п»ї

  окумал

Сезимай Алиева
Сен жана мен
Тек гана кыздар сабакта отурганда аудиторияга акырын баш багып, карап кетишчү болду. Өзгөчө Гүлназ менен Асылдыкы көп келет.
- Сеники келип карап кетти, сен лекция жазып байкабай калдың. Капкара жаңы костюм-шым кийип алыптыр. Тим эле кычырап болбойт.
- Иий, мага шыбырап айтып койбойт белең?! Бир жумадан бери көрө элек элем.
- Кантип айтам? Акырын баш багып көзү менен сени издеди да, секундда кайра жок болду. Анан калса өзүң дайыма алдыга отуруп аласың, мендей арткараак отурсаң көрмөксүң.
- Ии, мен да артка отуруп алсам сен лекцияны кимден көчүрөт элең?! - деп кыздар кер-мур айтыша түшөт.
- Асыл, бүгүн сенин "болтоскаңды" төртүнчү кабаттан көрдүм. Тепкичте туруптур. Түшүп бара жатып акырын сыр бербей жөөлөп өттүм. Эмне деген одекалон себинет болду экен,ыя? Тим эле жыты со-онун экен.
- Ээй, мен кызганып жатам, - деген Асылдын сөзү баарын күлкүгө бөлөйт.
Жаштык кез, кыз курак кандай сонун! Эки көз агайда, колдо калем тынбай шыпылдаганы менен ой-кыялдын баары ооздукталбай алда кайда… Анан калса кыз кыялы бөтөнчө күлүк келет эмеспи. Жалжылдап жайнаган мөлтүрөгөн каректер өзүнө тигилгени менен, кыялкеч студент кыздын өзгө жөнүндө ойлонуп отурганын чачын ак аралап, жедеп бардык нерсеге көзү каныгып бүткөн агай кантип аңдабасын. Билип-туюп эле турат, бирок байкамаксан. Өзү деле жаш болгон…
ххх
Бир күнү Гүлназдын бешинчи курста окуган "бейтаанышы" жаңы норка тумак кийип келиптир. Аны биринчи курбуларына жаңылык кылып өзү жарыялап, мактаныч кыла коём деп, кийин көпкө чейин күлкү болгон.
- Көрдүңөрбү? Меникинин башындагыны? Сонун жарашат экен. Карагылачы, карасаңар, супсулуу болуп калат экен. Үчүнчү кабатта группасы менен турганын көрүп расписание карамыш болуп ал жерде тура бердим. Тигине, азыр сыртта турушат.
- Аи-ий да, чын эле тумагы өзүнө жарашып, бойлуу жигит болуп калат тура. Болбосо башында тумагы жокто… - Сүйгөн жылмая башкаларга көз кысып акырын сөз менен чымчып койду.
- Жөнгүлөчү, тумагы жокто деле бою узун. "Теректей бой бергиче теменедей акыл берсин" дегенди билесиңерби?
- Ага эмне анча чычаладың? Ар кимдики өзүнө… Жарашканы жарашат экен, эми жаңы тумагын жууп-майла. Кана, биздики кийгени, жылаңбаш эле жүрүшөт. Айжандыкынын башынан жөнөкөй эле кара топусу түшпөйт, - күлүп калышты.
- Чын эле жуу, жигитиңдин өңүн да ачып коёт экен, - кыздар тамаша-чын аралаш Гүлназды ортого алышып жаалай кетишсе, ак көңүл, ачык жаны чын көрүп:
- Жүргүлө, астына ашканага, деди шар эле.
Бешөө шыңкылдашып күлүшүп, ашканадан чай ичишип, кийин да көпкө ал күндү эстеп күлүп, Гүлназды шакаба чегип жүрүштү.
- Менде мээ жок! Ай, кийсе тумакты каяктагы бир эле сыртынан чала тааныган жигит кийиптир. Мен эмне жууйм дейм да?! Же ал бир билип койсочу, мен минтип анын тумагын жууп, буларга күлкү болгонумду, - деп Гүлназ кийин күйүп да, күлүп да айтып жүрдү.
ххх
Лекция…семинар…зачет…экзамен…каникул…Кайрадан жаңырган окуу жылы, оюн-күлкү, сабактан качмай, уйкудан калып коркуп калтырап-титиреп алган "үч же беш", колдогу акча түгөнүп, стипендияны зарыга күтүп ач-ток болгон күндөр көзгө илээшпей өтүп жаткан. Эми минтип үчүнчү курстун кышкы сессиясын тапшырып жаткан кезде Сүйгөндүн көңүлүн уйгу-туйгу кылып, ой-кыялын самандай сапырган бейтааныш жигит пайда болду. Башкалардын бейтааныштарынан өзгөчөлүгү: бул жигит студент эмес жана Сүйгөн тууралуу кабары жок. (Сүйгөн ушинтип ойлоду).
Бөлмөсүндө биртике камыр ачытып, боорсок бышырып жаткан Сүйгөндүн көз алдына тепкич өйдө көтөрүлүп келе жаткан кара тору жигит кайра-кайра тартыла берди. "Төртүнчү курстун расписаниесин караса, демек ал курста сүйлөшкөн кызы же карындашы окуйт. Ким болду экен? А балким инисидир? Кызык, биринчи түшүмдө көрүп, жөн көрбөй өбүшүп, анан өңүндө кезиктирет деген болот экен ээ? Бирөөдөн уксам ишенбейт элем. "Кантип эле" демек болушум керек . Эми дагы жолуктурамбы, же?..Кайда иштейт болду экен?"
Курбулары менен чай үстүндө бүгүнкү экзаменди талкуулашып, күлүп сөзгө аралашканы менен ою ордунда болбой отурду. Бирок, анын бул абалын Айжандан башкасы элес алышкан жок.
- Исаева, сенин бүгүнкү бешиңди куттуктап бул шоколад төртөөбүздүн атыбыздан сага. Сессияңды жалаң беш менен бүтүрүшүңө тилектешпиз, -деп Асыл бетинен өптү.
- Боорсогуң даамдуу болуптур. Чоң рахмат! Силер да чарчап турасыңар, биз да чайыбызды ичип алып эрте жарыкта үйүбүзгө жылалы. Иий, эки күндөн кийин биздин экзамен. Өлдүк го… Силер жыргап бирөөсүнөн кутулуп калдыңар, - деди Жийде.
Жийде менен Гүлназ үйдөн каттап окушчу. Ошондуктан алар кыштын кыска күнүндө көчөдө калбайлы деп, үйлөрүнө шашканы менен сөздүн кызыгына киришип, бир топко олтуруп тарашты.
***
Бул маалда ага лейтенант Адамов Дуулаттын жүрөгү элеп-желеп болуп, бир орунга олтура албай дембе-дем тамеки күйгүзүп, терезеде жөлөнүп турган.
- Сен тартынып, тааныша албай койдум десең ишенбейм эй. Кантип эле?! Же чындап ушул кызды сүйүп калган окшойсуң? Бирок, сен кыздардын баарысын эле сүйүп-күйө бересиң, - каткырып күлүп: - Тамаша, тамаша. Жанына барып "күздөн бери сыртыңан жактырып жүрөм. Таанышкым келет" деп эле айтпайсыңбы?! - деди досу Эдил.
- Айтканга оңой… Өзүң айткандай далай эле кыз менен таанышып, жандап жүрдүм. Улам бирөөсүн чыныгы сүйүүм экен деп олуттуу мамиле жасай баштасам эле-е, экинчи бирөө көзүмө сулуу көрүнүп, аны ойлоп калам. Бирок, экинчисине болгон кызыгуум деле көпкө созулбайт. Тааныша келгенде тартынбас, өткүр жаным ушул кызга эле даап бара албай, жүрөксүгөнүмө өзүмдү-өзүм тааныбай турам. Балким… Бүгүн жакшы эле экзамени экенин билип, жумуштан суранып чыгып атайын баргам. Мен тепкичтен көтөрүлсөм эле сол жактагы аудиториянын оозунда турушуптур. Мени карап калганынан өзүмдү жоготуп, эмне кылаарымды билбей кайсы бир курстун расписаниесин карамыш болуп чыгып кеттим. Мени байкап калганбы ыя?
- Эмнеге антип ойлойсуң?
- Билбейм, мындай… башкача бир көз караш менен көпкө карап калды.
- Байкайт да, көлөкөдөй эле артынан калбай ээрчип жүрсөң.
- Эмне кылыш керек ыя? Ушул кызды көргөндөн бери оюмдан кетпей жаман кыйналчу болду. Таанышса, таанышып эртерээк ары же бери болсом жакшы болот эле. Бирок, биздин таанышуубуз өзгөчө болсо дейм, - кыялданып алды.
- Өзгөчө болгондо кандай? Эсте калгыдай, эскергенде жылмаюу тартуулаганадай, кийин экөөң абышка-кемпир болгондо неберелериңерге узун жомок кылып айтып бергидей дегиң келип турабы? - деди тамашалай күлүп.
- Дал үстүнөн түштүң, ошондой болсо дейм.
Ойлоно түшкөн Дуулат:
- Мен акыл таптым! - деп азыр бирөө аны жибербей кармап калчудай шашыла сыртка жөнөдү. Бушлатын, тумагын кийип чыга берээрде Эдил токтотуп калды:
- Менин керегим бар, жок?
- Мм-м, жок, макул мен кеттим. Балким кеч келем. Рахмат сага!
Эч нерсени түшүнбөгөн бойдон Эдил кала берди.
(Уландысы кийинки санда)




 11-18-майга чейин

жылдыз төлгө
Кой. Бул аптада баардыгы ийгиликтүү болот. Жакын адамыңызга эркиндик берсеңиз сиз ойлогон иштер орундалат. Кимдир бирөөгө нааразычылык билдиргиңиз келсе дароо бетине айтыңыз.
Букачар. Психологиялык жактан жабыр тартышыңыз мүмкүн, маанайыңыз чөгүп, кимдир бирөөгө жиниңиз келип турса дагы эмоцияга алдырбаганыңыз оң. Доктурдун көзөмөлүнөн да өтүп туруңуз.
Эгиздер. Карыз акча алгандан абайлаңыз. Кийин кутула албай кыйналышыңыз мүмкүн. Алдыңыздагы кыйынчылыктан жана оор жумуштан качпай аларды жеңүүгө аракеттениңиз. Кимдир бирөөгө сын пикир айтууда жаңсоону абайлаңыз.
Бөйөн. Кимдир бирөө менен сүйлөшүүдө анын жаман кыялдарын, мүнөзүн, кемчиликтерин айтууда жана нормативдүү эмес лексиканы колдонууда абдан көңүл буруңуз. Кандай кабар уксаңыз дагы аны текшерип турууну унутпаңыз.
Арстан. Бул аптада сиз үчүн абдан маанилүү болгон иштер ийгиликтүү аяктайт. Эс алууга жана жакын адамыңыз менен болгонго толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алыс сапарга аттанышыңыз мүмкүн.
Бийкеч. Бул аптада финансы маселелери козголуп, кимдир бирөөгө жардамга кайрыласыз. Мындай кыйынчылыктар аптанын экинчи жарымына чейин созулушу ыктымал. Бардык иштерде обьективдүү болом десеңиз, айтканыңыздан кайтпаңыз.
Тараза. Бул жумада ички дүйнөсү бай, келбетүү адамдар менен жолугасыз. Кызыктуу күндөрдү өткөрөсүз. Алдыга койгон максатыңызга бет алып, тайманбаганга аракеттениңиз. Бул аркылуу көп нерселерге жетише аласыз.
Чаян. Жашоо, сүйүү, адамдык сапатка байланыштуу китептерди көп окуганыңыз оң. Мындай адабияттарды окуганыңыз, ишиңиздин эки эсе жогорулашына толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Досторуңуздан жардам аябастан, камкордук көрсөтүңүз.
Жаачы. Өзүмчүл болууну токтотуңуз, көп нерседен кур калып адамдар менен болгон мамилеңиз жаман болуп калышы мүмкүн. Жакын адамыңыз менен конфликттер күтүлөт. Аптанын аягында ийгиликтерди багындырасыз
Текечер. Курбуларыңыздын айткан сөзүнө кошулбай өз алдынча иш алып барганыңыз оң. Ар бир бош убактыңызды текке кетирбей, пайдалуу иш менен алектениңиз. Бул сиздин көп ийгиликке жетишиңизге өбөлгө түзөт.
Суупери. Бул аптада жакын адамыңызга романтикалуу белек тартуулаганга эми мүмкүнчүлүк келди. Жумушуңуздан жакшы орунга ээ болуп, маянаңыз көтөрүлөт. Мындай кырдаалды сактап туру үчүн жүрүм-турумуңузду жакшыртыңыз.
Балык. Бул жумага койгон пландарыңыз иш жүзүнө ашып, көптөгөн иш чараларды бүтүрүүгө жетишесиз. Бир иш менен эле токтоп калбастан, көптөгөн ийгиликтерди жаратууга да аракет кылыңыз.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??