п»ї
  Бий дүйнө

Бийге түшкөн жылдыздар
РТР телеканалынан көрсөтүп, популярдуу шоу программага айланып, миңдеген көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, "Бийге түшкөн жылдыздар" аттуу телеконкурс бар. Кыргызстанда аны үзбөй көргөн фанаттары да аз эмес. Конкурс белгилүү инсандарды: спорт чеберлери, ырчы, кино жылдыздары, телеалыпбаруучулар жана журналисттердин башын бириктирип, алардын бийге болгон шыгын аныктайт. Бул телеконкурс 2006-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет. А биз окурмандарга быйылкы 2010-жылдагы болуп өткөн "Бийге түшкөн жылдыздар" боюнча кеп козгомокчубуз. Анда көптөрдүн бүйүрүн кызыткан телеконкурс боюнча маалымат төмөндө.


Калыстар тобу:
Конкурстун башталышынан тартып бүткөнгө чейин көзүн ирмебей тиктеп олтуруп, баасын берген калыстар тобун бий союзунун өкүлү, калыстар тобунун президенти Станислав Попов - жана анын оң колу, бардык бийдин ыкмаларын мыкты өздөштүргөн айым Алла Сигалова, алардын катарын балерун Николай Цискаридзе толуктайт. Калыстар тобунда бул үч адам туруктуу болушту. Ал эми белгилүү инсандардын арасынан эки адам аларга ар жума сайын келип сынап турушту. Калыстар тобу жылдыздардын ар бир кыймылын, актерлук чеберчилигин, бийге ылайыкташтырып тандап алган ырларын жана алардын костюмдарынан өйдө сынга алышып, кээде ыйлатып, кээде мактап, иши кылып катышуучуларды каалагандай калчашты.


Алыпбаруучулар:
Конкурстун көркүн ачып турган, чукугандай сөз тапкан, куудул жана пародист, белгилүү шоумен Максим Галкин мыкты алып барып гана тим болбостон куудулданып, катышуучулардын сырын ачып салса, кээ бир учурларда көнгөн адаты боюнча шылдыңга алганга да жетишип атты. Ал эми көшөгө аркасында бийден кийинки ой пикирин жана колдоп келген адамдар менен баарлашуу үчүн кызыктай үнү менен өзгөчөлөнгөн Дарья Спиридинова дайындалып, көшөгө аркасындагы окуяларды чагылдырып, көзөмөлдөп турду.


Финал:
Финалга өткөн конкурсанттарга талаптар катуу коюлгандыктан, алар абдан даярданышкан. Калыстар алардын кийген кийиминен тартып, аткарган бийлерине, ар бир кыймылына чейин чоң көңүл бурушту. Конкурс башталаар алдында калыстар тобунун өкүлү балерун Николай Цискаридзе "Бүгүн финалдык оюн болгондуктан биз каардуу жана катуу болобуз" деп билдирген. Айткандай эле катышуучуларды катуу сынга алышты. Финалга чыккан конкурсанттардын баары күчтүү болгондуктан, биринчи орунду аныктоо талашка айланып, эки саатка созулган катуу талкуудан кийин калыстар жеңүүчүлөрдү аныкташкан.


Кызыктуу фактылар:
Анастасия Стоцкаянын биринчи орунга ээ болушуна каршы чыккан Юлия Зимина конкурстун катышуучуларына уруш чыгарган. Ал бизге "Кармелита" киносунда башкы каарманды ойногон ролу менен таанымал. Анткени ал биринчи орунга өзүн татыктуу деп эсептеген.
"Анастасия Стоцкая менен Алексей Леденев мындай ийгиликтерди жарата албайт эле, алардын жеке мамилеси, тактап айтканда бири-бирине болгон чоң сүйүүсү дем күч берип, бийдин мыкты болушуна түрткү берген" деп айтып чыгышкан. Чынында экөө бий менен машыгып жүрүшүп кыз-жигитке айланышкан..
Айымдар үчүн конкурс арыктаганга жардам берген. "Женские истории" телекөрсөтүүсү менен таанымал журналист Татьяна Пушкина жети килограммга салмактан түшкөн. Ал " Өзүмдү абдан элеганттуу, назик жана жеңил сезип калдым" - деген. Бул конкурска катышууга Лолитага да сунушташкан. Эч нерсени жашырбаган Лолита буга "Мени эч ким көтөрө албайт" деп жооп берген.
Катышуучулардын арасынан эң узун буттуу жана сексуалдуусу деп Анастасия Стоцкаяны айтышкан.
Эң жагымдуу жана суктанаарлык түгөй деп Надежда Ручка менен Антон Хабаровду табышкан.
Софика Шеварнадзе менен Николай Цискаридзе бир улуттун болсо дагы Николай ага тарткан эмес.
С.Шеварнадзе жана алыпбаруучу Ксения жашоодо кыйышпас курбулардан.


Катышуучулар:
Конкурстун катышуучулары айымдар жана мырзалар тобуна бөлүнүп, алардын ар бири профессионал адамдын жардамы менен бийди элге тартуулашты. Калыстар тобу берген баадан кийин, телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен жеңүүчүлөрдү аныктап, аз упайга ээ болгон түгөйлөр оюндан четтетилип турган.


Жеңүүчүлөр:
Анастасия Стоцкая менен Алексей Леденев "Ча-ча-ча" бийи менен биринчиликти багындырышты. Алардын ар бир кыймылына, костюмуна жана энергиясына баа берген калыстар тобу абдан профессионалдуу бийлешкенин жашырышкан жок. Убагында Анастасиянын сүйгөн "жигити" жана досу болуп жүргөн Филлип Киркоров акыркы көрсөтүүдө калыстар тобунун катарында олтуруп, ага жалаң 10 деген бааны берди.
Экинчи орунга Ксения Собчак менен Максим Щеголев татыктуу болду. "Танго" бийин аткарууда калыстар бир нече образдарга токтолуп өтүштү. Ксениянын
образын Людмила Гурченкага окшоштуруп, анын бир гана "фирменный" кыймылы дал келбей калганын айтышкан.
Үчүнчү орунга Юлия Зимина менен Антон Пашков ээ болушту. Калыстардын катарында олтурган Алла Пугачева Юлиядан жардамын аябай, жалаң жогорку баа берип, үчүнчү орунга алып чыкты. Жеке мүнөзүнө баа берген калыстарга, "Квистеп" бийи менен майрамдык маанай тартуулашкан.


Бийдин пайдасы:
- Айымдар ашыкча салмактан арылат. Мындай жыйынтыктарды бир же эки айдан кийин байкаса болот.
- Бий сөөктөрдүн оорушуна жол бербейт.
- Кош бойлуу айымдарга пайдалуу, организмди кылдаттык менен өз ордуна алып келет.
- Дем алуу органдарына жардам берип, жүрөктүн жакшы иштешине алып келет.
- Оор жумуш жасабаган адамдарга бий эң ылайыктуу.
- Булчуңдардын чыңалышына жардам берет.
- Уйкусуздукка жол бербейт.
- Бий организмдеги ооруларды комплекстүү түрдө жоготот.
- Бий аркылуу адам энергияга бай болот.
- Көпчүлүк доктурлар тизенин оорубашы үчүн бий курстарын жазып беришет.
- Астма менен жабыр тарткандарга жардам берет.
- Мээге кычкылтектин бат барып турушуна өбөлгө түзөт.

Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??