п»ї

  Сураптырсыз жооп беребиз

Косметолог менен гинекологдун кеңеши
Косметолог, Мээрим Сатыбалдиева жооп берет

Редакцияга адистердин кеп-кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылгандар көбөйгөндөн көбөйүп барат. Бул саныбызда косметолог менен гинекологго суроолор көп келгендигине байланыштуу, эки бөлүмдүн адистеринен жооп алып бергенге аракет кылдык.


- Балалуу болууга даярданып жаттым эле. Көпчүлүк кош бойлуулардын бетинен сепкил көрөм. Муну алдын алса болобу? Зульфия, 26 жашта.
- Сепкилди алдын алууга болбойт. Бирок, бетке түшкөндөн кийин сепкилден арылууга толук мүмкүн. Эгерде бетиңизге сепкил чыкса, ромашканы кайнатып, буусуна 10-15 мүнөт кармасаңыз сепкил жоголот. Андан сырткары жаңы төрөгөндө өзүңүздүн сүтүңүздү кебезге сиңирип алып сүртсөңүз да сепкил жоголот.

- Толуп кайра арыктагандан кийин эмчегимде бырыштар калып калган. Кетирүүгө болобу? Толгонай 29 жашта.
- Негизи бат толуп, бат арыктагандан дененин териси өтө жабыркайт. Анткени, адам семирген учурда териси чоюлуп калат. Арыктаган учурда болсо, майлар кетип, тери чоюлуп калат. Күнүгө эмчекке массаж жасаса бырыштар акырындан кете баштайт.

- Бала эмизип жатканда эмчектин формасы бузулбаш үчүн эмне кылуу керек? Назира, 24 жашта.
- Эмизген учурда ар бир келиндин эмчегинин формасы чоңоёт. Бул табигый көрүнүш. Эгерде бир эмчегиңизди эле эмизе берсеңиз, бир жак эмчегиңиз чоң, экинчи жагы кичинекей болуп калат. Эмчегиңиздин формасын сактайм деп, балаңды тойгуза албай калышыңыз ыктымал. Ошондуктан аз-аздан, бирок бат-баттан калориялуулугу жогору тамактарды жесеңиз эмчегиңиздин формасы көп жоголбойт.

- Күндөн бетти кантип сакташ керек? Айзада, 18жашта.
- Алгач бетиңиздин терисинин майлуу же кургак экендигин аныктап алган соң, ага жараша күндүзгү бет майларды колдонушуңуз керек. Бетиңизге ар кандай маскаларды да жапсаңыз болот: 1 чай кашык каймаккка 1 чай кашык анардан жасалган ширени аралаштырасыз. Анардын ширеси жок болсо сабиздин же болбосо банандын ширесин кошосуз. Даяр болгон масканы бетиңизге тегиз коюп, 15 мүнөт тыныктырып турасыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетиңизди күндөн сактап, кара тактарды кетирет.

- Күн ысыктан бетиме кызыл тактар чыгып кетет. Эмне кылсам болот? Эльнура, 18жашта.
- Бетиңизге гүлдөрдүн (ар кандай гүл боло берет) кургатылган жалбырагынан эки чай кашык алып, 1 литр сууга кайнатасыз. Көк буусу тараган соң, бетиңизди ал кайнатмага 10 мүнөтчө коё турасыз. Ошондой эле бетиңизди күндөн сактай турган бет майларды колдонуңуз.

- Безеткиден бетиме так калып калган. Кандай жол менен кетирүүгө болот? Ильяз, 21жашта.
- Безеткини сыгып жиберген учурда бетте так калып калат. Ошондуктан, сыкпаганга аракет кылыш керек. Курамында бадыраңдын, лимондун ширеси бар лосьондорду бетиңизге сүртүп турсаңыз безеткинин тагынын кетишине жакшы жардам берет. Азыр жашылчалар чыгып калбадыбы, бетиңизди бадыраңдын кабыгы менен сүртүңүз. Лимонду жука кесип алып, так калган жерлерге 5-10 мүнөт бассаңыз да тактын кетишине жардам берет.

- Бетиме безетки чыга баштады. Үй шартында кантип айыктырсам болот? Айпери, 16жашта.
- Айпери, безеткиден арылам десеңиз, таттуу, майлуу жана куурулган тамактарды, газдалган жана алкоголдук ичимдиктерди ичпешиңиз керек. Майлуу бетмай көп колдонбоңуз. Помидорду ичке кылып туурап же болбосо жанчып алып, ага ун кошуп бетиңизге сүйкөңүз. Башка маскалардан айырмаланып бул масканы бетиңизге жарым саат коёсуз. Аталган маска безеткилерден коргойт.
- Бат-баттан эле тердегенимдин айынан бетиме ысык чыгып кетти. Кантип айыктырсам болот? Алика, 24жашта.
- Алика, бетиңиз терден аллергия болушу мүмкүн. Ошондуктан, алгач тердегенди жөнгө салып алышыңыз керек. Адамдын иммунитети алсыз болсо көп тердейт. Калориялуу, витаминдүү бирок, куурулбаган тамактарды жеңиз. Бетти кургатуучу самындар менен эртең менен кечкисин жууп туруңуз. Мындай учурда майлуу беттерге ылайыкталган бет май колдонуу керек.

- Чачым көп түшөт. Эмне кылып түшүрбөй сактап кала алам? Айпери, 16жашта.
- Чачыңызга жакшылап көңүл буруңуз. Көп ойлонуп, дайыма стрессте жүргөндө да чач көп түшөт. Чачыңызды жуурдан 15 мүнөт мурун акырын массаж менен жумуртканы же майонезди сүйкөйсүз. Мындай маскадан чачыңыз кайраттуу гана болбостон, көп да түшпөй калат. Андан сырткары, уйгак майын (репейное масло) сүйкөсөңүз, чачың кайратуу болот.

- Мурунумдун астында эркектердин мурутундай болгон мурут бар. Көчөгө чыкканда абдан уялам. Кандай жол менен арылсам болот? Айпери, 16жашта.
- Колдогу жана буттагы жүндөрдү азыр "воск" менен күйгүзүп жүрүшөт. Бирок "воск" эки-үч ай гана жардам бериши мүмкүн. Сиздин гормоналдык функцияңыз бузулган. Муну үй шартында дарылоого болбойт. Ошондуктан жүн чыгып жатат. Дерматоллогго барып көрүнүп, дары жаздырышыңыз керек.

- Кан басымым жогорулагандан баштап абдан толо баштадым. Кандай тамактарды жешим керек? Же диетага отурамбы? Саадат, 33жашта.
- Сиздин толгонуңуздун себеби ар кандай таасирлердин аркасында болот. Мүмкүн сиздин организмиңизге сиз ичип жаткан дары жакпайт же ички органдарыңыз ооруйт. Эгерде дарыңыз күчтүү болсо, диета кармоонун кажети жок. Доктурга барып медициналык кароодон өтүшүңүз керек. Кан басымды төмөндөтүүнү кааласаңыз кадимки эле көк чайдан ичиңиз.

P.S. Суроолорго борборубуздагы "Анти стресс" медициналык борборунун дарыгерлери жооп беришти. Суроолоруңуздар болсо тартынбай (0700) 42-32-72; (0312) 44-98-21; (0312) 44-88-88 номерлерине чалып, сурооңузду берсеңиз, биз адистерден жооп алып бергенге дайым даярбыз. Электрондук дарек: www.obonkg@mail.ru




Элдик медицина
Бий алманын дарылык касиети
Бий алма сасык тумоого жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Бий алма, анын ширеси, компоту да ич өткөккө жакшы жардам берет.
Кайраттуу болууга күч берип жана чарчоодон сактайт.
Ооз көңдөйүнүн жагымсыз жытынын алдын алат.
Курамындагы витамин жана минералдар жүрөк жана кан тамыр ооруларынан коргойт.
О.э. кандагы холестериндин өлчөмүн азайтып, тамырдын катуулашынан коргойт. Алманын кагы ооздогу жаралардын тез айыгуусуна жакшы жардам берет.
Сары майда бышырылган бий алма, какырыкты чыгарууда жана өнөкөт жөтөлгө, дем алуу системасындагы илдеттерге, о.э. бронхитке да аябагандай чоң жардам берет.
Бийдин гүлү жана кабыгы да пайдалуу. Гүлүн кайнатып ичүү бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтүп, жүрөккө жана баш ооруга жакшы. Ал эми кабыгын кайнатып ичүү заара каналдарындагы сезгенүүнүн жакшыруусун тездетет.
Ал эми жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка жакшы жардам берээри далилденген.
О.э. курамында шекердин өлчөмү аз санда болгондуктан кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.





Анардын да пайдасы чоң
Анардын ширеси менен сезгенген тиштин бүйлөсүн же тамакты чайкаса, жардамы чоң.
Ич өткөктө анардын кургатылган кабыгын чай сыяктуу демдеп ичүү сунушталат.
Буту көп тердегендер анардын кургатылган кабыгын кайнатып алып, кайнатмага бутун салып отурса жакшы.
Анардын данын кайнатып алып, ал суу менен башты жууса, чачтын түбү бекемделип, чач жакшы өсөт.





Рактан коргогон азыктар
Рак болбош үчүн: Капуста, сабиз, ашкабак, турп, кызылча, алма, өрүк ж.б. жер-жемишти көп жеш керек;
Ар дайым көк чай ичүү зарыл;
Майды азайтыңыз;
Куурулган тамактарды аз колдонуңуз;
Жасалма түс-жыт берүүчү тамактарды жебеңиз;
Жер жаңгак, жаңгакты көп жеңиз;
Жашылча жемиштерден: Кызыл калемпир, сарымсак, пияз, сабиз, помидорду;
Мөмө жемиштерден: алма, апельсин, лимон;
Дан өсүмдүктөрүнөн: сулу акшагы, күрүчтү жесеңиз "рак" оорусунан алыс боло аласыз.




Ачка болуу ден-соолукка пайдалуу
Буга чейин ачка болуу ден-соолука терс таасирин тийгизет деп жүрүшкөн. Бирок, америкалык изилдөөчүлөр, кээ бир учурларда тамакты кыскартып коюу ден-соолукка пайдалуу экенин аныкташты. Анткени, ачка учурундагы анча-мынча стресс, организмдеги рак оорусунун клеткаларын азайтып, жүрөк кан тамыр ооруларына да жакшы жардам берет. Бирок, күн сайын эле ачка жүрө берүү да зыян. Ошондуктан, айдын бир күнүн тандап алганыңыз жакшы. Кээ бир окумуштуулар болсо, эртең мененки тамакты же түшкү тамакты жебей коюудан да организм тазаланат - деген жыйынтыкка келишти. Ачка болгон учурда суу ичип коюп туруш керек.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??