-88. Бакиев кайсы бети менен президенттиктен кетпейм деп жатат?! Андай акмакты тирүүлөй көмүш керек! Актриса.
ОП-116-89. Кыргыз элиме салам. Гүлдөп өсөлү, өркүндөйлү! 07738735хх.
ОП-116-90. Султан Садыралиев алга! 07738187хх.
ОП-116-91. Туугандарым бар болгула ар дайым,/ "Обонго" ыр жазгыла жыл сайын./ "Обондон" алыстабай жүрөлү,/ "Обондо" чогуу бойдон күлөлү./ Ырысбек91.
ОП-116-92 . Эмне үчүн жакшы адамдар бул жарык дүйнөдөн эрте кетишет? Датка.
ОП-116-93. Салам Кыргызстан! Мадияр.
ОП-116-94. Улук байке, сиздин бул дүйнөдө жок экениңизге ишене албайм! Готка.
ОП-116-95. ММС менен таанышам. 0771401551.
ОП-116-96. Мирбек Атабековго эч ким жетпейт! Айнагүл.
ОП-116-97. Майрамбек байке туулган күнүңүз кут болсун, өмүрүңүз узун болсун! Туулган күндү жакшы өткөрүңүз, кыздар менен азыраак сүйлөшүңүз. 07786058хх.
ОП-116-98. Кыздар менен таанышам. Маяк таштасаңар өзүм чыгам. 0778810502
ОП-116-99. Сүлүктүнүн 94-жылкылары барсыңарбы?! Мирка.
ОП-116-100. Бишкектин ыймандуу балдары менен таанышам. Маякка жооп жок. Сулуу кыз. 0778605869.
ОП-116-101. Канчалаган патриотторубуздан айрылдык. Силер биздин таянаар тообуз болчусуңар! 05560221хх.
ОП-116-102. Эрмек байке, сиздин башыңызга чыныгы кайталангыс сүйүү келгенби? Элнура.
ОП-116-103 . МИДте иштеген Мирабек, сени бир көрүп жактырып калам деп эч ойлобоптурмун. Сырдуу кыз.
ОП-116-104. Саламым Казармандагы атам Эргешке, апам Анарага, иним Бактыярга, сиңдим Нуркызга жолдонот. Мен силерди жакшы көрөм. Инаят.
ОП-116-105. Бириңерден бириң эр,/Депутат болчу кимиңер?/ 07775400хх.
ОП-116-106. Менин саламым Жумгал районундагы Эпкин айылынын А. Садырбаев орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө жолдонот. Алтындар, ар дайым бар болгула! Элнура92.
ОП-116-107. Улан мен сени сүйөм. Ишиңе ийгилик, бекем ден-соолук каалайм. Жаның.
ОП-116-108. Сен кеттиң жүрөк жаралап,/ Сен үчүн ырлар жаралат./ Сүйдүрүп койдуң өзүңдү,/ Көздөрүң сенин карагат./ Аси.
ОП-116-109 . Каражал айылында жашап жаткан ата-энем Айтбек, Сайракүлгө чоң салам. Ар дайым ден-соолукта болгула. Сайкал.
ОП-116-110. Анжелика, сенин уятың жок экен. Тырмактай кезиңде тарбиялаган Айчүрөк эжеңди сыйлашың керек болчу. Нур.
ОП-116-111. Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Ж.Бахтияров орто мектебинин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам. Айбек
ОП-116-112. Барскоон айылынын тургуну ардагер Сааданбеков Асанбайды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Ден-соолугуңуз чың болсун. Небереңиз Тилек.
ОП-116-113. Тинатин Ысык-Көлгө жакшы барып кел. Баарына ысык салам айт. Көрүшкөнчө. Эля.
ОП-116-114. Кичи-Өрүктү айылынын тургундарына чоң салам. 88-жылкы бүтүрүүчүлөр барсыңарбы? Айчурөк.
ОП-116-115. Алматыда жашаган эжем Рахатты жана жездем Рашидди келе жаткан майрамыңар менен куттуктайм. Бешик бооңор бек болсун. Уулуңар Илим бактылуу балдардан болсун. Сиңдиңиз.
ОП-116-116. Арина салам! Мен сени сагындым, качан келесиң? Качан жолугабыз? Жайды күтүп жатам. Батыраак кел макулбу? Нургүл
ОП-116-117. Курбум Айчүрөккө чоң салам! Окууларыңды ийгиликтүү аяктап, ден-соолукта бол! Мен сага ишенем, мени уят кылба! Курбуң.
ОП-116-118. Талант байке эмне жоголуп кеттиңиз? Почтаңызды бат-бат текшерип туруңузчу?! Карындашыңыз.
ОП-116-119. Рамиль мен сени 89201020. Сайка.
ОП-116-120. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам. Ишиңерге ийгилик! Жаркынай.
ОП-116-121. Ислам университетинин 5-курсуна салам. Окууңарга ийгилик! Асалкыз.
ОП-116-122. Гүлнара майрамың менен! Майрамды күлүп тос, жүзүңдөн эч качан жылмаюу кетпесин. Аман бол, ишине ийгилик! Жанарбек.
ОП-116-123. ОП-113-137деги Патриот, сиз туура айтасыз. Ортодогу куу адамдарга айтаарым силердин башыңарга да Бакиевдикиндей күн келет. Патриот2.
ОП-116-124. Алтын апам төрөп мени өстүргөн,/ Эркелетип түн уйкусу бөлүнгөн./ Апа келе жаткан 13-май туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сизге бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Балдарыңыз Уларбек, Самарбек, Жанарбек.
ОП-116-125. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына, эже-жездеме чоң салам жолдойм. Биз силерди сагындык, качан келесиңер? Гүлжан.
ОП-116-126. Иним Кайраттын 6-май туулган күнү менен куттуктайм! Атыңа затың жарашкан кайраттуу, намыстуу балдардан бол! Биз сени менен сыймыктанабыз. Аскат, Азамат.
ОП-116-127. Ат-Башынын 85-жылкыларына чоң салам жолдойм. Классташтар мен силерди сагындым. Мээрим.
ОП-116-128. Бардык кыргыз элимди май майрамдары менен куттуктайм! Чечилбей жаткан маселеңер майда болбосо да, июнда чечилсин. Максат.
ОП-116-129. Казак кызы Амангүл, каякка жоголуп кеттиң? "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба"! Калемсап.
ОП-116-130. Узун бойлуу, терең ойлуу, билимдүү 24-28 жашка чейинки жигиттер менен таанышам. 0700444470.
ОП-116-131. 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм! Алдыдагы экзамендериңерди ийгиликтүү тапшырып алгыла. Келечегиңер кең болсун! Зыяда.
ОП-116-132. Мен саясаттан аябай чарчадым. Такыр уккум келбейт. Укпайын десем айла жок угам. Анткени бир бөлмөлүү батирде турабыз. Угуп алып аябай жиним келет. Батыраак күн ысыса экен. Жок дегенде эшикте отура берет элем. Эрлан.
ОП-116-133. Супсулуу, буту узун кыздар менен таанышам. Атым Адиль. 0778720478х.
ОП-116-134. Смсчилер Тай-Цзи, Йога менен машыккыла. 05509296хх
ОП-116-135. Ай түн үчүн, Күн гүл үчүн, жигит кыз үчүн, бул ыр Жанарбек сен үчүн. Шарипа92
ОП-116-136. Ильич кандай, мен сени жакшы көрүп калдым. Оорубачы! 07702762хх.
ОП-116-137. 7-апрелде курман болгон баатыр жигиттерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Күн деген өтө берет тура, билинбей эле кыркылыгы болуп калыптыр. Баатырлар, биз силерди эч качан унутпайбыз! Жансап.
ОП-116-138. КУУнун магалимдер жамаатына студенттерден чоң салам. Көп эле акча талап кыла бербегиле, болбосо бирди көрөсүңөр! Биздин акчабыз жок болсо да, мээбиз бар! Студент.
ОП-116-139. Нурлан Насип сонун үнүң экен. Унуталбайм деген ырыңды угуп алып ыйлап жибердим. Ийгилик сага, мен сени сүйөм. Бермет.
ОП-116-140. Кырдач мурун, сурма көздүү сулуу кыз,/ Күн чыккандай жарык берген нурдуу кыз./ Айылдагы уландардын баары ашык,/ Табышмактуу кимдин кызы кайсы кыз./ 07704869хх.
ОП-116-141. Күн күркүрүп жамгыр төктү,/ Көпкө турдук сөздөрүбүз түгөнүп./ Терс бурулуп көздөн жашым төгүлүп,/ Кош бол дедим түбөлүк./ Гүлнара93
ОП-116-142. Ассалому алейкум кыргыз элим, Кыргызстаным! Пенделер үйүңөргө береке толсун, башыңарга бакыт кушу консун, Аллах ыраазы болсун! 07786298хх.
ОП-116-143. Султанчик, сени сүйдүм жан дүйнөмдөн таптаза,/ Сени сүйдүм эң бир назик башкача./ Сен сезбедиң жүрөктөгү сырымды,/ Чиркин сендик болуп калганга./ Султашка сага ийгилик каалайм! Гүлкайыр.
ОП-116-144. Мирбек байке мен сизди абдан жакшы көрөм.05502679хх .
ОП-116-145. Жүрөктү кыйнаган сезимди, азап байлаган жалгыздыктан сыздаган кыздар чалгыла. Тилек. 0778755387.
ОП-116-146. Келиндер менен таанышам. Сулуу, бою узун, жашы 19-23кө чейин болсун. 0777226363.
ОП-116-147. Жалпы кыргыз элимди Жеңиш майрамы менен куттуктайм! Элиме тынчтык, биримдик, токчулук, амандык тилейм. Кыргыз эли ар дайым бар болсун! 07727479хх.
ОП-116-148. Кээ бир балдар убадага жок болот,/ Келчи жаным сени сүйөм деп коет./ Ары жактан жолдоштору сураса,/ Койчу ошону күнүмдүгүм деп коет./ Г үлнара93.
ОП-116-149. Сени уксам болк дей түшүт жүрөгүм,/ Билем жаным, сени гана сүйөмүн./ Сени менен болгум келет түбөлүк,/ Укчу жаным сен деп согот жүрөгүм./ Аси.
ОП-116-150. 0552229799 номериндеги чоң кыз, менин жолдошума чалганды токтотчу! Үй-бүлөнүн очогун бузуп, баланы атасыз калтырба! Айланайын "Обончу" бойдок жигиттер, чалып таанышып койгулачы, сураныч?! Ххх-нын келинчеги.
ОП-116-151. Менин дарегим: Махабат республикасы, Сүйүү областы, Кызганчаак району, Мээримдүү айылы, солго бурулуп, Жүрөк урулуш көчөсү. Мени көргүңүз келсе ушул дарек боюнча тосуп алам. 07718993хх.
ОП-116-152. 18-20 жашка чейин ажырашкан кыздар чалгыла. Дагы бир жолу бактыбызды сынап күрүлү. өзүм Оштон болом, Бишкекте иштейм. 0778785186.
ОП-116-153. Салам Эрмек, сага кандай мүнөздөгү кыздар жагат? 07773347хх.
ОП-116-154. Жалоорутуп жалгыз мени калтырба,/ Жок дебегин болоюн мен жаныңда./ Өзүң болуп жан дүйнөмдүн азыгы,/ Өмүр бою болчу менин жанымда./ 07789054хх.
ОП-116-155. КУАУда окуган Кудайберген уулу Керимбекке арналат: Сүйбөйм десем канча ирет кайталап,/ Ошончо эле сага көңүл арбалат./ Өчүрдүм деп айткан менен сүйүүмдү,/ Өчпөйт экен жүрөктөгү махабат./ Нури.
ОП-116-156 . Алтындай болгон дос кызыбыз Эрмек кызы Нурперинин 12-май туулган күнү менен куттуктайбыз! Бар бол! Достору.
ОП-116-157. Сени көрдүм, бирок күздөрүңдү карай албадым,/ Үнүңдү уктум, бирок сырдаша албадым./ Сени эстедим, бирок сен жөнүндө кыялдана албадым,/ Сени ойлодум, бирок сен үчүн ой көлүнө чөмүлө албадым./ Аси.
ОП-116-158. К. Нанаев атындагы орто мектебинин мугалимдерине ийгилик каалайм! Жаңыл.
ОП-116-159. 73-жылкылардын 20 жылдык бүтүрүү кечеси менен куттуктайм! Убакыт зымырык куш деген ушу да. Кечээ эле мектеп босогосун жаңы аттаган балапан болсок, бүгүн минтип алдыбыз таене болуп олтурабыз. Баарыңырга бекем ден-соолук, ийгилик каалайм! Нургүл.
ОП-116-160. Бою узун, билимдүү 25-28 жашка чейинки түндүк тараптык жигиттер менен таанышам. 0777275757.
ОП-116-161. Анжелика сен Элинанын чаңындале калдын. Медер
ОП-116-162. Менин кумирим бул-апам. Ал дүйнөдө эч кимге теңдешсиз ыйык, асыл жан! Бегимай.
ОП-116-163. Ак-Босого жаңы конушунун жашоочусу апам Мырзагүлдүн 14-май туулган күнү менен куттуктайм! Апа эч качан оорубаңыз, биздин сый-урматыбызды көрүп, небере эркелетип, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз! Айдай.
ОП-116-164. Элина Абай кызы кыргыздын учурдагы жана келечектеги оригиналду, эң сулуу жана эң таланттуу ырыскысы деп эсептейм. Давран.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??